Кечир бизди, Медина…

16:37, 19 Сентября 2018

Кыргызстанда бийликтин жана жогорку кызматтагы аткаминерлердин көңүлүн кайсы бир маанилүү маселеге бурдуруш үчүн сөзсүз кырсыктан жаш баланын жаны кыйылыш керек. Сегиз жаштагы Мединанын өлүмү – биздеги социалдык маселелердин бир тобун ачыкка алып чыккан кезектеги трагедия болду.

Бул драманын сюжетин кыргызстандыктар жаңылыктардан жакшы билишет. Медина Ысык-Көлдөгү Григорьевка айылында турат эле. Анын тагдыры миңдеген балдардыкындай эле: ата-энеси жашоого акча издеп Орусияга кеткен. Айылда иш жок. Көл жээгине чейин алыс, а жергиликтүү инфраструктура туристтерди өзүнө тарта албайт. 8 жашар кызды чоң энеси тарбиялап карайт эле.

Мединадан сырткары чоң энесинин колунда дагы төрт небереси бар. Медина жашы боюнча балдардын экинчиси болчу. Үчүнчү сентябрда короодо ойноп жатып кыз кулап кетет. Абайлабастан. Колунда жарат пайда болуп, ооруксуйт. Байкеси жарага топуракты сээп, кагаз менен сүртүп кой дейт. Колун ооруксутуп алганын чоңдорго кечинде гана айтышат, колунун ооруганына такыр чыдай албай калганда.

“Алар таштан ташка секирип ойноп жатышкан, жашыл чөптөн тайгаланып кулап кетет. Колун сындырып алат. Сынган жери бир аз канайт. “Чоң эне, колумду оорутуп алдым”, - деди ал мага. Колун көтөрсөм, сол колунун алды шишип калыптыр. Мен йод сүртүп, бинт менен байлап койдум”, - деп айтып берди чоң энеси Чынаркүл. Өзү эле айыгып калат деп эки күн күтүшөт, - мурда бардыгы жакшы болуп кетчү да! Тагыраак айтсак, андай да эмес, дүйнөдө бардыгы Мединага каршы болгондой эле. “Так ошол күндөрү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы болуп калды. Жолдун баары жабык, авто унаалар жок. Мен эмне кылаарды билбей турдум. Төртүнчү сентябрда ооруканага баралы дегенбиз, бирок бара албай калдык. 5-сентябрь болду, температурасы көтөрүлө баштады, Мединанын атасынын агаларынын бири Жаныбек келип калып, Мединаны Чолпон-Атага, ооруканага жеткирип барайын деди. Ал жакта жакшы рентгени бар эмеспи. Таң эрте ал жакка жөнөдүк”, - деп эскерип жатты чоң энеси, көзүнөн аккан жаштарды улам-улам аарчып коюп.

Кыздын колун рентгенге тартышат. Хирург-травматолог Кубаныч Абдураззаков кыздын колуна үч укол атып, аны гипстейт. Бир жумадан кийин келгиле дейт.

“Алар даяр рентген сүрөтү менен келишти. Сүрөттөн сөөктүн жылышканын көрө албадым. Алар инфекция киргизип алышкан болушу керек деп болжодум, бул тууралуу аларга да айттым. Бирок жарасы айыга баштаптыр. Мен лонгет койдум. Алар мага таңуусун алмаштырганы келип тура албастыгын айтышканда, мен муну сөзсүз кылып туруу керектигин айттым. Чоң энеси Ананьевада эле көрүнүп турсак болобу деди. Мен макул дедим. Эмне кыла алат элем?”, - деп жатты кийин доктор, баса, ал өзү бир жыл мурун гана кесиби боюнча иштей баштаган, а жакында үйлөнгөн эле. Мындай карасаң, жаш бала. Бирок бул нерсенин баары азыр кыздын өлүмүн актай алабы?

Алтынчы сентябрда кыз өзүн жакшы сезип калат, денесинин ысыганы кетет. Антибиотик таасирин берген окшойт. Кызды мектепке даярдай башташат. Бирок жетинчи сентябрда колу карара баштайт. Кечинде Чынаркүл Мединаны Ананьевадагы ооруканага жеткирет. Аяктагы врач иштин баары гипс колду кысып жатканында болушу керек деп, аны чечип, жаңысын коет. Бирок карарган жери улам чоңоё берет, сегизинчи сентябрда бала катуу кыйнала баштайт. Ананьевадагы хирургга кайра барышат. “Гипсти кайчы менен кескенде кан чыгып, сасык жыт мурунга урду. Бул жытты мурда сезген эмес белеңер деп врач мага кайрылды. “Колунда гипс болсо, кайдан сезет элем”, - деп жооп бердим. Ал бул гангрена деди”.

Андан ары тозоктун азабы башталат. Алгач Чолпон-Атага барышат, ал жактагы врачтар небересинин колун кесиш керек дешет. Балким, инфекция кичинекей кыздын организминин бүт күчүн ала элегинде операция дароо жасалган болсо, бала аман калат беле, бирок баары бир колун сактап кала алышпайт эле. Бирок чоң энеси айткандарын кабыл алгысы келбей, кызды Бишкекке алып жөнөйт. Жалдагы Энеликти жана балалыкты коргоо боюнча улуттук борбордо Мединага теза арада операция жасашат. “Врачтар бардыгы жакшы өттү дешти. Биз аны реанимацияга чейин узатып бардык. Бардыгы жакшы, жакында ал сакайып кетет деп жатышты”, - деп Чынаркүл улам-улам кайталап, Медина кийбей калган мектеп формасын сылап, сыйпап журналисттерге айтып жатты. Бирок эч нерсе жакшы эмес эле. Таңга жакын Мединанын жаны үзүлүп кете берди. Жүрөгү операцияны көтөрө албады, гангрена организмин катуу алсыратып койгон экен.

Бир күндөн кийин кыздын ата-энеси арыз менен милицияга кайрылышты. Алардын пикиринде, врачтардын өз ишине жетиштүү көңүл бурбагандары кызынын өлүмүнө алып келген. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын улук тергөөчүсү Мира Абдылдаева керектүү экспертизалар дайындалганын, Ысык-Көл областына тергөөчүлөрдүн бригадасы жиберилгенин журналисттерге айтып берди. Алардын иштеринин жыйынтыгы коомчулукка жеткирилмекчи, бирок аны күтө туруш керек.

Көп хирургдардын пикиринде, кызды дароо эле операцияга жибериш керек болчу. Такыр болбой калды дегенде гипс алдындагы кол карарып баратканын көргөн Ананьевадагы врач кызды үйүнө жибербеши керек эле. Хирург, медицина илиминин талапкери, доцент Калыбек Мыкыев мындай дейт: “Сөөк сынган айрым учурда сөөктөрдүн ортосунда булчуң этинин кыпчылып калышы кандын жүгүрүшүн бузуп коёт. Ал эми адамдын организми – бул өтө татаал тутум. Эгер кайсы бир жерде кандын жүгүрүүсү бузула турган болсо, некроз башталышы мүмкүн. Ошондуктан биз дайыма рентгенге тарттырабыз, эгер сүрөттө сынган жер жакшы көрүнбөсө, биз бардыгы так аныктамайынча сынган жерди ар кайсы жагынан тарттыра беребиз. Ошону үчүн сөөгү сынган бейтапка көп учурда операция жасалат”.

Врачтардын күнөөсүн укук коргоо органдары аныктайт – бул окуя элдин назарына чыгып кеткендиктен, күнөөлүлөр калыс аныкталаарына үмүт бар. Бирок баланын өлүмүнө врачтардын катасы гана (же шалакылыгыбы, аны тергөө аныктайт) себепкер болдубу?

Фактыларга кайрылып көрсөк. Бала бакчага жана мектептке барбаган балдардын көбүн мигранттардын балдары түзөт. Туугандарына калтырылган балдар башка балдарга караганда чырыраак жана түнтүрөөк келишет. Алардын арасынан өз жанын кыйгандар көп чыгат. Алар адамдар менен бат аралашып кете алышпайт. Бизде мындай балдардын бир мууну өсүп калды!

“Алардын ата-энелери балдарын багалы деп чет жакка чыгып кетишүүдө, бирок 5-10 жылдан кийин кайтып келишкенде балдары менен мурдагыдай мамиледе боло алышпай калганын көрүшөт. Алар менен сүйлөшкөнүбүздө, акча табабыз деп жүрүп, балдарыбызды жоготуп алыппыз деп айтышууда. Балдарда болсо ата-энелери менен чогуу жашайбыз деген үмүттөр өчпөй келет. Дээрлик күн сайын биз Орусиядан жана Казакстандан кыргызстандык жашы жете элек өспүрүмдөр чогултуп-бөлүштүрүүчү жайга түшкөндөрү тууралуу маалыматты алып турабыз. Алардын басымдуу бөлүгү – туугандарынан качып чыгып, мигрант ата-энелерин издеп берген балдар”, - дейт ЖМКга берген маалыматында Миграция боюнча эл аралык уюмунун офисинин жетекчиси Бермет Молдобаева.

“Ички мигранттардын үй-бүлөлөрүндөгү абал көп айырмаланбайт. Адатынча, аймактардан борбор калаага келген үй-бүлөлөрдүн туруктуу жашай турган үйлөрү болбойт, улам жаңы батирге чыгып, такай көчүп жүрүшөт, бул балдарга терс таасирин тийгизет. Көп учурда балдары мектепке барышпайт, врачтардын такай кароосунда болушпайт. ЮНИСЕФтин маалыматы боюнча, көчөдө иштеп жүргөн беш баланын төртөөсү – бул ички мигранттардын балдары”, - дешет ЮНИСЕФтин адистери.

Эгер жаш врачтар ката кетиришпесе... Эгер Мединанын ата-энеси жанында болсо... Эгер кызга жакшыраак көңүл бурганга чоң энесинде акчасы, алы, убактысы көбүрөөк болсо... Эгер биздин өлкө жарандарын акча тапканга чет жерге чыкканга мажбурлабаса... Эгер аймактагы медицинанын көрсөткөн кызматынын сапаты жок дегенде төмөнкү талаптарга жооп берсе... Кечир бизди, Медина. “Эгер” өтө эле көп болууда, мында жалгыз гана бир үй-бүлөнүн эмес, биз жоготуп алган бир муундун трагедиясы жатат.

Кыргызстандын экономикасы өнүгүп, жаңы жумуш орундары пайда боло баштаганда гана бул маселелерди толугу менен чечсе болот. Бул нерсе канчалык кечеңдеген сайын, Кыргызстандын бутуна туруп кетишине үмүт ошончолук азая берет. Анткени эгемендүүлүктө жашаган 27 жылыбыздын ичинде оорукчал, жетиштүү билим албаган, коомдогу ордун таба албаган, адеп-ахлакты билбеген кыргызстандыктардын бир канча мууну өсүп чоңойгону жетишти.

Даярдаган Айгүл Токобаева

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине