Кыргыз тилин канткенде белгилүү кылабыз?

12:37, 25 Ноября 2014

Акыркы 20 жылда мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана колдоо боюнча бир нече программа кабыл алынды, бирок анын бири да аягына чыккан жок. Мүмкүн, бизде тил маселеси өтө эле саясатташып кетсе керек жана ал боюнча  суроолор аларга берилген жооптор сыяктуу эле так кесе айтылса керек. Бул жылы өлкөдөгү эки тидүүлүк багыты аркылуу кыргыз тилин билүүнү иш жүзүндө зарыл кылуу  жана аны башка тилдер менен катар окутууга  аракет көрүлдү.  Уникалдуу  «Кылым карыткан тил» окуу китебинин автору, Борбордук Азиядагы Америка Университетинин кыргыз тил кафедрасынын окутуучусу  Гүлмира Дүйшеева кыргыз тилинин келечегине карата өз пикири менен бөлүштү.

 еп кыргыз тилин окутуу боюнча башталганда эле, дайыма азыркы окуу китептери жана усулдук окуу куралдары туурасында көп нааразылыктарды угасың. Сиздин көз карашта, бул чыныгы көйгөйбү же ойдон чыгарылганбы?

- Чынында, мындай көйгөй бар. Биз азыркы учурда кыргыз тилин үйрөнүүдө чыныгы курал болуп бере ала  турган «иштеген» окуу куралдарга өтө муктажбыз. Окуучулар бир гана теорияны окуткан мугалимдер менен эмес, практик-окутуучулар менен иштешүүсү маанилүү. Буга байланыштуу, мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча жаңы программада  кыргыз тил боюнча бардык окуу куралдарынын эл аралык стандарттарга туура келиши  каралып чыккандыгын белгилей кетүү керек, анткени кыргыз тилин үйрөнүү жана кыргыз тилин билүүнү баалоо эл аралык тутум боюнча жүргүзүлөт.

Азыр менин тайпамда Австриядан, Канададан, Франциядан, Германиядан, Кореядан, Кытайдан, АКШдан жана Афганистантан эл аралык студенттер окуп жатышат. Алар «кыргыз тили чет тили катары» программасы боюнча, элементардык А1 деңгээлин    окушат.

- Мектеп темасын улантып, менде мындай суроо бар, эмне үчүн орус мектептеринде окуган кыргыз балдары, убактысынын көп бөлүгүн кыргыз тилдүү чөйрөдө өткөрсө да, эне тилин унутуп калышат?   

- Балдар ар дайым өзүнө тааныш тил чөйрөсүндө болушу, ата энелердин балдары менен эне тилинде сүйлөшүүсү абдан маанилүү. Бул – ата-энелердин жоопкерчилиги. Ошондой эле окутуучудан да көп нерсе көз каранды, окуучунун тилге болгон кызыгуусун жогорулатуу абдан маанилүү, азыр балдар эч нерсеге кызыкпай калышты, мугалими мына ушуну жогото алса – анда бул окутуучу үчүн чоң жетишкендик болмок. Мугалим окуучуну кызыктыруусу керек, болбосо, аны үчүн он жыл да жетишсиз болуп калаарына ишенип коюңуз. Кыргыз тилин үйрөнүү боюнча татаал окуу китептери тил үйрөнүүгө болгон кызыгууну жоготот. Адам өзүнүн мүмкүнчүлүгүнө болгон ишенимин жоготуп, тил үйрөнүүгө болгон аракетин токтотот. Окугандарга карата жүйөөнүн болушу маанилүү. Айтмакчы, мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча жаңы программада ченем бар, ага ылайык мамлекеттик кызматка кирүү үчүн кыргыз тилин милдеттүү билиши керек. 

- Жаңы программада  кыргыз тилин көп колдонуу, аны пайдалануу аймагын кеңейтүү үчүн амбициоздуу милдет белгиленген. Бул тапшырма канчалык деңгээлде аткарылат?

- Буларды аткаруу оңой эле. Башкысы – аракетти күчөтүп, ойлонулган ишти аткарууга эртерээк киришүү керек. Программа иштелип чыккан жана бекитилген, каражат бөлүнгөн. Келечекте биздин жарандарыбыз, мамлекеттик жана расмий тилден башка да, эл аралык тилдердин бирин билип калышат. Бул, коомчулукта айтылып жаткан айрым бир жактуу сунуштарды эске алганда,  абдан жакшы көрүнүш. 

-Башкача айтканда, кыргыз тилин үйрөнүү орус же башка эл аралык  тилди үйрөнүү менен катар жүргүзүлөт экен да?

- Бул мамлекеттик кызматкерлерге тиешелүү. Биз, жалпысынан, көп тилдүү билим берүүгө багыт алдык. Эгер Сиздин эсиңизде болсо, кыргыз тилин билбегендерге айып тагуу демилгелери болгон. Менин оюмча, бул туура эмес. Көп тилде баарлашуу- бул биздин келечегибиз, биз жаштарыбызды болушунча көп тил билүүгө шарт түзүп беришибиз керек.

Жаңы программа үч этапка бөлүнгөн.

Биринчи этап: 2014–2016 -жылдар – даярдоочу.

Программанын биринчи этабынын негизги милдеттери болуп, окуу-усулдук программаларды жана окутуу ыкмасын жакшыртуу,  «Кыргызтест» тутумун иштеп чыгуу жана ишке киргизүү, мамлекеттик тилди окутуу борборунун аккредитацияланган борборун, билим берүүнүн бардык деңгээлинде мамлекеттик тилде сабак берүү үчүн шарттардын жана стимулдардын тутумун түзүү  болушу керек. 

Программада  этникалык коомчулуктардын тилдеринде окутуу менен мектептерди туруктуу сактап калуу каралган, бул учурда мамлекеттик тилде окутулган сабактарды акырындап көбөйтүү пландаштырылууда.

Экинчи  этап:

2017–2018-жылдар – негизги.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көргөзгөн чөйрөнүн кызматкерлерин мамлекеттик тилди билүүгө сертификат берүү системасын жайылтуу. Көп тилдүү билим берүү тутумун андан ары өркүндөтүү.

Үчүнчү этап: 2019-2020 -жылдар – коррекциялоочу.

Мамлекеттик тилди улут аралык баарлашуу тили катары кызмат кылуусу менен, аны коомдук жашоонун социалдык маанилүү чөйрөсүндө колдонуу менен, үзгүлтүксүз көп тилдүү билим берүү (мектепке чейинки, мектептик, кесиптик, жогорку)  вертикалын  уюштурууга шарт түзүү менен  байланышкан маселелердин спектрин камтыйт.

2020-жылга мамлекеттик кызматка кирүүнү каалаган же кызматка кирип жаткан бардык жарандардын үч тилди: мамлекеттик, расмий жана  эл аралык тилдердин бирин билгендиги туурасында  сертификаты болушу керек. Эне тили кыргыз тили болуп саналган жаран, аны “С1”деңгээлинде жана орус тилин “В2” деңгээлинде билиши керек 

-Кечириңиз, а  муну кандай түшүнсө болот?

Тилди билүүнүн деңгээлинин эл аралык шкаласы төмөнкү деңгээлдерди караган:

А  элементардык сүйлөө (А1 – жашап кетүүгө керектүү деңгээл, А2 – баштапкы деңгээл),

В – өзүнө жетишээрлик сүйлөө (В1 –босоголук деңгээл, В2 – босоголук алдыңкы деңгээл), С – эркин сүйлөө (С1 – профессионалдык сүйлөө деңгээли, С2 – мыкты сүйлөө деңгээли).  Окутуучуларды ар бир деңгээл боюнча баалардын шкаласын билүүсү, тиешилүү тесттерди жазып, элди деңгээлдер боюнча тестирлөөгө даярдаганга үйрөтүү керек.

-Сиздин көз карашыңызда, мамлекеттеги эки тилдүүлүк кыргыз тилинин өнүгүшүнө жакшы таасир этиши мүмкүнбү?

-Кыргызстан үчүн орус тили жөн гана эл аралык тилдердин бири эмес, ал улут аралык коммуникацияда маанилүү шаймандардын бири. Мындай учурларда орус тили абдан маанилүү ролду ойнойт. Бул абдан бай тил. Анан, бизде кыргыз тили менен бирге башка тилдердин да өнүгүүсүн туура деп эсептейм. Буга  байланыштуу, жаштарда чет тилин үйрөнүүгө болгон кызыкчылыктын өсүп жаткандыгы кубандырбай койбойт. Бир маанилүү учурду белгилей кетишим керек, бизде орус тилин окутуу үчүн усулдук жыйнактар бар, буга байланыштуу орус тилин окутуу кыргыз тилине караганда бир кыйла жеңил. Ошондуктан, кыргыз тили колдоого муктаж.

-Кыргыз тилинин өнүгүүсүнө жооп берген мамлекеттик курамдардын ишмердүүлүгүнө көз салып туруп,  алар сөздөрдү жазуудагы жаңы эрежелерди киргизүүгө көбүрөөк көңүл буруп жатышабы деп да ойлойсуң, андан кийин бир нече убакыт өткөндөн кийин өздөрү ал сөздөрдү кайра алып салышат. Натыйжада, географиялык кош аталыштарды кайрадан жазып чыгууга туура келет... 

- Чындыгында мындай көйгөй болгон. Мурдагы туура жазууга кайтып келгенибиз жакшы болду. Азыркы учурда бул процесс борборлоштурулган жана Илимдер Академиясынын компетенциясына берилген. Программага карата, анын кабыл алынышы менен кырдаал түп тамырынан бери өзгөрөөр деген үмүтүмдү билдирип кетким келет. Бардыгы мөөнөткө келип такалат. Аны менен бирге, бул программа аталган чөйрөдө мурда кабыл алынган программалардын ичинен эң мыктысы деп ойлойм. 

- Сөздүн акырында, сиз кыргыз тилинин окутуучусу катары шаардык кыргыздарга өз балдарына  кыргыз тилин үйрөтүүдө эмне кеңеш берээр элеңиз? Анткени, кыргыз тили маселеси ата-энеси тилдин алып жүрүүчүсү катары тилди мыкты билип, ал эми балдары кыргыз тилин билбеген  шаардык чөйрөдө абдан курч коюлган... 

- Мен үй бүлөдө “кыргыз” чөйрөсүн түзүүнү сунуш кылаар элем, кыргыз тилиндеги тасмаларды көрүп, кыргыз ырларын угуп дегендей, азыр мындай мүмкүнчүлүктөр барган сайын көбөйүп жатат. Азыр кыргыз тилинде балдар үчүн жакшы көрсөтүүлөр бар. Анан, албетте, ата –энелер өздөрү кыргыз тилинде көбүрөөк сүйлөшү абдан маанилүү, жана балдарынын эне тилине болгон сүйүүгө үйрөтүшү керек. Болбосо, балдар алдамчылыкты сезишет, жана эне тилине болгон кызыкчылыкты жоготушат. 

Маектешкен Алмаз Исманов

  

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине