Кыргызстанда информатика мугалимдеринин экинчи слету өтөт

09:47, 5 Июля 2019

Кыргызстандагы информатика мугалимдеринин II республикалык слёту 2019-жылы 17-20-июлда Ысык-Көлдө «Сорос-Кыргызстан» фондунун жана Кыргызстандагы информатиктер ассоциациясынын колдоосу менен өтөт. Ал слёт мугалимдерди информатика чөйрөсүндөгү жаӊы багыттар менен тааныштырууга, программалоо жана IT технологияларын окуткан мугалимдердин практикалык компетенттүүлүгүн жогорулатууга багытталган.

Кыргызстандагы информатиктер ассоциациясынын президенти Улан Мамбетакунов белгилеп кеткендей бул иш-чара педагогдорго замандын талаптары менен теӊ жарышууга, IT багытындагы жаӊылыктар жана билим берүүдөгү жетишкендиктер тууралуу маалымат алууга көмөк көрсөтөт. Ал өз кезегинде информатика сабагын Кыргызстандын мектептеринде сапаттуураак, ачык жана кызыктуураак өткөрүүгө жардам берет. Сессиялардын жүрүшүндө өлкөдөгү инновациялык иш-чаралардын уюштуруучуларынан жана катышуучуларынан болгон IT-адистер спикерлерден болушат.

“Санариптешкен дүйнөдө программалоо жана компьютерде иштөө жөндөмдөрү IT-адистигин тандай турган балдар үчүн гана маанилүү эмес. Ар бир мектепте окуган ар бир бала дүйнөлүк деңгээлдеги компьютердик билим алууга укуктуу. Ушул себептен биз информатика мугалимдерин шыктандырышыбыз, колдошубуз, аларды жабдыктар менен камсыз кылышыбыз жана окутушубуз керек. Биз балдарды санариптик келечекке даярдап жатабыз” – деп баса белгиледи Лира Самыкбаева, “Сорос-Кыргызстан” фондунун Маалымат программасынын директору.

Ошондой эле, информатика менен программалоону кеңири жайылтуу жана IT-адистиктеринин беделин көтөрүү максатында «Сорос-Кыргызстан» фонду жана Кыргызстандагы информатиктер ассоциациясы Кыргызстанда #КодСааты (#HourCode) дүйнөлүк акциясын катары менен төрт жыл бою өткөрүштү. Өткөн жылы бул кыймыл Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбая Жээнбековдун колдоосуна ээ болуп, ал өлкөнүн 60 мектептеги жана 10 университеттеги 10 000 жаштар менен бирге #КодСааты акциясына катышты жана жеке программалык кодун өзү жазды.

Кыргызстандагы информатика мугалимдеринин II республикалык слёту жаңы форматта өткөрүлөт: хакатон жана мугалимдер арасында усулдук иштердин сынагын өткөрүү пландаштырылууда.

Бардык суроолор боюнча Лира Момуналиевага кайрылууга болот: +559 172 765 liramomunalieva@gmail.com.

 
© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине