Эмне үчүн жаз бизди кубантпайт?

12:33, 28 Марта 2018

Вячеслав Оселедконун сүрөтү

Кыш артта калды. Жылуу күндөргө кубанып жашаш керек эле. Бирок негедир денең алсырап, көңүлүң чөгүңкү болуп, жашоого такыр кубаналбайсың. Каткырып көлчүк кечип чуркагандын ордуна, жылуу чүмкөнүп жатып алып, төшөктөн эч тургуң келбейт.

Айрым адамдарга жашоо дайым кунарсыз болчудай сезилет. Көңүл жок, алсырап, уйкуң келет, иштен бат чарчайсың, ал эми үйдө эч нерсе кылгың келбейт. Жок, бул жалкоолук эмес, бул «XXI кылымдын оорусу» - жазгы депресиянын белгилери.

Сөзүбүздүн башында такташып алалы, депрессияны медицина оору катары карайт, эгер аны өз убагында айыктырбаса анын кесепеттери жаман болушу мүмкүн. Эгер адам эки жума катары менен алсырап, көңүлү чөгүңкү абалдан чыгалбаса, анда догдурга сөзсүз кайрылышы керек болот, аны гезит-журналдарда жазылган кеңештерди окуп өз алдынча айыктырам дебегиле. Бирок көп учурда биз кезиктирген нерсе клиникалык депрессия эмес, хандра, тонустун төмөндөп кетиши болуп чыгат.

Чаташтырбагыла!

Аларды кантип бир-биринен айырмаласак болот? Медиктер алардын белгилерин эчак эле аныктап коюшкан. Бул оору же оору эмес экенин биз өзүбүз да өз алдынча аныктай алабыз. Төмөнкү нерселер байкалса, анда силер догдурга кайрылышыңар керек болот:

- ындыңар өчүп, такай бир нерсеге тынчсызданып, бир нерседен коркуп турасыңар, кыжырыңар келип, жөн жерден эле туталанып кетесиңер;

- түнү уктай албай кыйналасыңар, эрте ойгонуп аласыңар (бирок, кээде тескерисинче болушу мүмүн – алсырап, уйкуңар эле келип турат);

- адам арыктап, табити жоголот (же тескерисинче, табити ачылып, адам бат семирип кетет);

- адам такай алсырап, эч нерсе жасагысы келбей калат;

- эч нерсе көңүлгө жакпай калат, ал эмес дене кумары да кызыктырбай калат;

- көңүл чачырап, аны бир нерсеге топтоо кыйынчылыкка турат, керектүү маалыматтарды эсте жакшы сактай албай, адам кыйынчылык менен чечим чыгарат;

- адам өзү дарылай албаган оорулардын белгилери байкалат, алар ашказандын начар иштеши, баш оору же өнөкөт оору болушу мүмкүн;

- адам такай өзүн күнөөлүү, кем сезип, эч нерседен үмүттөнбөй калат;

- жөндөн жөн туруп эле ыйлап ийиши мүмкүн, же тескерисинче – адам такыр ыйлай албай калат.

Эгер сиз өзүңүздө же жакындарыңызда жогоруда аталган белгилерди тапсаңыз – эч ойлонбостон тез арада дарыгерге кайрылуу керек болот, өз алдынча дарылануу ооруну күчөтүп ийиши ыктымал, андан чыгуу дагы да таалдашып кетиши мүмкүн. Бир аз бук болгонуңар өрчүп, өнөкөткө айланып баратканын канчалык эртерээк баамдасаңар, андан арылуу ошончолук жеңил болот. Бирок али да кеч эмес болсо, ындыңардын өчкөнү катастрофага айлана элек болсо, аны жеңсе болот, аны жеңиш керек! Мындайда биздин кеңештер сизге пайдалуу болушу мүмкүн.

Эмне каяктан жаралат?

Аялзаты эркектерге караганда эмоционалдуураак жан болгондуктан, “жазгы абалга” байланыштуу жагымсыз нерселерге жеңилирээк дуушар болот. Бирок жазында эркектер да өзүн начар сезиши мүмкүн. Аялдар хандрага жеңилирээк батканы менен, андан жеңилирээк да чыгышат, ал эми эркектердин чыгышы азап. Ошондуктан эркектерди аяш керек!

Жазгы кыңкыстап калуунун себеби – витаминдердин жетишсиздиги, чарчап чаалыгуу, коёндой окшош күндөрдөн тажоо (өзгөчө кыш мезгили “үй-жумуш-үй” режиминде гана өтсө), абанын температурасынын өзгөрүшү (организмге ага көнүш керек) жана жаңы бир нерсени ашыра күтүү (жаз келди, а бирок эч нерсе өзгөрбөй эле, ал эмес асман мурдагыдай эле бопбоз, кышы бою чыдадым, башка чыдаганга ал жок).

Эмне үчүн так азыркы заманда бул оору менен ооругандардын саны өстү экен? Буга коомдук тармактар жана сыналгы күнөөлүү. Биз такай “башка жашоону” көрөбүз – бизди курчап тургандан коозураак, жакшыраак, көркөмдүүрөөк. Бул кооз сүрөттөр досторубуз жана телевизордон көргөндөрүбүз тууралуу чыныгы көрүнүштөн алыс экенин билсек да, көңүл чөгүүдөн сактануу оор. Жазындагы организмдеги өзгөрүүлөр даны аны кайрадан күчөтөт.

Балким кризистин болгону “токтосоңчу, эмне болуп жатканын жакшылап ойлонуп, түшүнгөнгө аракет кылсаңчы, балким өзүңдө бир нерсени өзгөртүүгө маал жеткендир” деген белгидир? Жанданып, өзгөрүп жаткан табигат муну ачык-айкын көргөзөт. Анан да жазында көп иштер анчалык жигердүү болбой калат, көбү акча жагынан кыйнала башташат. Себептери жөпжөнөкөй, бирок да аларды өзгөртүп, оңдой албайсын. Аларды жөн гана түшүнүп, айрым чараларды көрсө болот.

Жазгы көңүл чөгүүдөн кантип чыкса болот?

Кайгы – бул оору эмес, аны дары колдонуп айыктыра албайсың. Бирок баары майда-барат нерседен башталат эмеспи, ошону үчүн абалды курчутуп ийбейин десең, болуп жаткан бардык нерсенин оң жактарын да көрө билиш керек болот. Наалып эле жүргөн адамдардан жана көңүл чөгөргөн көрүнүштөрдөн алыс болгон туура. Жашооңордогу жамандыктарды чектегиле. Айланаңыздагы терс маанайдагы маалыматтардын бардыгына көңүл бөлө бербегиле. Жашооңордогу маселелер эле жетиштүү болот – так ошолорду чечкенге сизге күч керек.

Драмалаштырбагыла. Терс маанайдагы ойлор илешчээк болоорун, убакыт өткөн сайын алар кар көчкү сыяктуу чоңоюп, өскөнгө маш экенин жакшы билебиз, ошондуктан сиздеги кооптонуу сезимди катастрофага айлантпаганга көңүл бургула. Жаман ойлор башыңарга келээри менен башка бир нерсе менен алаксыганга аракеттенгиле, кайсы бир ишти жасай баштагыла.

Келечекте эмне болоорун божомолдогонду койгула. Аны бардыгы эле айтып бере албайт, бирок депрессивдүү абалдагы адам келечекте бардыгы жамандык менен бүтөөрүнө катуу ишенет. Биздин бактыбызга, мындай божомолдор дайыма эле аткарыла бербейт. Бүгүнкүгө көбүрөөк көңүл бурганга аракет кылгыла, аны оңдоп, түзөсө болот эмеспи.

Өткөн күндөргө да кечке кайрыла берип, андай эмес, мындай кылсам болмок эле деп өзүңөрдү жемелей бергениңер да туура эмес. Болгон болду, анда ошондогу шарттарга, сиздеги маалыматтарга жараша чечим чыгарып, аракет кылганыңарды түшүнүп, өткөндү болгондой кабыл алыш керек. Кетирген кемчиликтериңер, каталарыңар үчүн өзүңөрдү жемелебегиле.

“Кайгыга чөмүлгөндөр” эч нерсе кылбай, эч жакка чыкпай 1-2 күн үйдө отуруп туура кылышат. Андан ашырбаш керек. Бирок тыныгуунун өзү зарыл. Кээде организмиңердин айтканына көңүл бурганыңар, анын айтканы менен болгонуңар пайдалуу болот. Ошондо эмки күнү эртең менен күч-кубатка толуп, сергек ойгоносуңар.

Көңүл чөккөндө спирт ичимдиктерин же кофе ичип, кайгыны кууганга аракет кылуу таптакыр туура эмес. Бул тескерисинче абалды оорлотуп коюшу мүмкүн, баш оорудан башка эч нерсе алып келбейт. Таңкы кофе гана пайдалуу болушу мүмкүн, ал эми алкоголь – уу.

Кайгыдан чыгара алган универсалдуу дары – сиз жакшы көргөн үй жаныбары. Адамдар илгери эле жаныбарлардын укмуштуу күчүн билишкен, аларды урматтап, сыйлашкан. Ал эмес аквариум балыктары нерв жукарып кеткенде адамдарга жакшы таасир берет.

Көңүл чөгүп турганда тынчтыкта калуу жарабайт! Бир нерсе сөзсүз угулуп турсун: мейли радио, сыналгы ж.б.д.у.с. III кылымда Парфия падышалыгында жүрөк, нерв ооруларын жана кайгыга баткан адамды дарыгерлер атайы бир мелодия менен дарылашчу. Эгер көңүлүңөр чөгүп, башыңар ооруп турса, анда жапон дарыгерлеринин кеңеши боюнча, Мендельсондун “Жазгы ырын” угуп көргүлө. Ал эми Бетховендин чыгармалары адамдын мээсинин интешин күчөтүп, адамга илхам берет. Бахтын музыкасы адамды тынчытып, анын аруулантат. Бирок адистердин да, музыка күйөрмандарынын да пикиринде, Моцарттын чыгармалары адамга өзгөчө таасир этет.

Көңүл чөгүүнүн өзгөчө бир белгиси – адамдын жалгыздыкка умтулушу. Эгер көңүлүңөр чөгүп турса, адамдардан качпаганга аракет кылгыла. Балким кайсы бир адамдын кеңеши, же колдоосу сизге жардам берип калышы мүмкүн. Эгер үйдө жалгыз отура турган болсоңор, бул хандраны күчөтөт.

Режимди сактагыла. Сизге жакпаса да белгилүү бир убакта ойгонгонго, жатканга, тамактанганга (табитиңер тартпай турса дагы) аракеттенгиле. Жашоонун белгилүү бир тартипте өтүп жатканы кайгыны жеңгенге жакшы өбөлгө.

Сиз жеңил аткара алган 2-3 тапшырманы тандагыла. Колуңардан келбеген укмуш оор тапшырмаларды тандабагыла. Сиз тандаган нерселер конкреттүү, жеткиликтүү, пайда алып келе турган жана чектелүү убакыттын ичинде жасала турган болушу керек. Мисалы, жуманын аягына чейин укмуш-жумушту табышым керек деген тапшырманы ойлонуштурбай эле койгула. Ал эми резюмемди жайгаштырышым керек дегениңер – туура, аны аткарса болот. Сизге жаккан, бирок көнүлүңөрдүн чөккөнүнөн сиз таштап койгон кайсы бир нерселерди тизмектеп жазып алгыла. Балким, сиз киного барганды, досторуңар менен жолукканды же жөн гана кафеде китеп окуганды жакшы көрөт элеңер. Аларды акырындан, биринин артынан бирин кайрадан жасай баштагыла. Көңүлдөнбөй турсаңар да. Анан да жасалып бүткөндө канааттанууну жарата турган нерселерге көңүл бургула – мисалы, жумуш столуңарды тазалоо, үйдүн ичин иреттөө, төлөмдөрдү кылуу сыяктуу.

Катуу диетага отурбай, туура тамактанганга аракет кылгыла. Азыр сизге витаминдер эң керек! Болбой калды дегенде, эч кандай рецептсиз эле сатып алса боло турган “жалпы” максаттагы аптекалык дарылар жарайт – жоктон жогору дегендей. Бирок аз-аздан колдонгула, ашырып ийбегиле. Спорт – бул өзүнчө кеп. Ал көңүл чөгүүдөн куткарган эң натыйжалуу жолдордун бири. Өзгөчө адреналинди канга бат чыгарган спорттун түрлөрү жакшы, мисалы, жарга чыгуу, парашют менен секирүү. Бирок да экстрим баарына жага бербейт, ал эми такай сууда сүзүү, чуркоо, гимнастика кылуу – бардыгына жарайт. Физикалык көнүгүүлөр кандын жүгүрүшүн жакшыртат, тонусту көтөрөт, адам өзүн жакшыра сезе башташына алып келет. Негизгиси, көнүгүүлөрдүн көлөмүн алыңарга жараша тандашыңар керек.

Фотосүрөттөрдүн көргөзмөсүнө баруу, ат менен сейилдеп чыгуу же зоопаркка баруу дагы көңүлүңөрдү көтөрүшү мүмкүн. Климаты жылуу өлкөлөргө саякаттоо дагы адамдагы чыңалууну жакшы алат, адамга оң эмоцияларды, таасирлерди берет, б.а. пайдасы көп. Бирок бардыгында эле саякатка чыгууга мүмкүнчүлүк боло бербейт. Бирок бассейнге барса, же шаардын четине чыкса да жаман эмес. Англис тилин үйрөнүү, кийим бычып тигүү, флористика, ал эмес машинаны айдаганды үйрөнүү курстары да мыкты “дары” болушу мүмкүн. Бардыгы адамдын кызыгуусуна жараша болот. Комедияларды, же эпикалуу, кооз тасмаларды, жомокторду көрүү, же детектив менен фантастиканы окуу дагы көңүл чөгүү менен күрөшкөнгө жардам бере алат.

Эмне гана кылбагыла, эң башкысы бир нерсе эсиңерде болсун – өзүңөргө канчалык кам көрсөңөр, ошончолук сиз үй-бүлөөңүзгө, жумуштагы жамаатыңазга, келечегиңизге көп бере аласыз. Ден-соолук сизге жана жакшы маанай!

Даярдаган Мария Никитина

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине