Нурлан Кудайбердиев: “Сапат” лицейлери – жогорку сапаттагы мектеп билими”

18:29, 21 Апреля 2018

Жогорку технологиялар билим тармагындагы эң акыркы эл аралык жетишкендиктерди бардыгына жеткиликтүү кылалат. Кыргызстандыктар канткенде аларды туура колдоно алышат? Дүйнөнүн мыкты мугалимдери менен бир тилде сүйлөшө алган окуучуларды кантип тарбиялап өстүрсө болот? Балдарды билимдин эбегейсиз зор агымында өзүн эркин алып жүрүүсүнө кантип үйрөтсө болот? Өз тажрыйбасы менен “Сапат” билим берүү мекемесинин генералдык директору Нурлан Кудайбердиев бөлүштү.

- Силерге караштуу лицейлердин тармагы «Сапат» деп аталат. А билимдин сапаты кантип аныкталат?

- 1994-жылдан бери “Сапат” Эл аралык билим берүү мекемелеринин (ЭБМ) окуучулары бардык республикалык жана эл аралык олимпиадаларга катышып келээри бардыгына маалым. Биздин окуучулар 72 алтын, 125 күмүш жана 216 коло медалдарды утканы жетишти. 2018-жылдагы республикалык олимпиаданын жыйынтыктары боюнча “Сапат” лицейлеринин 19 окуучусу байгелүү орундарды ала алышты. А бул болсо бардык байгелүү орундардын 52,7%н түзөт! Республикалык олимпиададан кийин 5 предмет боюнча (математика, физика, химия, биология, информатика) тандоо турлары өткөрүлүп, дүйнөлүк олимпиадаларга катышуу укугун утуп алгандардын 99%ы “Сапат” мекемесинин окуучулары болду. Быйыл биздин балдар эл аралык олимпиадаларда дагы эң жакшы ийгиликтерге жетише алышты. Бардыгы болуп 9 окуучу катышса, алардын экөөсү күмүш, алтоосу коло медалдарды утуп алышты. Бул жетишкендиктер биздеги билим берүүнүн сапатын айгинелейт.

- Акыры эки жылда сиздердеги лицейлерде кандай өзгөрүүлөр болду?

- Бизде жаңы эки мектеп ачылды. Быйыл Кембридж системасы боюнча окуткан Cambridge Silk Road International School эл аралык мектебинде жаңы окуу имараты ишке берилди. Ошондой эле Жал кичи районунда “Сабаттуу” (“Грамотей”) деген жаңы мектеп ачылды.

Биз прогрессивдүү эл аралык билим берүү мекемелери менен тең өңүгүүгө чоң көңүл бурабыз. Лицейлерибиздин жетекчилери жана алдыңкы мугалимдери жаңы тажрыйба менен таанышуу максатында Түштүк Кореянын, Сингапурдун, Финляндиянын мектептеринде болуп келишти. Жыйынтыгында биз курсубузду толугу менен өзгөртүүнү чечип, билим берүүнүн жаңы багытын тандадык: онлайн режиминде окутуу жана профилдик окутуу. Мындай тандообуздун максаты – инновациялык маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча окуучуларыбыздын билимин жакшыртуу жана дүйнө жүзүндөгү алдыңкы жогорку окуу жайларына өтүүгө даярдоо. Аны үчүн ар-бир окуучунун шык-дарамети объективдүү аныкталат, жана да билимдин сапатына көңүл бурулат.

Тогузунчу класстан кийин жогорку класстагылар профилдик билим алууга өтүшөт. Башкача айтканда, окуучу кайсы бир кесипке максаттуу түрдө даярдалып, ага тийиштүү предметтерге терең окутула баштайт. Профилдик окутуу үч багытта жүргүзүлөт: социалдык-гуманитардык, физико-математикалык жана табият илимдери (Social science, Math and Engineering, Medical Science). Бул ыкмага ылайык, предметтердин саны өсүп, алар терең окутулат, ал эми окуу программасы болсо мамлекеттик стандарттарга толук жооп берет. Биз бир жыл аралыгында апробация жүргүзгөн төрт лицейде мындай ыкма жакшы жыйынтыктарды берди.

- Келечектеги кесипти окуучулар өзүлөрү тандашабы, же аны тандаганга мугалимдер жардам беришеби?

- Биз анкетаны толтуртуп, окуучулар менен өз-өзүнчө кенен маектешебиз. Дүйнө жүзүндө IELTS, TOEFL жана SAT сыяктуу эл аралык тестирлөө системалары бар, алардын жыйынтыгы боюнча окуучулар дүйнөлүк жогорку окуу жайларга өтө алышат. Бул күңдөрү биздеги профилдик окутуу ушул программаларга багытталган. “Сапат” ЭБМдин Генералдык дирекциясынын алдында College Counseling Center түзүлүүдө. Анын алкагында биз жогорку класстагы окуучуларды дүйнөнүн мыкты деп эсептелген жогорку окуу жайларына өтүүгө даярдайбыз. College Counseling адиси – беделдүү жожду тандаганга жардам бере турган, жожко өтүү боюнча бардык керектүү маалыматтар менен тааныштырып турган координатор. Ошол эле кезде ал эссе жазганга, керектүү документтерди чогултканга, курсту тандаганга, чет элдик студенттерге берилүүчү стипендиялар боюнча жакшы түшүнүк алганга жардамдашат. Учурда бизге мындай жардамды “Сапат” лицейинин бүтүрүүчүсү, англис тилинен мугалим болуп иштеген Канатбек Чолоков берип келүүдө. Ал Америкада алган билимин жана топтогон тажрыйбасын биздин мектептерге киргизүүдө. Анын иши жакшы жыйынтыктарды бере баштады.

Дүйнөдө атагы чыккан университеттер өзүлөрү бизге чыгып, биз менен кызматташууга кызыкдар экендерин билдиришүүдө. Жакында бизге дүйнө жүзүндөгү мыкты жождордун рейтингинде 49-орунда турган City University of Hong Kong университетинин өкүлдөрү келип кетишти. Алар биздин мыкты окуучуларга 9 орун берүүгө даяр. Профилдик окутууну киргизүү менен бизде дүйнөдөгү эң атактуу жогорку окуу жайларга өткөн окуучуларыбыздын саны өсүүдө. Мисалы, 2017-жылы аяктаган “Сапат” лицейлеринин 11 бүтүрүүчүсү топ-50 мыкты университттерине өтө алышты: Фудань университети (Fudan University, дүйнөлүк рейтинги № 40; окууга өткөндөр Ильяс Каныбек, Баатыр Бирназаров), Гонкгонгдогу Кытай университети (CUHK – Chinese University of Hong Kong, дүйнөлүк рейтинги № 46; бул окуу жайына өткөн биздин бүтүрүүчүлөр: Бегимай Досиева, Адинай Абдырасулова, Ширин Орозалиева, Карлыгач Кайназарова, Айдана Айдарбекова), АКШдагы Джон Хопкинс университети (Johns Hopkins University, дүйнөлүк рейтинги №17) жана дагы башка жогорку окуу жайлар. 2018-жылы биз мындан да жакшы көрсөткүчтөргө жетебиз деген ойдобуз.

Учурда биздеги лицейлерге CEEB CODE (эл аралык идентификациялык код) алып жатабыз. Бул коддун жардамы менен дүйнөнүн каалаган жеринде билим берүүчү мекеме тууралуу бардык маалыматты алса болот. Бүгүнкү күндө Кыргызстан боюнча 10 гана мектептин ушундай коддору бар.

- “Сапаттын” колдоосу менен жыл сайын бизде роботехника боюнча фестивалдар өтүп турат. Бул жөн эле көңүл ачуубу же биздин келечегибизби?

- Бул өтө актуалдуу тема. Жогорку технологияларды биз акырындан билим берүү системасына киргизип жатабыз. Роботехника окуучуларга кенже класстардан эле оюн аркылуу инженериянын негиздери менен таанышканга мүмкүнчүлүк түзөт, ал эми жогорку класстарга келгенде алар чоң ийгиликтерге жетишет. Келечекте алар алдыңкы жождорго жеңил өтүп кетишет. Белгилей кете турган нерсе, биздин 60 бүтүрүүчүбүз учурда Түштүк Кореяда “инженерия” багытында билим алып жатышат. Биринчи бүтүрүүчүлөрүбүз окууларын аяктап, Samsung фирмасында иштей башташты.

- Укмуш экен! Сиз такай негизде өз лицейлериңердин рейтингин аныктап турабыз дедиңиз эле. Мыктыларын атай кетпейсизби.

- Республикалык жана эл аралык олимпиадалардын жыйынтыгы боюнча алдыңкы саптарда эркек балдар окуган Каракол, Талас жана Кадамжай лицейлери турат. Өзүңөр көргөндөй, алардын бардыгы аймактардагы окуу жайлар. Өзүбүз жүргүзүп турган рейтингге кайрылсак, алдыңкы орундарды дайыма кыздар окуган “Айчүрөк”, Чок-Тал, Талас, Ош жана Жалал-Абад лицейлери алып турат. Баштапкы мектептер болсо бардыгы бирдей деңгээлде.

- Башка дагы жаңы багытыңар – онлайн-окутуу тууралуу айтып берсеңиздер.

- Биз АКШнын мыкты деген мектептери менен сүйлөшүүлөрду жүргүзүп жатабыз. Бул эл аралык мамилелерди өнүктүрүүдөгү дагы бир алгылыктуу кадам деп ишенимдүү айта алабыз. Бул келишимдер боюнча биздин окуучуларда АКШнын алдыңкы мектептеринин (Миннесота колледжи) орто билим тууралуу аттестаттарын алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. 10-жана 11-класстардын окуучулары Кыргызстанда эле жашап, Американын мыкты мектептеринин мугалимдеринин онлайн-сабактарына катыша алышат. Миннесота колледжинин өкүлдөрү “Сапат” билим берүү мекемесинин окуу планы жана програамасы менен таанышып чыгып, биздеги так билимдер боюнча билимдин деңгээли алардын талаптарына туура келет деген чечим чыгарышты. Бул программага катышкан окуучулар АКШнын (Миннесота) орто билим тууралуу аттестатын алалышат.

- А биздин мугалимдер билим берүү тармагындагы жаңы нерселердин өнүгүү темпине жетишип жатышабы?

- “Сапат” билим берүү мекемелеринде жалпы жонунан 1100 мугалим иштейт. Алардын бардыгы тажрыйбалуу адистер, ишке сынактык тандоонун негизинде алынышкан. Бирок жашоо бир орунда турбайт, кесиптик чеберчиликти такай өстүрүп-өркүндөтүп туруу зарылчылыгы бар. “Сапат” билим берүү мекемеси Финляндиянын, Сингапурдун жана Түштүк Кореянын билим берүү термагындагы тажрыйбаларын колдонуп келет. Аталган үч өлкөдө мугалимдерге өзгөчө көңүл бөлүнөт, инвестициялар биринчи кезекте аларга жумшалат. Кыздар окуган “Айчүрөк” лицейинин жана “Грамотей” мектебинин директорлору КР Билим берүү министрлигинин өкүлдөрү менен быйыл Финляндия менен Эстонияга барып, бул өлкөлөрүн билим берүү системаларындагы инновациялар менен таанышып келишти. Учурда жогоруда аталган лицейлердин иш алып баруусуна өзгөртүлөрдү киргизүү каралууда.

Азия өнүгүү банкы менен биргеликте жаңы долбоордун үстүндө иштеп жатабыз, анын алкагында Сингапурдун Улуттук билим берүү институтунун жардамы менен Бишкекте жана Ошто мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу боюнча борборлор ачылат. Дүйнөдө так илимдер боюнча мугалимдерге багытталган ар-түрдүү курстар бар. Ушундай курстардан окуп сертификаттарды алган мугалимдерди биз дайыма колдоп, каржылык жардам берип турабыз. Жакында Аган-Хан фондусунун алдында мугалимдердин эл аралык сынагы (Teaching Knowledge Test Cambridge English) өттү, ага биздин 24 мугалимибиз катышкан эле. Алардын бардыгы эл аралык үлгүдөгү сертификаттарды алышты.

- Азыр сиздердин лицейлерга кабыл алуу башталып, экзамендер өткөрүлүп жатат. Сиздин лицейлердин бүтүрүүчүлөрү башка мектептердин бүтүрүүчүлөрүнөн эмнеси менен айырмаланат болду экен?

- Биринчиден, башкы нерсе – балдар достукка, бир команда болуп жашаганга, окуганга үйрөнүшөт, аларда командалык дух өтө күчтүү болот. Экинчиден, балдар өз алдынча болгонго үйрөнүшөт. Үчүнчүдөн, аларда окууга жана ишке системдүү мамиле калыптанат. Алар максат коюп, ага жеткенди үйрөнүшөт. Төртүнчүдөн, алар сапаттуу билим алышат. Бизде так илимдер англис тилинде окутулат. Лицейди бүткөн бала англис тилинде оюн эркин айтып, окуп, жаза алат. Англис тилин, лицейде алган терең билимдерин колдонуп, бала тырышып аракеттенсе, каалаган жогорку окуу жайына өтүп кете алат. Тилекке каршы, башка мектептерде мындай системдүү мамиле жок. Анан да, сөзсүз, биз баланын тарбиясына чоң көңүл бурабыз, биздин менталитетти эске алуу менен биздин балдар чоң дүйнөдө жашаганга жакшы даярдык алышат. Алар Кыргызстанда гана эмес, дүйнөнүн каалаган жеринде, ал жактын шартына бат көнүп, жашап кете алышат.

Интервью алган Лейла Саралаева

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине