“Бөйрөгүмдү сатайын дейм”

17:30, 7 Апреля 2018

Айла түгөнгөндө адам эмнеге гана барбайт. Жашоодогу маселелер туңгуюгунан чыгыш үчүн айрым кыргызстандыктар органдардын донору болгонго да макул. Көбүнчө алар бөйрөктөрүн сатышат, кээде боорун Жүрөктү саталбайсың да, ал эми бөйрөктөн болсо экөө. Мындай жарыяларды атайын сайттардан кезиктирсе болот, а бул сайттарды аны билген интернет колдонуучулар гана табалат.

“Өзүмдү органдарга сатам”

Жарыя бергендердин бири менен байланышып (мындай жарыяларды негизинен эркектер беришет), аны менен жолугушуп, эмне үчүн бул кадамга баргандыгы тууралуу сүйлөшүүгө макулдаштык. Анын аты аталбаса, ал макул экенин билдирди. Шаардагы бакзарлардын биринде жолугуштук. Чылымын кере соруп, бизге өз окуясын айтып берди.

“Мен 29 жаштамын, төрт балам бар. Экөө мектепке барат, калган экөөсү бала бакчага. Такай жумушум жок, фирмалар улам жабылгандыктан, ар-бир жарым жылда жаңы жумушту издегенге аргасызмын. Мен чакан базарларда иштейм, жууп-тазалоочу каражаттарды дүңүнөн сатып алып, отуруп саткандарга берем. Товарды мен ирандык жана түркиялык фирмалардан алып турам. Айдын башында алар сатканга товар беришет да, айдын аягында түшкөн акчаны чогултуп алышат. Мен орточо алганда 15-20 миң сом тапчумун, ага кошумча товарлардын партиясы жакшы өтүп кетсе премия алып турчумун. Мен бир кезде куръер да, кампачы да, логист да, кассир да болчумун. Кээде өз машинем менен товар жеткирип калам. Мындай жумуш мага жакчу.

Бир күнү жумушка келип жумуш берүүчүлөрүмдүн мисирейген жүздөрүн көрдүм. Алар бир нерсени эле эсептеп жатышты. Мен өз ишиме кириштим. Түштөн кийин алар мени чакырышып алышып 80 миң доллар жетпей жатканын айтышты! Мен жаман болуп кеттим. Алардын бардык товарын саткан күндө да мынча акча чыкпайт эле! Эмне болуп, мынча акча жетпей алганын түшүнбөй турдум. Мен өзүмө келалбай турганымда, 80 миң доллардын жетпей жатканына сен күнөөлүсүң дешти. Белгилүү кримтөбөлдөрдүн ысымдарынан айтышып мени коркута башташты. Мен эмне дейримди билбей турдум, кечээ эле жылуу-жумшак сүйлөшкөн адамдар, бүгүн мени минтип коркутуп турушат. Менин ипотека боюнча насыям, үстөксүз ссудам бар болчу. Мен эмне кылаарым билбей турдум. Заматта жумушсуз калдым, эбегейсиз чоң сумма карыз болуп калдым, үй-жайсыз да калышым да мүмкүн эле.

Эртеси келсем кожоюнум боору ооруп, 80 миң доллар карызды бир канча адамга бөлүштүрүптүр. Менин моюнума 8 миң долларды илип коюшту, андан бир айдын ичинде кутулушум керек болду. Башыма ар-кандай ойлор келип жатты. Аялыма эч нерсе айткан жокмун, аны капаланткым келбеди. Эч нерсе көңүлүмө жакпай турду. Жардам сурап кимге кайрыларымды билбейм. Керели кечке интернетте отура баштадым, бир жолу бөйрөктү сатуу тууралуу жарыяны таап алдым. Эки күн ойлондум, жазсамбы, же жазбасамбы деп. Үчүнчү күнү тобокелдикке салып көрөйүн дедим. Бир күндөн кийин жооп кат келди. Толтура суроолорду беришиптир. Мен аларга жооп берип, бөйрөктүн баасын сурадым. Алар унчугушпады, анда мен дагы бир жолу кат жазып, бөйрөктүн баасы жана кепилдиктер тууралуу сурадым, алар кыжырланышып, ушундай кежир кардарды биринчи жолу көрүп жатышкандарын айтып, эгер мен аларга ишенбей турган болсом, алар мени менен байланышты үзөбүз деп коркутушту. Мен чоочуп кеттим, алар менен байланышты үзгүм келбеди. Бир бөйрөктү алар 12 миң долларга баалашты, заказчы тез табыла турган болсо, баасы эки эсе өсүшү мүмкүн дешти. Менин маселем ушинтип бат эле чечилип калаарына ишенбей турдум. Операция, ден-соолугум тууралуу ойлонгон да жокмун. Мен аларга дагы бир жолу жаздым, алар болсо анализ тапшырып, айрым уюштуруучулук чыгымдарды жапканга акча салып жиберишимди айтышты. Бул жерден мен бир аз шекшип кеттип. Бирок аларга эч нерсе айткан жокмун”.

Шылуундар биздин каарман менен кат алышып, калп айтпагандарын билдириш үчүн чынында эле Уфада иш алып барган бир нече медициналык мекемелерди атап жатышты. Алар анализ тапшырып, анын жыйынтыктарын электрондук почта аркылуу жиберүүсүн суранышты. Бир бөйрөк үчүн 12 миң долларга чейин төлөп беришээрин, операция коопсуз шарттарда ооруканада болоорун, операциядан кийин анын ден-соолугуна көз салып турушаарын, интернет аркылуу байланышып, кеп-кеңештерин берип тураарын айтып жатышты. Уфадан жоопту күтүп жатып, орусчаны жакшыраак билген туугандарынын бирине баарын айтып берип, анын жардамдашуусун өтүндү.

“Бул тууралуу билгенде алар мага өзүнчө кат жазышты. Анда коркутуулар бар эле: “Эгер бул текшерүү болсо, анда сен бардыгын жоготосуң. Сага окшоштор – миңдеп саналат, а донордон бирөө гана керек”. Мен чоочуп кеттим, бул ишим оңунан чыкпай калса мынча акчаны башка каяктан табат элем. Ага кошумча баягы мага жумуш берген түрктөр карызмды сурап күндө мага чалып, үйүмө келип турушаар эле... Башка бир тууганым милицияга жумуш берүчүүлөрүмдүн үстүнөн арыз жазышымды сунуштады, бирок андан майнап чыгаарына ишенбедим. Алардын бардык жерде тааныштары бар деген ойдо болдум. Бирок мен кат жазышып жаткан адамдар шылуундар болуп калышына ишенгим келбеди. Бардыгы жакшы болот деген ойдо болдум. Эртеси анализимди иштеткенге керек делген 200 долларды жөнөтө турган адамдын атын жана дарегин алдым. Башында таңгалдым – кагаздарды иштетип эмне кылышат деп, билдирмелерди дагы эмне кылса болот? Менин таңгалганыма, андай болсо байланышты үзөбүз деп дагы коркутушту. Мен Western Union боюнча 200 долларды жиберип ийдим. Акча которуунун кодун жибергенимде, алар кайсы күнгө билетти ала турганымды жана Уфага өзүм менен кошо эмне ала келишим керек экенимди жазып жиберишти. Биз авиабилеттерди издей баштадык. Бирок аны сатып албаганым жакшы болуптур анткени “сатып алуучуларым” кабарсыз жоголуп кетишти. Каттарыма жооп бербей калышты”, - деди ал.

Белгисиз адамдар мурдагы Советтер Союзунда белгилүү болгон Уфадагы медициналык клиникалардын атын жамынып, донор болушу мүмкүн адамарды да, органды күтүп жатышкандарды да алдап келишет. Буга окшош толтура окуялар бар. Бирок бардыгы эле бул тууралуу ачык айтканга макул болушпайт.

Айланып өтүү жолдору - толтура

“Транспланталогия – медициналык илимдеги маанилүү багыт, ал адамдын өмүрүн узартып, сактагандыктан адамзаттын эң улуу жетишкендиктеринин бири болуп саналат. Ошол эле кезде трансплантологияга байланыштуу бардык нерсе катуу көзөмөлдүн алдында болушу керек, анткени бул жерде сөз синтетикалык же жаныбарлардан алынган ткандар тууралуу гана эмес, адамдардын органдары жана ткандары тууралуу да болуп жатат. Криминалдык трансплантология деген нерсе бар. Бул медицинада болушу мүмкүн эң жаман көрүнүш. Мындайда адамга алып сатууга мүмкүн болгон адам органдарынын топтому же комплектиси катары карашат, жана абалы сонун адам органына кадимкидей аңчылык кылышат. Ошондуктан мындан 70 жыл мурун эле адам органдарын сатууга тыюу салынган”, - деп КР Саламаттык сактоо министрлигинин далилдик медицина боюнча адиси Бермет Барыктабасова бир нече жолу камерага кайталап айтып жатты.

Бөйрөктү алмаштырыш үчүн кыргызстандыктар негизинен чет мамлекетке кетишет, адатынча Орусияга же Стамбулга, Исламабадга жана Урумчиге. Пакистан менен Кытайда бөйрөктү алмаштыруу 10-15 миң доллар турат. Европада бул операция кымбатыраак. Өлкөлөрдүн көбүндө адам органдарын алмаштыруу мыйзамсыз болуп эсептелет, адатынча мындай бизнес үчүнчү катардагы өлкөлөрдө өнүккөн. Адам органдары менен соода кылышкан адамдар жабык сайттарда боор үчүн 80 миң долларга чейин сурашат, бирок иш жүзүндө органдарын саткандар колуна миң доллардан ашык алышпайт. Бирок суроо-талап бар жерде, сунуштар да болот эмеспи. Ошондуктан дүйнөлүк тордон төмөнкүгө окшош көп жарыяларды тапса болот: “Вы хотите продать почку? Вы ищете для возможности продать почку за деньги из-за финансового разрыва вниз, и вы не знаете, что делать, то свяжитесь с нами сегодня, и мы предложим Вам хорошую сумму за почку. Наша больница находиться в городе Санкт Петербург и специализируется на почки хирургии, и мы также общаемся по покупке и трансплантации почек с живя соответствующий донора. Мы находимся в индийской, Турция, Нигерия, США, Кувейт, Дубай, Саудовской Аравии, Лондон, Малайзия. Если вы заинтересованы в продаже или покупке почек, пожалуйста, не стесняйтесь обращаться к нам” (“Бөйрөгүңөрдү саткыңар келеби? Акча маселелеринин айынан бөйрөктү сатууга мүмкүнчүлүктү издеп жатасыңарбы, кимге кайрылып, эмне кыларыңарды билбей турасыңарбы, андай болсо биз менен байланышкыла, биз бөйрөгүңөр үчүн жакшы акча төлөп беребиз. Биздин оорукана Санкт-Петербургда жайгашат, ал бөйрөккө операция кылууга адистешкен, ошондой эле биз бөйрөктүн донорлору менен тыгыз байланыш кармап турабыз. Бизди Индиядан, Түркиядан, Нигериядан, АКШдан, Кувейттен, Дубайдан, Сауд Аравиясынан, Лондондон, Малайзиядан тапса болот. Эгер бөйрөктү сатам же сатып алам десеңер, тартынбай, бизге кайрылгыла”). Орусчасынын орфографиясы менен пунктуациясы өзгөрүүсүз калтырылды. Алдамчылык ачык-айкын байкалып турса деле, адамдар жаман кыйналып турганда ушундай жарыяга ишенип, байланышка чыгышат!

Юрист Алев Мамытованын айтымында, КР Кылмыш-жаза кодексинде органдарды өз эрки менен берүүгө тыюу жок. Бирок мыйзамда эң жакын туугандары тууралуу сөз кылынат: “Адам органдарын жана (же) ткандарын трансплантация кылуу” жөнүндө КР мыйзамына ылайык, тирүү донор өзү макул болуп, трансплантациянын зарылдыгы тууралуу врачтардын медициналык корутундусу бар болгон учурда гана тирүү донордон, тууганынан органдарды же ткандарды алса болот. Ошондой эле трасплантация кылууга реципиенттин кагаз түрүндөгү макулдугу керек. Жашы жете элек же мүмкүнчүлүгү чектелген донордон трансплантация кылуугы тыюу салынган”. Кыргызстандын аймагында бөйрөктү башка чоочун адамга берүүгө мыйзам боюнча болбойт. Бирок да чет өлкөдөгү реципиентке бөйрөктү бергендиги (саткандыгы) үчүн адамды жоопкерчиликке тартуу мыйзамда каралган эмес. Башкача айтканда адам өлкөнүн сыртында бөйрөгүн сатса аны мекенинде жоопкерчиликке тарткыдай кылмыш жасады дегенге болбойт. Чет жерде бөйрөктү сатып алган адам да жоопкерчиликке тартылбайт. Кылмыш-жаза кодексинин 114-115-беренелерине ылайык, ИИМ донорлукка мажбурлоо фактысы болгон учурда гана кийлигише алат. Күчкө салып донордун органын же тканын алгандыгы үчүн төрт жылга чейин камакка алуу каралган, ошондой эле үч жылга чейин айрым кызматтарда иштөөгө, же кайсы бир иш менен алектенүүгө тыюу салынат. Ал эми бардыгы макул болсо Интерпол да жардам бере албайт. Чет элдик шылуундар биздин мыйзамчылыкка карап да койбоору түшүнүктүү.

Кейиткен статистика

Кыргызстанда жашаган калктын 11 пайызында ар-түрдүү бөйрөк оорулары бар. Акысыз гемодиализди үч жүзгө жакын жаран алышат, дагы жүздөн ашыгы өз кезегин күтүшүүдө. Көбү дарыланууга жетпей эле каза болууда, башкаларын жакындары сактап калышууда. “Бир жолу Бишкектен Ошко бир жаш жигитти жеткирдим. Өңү купкуу, өзү кайгылуу эле. Көңүлүн ачыш үчүн, ар нерсени сурай баштадым. Караса, ал операциядан кийин үйүнө баратыптыр, келинчегинин бөйрөгүн ага салышыптыр. Үйгө таң ата электе келдик. Көчөдө сөлбөтү араң гана байкалган аял туруптур. Бул анын аялы экен. Биз токтодук. Жаш жигит машинеден түшүп, аялына басып барып кучагына алды. Унчукпай бекем кучакташып туруп алышып, ыйлап жатышты. Ушинтип алар көпкө турушту, биз да жол кирени сураганга батына албай турдук. Жигит акчаны үйдөн алып чыгам деген эле. Машинеде отурган жүргүнчүлөрдүн бардыгы жашып жатышты. Алар ушунчалык жаш болгондоруна карабай сүйүктүү адамы үчүн бардыгын курмандыкка чалганга даяр эле”, - деди Чычканда тамактанууга токтогонубузда машинебиздин шопуру Кубан.

А биздин каарманыбызды кийин табалбай калдык, чалсак эч албай койду. Бирок бир аз убакыт өткөндөн кийин бизди өзү таап, жумуш берүүчүлөрү анын абалына киргендерин айтып берди. Көңүлү бир аз ачылып калыптыр. Ушуну менен анын жашоосундагы кара тилке бүттү го деп үмүт кыла туралы.

Алмаз Исманов 

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине