Владимир Образцов жана кыргыз көркөм искусство мектеби

16:19, 10 Ноября 2014

Үстүбүздөгү жыл Кыргызстандын Сүрөтчүлөр Союзу үчүн – мааракелүү жыл. Сүрөтчүлөрдүн чыгармачыл бирикмесине 80 жыл толот. Бүгүн Союздун түзүлүш башында туруп, республиканын чыныгы кесипкөй сүрөтчүсү болгон адамды эскербей койсок болбойт.

Эгер  архивдик жазууларды карасак, Биримдиктин тарыхынын башталышы өткөн кылымдын 1930-жылы эле түптөлгөн. Мына ошондо биринчи жолу  «Кыргыз сүрөтчүлөрүнүн Союзу» (КСС) түзүлгөн, кийинчерээк «Кыргызстандын революциячыл сүрөтчүлөрүнүн Союзу» (КРСС) болуп, кайра аталган. Бирок, Союздун расмий ачылган күнү катары 1934-жылдын 16-ноябры эсептелип калды. Ошондо көркөм сүрөт искусствосунун  ишмерлеринин чогулушунда Кыргызстандын Советтик сүрөтчүлөр союзун түзүү туурасында чечим кабыл алынып,  С.А.Чуйков төрага, анын орун басары болуп сүрөтчү А.И.Игнатьев  шайланган. 

Өткөн жылдардагыдай эле, бүгүнкү күнү да көпчүлүгүбүз Сүрөтчүлөр союзунун түзүлүү тарыхына кайрылганыбызда, С.Чуйков, А.Игнатьев жана  Г.Айтиевдин аттарын көп эстейбиз, бул улуу адамдардын кыргыз көркөм сүрөт искусствосуна кошкон салымы опол тоодой. Ал эми кээде, айрым гана учурларда дагы бир сүрөтчү , окутуучу, тагыраак айтканда  Владимир Витальевич Образцовдун (1891 – 1934) ысымы учурап калат.  Мына ушул  Образцов алыскы 1930-жылы Сүрөтчүлөр союзун түзүү тууралуу демилгени биринчи көтөрүп чыккан. Ал эми 1933-жылы  Союздун Уюштуруу комитети түзүлгөндө, анын төрагасы  С.Чуйков, ал эми анын орун басары болуп  В.Образцов шайланган эле.  О.э. сүрөтчү 1934-жылы болгон Биринчи Республикалык көркөм сүрөт көргөзмөсүнө катышкан. 

Деги эле Кыргызстандын биринчи профессионал сүрөтчүсү катары, биздин көз карашыбыз боюнча,Образцовду эсептөө зарыл. С.Чуйков 1921-жылы Москвага окууга кеткен кезде,  В.Образцов  окуусун бүтүрүп, Кыргызстанга келген. Бирок, жаңы басылмаларда, мисалы, «Кыргызстандын искусство чеберлеринин чыгармачыл портреттери» деген салабаттуу басылмада (биринчи тому 2010-жылы чыкты) Образцовдун аты эске да салынган эмес. 

Биз жагдайды тууралап, гезит бетине республиканын Сүрөтчүлөр союзунун негиздөөчүсү, биринчи  профессионал сүрөтчү, окутуучу, коомдук ишмер туурасында айтып берүүнү чечтик, бул улуу адам кыргыз көркөм сүрөт искусствосунун түзүлүшүнө жана өнүгүүсүнө чоң таасирин тийгизген. 

Тилекке каршы, ал туурасында маалымат өтө аз сакталыптыр. Ата мекендик искусство таанууда да  бул мыкты устаттын живописи  жана графикасы начар изилденген. Ага карабай,  ата мекендик искусство  изилдөөчүлөрү  В.Чикичев, Д.Уметалиева, Б.Будайчиевдин бир катар эмгектери жана айрым материалдар республиканын архивинде сакталып калыптыр.

Владимир Витальевич Образцов, орустардын эски шаары Вологдада төрөлгөн. Биздин республикада бир аз эле, тактап айтканда каза болгонго чейин 1921-жылдан тартып, 1934-жылга чейин жашады. Бирок, ушул убакыттын ичинде көптү жасап үлгүрдү. Аталган мезгил – бул өз жашоосун куруу, гүлдөтүү  жана үмүттөнүү мезгили болду. Ушул убакытта  өзүнүн жеке инсандык касиеттерин арттыруу менен жаңы дүйнөнү калыптандырууну укмуштуудай айкалыштыра алган.  Образцов  алгачкы гезит-журналдар менен кызматташкан, Пишпекте 1927-жылы биринчи көркөм студияны ачып, ал жерде үч жыл иштеген. Бул студияга башка таланттуу жаштардын ичинен биринчи кыргыз сүрөтчүсү Гапар Айтиев да барып калган. 

Бирок, 1921-жылы биздин республикага келээрден мурун,  Образцов  1919 -1921-жылдарда Ташкенттеги элдик көркөм мектебинде окуган. Анын педагогдору  А.В. Исупов жана  А.Н.Волков болушкан. Андан да мурда, биринчи дүйнөлүк согуштун мезгилинде тагдыр сүрөтчүнү Полторацкка  (Ашхабад) алып барып таштаган, ал жакта Образцов шаардык орто окуу жайында баштапкы класстарында сүрөттөн сабак берген.

Образцов А.Волков менен  А.Исуповдон болгону эки жыл окуганына карабастан, бул Образцовдун образдуу-живопистик сүрөт тартуу багытына так ушул сүрөтчүлөрдүн чыгармачылыгы таасир этиши үчүн жетиштүү болгон. Нукустагы И.В.Савицкий атындагы Каракалпакстандын  Мамлекеттик көркөм сүрөт музейинде сакталып турган сүрөтчүнүн  чыгармаларына караганда, Образцов  1920-жылы активдүү тажрыйба топтоп, изденип жүргөн мезгили болуптур, ошондо аны жөнөкөйлүк  менен кубофутуризм ыкмалары тартып турган окшойт. Ташкенттен 1921-жылы кетип, Образцов Орто Азиядагы кыргыздардын улуттук көркөм сүрөт мектебинин башында туруу үчүн  Пишпекке келет. 

А.Айтиев атындагы КУМИ институтунун живопись бөлүмүндө  Образцовдун  1930-1934 –жылдардагы эмгектери сакталып калган. Мүмкүн, иштери дагы көп болсо керек, анткени, уюштуруу иштери жана окутуучулук менен алектенгенине карабай, сүрөтчү  сүрөттөрдү тартып, картиналарды жазган, бирок, 1920-жылдардагы эмгектери, тилекке каршы, сакталбай калыптыр.

Образцовдун сакталып калган чыгармаларын эки топко бөлсө болот. Биринчисине, көркөм сүрөттүн кубофутуризм принциптери айкын байкалган сүрөттөрү кирет, ал эми экинчисине – ОСТ тобундагы сүрөтчүлөрдүн чыгармалары үчүн таандык  образдык жана формалдык ыкмалар байкалып турат (Станковисттер коому, Москва ,1927-1932). Биринчи топко Образцовдун,  «Кызыл армиядан кайтып келүү»  (1930), «Козглоңчу» (1934), «кытайга барчу жолдо» (1932), «Партизандар» (1932) чыгармаларын киргизсе болот. Экинчи топко  «Глобустун жанында» (1930),  «Автопортрет» (1933), «Радио угуп жатышат» (1930) сүрөттөрүн киргизсе болот.

Образцовдун чыгармачылыгы,анда эркин изденүүнүн  руху жана орус авангардынын жаңычыл ачылыштарынын учкундары сезилип тургандыгы менен да баалуу. Бирок, «Орус авангардынын Кыргызстандын биринчи профессионал сүрөтчүсүнүн чыгармачылыгына тийгизген  таасири» темасы эч ким тарабынан изилдене элек.

Владимир Витальевич Образцов жашоодон  1934 –жылы май айында кетти. Анын чыгармачылыгы, убакыт көргөзгөндөй, кыргыз искусствосу үчүн өзгөчө көрүнүш болуп калды. Анын окуучулары, тилекке каршы, белгилүү сүрөтчү болгондон кийин, окутуучусунун жаңычыл  изин улашкан жок. Социалдык реализм доору живопись ыкмаларынын көркөмдүгүн жана алга жылуучулардын мезгилинин «социалдык кызуулугун» катарга алып келди. Эгер В.Образцов дагы узагыраак өмүр сүргөндө жана  тереңирээк изденүүсүн уланта алганда, анын көркөм принциптери болушунча катуу сын-пикирге кабылмак экен. 1930-жылдардын экинчи жарымында. өзгөчө 1940-жылдары көркөм сүрөт искусствосунда формалдуулук менен катуу күрөш жүрдү. Орус авангардыгын болгон мурасы,  1920-жылдардагы көркөм топторунун тажрыйбалары, социалдык реализмге өгөй болуп, совет искусствосунун теориясы менен практикасынан узак убакытка куулган. 

Елена ВОРОНИНА                      

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине