Кош бойлууларга бандаж эмне үчүн керек?

18:25, 25 Мая 2019

Кош бойлуулук-бул ата-энелер баланын жарыкка келишин чыдамсыздык менен күткөн эң бактылуу мезгил. Бирок ар бир айымдын кош бойлуулугу ар башкача өтөт, кээ бирлеринин курсагы дароо эле байкала башталса, кээ бирлериники төрөт алдында деле кичине болушу мүмкүн. Биздин заманда дарыгерлер дээрлик баардык кош бойлуу айымдарга бандаж тагынуга кеңеш беришет (француз тилинен алганда bandage- байлоочу). Бирок, аны эмне үчүн жана кантип тагынуу керек экендигин жана анын жардамы кандай экенин дарыгер дайыма эле түшүндүрө бербейт.

Бүгүнкү «Бейтаптын мектеби» рубрикасында биз дал ушул суроолорго жооп бермекчибиз.

Бандаж- бул көпчүлүк учурда медициналык жана азчылык учурда косметикалык функцияны аткарган ортопедиялык жасалга. Чындыгында, эгерде сиз туура бандажды тандай алсаңыз, ал сиздин кош бойлуулук учурундагы алмашкыс жардамчыңызга айланат.

· Эгерде сиз көп убакыт бою туруп алып, активдүү жашоо образын алып жүрсөңүз (эгерде болочоктогу апа күнүнө 3 сааттан көп вертикалдуу абалда турса), ал үчүн бандаж абдан керек, анткени бандаждын кош бойлуулар үчүн аткарчу негизги функциясы бул курсакты кармоо. Бандаж иштеп жүргөн кош бойлуу айымдар үчүн өзгөчө керек.

· Сиздин ымыркайыңыз чоңойот, анын менен бирге сиздин ички органдарыңыз жана омурткаңызга күч келүү дагы көбөйөт. Кош бойлууларга арналган бандаж дал ошол күч келүүнү азайтып, далынын оорушун алдын алып, остеохондроз жана омуртканын кыйшайышынын айынан пайда болгон оорууну да токтотот.

· Сиздин буттарыңыз ооруп же варикозуңуз барбы- бандаж ал учурда да жардам берет.

· Экинчи же андан көп ирет кош бойлуу болгон учурда курсактын дубалары бат чоюлуп, алсыз болуп калат, бул өз кезегинде теридеги жагымсыз чоюлууларга алып келет. Дал ушул жагымсыз жагдайдан сизди бандаж куткара алат.

· Бандаж сизге гана жардам бербестен, ал курсактагы түйүндүктү туура абалда кармап, аны өтө ылдый түщүп кетүүдөн сактап, убагына чейинки төрөттөн коргойт.

· Кош бойлуулуктун кеч мезгили (экинчи триместрдин аягы жана үчүнчүнүн башы).

· Төмөнкү акушердик патологиялар учурунда бандажды сөзсүз тагынууга кеңеш берилет: жатын мурун кесилген болсо, бойдон түшүп калуу коркунучу болсо, жатында суунун көптүгү, көп түйүндүк, жатындын өлчөмүнүн өтө чоң болушу, түйүндүктүн өлчөмүнүн чоң болушу, түйүндүктүн туура эмес абалда жатуусу, плацентанын төмөн жайгашуусу.

Эгерде сиз бандажды туура тандасаңыз, бираз убакыт өткөн соң аны байкабай деле каласыз, бирок аны 24 саат бою тагынып жүрүү болбойт! Бандаж курсакты басып эмес, аны кармап турушу керек. Ар бир 3-4 саат сайын 30-40 мүнөткө дем алуу кылып туруу зарыл. Бандажды түндө уктоонун алдында жана күндүзгү эс алуунун алдында чечүү керек. Эгерде бандаж дарыгер тарабынан жазылса, аны төрөт башталганга чейин тагынуу керек, өзгөчө эгерде сиз көп убакыт бою буттарыңызда турсаңыз.

Бандажды кантип тандоо керек?

Төрөткө чейинки бандажды тандоодо жасалганын өлчөмүнө жана моделине көңүл буруу зарыл. Андан сырткары, бандаж кандай материалдан жасалгандыгына дагы көңүл буруңуз, ал сөзсүз түрдө аба өткөрүп, териге жылуулук алмашууну камсыздап турушу керек. Ошондой эле хирургиялык жол менен төрөгөн айымдар үчүн да бандаждын өзүнчө түрү бар – Protect. Abdominal support- операциядан кийинки тигилген жерди бир абалда кармап, курсактын ылдыйкы дубалын кармап турууга арналган.

Medi ортопедиялык салонунда медициналык билими бар адистер сизге туура келген бандажды тандоого жардам беришет!

Кош бойлуулугуңуз жеңил өтүп, тез сакайып алыңыз!

Биздин дарек: Раззаков көчөсү 15.

Тел: 0559 98-60-90

 Темасы боюнча дагы макалалар 
Ортопедиялык жаздыктар эмне үчүн керек? 

Ыңгайлуулук medi трикотажы менен 

Medi сымбаттын бузулушун даарылоодо жана алдын алууда эмнени сунуштайт? 

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине