Азамат Аскаров: «Олимпиада- бул чоң сыноо жана жеңиштин чоң бакыты»

12:48, 22 Мая 2019

Быйылкы Республикалык олимпиадада Эл аралык «Сапат» билим берүү мекемесинин лицейлеринин окуучулары укмуш ийгиликтерге жетишти. Баардыгы 93 «сапатчы» катышып, алардын 18 байгелүү орундарды алышты.

Мектеп окуучуларынын олимпиадасынын Жобосунда өзгөртүүлөр болгон. Жобого ылайык 10 жана 11 класстарда бириктирип 3 эле орун каралган. 
“Сапаттын” окуучулары 6 предметтен (математика, физика, химия, биология, информатика, англис тили) тереңдетилген багыттан катышты.
6 предметтен (тереңдетилген) х 3 орундан = 18 орун + гуманитардык предметтерден 18 орун, жалпы 36 орун бар эле. Сапат лицейлеринин окуучулары 18 орун алышты. Бул 50 % пайызды түздү.

«Сапат» лицейлеринин окуучуларынын даярдыгынын сыры эмнеде? Алар Кыргызстандын 318 мыкты окуучуларынын арасынан кантип мыктылары боло алышты? Бул суроого «Сапат» лицейинин окуучуларын бир нече жыл катары менен олимпиадаларга даярдап келе жаткан математика мугалими Азамат Аскаров жооп берет.

-Азамат Бекмурзаевич, сиздин окуучуларыңыздын олимпиадалардагы ийгилигинин сыры эмнеде?

-Чындыгында, быйыл биздин балдар республикалык жана эл аралык олимпиадаларда көптөгөн байгелүү орундарды ээлешти. Кыргызстанда «Сапат» лицейлеринин бир гана атаандашы бар- бул №61 физика-математикалык мектеп. Ал физиканы жана математиканы окутуудагы салттарга бай мекеме. Биз ар дайым алар менен атаандашып, биздин иштерибиздин жыйынтыктарын салыштырууга кызыгабыз. Ал эми биздин көп жылдар бою мыкты көрсөткүчтөрдү көрсөтүп келе жаткан окуучуларыбыздын ийгилигинин сыры олимпиадаларга даярдоодогу уникалдуу методикада. Ошондой эле мугалимдердин жана окуучуларыдын чоң аракеттеринде.

-Ар бир эле бала олимпиадаларда жеңишке жете алабы?

-Эгерде баланын чоң каалоосу жана максаты болуп, ал даярдыктарга жетиштүү көңүл бурса, аны даярдоого болот жана жыйынтык чыгат. Менин көпчүлүк окуучуларым классташтары арасында мыкты деп эсептелчү эмес бирок аларда жеңишке болгон чоң каалоо болгон. Жана эгерде аларда математикага таланты болсо, биз алар менен талыкпай иштейбиз жана алар жеңишке жетет.

-Балдарга олимпиадаларга даярданууда кандай кеңештерди бересиз?

-Олимпиадаларга даярдык көрүүдө атайын адабият жана усулдар болот, алар жок жада калса гений дагы мыкты жыйынтык көрсөтө албайт. Окуучу атайын теорияны билип, олимпиаданын эсептерин чыгаруудагы жакшы тажрыйбага ээ болушу зарыл. Тилекке каршы, бизде Кыргызстанда олимпиадалык математика анча өнүккөн эмес жана олимпиадага даярдай турган мугалимдер да аз. Эгерде баланын тажрыйбалуу машыктыруучусу болсо, ал анын кемчиликтерин таап, алардын үстүндө көбүрөөк иштейт.

-Баланы канчанчы классынан тарта олимпиадага даярдап баштаса болот?

-Негизинен олуттуу даярдык жетинчи класстан башталат, бирок төртүнчү класстан баштай берсе болот.

-«Сапаттын» мугалимдери шыктуу балдарды кантип байкашат?

-Негизги басым баланын аналитикалык шыктарына жасалат. Ал логикалык суроолорго кантип жооп издеп тапкандыгына. Биз туура жооптун өзүнө эмес, ал жооп кантип, кандай жол менен табылгандыгына көңүл бурабыз. Жана, эгерде бала ойлорунун жүрүшүн түшүндүрүп бере алса, демек анын жогорку математикалык интеллекти жана аналитикалык ой жүгүртүүсү бар. Балада бул сапаттар бар болсо, аны менен иштөөгө болот.

-Олимпиадаларга катышуу балдарга эмнени берет?

-Окуучу кезимде мен дагы олимпиадаларга катышчумун. Мени машыктырган агайым мага: «Эгерде сен олимпиадага жеңиш үчүн гана даярдансаң, сен капаланасың. Катышуучулардын баары эле жеңишке жете бербейт. Ошондуктан, сен ар бир эсепти жаңы бир нерсе үйрөнүш үчүн чыгар, ошондо сен ар бир эсепти чыгарган сайын жеңишке жетесиң»,- деп айткан. Олимпиада- бул абдан кызыктуу жана маанилүү тажрыйба. Ага катышып жаткан окуучу бул жашоодо баардык нерсе баары эле жеңил эместигин, ар бир эсеп формулага туура келе берберин жана кээде чыгармачылыкты дагы колдонууга туура келерин түшүнөт. Жана качан окуучу чечимди тапканда, ал чыныгы бакытты сезет.  Кийин окуучу олимпиада бүткөндөн кийин эки жыл бою чыгарган эсептер бар. Ошондуктан олимпиада- бул чоң сыноо жана жеңиштин чоң бакыты.

Өмүрбек Джамалов: «Олимпиада- бул кубануу жана ызалануу»

Республикалык олимпиаданын жеңүүчүлөрүнүн ичинде Ысык-Көлдөгү Х. Карасаев атындагы лицейинин 11-классынын окуучусу Өмүрбек Джамалов дагы бар. Ал информатика сабагынан биринчи орунду алды. Бир нече ай мурун ал Казакстанда өткөн сыйлуу Жаутык олимпиадасында күмүш медалды тагынган.

Лицейчи өзүнүн жеңиштеринен алган таасии менен бөлүшүүдө.

-Республикалык олимпиадада Жаутык олимпиадасына караганда жеңүү оңой болду.  Айрыма маселелердин оордугунда, анткени Жаутык олимпиадасы эл аралык болгондуктан, андагы суроолор дагы эл аралык деңгээлде болчу. Олимпиадага эки жыл даярдангам. Абдан катуу даярдангам, күнүнө аз дегенде төрт сааттан. Теорияны көп окудум, андан соң практика болду, маселелерди чыгардым.

-Өмүрбек, эгерде сен «Сапат» лицейинде окубасаң, олимпиадаларда жеңишке жетет белең?

-Эгерде мен «Сапат» лицейинде окубасам, өз билимдеримди мынчалык деңгээлге көтөрө алмак эмесмин. Кыргызстандын кадимки мектептеринде информатиканы олуттуу окугандар аз жана аны мынчалык деңгээлде окуткан мугалимдер дагы жок. Ал эми «Сапатта» болсо мага эл аралык олимпиада эмне экендигин түшүндүрүштү. «Сапаттын» мугалимдери мага бекем негизди жана башындагы күчтүү стартты беришти. Мага «Сапат» лицейлеринин даярдоодогу уникалдуу методикалары жардам берди деп так айта алам.

-Сен олимпиадага катышкандан эмне ала алдың?

-Көп нерсе. Биринчиден, бул унутулгус тажрыйба. Бул кубануу дагы, ызалануу дагы. Анткени жеңишке жеткенге чейин мен көптөгөн олимпиадаларга катышкам жана утпай калганымда абдан ызалангам. Экинчиден, олимпиадада жеңишке жетүү  бул университетке өтүүдө абдан чоң түрткү. Жана үчүнчүдөн- бул эл аралык маселелерди көрүп, аларды чыгаруу абдан жагымдуу.

-Сен ким болгуң келет?

-Мен програмисттин окуусун аяктагым келет. Эгерде мен жакында Бакуда өтө турчу эл аралык олимпиадада жеңсем, дүйнөнүн эң мыкты он университетинин бирине өтүүгө мүмкүнчүлүк алам. Жана бул чоң мүмкүнчүлүктү мага «Сапат» лицейи берип жатат.

Маалымдама. 2019-жылдын башында Казакстандагы XV Эл аралык Жаутык олимпиадасында «Сапаттын» окуучулары 2 күмүш жана 4 коло медалды утуп алышкан. Бул олимпиадага 18 мамлекеттен келген 500 ашуун окуучу катышкан. Кыргызстандын командасынан өлкөнүн ар кайсы мектептеринен кирген 35 окуучу көрсөтүлгөн. Кыргызстандын командасынын ичине «Сапат» Эл аралык билим берүү мекемесинин 21 окуучусу кирген.

Баардык тапшырмалардын жыйынтыгы менен «Сапаттын» окуучулары эң мыкты жыйынтыктарды көрсөткөн.

Математика боюнча: Оштун «Сема» лицейинин 11-классынын окуучусу Амирбек Абдирасулов күмүш медаль менен сыйланган. Нарындын М. Субакожоев атындагы лицейинин 11-классынын окуучусу Алибек Калыков үчүнчү орунду ээлеп, «коло» тагынган.

Информатика боюнча: Ысык-Көлдүн Х. Карасаев атындагы лицейинин 11-классынын окуучусу Өмүрбек Джамалов күмүш медалын алган. Бишкектин Чыңгыз Айтматов атындагы лицейинин 10-классынын окуучусу Шабдан Батыркулов жана Оштун «Сема» лицейинин 11-классынын окуучусу Мирлан Бакиров коло медалдары менен сыйланган.

Физика боюнча- Таластын «Манас-Ата» лицейинин 11-классынын окуучусу Азамат Абыкеев коло медалга татыган.

Аталган олимпиада математика, физика жана информатика боюнча 15 мамлекеттер арасында 2005-жылдан бери өткөрүлүп келет.  Анын негизги максаттары болуп мектеп окуучулары арасында физика-математикалык жана компьютердик илимдерди пропагандалоо, дүйнө жүзүндөгү билим берүү мекемелери арасындагы кызматташтыкты жана достукту чыңдоо, ошондой эле таланттуу окуучуларды табуу, маалыматтык технологияларды өнүктүрүү жана маалыматтык маданиятты жогорулатуу болуп саналат.

Темасы боюнча дагы макалалар 

Көңүл бурунуздар! Эл аралык "Сапат" билим берүү мекемесинин лицейлерине кабыл алуу сынагы башталды. 

«Сапаттын» бүтүрүүчүлөрү дүйнөнү багындырууда 

“Сапатчылар” кайрадан мыктылардын мыктысы аталды! 

 
© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине