Көңүл бурунуздар! Эл аралык "Сапат" билим берүү мекемесинин лицейлерине кабыл алуу сынагы башталды.

16:52, 18 Апреля 2019

2019-жылдын 2-апрелинен тартып өлкөбүздүн бардык облустарында Эл аралык "Сапат" билим берүү мекемесинин лицейлерине кабыл алуу сынагы башталды. Аталган сынакка 6-класстын окуучулары катышат, сынак 2 баскыч менен өтөт.


I баскыч: Сынактын 1-туру тийиштүү шаар жана райондордо уюштурулуп, 6-класстын программасынын негизинде даярдалган суроо китепчесинде 60 суроо берилет, суроолор кыргыз/орус тилдүү класстарга жараша түзүлөт жана төмөндөгү предметтерди камтыйт:
• Математика – 30 суроо
• Кыргыз тили, Орус тили – 15 суроо
• Тарых – 5 суроо
• География – 5 суроо
• Биология – 5 суроо
Сынак учурунда катышуучу окуучуларга атайын жооп баракчасы таратылып берилет. Сынакта жооп баракчасы карандаш менен толтурулат, өчүргүч (резина) колдонууга уруксат берилет. Сынакта 3 туура эмес жооп 1 туура жоопту жоюп коет.
Биринчи турдун жыйынтыгы менен кабыл алуу комиссиясы тарабынан белгиленген (чектелген балл) баллдан жогору алган окуучулар сынактын экинчи баскычына чакырылат.
II баскыч
Сынактын 2-туруна өткөн окуучулар математика жана логикадан 25 суроодон турган (математика – 15 суроо, логика – 10 суроо) тапшырманы аткарышат. Сынактын жалпы мөөнөтү – 60 мин.
Сынактын биринчи жана экинчи баскычынын жыйынтыгынын орточо баллына жараша окуучу “Сапат” лицейлеринде окуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. 


Кабыл алуу сынагынын 1-туру

Байланыш телефондор


Баткен облусу
 - 15-23-апрель арасында жана 15-20-апрель арасында
(03657) 3-60-84, 5-01-32 (И.Разаков атындагы лицей)

(03655) 5-07-10, 5-07-11, 5-01-65 ("Семетей" лицейи)
0705 077 077

Жалал-Абад облусу - 8-17-апрель арасында жана 08-18-апрель арасында
(03722) 5-03-80, 5-34-75 (Курманбек баатыр атындагы лицей)

(03722) 7-37-01, 7-37-02 (З.Нурматова атындагы лицей)

Чүй облусу - 11-20-апрель арасында жана 03-19- апрель арасында

0708 393 296 (Ж.Баласагын атындагы лицей)

(03138) 5-45-73, 7-40-19 ("Үмүт" лицейи)

0553 599 569, 0700 381 905, 0706 020 914 (Жайыл баатыр атындагы Кара-Балта лицейи)

Ысык-Көл облусу - 6-20-апрель арасында жана 11-13-апрель арасында
(03922) 5-10-32, 5-09-36, 5-04-09, 0505 774 848, 0776 774 848 (Х.Карасаев атындагы лицей)

(03943) 5-37-22 (З.Бектенов атындагы лицей)

Нарын облусу - 02-20-апрель арасында

(03522) 5-05-13, 0700 625 584 (М.Субакожоев атындагы лицей)

Ош облусу  - 8-28-апрель арасында 
(03222) 5-51-47, 2-27-29, 0771 153 414,0557 22 673 (Ош "Сема" лицейи)

(03222) 3-11-54, 3-10-42 (Курманжан Датка атындагы Ош кыздар лицейи)

Бишкек шаары - 8-20-апрель арасында жана 8-21-апрель арасында

(0312) 67-90-04 (Ч.Айтматов атындагы лицей)

(0312) 63-41-51 ("Айчүрөк" лицейи)

Талас облусу - 10-12-апрель арасында
(03422) 5-60-35 (“Манас Ата” лицейи)
(03422) 5-55-83, 5-29-54 (“Мээрим” лицейи ).

 
© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине