Мадемин Каратаев: «Ар бир адам өз ден соолугу үчүн өзү жооптуу»

09:05, 24 Ноября 2020

Күн сайын Кыргызстанда төрт жүздөн ашуун адам коронавирус жана пневмонияга чалдыгып, үчтөн бешке чейин адам бул оорудан  көз жумууда. Саламаттык сактоо министрлигинин COVID-19 илдетинин экинчи толкунуна карата даярдыгы, адамзаты коронавирусту качан жеңе тургандыгы жана ден соолукту кантип чыңдоо керектиги тууралуу Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев менен болгон маегибизде.

-Мадемин Мусаевич, COVID-19 илдетинин экинчи толкуну башталды деп айтууга болобу?

-«Биринчи же «экинчи толкун» деген түшүнүк жакындатылган мааниде гана айтылган. Бир жагынан, экинчи толкун башталды деп айтууга болот, анткени сентябрьдын аягынан бери жаңы катталган учурлар көбөйүүдө. Анын үстүнө сезондук грипп, КРВИ дагы кошулду. Экинчи жагынан, эпидемиология адистери оорунун экинчи толкуну ноябрьдын экинчи декадасында башталат деп жоромолдошууда. Бирок кырдаал биринчи толкун маалында болгондой курч болбойт деп ойлойм. Андыктан паникага алдыруунун кажети жок. Бүгүнкү күндө биз аздыр-көптүр туруктуулукка карай бара жатабыз, бирок эпидемиологиялык кырдаал толугу менен көзөмөлдө деп айта албайм. Бишкек, Ош шаарлары жана Баткен облусуна салыштырмалуу башка аймактарда абал туруктуу. Эгерде абсолюттук сандар тууралуу айта турган болсок, оорунун жугушу боюнча биринчи орунда Бишкек турат – борбордо 100 000 адамга 2129,8 учур катталган. Андан кийин Ош шаары, 1642 учур. Үчүнчү орунда Ысык-Көл облусу – 1609,6. Бирок пандемия менен болгон кырдаал 100 пайызы менен саламаттыкты сактоо системасына көз каранды эмес. Бүткүл дүйнө жүзү вирус менен алышууда.  Ал эми бул вирус болуп аткандын кийин, ал өзүнө инфекциянын булагын, жугуу жолдорун жана жугуучу жакты камтыйт. Ошондуктан биз биринчи кезекте инфекциянын булагын изоляциялап, аны каттап, анан жугуу жолдорун жабышыбыз керек.Бул башкысы. Жана ушул жерде калктын жардамы керек.

-Кандай?

-Ар бир адам ден соолугуна жоопкерчиликтүү мамиле жасашы керек; бет кап тагынуу режимин сактап, социалдык аралыкты сактап, эл жыш жыйылган жерлерге барбай, өзүн гана коргобостон, ата-энесине, балдарына, досторуна, коллегаларына кам көрүүсү зарыл. Биз биринчи кезекте калктын жардамына муктажбыз.  Эгерде адамдын жүрөгүнө байланышкан оорулары болсо, биринчи кезекте жүрөк кан тамыр оорулары, гипертония, кардиосклероз, атеросклероз, биз анын баардыгын жүрөк кан тамыр патологиялары деп атайбыз.

-Дагы кимдер тобокелчилик тобуна кирет?

-Леталдык учурлардын 52 пайызы бейтаптардын жүрөк кан тамыр патологияларына байланышкан коштоочу ооруларынан улам болууда. 27 пайызы – кант диабетине жана эндокриндик патологияларына байланыштуу. Жана 14 пайызы- онкологиялык дарттары бар бейтаптар. Ошондуктан, эгерде адамдын мындай оорулары болсо, ал өзүн эке эсе жакшы карашы керек. Бирок экинчи жагынан, өлүмдүн чыныгы себебин табууда кыйынчылыктар жаралууда. Калктын саламаттыгын коргоо жөнүндө мыйзамына ылайык, эгерде адам жол кырсыгынан же башка сырткы себептерден улам каза болгон учурда биз маркумдун денесин туугандарынын өтүнүчү менен хирургиялык жол менен ачууга укугубуз бар.  Кыргыздар, көпчүлүк учурда, мусулмандыкка таянып, денени ачууга каршы арыз жазышат, жана биз мыйзамга баш ийүүбүз керек.

-Азыр Саламаттыкты сактоо министрлиги вирустун жаңы толкуну менен кагылышууга толугу менен даяр деп айта алабы?

-Биринчиден, коронавирус дүйнө жүзү боюнча биринчи жолу болууда. Америка даяр беле? Же Орусия? Же Кытай? Анын үстүнө бул өлкөлөр медициналык жабдууларды, дары-дармектерди, коргонуу каражаттарын, экспресс тесттерди, ПЧР тесттерди өздөрү өндүрөт. Бизде бүгүнкү күндө бет каптардан башкасынын баардыгы сырттан алынып келинет. Март-июнь айларында ушундай учурлар болуп жатты, индивидуалдык коргонуу каражаттары жетишпей жатты.  Бирок анда чек аранын баардыгы жабык болуп, коңшу өлкөлөр дагы биринчи кезекте өздөрүн ойлогондуктан, бизге ИККларды сатууну каалашкан жок. ИККлар жок болгондугуна байланыштуу медиктердин 30 пайызы ооруга чалдыкты, ал эми аларга индивидуалдык коргонуу каражаттарын кантип колдонуу керектиги тууралуу окутуу жүргүзүлгөн эмес. Ооруу массалык түрдө жайыла баштаганда, бизге адистер жетишпегендиктен, биз региондордогу медиктерди чакыра баштадык. Эгерде ал тиш доктур болсочу, ал тишти дарылаганды, пломба койгонду жакшы билет, бирок ИККны биринчи жолу көрүп атат да. Ал күнүгө эле жасалма дем алдыруучу аппараттарды, кычкылтек концентраторлорун же пневмонияга чалдыккан бейтаптарды көргөн жери жок да.  Алгачкы кездерде медиктер даярдыксыз иштегендиктен, аларга оору жуккан учурлар көп болуп жатты. Башка мамлекеттерде адамды «кызыл зонага» жиберердин алдына аны керектүү окутуудан өткөрүп, тест тапшыртып, анан кетиришет. Бирок бизде убакыт же окутуучу курамдар жетиштүү болуп жаттыбы? Бүгүнкү күндө биз 28 миңден ашуун адисти кайра окутуудан өткөрдүк. Менден көпчүлүк «оору күчөп турган учурда кайда элеңиз?» деп сурайт. Мен өрт болуп жаткан жердин чок ортосунда жүрдүм. Ош жана Жалал-Абад облустарында. Ал жерде калк канчалык жыш жайгашкандыгын билесизби? Эң жыш. Жана ошондо 486 адам кичи ажылыктан келишти. Алардын арасында ооруну жугузгандар дагы, аны белгилери жок алып жүргөндөр дагы болгон. Эгерде биз ошол жерден локалдаштырбасак, жапырттуулук ошондо болмок.

-Демек, июлда болгон нерсе окуянын өнүгүшүнүн эң жаман жолу эмеспи?

-Андан дагы жаман болмок! Өзгөчө түштүктө. Эгерде биз Ноокатта, Сузакта, Жалал-Абадда, Кара-Сууда баардыгын локалдаштырбаганда... Ал жерде калктын саны канча экендигин билесизби? Жалгыз эле Кара-Суу району Нарын менен Таласка тең! Ал жердеги миграция кандай? Эгерде биз айылдар, айыл өкмөттөр, көчөлөр боюнча изоляция киргизип, блокпостторду коюп, оорунун клиникалык белгилерин эрте учурунда таап чыгып бейтаптарды өз маалында госпитализациялабасак, анда бизде оорунун жайылышы менен леталдык учурлар алда канча көп болмок.

-Пандемия учурунда канча медик каза болгондугу тууралуу сандар барбы?

-87 медицина кызматкери каза болду. Бирок айта кетейин: бул жерде баардыгы эле кесиптик ишмердүүлүк менен байланыштуу эмес. Пандемия учурунда каза болгон 41 медициналык кызматкердин үй бүлөсүнө биз 1 миллион сомдон берүүнү аныктаганбыз, 28 ал каражаттарды алды. Калгандарына жакынкы арада берилет. Алар кызыл зонада иштеп, кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда ооруга чалдыккандар.

-Адам чындыгында эле жумушта жүрүп ооруну жугузуп алгандыгын кантип аныктоого болот?

-Бизде эпидемиологиялык тергөө бар, буйрукка ылайык, көрсөтүүгө муктаж болгон документтердин тизмеси бар. Жана биз көптөргө каражат төлөп берүүдөн баш тартабыз. Анткени акча бюджеттики, жана эртеси эгерде акча берүүгө себеп жетишсиз болуп калса, ага биз жооп беребиз, анын үстүнө өлкөдөгү экономикалык кырдаалды эске алуу менен. Бул жерден комиссиянын мүчөлөрү дагы коркуп жатышат. Уюмдардын жетекчилери дагы жооптуу, анткени алар жер жерлерде ким каяктан жана кандай шартта ооруга чалдыккандыгын жакшы билишет.

-Орруга чалдыккан жана айыккан медиктерден канчасы 200 миң сомдон компенсация алды?

-2300 билдирүү келип түшкөн. Жана бул сан күндөн-күнгө көбөйүүдө. Биз 477 медикке төлөп бердик, дагы 100 билдирүү комиссия тарабынан каралууда. Нааразычылыктар болбош үчүн биз комиссияга бейөкмөттүк уюмдардын өкүлдөрүн жана ыктыярчыларды коштук. Алар келишет, угушат, бирок 15 мүнөттөн кийин ар кандай себептерди айтып качып кетишет. Андан соң бизди сындашат. Ошондуктан мен аларга кайрылып кетким келет: биз сиздерди жарандык коомдун өтүнүчү менен комиссиянын курамына кошкондон кийин, 6 саат бою акырына чейин отуруп, иштерди аягына чейин көрүп отуруңуздар. Ар бир документтин туура же туура эмес экендигин комиссиянын ар бир өкүлү карап чыгат, андан кийин аларды мен карап чыгам, андан соң аны комиссия менен макулдашып, кийин гана протоколго кол коюлат.

-Кыргызстандык медиктердин маанайлары кандай?

-Биринчи кезекте, баардык биздин медициналык кызматкерлерибизге ыраазычылык билдиргим келет. Жеке өзүмдөн, Саламаттыкты сактоо министрлигинин атынан рахмат айтам.  Экинчиден, иште жакшы динамиканы, жакшы жыйынтыкты көргөндө, ар бир медиктин маанайы жакшы болот. Академик Кудаяров өз убагында айткан эле: «Сакайган баланын жылмайуусун көргөндө, уйкусуз өткөргөн түндөр, кыйынчылыктар менен сарсанаа болгон күндөрдүн баардыгы унутулуп калат. Анткени сен өз эмгегиңдин үзүрүн көрүп жатасың – бала сакайып, жылмайып жатат». Бул туура сөз. Эгерде кызыл зонада иштеген болобу, же мобилдик бригадада иштеген дарыгерлер болобу, алар адамдын өмүрүн узартып, анын жашоосун сактап кала алган болсо, бул – ийгилик».

-Адамзаты COVID-19ду качан жеңет?

-Ар кайсы мамлекеттердин илимий институттары бул көйгөйдүн үстүндө иш алып барышууда. Жакынкы жылдары вирус менен жашашыбыз ыктымал. 2021-жылы ушундай болорун так айта алам, кээ бирлер бул 2023-жылга чейин созулат деп айтышууда. Менин божомолдорум боюнча, биз экинчи толкунду жеңилирээк көтөрөбүз. Медиктер даяр, бирок биз 97 пайызга дары каражаттардын импортунан жана 100 пайыз медициналык жабдуулардын импортунан көз карандыбыз.  Жана, албетте, индивидуалдык коргонуу каражаттары дагы четтен алынып келинет.

-Ал эми жалпы иммунитет иштелип чыгып, ал оорунун жугушунан сактай алабы?

-Иммунитеттин таасири бар, бирок коронавирустун кесепеттери кандай болушу мүмкүндүгүн айтуу кыйын. Ошондуктан мен ар бир адам жоопкерчиликтүү болушу керек деп айтам.  Ар бир адам түшүнүүсү зарыл: өпкө – меники, боор – меники; бөйрөктөр – меники. Апамдыкы эмес, атамдыкы эмес, медиктердики эмес, мамлекеттики дагы эмес деп. Ушундай мамиле болушу керек.  Кытай, Германияда бет капсыз жүргөндөргө айып салынат.  Ал эми бизде мамлекет муну көзөмөлдөй албайт.  Жыйынтыгында эл июлда кандай күндөр башыбыздан өткөндүгүн унутуп коюууда. Бул оору чын экендигин айтып, элди беткап тагынууга чакырып видео кайрылуу трткан бала эсиңиздеби? Ошол кезде эл бираз коркуп, бираз олуттуу мамиле кылып калган. Ал эми үч ай өткөн соң айланаңызды караңызчы – эч ким беткап тагынган жери жок. Бул адамдын өзүнө кылган кандай гана кайдыгер мамилеси?!

-Ооруну жуктуруп албоо үчүн кандай эрежелерди сактоо керектигин эске сала кетсеңиз.

-Биринчиден, беткап тыгыныңыз. Экинчиден, колдорду антисептик менен тазалаңыз. Үчүнчүдөн, эл көп чогулган жерлерге барбаңыз. Баардык иш чаралар менен той-топурларды чакан форматта гана өткөрүү керек. Төртүнчүдөн,  физикалык машыгууларды жасоо керек. Жок дегенде күнүгө бир маал машыгыңыз.  Бешинчиден, иммунитетти бекемдеңиз. Бир сөз менен айтканда, ден-соолукка көңүл буруп, витаминдерди ичип, иммунитетти көтөрүп, физикалык жактан активдүү болуңуз. «Мен ооруп калсам медиктер менен Саламаттыкты сактоо министрлигинин башы оорусун» деген ой болбошу керек. Ар бир адам ден соолугу үчүн өзү гана жооптуу, ошондуктан өзүңүздү жана жакындарыңызды жакшы караңыз!

Маекти алып барган Лейла Саралаева

 
© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине