Карт бойдоктун арманы: эмнеге менин үйлөнгүм келбейт

11:30, 9 Декабря 2014

Мен отуздун кырынан жаңы аштым. Мурда үйлөнүп, анан ажырашып кеткем (ал менин күнөөм эмес, бирок  буга көбү ишенбейт, айрым сынчылардын көбү-айымдар),  көп жылдардан бери  эмнегедир мындан башка үйлөнбөйм го деген ой менен жашап келем. Бирок, келечекке баш бага калганда,  балким  бирөө менен баш кошуп, жашап кетемби деген үмүттөр да болбой койбойт. А бирок ким менен?

Сынчылар, алардын ичинде өзүн тажрыйбалуумун, турмушту жакшы билем деген айымдар:  «өзү биринчи күзгүгө каранып, анан сүйлөсөчү» деп, мени чымчылашы мүмкүн. А мен чындыгында келбеттүү, кыз-келиндерге майдай жаккан, айрымдар сулуу (албетте, кичине мактанып койдум окшойт, бирок арманымды айтып жатып, алдамак белем) деп тааныган жигиттерденмин.  Капчыгым да жука эмес, ага акыл-билимимди, коңур жагымдуу үнүмдү кошкондо мага далай эле эшиктер кең ачылчу... Бирок жылдар өткөн сайын, бир жолугушуудан экинчи жолугушууга бара берип, мен түгөйүмө жолукпай, бул дүйнөдөн жалгыз өтөмбү деген сезим күчөгөндөй туюлат. Же балким мен, начар, үчүнчү сорттогу айымдарга кабылып жүрдүмбү (кеп тышкы келбети тууралуу эмес)?

Мектепте эмнени окутушат?

Мен «жаман кабарды» күтүп калгандардын көңүлүн калтыра берсем болот, кеп мен урматтаган Кылмыш Кодексинин кээ бир беренелеринде каралгандар  туурасында эмес, менин сүйлөшүү бактыма туш келген айрым категориядагы кыздар туурасында болмокчу жана бул баарлашуунун натыйжасында жаш селкилерге болгон кызыгуу толугу менен жок болот.  Айтор, андай кыздар менен сүйлөшкөн соң «интеллектуалдык эрекция» шамал айдагандай жоголчу.

Социалдык тармактар  жашообузга бекем орноду, жана  баарлашуу жана таанышуунун ыңгайлуу аянтчасына айланганы эч кимге жашыруун эмес, өзгөчө бул жумуштан бошобогондор үчүн ыңгайлуу. Деги эле активдүү катышуучулардын басымдуу бөлүгү -  жаш студент кыздар. Бир жолу, кеч күздүн суук кечтеринин биринде, мен кезектеги студент кыз (жаңылбасам,  3- курстун студенти болсо керек) менен баарлашып калдым. КВНдин Эл аралык союзунун байгелерин албасамда, көпчүлүк билгендей, тамашага жакын жаным бар, ошого байланыштуу британ ыкмасына салып, Чарль Дарвиндин ысымын кошуп, тамашалай кеттим... Бир топ жымжырттыктан кийин,  ал кыз: «А Дарвин деген ким?» – деп суроо берсе болобу. Көшөгө жабылды.  Ага болгон кызыгуум көз ачып жумганча жоголду. Мектепте аларды эмнеге окутушат? 

Мындай мисалдар менин практикамда өтө  көп. Далил катары  алардын бирин гана ортого салдым. Биздин советтик  мектепте окуп жүргөндө Дарвинди да, Коперникти да, жана ошондой эле Ньютондун башына эмне себептен алма келип түшкөнүн да жакшы билчүбүз. Ал турсун, мектеп программасынан тышкары,  Исаак Ньютон таксыр Лорддор Жыйынында өмүр бою олтурган тарыхында, бир гана ирет сөз сүйлөгөнүн да билчүмүн.  Мен темадан четтем кеттим окшойт. Бирок сиздер, менин «мен-мен» дегенимен менин Зодиак жылдыздардын арасында от жандуу экенимди баамдап билсеңиздер керек. Бул жагдай «арманымдын» кийинки бөлүмүн түшүндүрөт.

Болгону супсак көз караш же  «бир жерге барып келейин» деп чыгып кетишет

Университеттерин бүтүрүп жогорку билим алган чын эле билимдүү, же ошондой сымал болуп жүргөн жаш кыздардын саны жыл өткөн сайын өсүшү кубандырбай койбойт. Алардын айрым бир бөлүгү турмушун жакшы баштап, эл аралык уюмдарда, чет элдик элчиликтерде, же «кеңседеги планктондо» иштеп калышты,  кээ бирлери окуусун чет жерден улантып, Кыргызстанга эс алганы гана келип турушат.

Жамандыр жакшыдыр билиминин болгондугу, аларга менин жанымда отуруп, кандайдыр бир деңгээлде мени менен баарлашууга мүмкүндүк берек. Жашыргым келбейт, айрымдары чынында келбеттүү, билиминин тереңдиги менен таң калтырып, ал эми өздөрүнүн геосаясий көз караштары менен жанымды эргитип, өчүп чокко айланып бара жаткан ичимдеги сезимдерди алоолонгон отко айлантышат. Бирок, андай болгону менен мени бушайман кылганы – алардын ашыкча эмансипациясы жана феминизми. Айрымдары бүт жолугушуу учурунда, патриархалдуу коомдун акыйкатсыздыгы (Кыргызстанда анан кандай болмок эле?), келе жаткан гендердик теңчилик туурасында, анан жалпы эле аялдар менен эркектердин ортосундагы тең укуктуулук  туусу алдында биздин мамлекетте чыныгы революция жасоочу убакыт келгендиги туурасында  тынбай «лекция» окуп кулагымдын кужурун алышат. Шаарыбыздын белгилүү эс алуу жайларында болуп жаткан бул жолугушууда, айымдар эркектердей эле, турмушта да, жумушта да тең артыкчылыктарга, тең преференцияларга ээ  болуусу керек деп ишендирүүгө аракет кылышат. Аларды акылга келтирүүгө аракет кылган сылык ишарам  кумга сиңген суудай. «Сен эркектер ойлоп таап жасаган унаада, эркектер жер алдынан алып чыккан мунайдан, эркектер жасаган бензинди куюп келдин» – деген сыяктуу сөздөрүмдү тоготуп да коюшпайт. Мен убайымдана терезени тиктейм, көчөдө кечээки айылдан келген кыздардын жүргөндөрүн байкайм, алар «феминизм» эмне экенин билбесе да керек, а балким аны уят сөз го деп ойлогондору арасында болсо керек... Мени тажаткан кептерден улам, адамзаттын тарыхындагы эң ырайымсыз, аялдардын укугун тебелеп-тепсеген орто-ассириялык мыйзамдар эсиме түшөт. Ал мыйзамдын негизинде бардык кылмышы үчүн, жада калса эң кичинекей айыбы үчүн да аялдарды өлүм жазасы күтүп турган.  Анан дагы  ага чейинки Хаммурапи падышасы орноткон  тарыхтагы биринчи мыйзамдарды  эстейм, азыркы орточо  25теги феминист кыздар бул вавилон мыкаачысынын атын да угушпаса керек. Мен болсо, кара таштан жасалган эки метрден ашык Стелла Хаммурапинин өзүн көрүп, кол тийгизгем...

Бирок, кеп бул туурасында эмес,  кайрадан, менин оюмча, чегинен чыккан ойлорго берилген кыздар жөнүндө. Мына ушул сөздөр тез эле тажатып бүтөт, бирок табиятымдан берилген сыпаалык, о.э. алган тарбиям  алардын сөзүн бөлүүгө, татынакай эриндерин жаптырууга мүмкүндүк бербейт.  Так ушул маалда бир официант кыз мага жардамга келди – ал эсепти алып келиптир. Табит менен желген тамактын жана шарапттын эсеби.  Мына, чыныгы даңазалуу Чоң Финал. Ушуну үчүн жанагындай «эмансипация жана феминизм кечелерине» чыдаса болот. Мындай учурларда, жанагы макулук сымал пенделер: супсак көз караш менен унчукпай карап калып  же «бир жерге барып келейинчи» деп столдон туруп кетишчү.  А мен ушул учурга ыракаттанам, анткени эсепти дайыма мен төлөйм да. Ал эми кеченин уландысында, ал жөнүндө терең баяндабай эле койоюн,  алар жумшарып, эч кандай «феминисттик ынкылапсыз» кызыктуу маанайда өтчү. Мына ушундай кыздар менен кантип турмуш кура аласың?

«30+ тайпасы»

Дал ушул жерде, мына эми акылы толук, турмуштун ысык-суугун билген отуздан ашкан айымдарга жолугуп турмуш курса болот деген үмүт жаралышы мүмкүн. Бирок ал болгону эле куру кыял. Үмүттүн шооласынын ордуна, жарыктын нуру мага мурдатан белгисиз бир бөлмөгө нур чачат, мен бул жерге эч качан кайтып келбейм, анткени толугу менен көңүлүм калган.

Кээде, бул тайпадагы аялдар да, жашырганда эмне, жанагы студенттерден акылсыз жана билимсиз, жогоруда айтыдган ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрүндөй амбициоздуу жана өжөр, анын үстүнө, жашы да улуу.  Дагы бир маанилүү жагдай – алардын жок дегенде бирден баласы бар. Алар эмнегедир, мени балама ата боло алабы, бул бизге туура келеби дегендей изилдей карашчу. Чогуу киного, мейманга баруулар, жаратылышка чыгуулар башталат,  кайда болбосун –биринчи кезекте анын баласы, андан кийин ал жана тээ четте, алардын жашоосунун тээ түпүкүрүндө –мен.  Албетте арасында жакшы, баардыгы тегиз айымдар да жолугуп калчу. Бирок, акылым ордунда болуп, келечекке көз чаптырып, алдыда тирешүүлөр пайда болоору анык экенин сезип мамиле курчу эмесмин. Анткени, бала өсүп чоңойгон сайын, бой жетип калганда, бир күнү: «сен менин атам эмессиң?» – деген кыйкырыктарды нечен ирет угаарымды түшүнчүмүн.

Арасында мени өздөрүнүн жагымсыз мамилеси менен таң калтыргандары да болгон, алар мени тек гана өзүнүн жана баласынын матеариалдык камсыздоочусу катары кабыл алышкан. Ошол эле учурда, өздөрүн «ханыша» же жок эле дегенде «ак сөөк» сезишчү. А чындыгында итке минген томаяк экени айдан ачык болчу. Жок дегенде сый  мамиле түзүү  да аларга туура келбейт, алардын жанында «базар аялдары» өз айланасындагы адамдар менен мамиле курууда чынчылыраак келет.

Кыязы мен өзүм курактуу айымдар менен да турмуш кура албайт окшоймун. Айта кетчү нерсе – алар менин жанымда улуу эжемдей көрүнөт, менин тубаса жаш көрүнүшүмдөн улам,  жалпы бир пикирге келе алгыдай эмесмин.

Ачык эмес шектенүүлөр

Корутундулап айтсам, мен койгон категориядагы бардык шарттарда  кадырэсе көрүнүштөр өкүм сүрүп турду. Алар акылы анча узабаган айымдардын жакшылык кылуу, талап кылуу, жада калса нааразылык түрүндө катышып жатты, кеп алардын өздөрүн өзгөчө сезгендигинде. Айымдары ачык эле поп-жылдыз өкүлдөрүнө окшоп, тиешелүү шарттардын тизмесин алдыма жайышты. Кеп,  катардагы «авто унаа» же «тон» деген талаптар эмес, алардын каалоосу деги эле чындыкка коошпойт: үйлөнүү тоюбуз сөзсүз тропик аралында өтүшү керек (менин айылдагы туугандарым чакырбай койдуң деп таарынарын элестетип турам), жыл сайын Европанын бир мамлекетине барып эс алуу (ар жылы ар башка малекетке)...  Ар биринин өзүнчө талабы бар эле, бирок баарын бириктиргени – биз өз алдынча жашайбыз – дегени. Менин уулдук парзымчы? Мен жалгыз баламын, ата-энем тууралуу камкордукчу? Кебетеси  алардын башын да оорутпайт окшойт, ар бир учурда, Дүйнө жүзүндө биринчи ал Өзү жайгашкан, андан кийин башка пенде сымалдар... 

Менин ойлонгонум, а мага анын ордуна эмне беришет? Калган күндөрүмдө кандай «бакыт» алам?  Джене Айкодой сулуу, Эйнштейндей билимдүү, Тереза энедей жүрөгү мээримдүү, Буддадай даанышман бир жан табылабы?  Тилекке каршы, турмуш чындыгы мен каалагандай эмес экен.  Мен үйлөнбөйм, азырынча үйлөнбөйм...

Арстанбек Жумаев Фотосурот Вячеслав Оселедко

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине