“Сапатчылар” кайрадан мыктылардын мыктысы аталды!

10:00, 4 Февраля 2019

Жаңы жыл эл аралык «Сапат» билим берүү мекемесинин окуучулары үчүн жогорку даражалуу сынактардагы жеңиштерден башталды. XV эл аралык Жаутык олимпиадасында алар 2 күмүш жана 4 коло медаль тагынышты.

9-15-январь күндөрү Казакстандын Алматы шаарында  математика, информатика жана физика боюнча XV эл аралык Жаутык олимпиадасы болуп өттү. Бул сынакта дүйнөнүн 18 мамлекетинен келген 500дөн ашуун окуучулар ат салышты. Аталган олимпиада 2005-жылдан бери өткөрүлүп келет. Олимпиаданын максаты болуп окуучулар арасында физика-математикалык жана компьютердик пропаганданы жайылтуу, дүйнө жүзүндөгү билим берүү мекемелери арасындагы кесиптик кызматташууну бекемдөө жана таланттуу жаштарды табуу, маалыматтык технологияларды өнүктүрүү жана маалыматтык маданиятты жогорулатуу болуп саналат.

Уюштуруучулардын айтымында, табигый так жана техникалык илимдер жаатындагы мыкты окуучуларды чогултуу менен, эл аралык калыстар тобу жыл сайын татаалдашкан жана кызыктуу тапшырмаларды иштеп чыгышат. Аларды чыгаруу үчүн креативдүүлүк жана стандарттык эмес ой жүгүртүү керектелет. Жеңүүчүлөр болсо баа жеткис тажрыйбадан сырткары, казак ЖОЖдорунда грант менен билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Алматы шаарынын физика-математикалык мектебинин жетекчиси жана уюштуруучулардын бири Алмаз Кунгожин төмөндөгүлөрдү белгилейт: «Биздин олимпиадада катышуу жана жеңишке жетүү дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө эске алынып,  окуучулардын рейтинги көтөрүлөт. Мисалы, биздин олимпиадада жеңишке жеткен орус окуучуларынын Жалпы мамлекеттик сынагынын жыйынтыгына кошумча упайлар кошулат. Биздин коңшу өлкөлөрүбүздө, Кыргызстанда жана Өзбекстанда да Жаутык олимпиадасы жогору бааланарын билем. Чет элдик, жада калса америкалык окуу жайлар дагы аны көңүлгө алышат жана биздин жеңүүчүлөрүбүздүн арасында азыр Массачусетс технологиялык университетинде билим алып жаткандар дагы бар».

Кыргызстандын командасын өлкөнүн ар кайсы мектептеринен чогулган 35 окуучу көрсөттү. Командага «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин 21 окуучусу кирди.

Сынактын жыйынтыгы боюнча эл аралык «Сапат» билим берүү мекемесинин лицейлеринин окуучулары төмөнкү мыкты көрсөткүчтөрдү көрсөтө алышты. Ош «Сема» лицейинин 11-классынын окуучусу Абдирасулов Амирбек математика боюнча сынакта күмүш медаль утту. Нарын М. Субакожоев атындагы лицейинин 11-классынын окуучусу Калыков Алибек дагы математика боюнча сынакта коло медалга жетишти.

Жогорку класстардын окуучулары информатика боюнча сынактан дагы мыкты жыйынтык көрсөтө алышты. Ысык-Көл Х. Карасаев атындагы лицейинин 11-классынын окуучусу Жамалов Өмүрбек күмүш медаль тагынды. Бишкек Чыңгыз Айтматов атындагы лицейинин 10-классынын окуучусу Батыркулов Шабдан менен Ош «Сема» лицейинин 11-классынын окуучусу Бакиров Мирлан коло медалдан тагынышты.

Физика сабагы боюнча сынакта Таластын «Манас-Ата» лицейинин 11-классынын окуучусу Абыкеев Азамат коло медалга жетишти.

Эл аралык «Сапат» билим берүү мекемесинин окуучуларынын ийгиликтери – бул окуучулардын табигый таланты, эмгекчилдиги жана алдыга карай талпынуусу дал келип, натыйжа берсин деп шарт түзүп, эмгектенген мугалимдердин жетишкендиги. Акыркы үч жылдан бери олимпиадага катышчу окуучуларды математика мугалими Азамат Аскаров даярдап келет.

«Биздин мекемеде көптөгөн жакшы, күчтүү окуучулар окушат. Биздин милдетибиз – бул окуучу ырахаттануу менен сабак окуй ала турган шарттарды түзүү, окуу-куралдары менен камсыздоо, аларга багыт берип, потенциалын ачуу болуп саналат. Олимпиадага даярдануу үчүн бизде орточо эсеп менен бирден үч жылга чейинки убакыт кетет. Бул өтө узак жана татаал прцесс. Анткени бала жөн гана негизди билбестен, креативдүүлүктү жана эсепти чыгарууда стандарттык эмес ой жүгүрткөндү үйрөнүшү керек. Баланын өзү дагы бул сабакты күнүгө эки сааттан окуса, ошондо гана жыйынтык чыгат. Кыргызстандык окуучулар ири олимпиадаларга катышып баштаганына аз эле убакыт болду, андыктан Орусия, Кытай жана Казакстандан үйрөнчү нерселерибиз көп. Бирок биздин балдардын көрсөткөн жыйынтыктары жаман эмес, демек, чоң жеңиштер али алдыда»,- дейт Азамат Аскаров.

Информатика боюнча коло медалдын ээси Шабдан Батыркуловдун апасынын айтымында, эгерде «Сапаттын» мугалимдери болбосо, ал баласынын чоң шыгы бар экендигин эч качан билмек эмес.

«Менин уулум Бишкектин кадимки мектебинде окуучу жана бардык сабактардан билим деңгээли орто болчу. Биз, ата-энелер, балдардын шыгын билиш үчүн мынча көп убакыт бөлө алмак эмеспиз, анткени эртеден кечке жумушта жүрөбүз. Ошондуктан, биз уулубузду Бишкектин Чыңгыз Айтматов атындагы лицейине бердик, ал жердеги мугалимдер анын талантын табышты. Мугалимдер ага абдан кесипкөй мамиле кылып, багыттап, керектүү материалдар менен камсыздап, атайын программалар менен иштешет. Албетте, бала эртеден кечке окуу менен алек, бирок анын жетишкендиктери бизге дем-күч берет. Ошондуктан мен анын мугалимдерине дагы, «Сапат» билим берүү мекемесине дагы абдан ыраазымын. Биз аны бул лицейге которбогонубузда, ал мынчалык ийгиликтерди багынтып, мындай деңгээлдеги олимпиадада жеңишке жете алмак эмес,»-дейт Шабдандын апасы Гүлнара Эсеналиева.

Эми статистикага кайрылсак, 2018-жылы «Сапат» лицейлеринин окуучулары ондогон эл аралык олимпиадаларга катышып, 15 алтын жана 54 коло медаль утуп алышкан.

2018-жылдын жыйынтыгы боюнча, «Сапаттын» 716 бүтүрүүчүлөрүнүн ичинен 315 окуучу чет элдик мыкты ЖОЖдорго өтүшкөн. Ошондой эле, дүйнөнүн мыкты 100 жогорку окуу жайларынын студенттеринин арасында 25 бүтүрүүчү билим алып жатат. Ал эми 43 окуучу АКШнын, 17- Канаданын, 6-Англиянын, 16- Гонконгдун, 3- Түштүк Кореянын, 5- Сингапурдун, 47-Польшанын, 32- Кытайдын, 6- Германиянын, 7- Венгриянын жана башка өлкөлөрдүн окуу жайларынын студенттери болушкан.

Лицейлердин билим берүү методикасынын сыры эмнеде? Бул суроого эл аралык «Сапат» билим берүү мекемесинин башкы директорунун орун басары Ислам Иманалиев жооп берет: «Биринчиден, биздин лицейлердеги билим берүүдөгү чечүүчү учурлардын бири – балдар достук атмосферада командада иштөөнү үйрөнүшөт, алардын командалык руху өнүгөт. Экинчиден, алар өз алдынча болууга үйрөнүшөт. Үчүнчүдөн, аларда окууга жана жумушка системалык мамиле кылуу калыптанат. Алар алдына кандайдыр бир максатты коюп, ага акырындан жетүүнү үйрөнүшөт. Төртүнчүдөн, алар сапаттуу билим алышат, анткени биздин лицейлерде так илимдер англис тилинде өткөрүлөт. Биздин бүтүрүүчүлөр англис тилинде эркин сүйлөгөндү, ой жүгүрткөндү, жазганды билишет. Окуучу өзүнүн эмгекчилдиги, англис тилин билгендиги жана алган ар тараптуу терең билиминин негизинде дүйнөнүн каалаган жогорку окуу жайына өтө алат».

Даярдаган Лейла Саралаева   

 
© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине