Полад Сулейманов: Врач – актер эмес. Анын компетенциясын көрүүчү баалай албайт

15:20, 24 Декабря 2014

Өз доорун капастарда, торлордо сүрүп жаткан үй жаныбарлары: иттер, мышыктар,  чымчыктар, кемирүүчүлөр жана аквариум балыктарынын саны боюнча бишкектиктер Орто Азия боюнча чемпиондукка жетишти. Көчөдө каңгып жүргөн ээсиз иттер менен мышыктардын саны боюнча дагы. Ушул эки фактор бири бири менен байланыштуубу? Албетте!  

Бишкекте үй жаныбарларын багуу кандай өнүгүп жаткандыгы, аларды кармоонун маданиятынан кайсы жерде, кантип чекилик кетип жаткандыгы туурасында  Doctor Zoo клиникасынын башкы дарыгери Полад Сулейманов менен маектештик.

- Батирде жаныбарлардын болушу – жакшыбы же жаманбы?

- Мм… Бул суроону мындайча коюуга болбойт го... Мындай сөз бар го: «Начар кожайкенин казаны күнөөлүү» деген. Жакшы жасалган нерсенин баары жакшы.

Эгер психологиялык таасир туурасында айтсаң, жада калса жаныбарды кармоонун өзү эле терапевттик таасирге ээ. Жылкылар менен иттердин жардамы аркасында башка дарылоого жатпай турган оор оорулардын түрлөрүн дарылашат. Жаныбарлар кубаныч алып келет, стрессти төмөндөтөт. Өзүңөр деле билсеңер керек – мышык ооруган жерди басып турса, оору басаңдайт…

-Дайыма ушул туурасында билгим келчү. Алар ооруган жерди кантип билишет? Бул мистикабы?

- Бул физика (жылмаят). Дененин температурасынын өзгөрүшүнөн улам билишет. Кандай гана оору болбосун, суук тийгенби же башка оорубу, дене табынын көтөрүлүшүнө алып келет. Кайсы бир дене бөлүгүндө, түшүнүп жатасызбы? Ошентип табышат.

- Ушундайбы? Көрсө эч кандай сыйкыр жок тура…

- Мындай жалган мистикалык табышмактардан башка да, бул жаныбарларда таң калычтуу нерселер көп. Акыркы мезгилдерде мен мышыктарды абдан сыйлап калдым (өзүм ит кармайм,  аларды абдан жакшы көрөм). Мусулмандар айтып жүргөн уламышты билесиңерби: «Бир ирет Мукамбет пайгамбар намаз окуп жатса, мышык келип, чапанынын өңүрүнө уктап калган экен. Аны ойготкусу келбей, намазын бүткөндө чапанынын  этегин кесип, туруп кеткен экен».  Кээде, биздин көз карашыбызда, ушундай чапан кийип, сакал өстүргөн таң калычтуу адамдар мышыктарын алып келишет. Маданияттардын ортосундагы байланыштын өзүнчө бир түйүнү.

- Батирдеги жаныбарлардын болушу адамдардын ден соолугу үчүн канчалык коркунучтуу? Көптөгөн бишкектиктерди ушул тема көбүрөөк кызыктырса керек.

- Адамдар бири-бирине канчалык коркунучтуу болсо, ошончолук. Жашоочулар көбүнчө кутурмадан коркушат. Эгер жаныбар батирде жашап, кожоюнунун көзөмөлү алдында сейилдеп жүрсө, ага оору жуга турган мүмкүнчүлүк да жок! Эгер кутурган кожоюндары эле тиштеп албаса (күлөт). Дагы бир уламыш – токсоплазмоз. Бирок, ал адамдарда белгиси жок өтөт. Кош бойлуулук учурунда гана кандайдыр бир коркунуч жаратышы мүмкүн, бирок  токсоплазмоз бар адамдар рак менен оопрушпайт. Бул-татыктуу, академиялык изилдөөлөр. Бул оору – токсоплазмоз жөндөн жөн эле жуга бербейт.  

Мите курттар – бул оңой четтетиле турган оору. Чакалай коркунучун эмдөөлөр жок кылат.  Эгер жаныбарларга текшерилбеген, чийки ич этти бербесе, ал эхинококкоз менен оорубайт. Ал эми чымчыктар болсо орнитоз менен оорубайт, анткени ал келгин куштар менен алакада болбойт. Башка сөз менен айтканда, жаныбарларга караганда, башка кишиден жугуштуу,жаман оору жугузуп алуу мүмкүнчүлүгү көбүрөөк.  Эгер жаныбарларга туура кам көрсө, таптакыр маселе жаралбайт. Жалгыз гана көйгөйлүү маселе – аллергия. Азыркы муун алсыз өсүп жатат, аллергия болгондор толтурта. Бул, алардын айлана чөйрө менен анча дос эмес экендигин айтып турат. Бирок,  жүнгө же жаныбарлардын кандайдыр бир физиологиялык суюктуктарына аллергия бар болсо, аларды кармоонун кереги жок.

- Иттер менен мышыктарды эмнеге көчөгө ыргытып жиберишет?

- Тилекке каршы, жоопкерчиликке көнө албагандыктан.

- Жаныбарлардын клиникалардын кардарлары кимдер? Үй жаныбарларынын көйгөйлөрү менен ким көбүрөөк кайрылат?

- Ар түрдүү адамдар. Менимче, чоң энелер. Бул жалгыз адамдар, алардын туугандары алыста, жакшы жашоо издеп кетишкен, алар материалдык жактан жардам берип турушса да, баарлашуу жокко эсе. Мындай куракта дос же курбу күтүү кыйын. Ошондуктан, алардын жалгыз эрмеги – ит же мышык, аны менен сүйлөшүп, ага кам көрүп, жашырын сырларынан бери айтып беришет. Алар үчүн эң кымбат жандык.

Башка кардарлар да жетишээрлик. Алардын иттер менен мышыкка эмдөө жүргүзүп, алар менен алектенгендигин эч кимге айтпагыла деген да адамдар бар. Көрсө, шылдыңдашат экен. Менталитет ушундай. Тескерисинче, абдан коркок адамдар да бар. Өтө коркок. Иттин терисинен түшкөн бир нече ашык түгү да дарыгерге келүү үчүн себеп болот жана дарыгердин 1-2 саат убактысын алат. Албетте, бул кубандырат деп айта албайм, бирок, бирок ушунун баарында кандайдыр бир табигаттан тыш,акылга сыйбагандык, алдамчылык жаткансыйт. Дарыгерлерге келген жаныбарлардын басымдуу бөлүгү – өздөрү дарылоонун курмандыктары.

- Мына ушул туурасында кененирээк айтып берсеңиз. Бул мага маанилүүдөй сезилет…

- Бүгүн бизде көпчүлүгү – медицинаны мыкты билген эксперттер. Эмнеге? Анткени, Улуу урматтуу  Интернет ар кандай кеңештерге, рецептерге дана дартты аныктоо ыкмаларына толгон. Мурда чоң энелер ити ооруп калган учурда бир кашык арак берүүгө кеңеш беришчү (же болбосо күчтүү самогондон куюп койсо андан жакшы). Бир жолу бир киши чалып, минтип сурады: «Мышыкка арак  бер дешкенинен бердим эле, чарк айланып тегеренип жүрөт. Эми эмне кылам?». Мен ага мындайча жооп бердим: «Бадыраң бергиле», ал болсо чындап кабыл алды: «Кандай бадыраң, канчаны»? Албетте, туздалганды. «Закуска» кылганга.

Мунун баары-тамаша. Чынында – арактын артынан суу берсе болот, жаныбарды бир нече күнү бою ууктурбаса, анда эч нерсе болбойт. Негизги ооруну дарылабаса, анда күчөй берет. Бирок, интернеттен алган кеңештер менен өзү дарылагандардын натыйжасын айтса ишенбейсиз. Айрым  «жазмакерлер» менен «кеңешчилердин» колун жулуп салгың келет. Мага бир мышыкты алып келишти, үч күн бою парацетомолдун эң көп өлчөмүн беришиптир. Эми ушул болбойт да. Дары сайып жатып, жаныбарды аман алып калдык. Ар кайсы интернет-форумдардан кеңеш алып, кожоюндары өздөрү дарылаган мышык-күчүктөрдү дайыма эле сактай албайбыз. Айрымдары өздөрү дарыланган дарылар менен дарылашат. Бирок, биз ар түрдүүбүз, биологиялык түрлөрүбүз башка, салмактык категорияларыбыз, анатомиябыз, биохимия, физиологиябыз ар кандай, эч качан андай кылууга болбойт.

- Бирок, силердин профилдеги дарыгерлердин компетентсиздигинен улам да жаныбарлар жабыркап жатышпайбы…

- Ооба. Ушундай да болот. Мен алардын аттарын жана мекемелердин аталыштарын атабай эле коеюн, бирок алар дарыларды улам-улам беришип, стерилизацияны туура эмес жүргүзүшөт. Дартты аныктоону ойлонбостон жүргүзүп койгон учурлар да жок эмес. Бул эле эмес, акчанын артынан түшүп алышып, көпчүлүгү дарыгерлик кылуунун башкы принцибин – зыян келтирбөөнү унутуп коюшат. Кардиохирург болобу, мал доктурубу – бул баарына тиешелүү да. Ошол эле бойго болтурбаган дарылар айрым учурларда гана пайдаланууга мүмкүн болот, мисалы: бычуу же стерилизация каршы көрсөткүчү болгондо гана. Ал эми сапатсыз операциялар туурасында айтпай эле коеюн.  

Мындай дарыгерлерге нааразылыктар кийин бардык мал доктурларга тиешелүү болуп калат. Соцтармактарда жаңылыктар тез тарайт жана көпчүлүк адамдарды камтыйт. Ал эми акыл калчап көрсөк. соц тармактарга чуркап, жазып отурбай, убакытты коротуп, тиешелүү инстанцияларга жазуу керек. Биздин ишмердүүлүккө лицензияны Айыл-чарба министрлиги алдындагы Ветеринария башкармалыгы берет. Тиешелүү дипломдун негизинде интернетте отуруп алып, бардык ветеринарларды жамандап отургандан көрө алардын лицензиясын алып салуу туура. Врач –  актер эмес. Анын компетенциясын көрүүчү баалай албайт.

- Бул жерде, Бишкекте ишенимдүү адистерди атай аласызбы?

- Албетте, атай алам. Алар  «Самсон», «Гаухар», «Томас» клиникаларында иштешет. Анан, албетте, бизде. (жылмаят)

Маектешкен  Светлана Бегунова

  

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине