Кыргызстан. Татыктуу пенсиянын сыры эмнеде?

09:57, 22 Февраля

Пенсияга чыгуу - адамдын жашоосундагы маанилүү окуя. Назгүл Алымова (респонденттин өтүнүчү боюнча аты-жөнү өзгөртүлдү) 36 жыл мамлекеттик саламаттыкты сактоо мекемесинде медайым болуп иштеп, эмгеги сиӊген эс алууга чыккан, бирок аял үйүндө отура алган жок. «Мага болгону 2,6 миң сом пенсия чегерилди. Көрсө, мындай акчага бир ай бою жашоо мүмкүн эмес экен, - деп нааразы болду. – Андыктан неберелерим менен эки жыл отуруп, кайра эле жумушка чыктым».

Эң маанилүүсү гана

Индексацияны эске алганда, азыр Назгүл Алымованын пенсиясы 4000 сомдон бир аз ашык акчаны түзөт. Бирок бул пенсионер үчүн КРнын Улуттук статистикалык комитетинин 2021-жылга карата маалыматы боюнча 5 миӊ 580 сомду түзгөн жашоо минимумунан дагы эле төмөн. Бул улгайган адамдын тамак-аштын (аны үлүшү 70 пайызды түзөт), азык-түлүк эмес товарлардын (10 пайыз) жана кызмат көрсөтүүлөрдүн (20 пайыз) минималдуу топтому үчүн жетиштүү болушу керек деп эсептелет.

Мындай пенсия менен киного же театрга баруу, ресторанда кечки тамактануу, андан да чет өлкөгө саякаттоо тууралуу кыялданууга да мүмкүн эмес. Баасы тынымсыз көтөрүлүп жаткан дары-дармектерди айтпаганда да, тамак-ашка гана жетип турса кана.

Социалдык фонддо Назгүл Алымованын пенсиясынын төмөн өлчөмүн айлык акынын төмөн өлчөмү менен түшүндүрүшкөн. «Пенсиялык система эмгек рыногунун абалы жана эмгек акы төлөө системасы, салык жана каржы системалары, ошондой эле өлкөдөгү демографиялык жана социалдык-экономикалык абал менен органикалык түрдө байланышкан. Төмөн өлчөмдөгү пенсия көйгөйү көбүрөөк -өлкөнүн жалпы экономикалык өнүгүүсүнүн кесепети жана азыраак даражада пенсиялык системанын өзүнүн түзүмүнүн же иштешинин кесепети болуп саналат. Камсыздандыруу төгүмдөрүн чегерүү үчүн негиз болуп ал көпчүлүк кызматкерлерде төмөн болуп эсептелген эмгек акы саналат», - деп фонддо белгилешти.

Алсак, Улуттук статистикалык комитетинин маалыматы боюнча 2021-жылы саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин орточо эмгек акысы 14 миң 465 сомду түзгөн, бул республика боюнча орточо айлык акыдан (19 миң 668 сом) 36 пайызга аз, финансы секторундагы айлык акыдан 2,5 эсеге аз, ал эми тоо-кен казып алуу чөйрөсүндөгү айлык акыдан 2,7 эсе төмөн.

Социалдык фонд тарабынан жыл сайын пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрүнө индексация жүргүзүлөт. Ошол эле учурда пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүн индексациялоодо 200-500 сом өлчөмүндөгү «минималдуу чектер» колдонулат, бул аз камсыз болгон пенсионерлердин да, пенсиялык системага чоң салым кошуп жаткан жарандардын да кызыкчылыктарын коргойт. Канчалык көп төгүмдөр болсо, индексация ошончолук жогору болот.

Зинаида Иванованы (респонденттин өтүнүчү боюнча аты-жөнү өзгөртүлдү) 70 жашка толду деп айта албайсыӊ. Аял активдүү жашоо мүнөзүн жүргүзөт жана жашоого нааразы болгонду жактырбайт.

«Мен бюджеттик уюмда 43 жыл иштедим, бардык зарыл болгон чегерүүлөрдү дайыма чынчылдык менен төгүп турдум. 55 жашымда пенсияга чыктым, биринчи пенсиям 1,6 миң сом болгондугу бүгүн да эсимде. Пенсиялар жыл сайын көтөрүлүп тургандан кийин бүгүнкү күндө 10,6 миң сом алам. Албетте жетпейт, үнөмдөөгө аракет кыласың, бирок бааларды эч ким контролдобойт – дүкөнгө барып, 3000 сом бересиң, бирок дээрлик эч нерсе сатып албайсыӊ деле. Көмүр сатып алуу үчүн жайы бою топтошум керек, жалгыз жашайм, кийим-кече албайм. Кудайга шүгүр, дарыгерге көп барбайм. Бирок жакында ууланып калып, 5 күн үчүн тамчылатмаларга жана уколдорго 5 миң сом бердим. Ал эми адамда өнөкөт оорусу бар болсо, анда ал кантип жашай алат? - деп Зинаида Иванова суроо салды. - Бактыга жараша, менин чет жерде досторум жана жээндерим бар, алар кээде жардам беришет».

Адилеттүүлүккө карай жол

Жалпысынан төмөн өлчөмдөгү пенсия көйгөйүнө карата эмгек акыны, эмгекти, иш менен камсыз кылууну, карыларды медициналык жактан тейлөөнү жогорулатуу маселелерин чечүү менен комплекстүү мамиле жасоо, улгайган жарандарды колдоо боюнча башка иш-чараларды өткөрүү керек.

2021-жылдын жыйынтыктары боюнча Кыргызстанда пенсиянын орточо өлчөмү 6 миң 248 сомду түздү, бул пенсионерлер үчүн иш жүзүндөгү калыптанып калган жашоо минимумунун наркынан дээрлик төрттөн бирине жогору.

Ошол эле мезгилде жөлөкпул алуучулардын пенсиясынын өлчөмдөрү дайындоодо республика боюнча орточо пенсиянын 50%ын гана түзөт. Жаңыдан пенсия алгандардын 16,4%ы - 2 миң сомго чейин (базалык пенсиянын деңгээлинен жогору эмес), 48,8%ы - 2 миң 1 сомдон 3 миң сомго чейин, дагы 17,4%ы 3 миң 1 сомдон 4 миң сомго чейин пенсия алышкан.

Жаңы жана эски пенсиялардын ортосундагы ажырым камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин көп сандаган жеңилдетилген категорияларынын болушу жана жеңилдетилген жана мөөнөтүнө чейинки шарттарда пенсияга чыккан жаңы дайындалган пенсионерлердин басымдуу болушу менен түшүндүрүлөт.

Пенсияга чыгуунун жеңилдетилген курагынан пайдаланып, болочок пенсионерлер пенсиялык системадагы финансылык жактан толук кандуу катышпайт, демек жаңы дайындалган пенсиялардын өлчөмдөрү да ошого жараша.

Буга байланыштуу алдыдагы реформалардын алкагында Социалдык фонд тарабынан мыйзамдарга жеңилдетилген курактарды жалпы белгиленген куракка ылайык келтирүү боюнча өзгөртүүлөр киргизилет. Ошондой эле пенсиялык системадагы теӊсиздикке алып келген камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жеңилдетилген тарифтери боюнча да чаралар көрүлөт.

Фонддун адистери мындай өзгөртүүлөр пенсиянын адилеттүү чегерилишине жана индексацияланышына алып келет деген үмүттө.

Жаш кезден баштап кам көрүү

Тилекке каршы, жаш курактагы адамдар келечектеги пенсия тууралуу сейрек ойлонушат, ал тургай айрымдары пенсияга чейин жашабай турганын айтышат. Эмгек стажын калыбына келтирүү же камсыздандыруу төгүмдөрүн өз ыктыяры менен төлөөнү көпчүлүк учурда тереңирээк ойлоно баштаган жана келечектеги пенсиясы жөнүндө кам көрө баштаган пенсияга чыгуучу курактагы адамдар жүзөгө ашырышат.

Света Мамытова келечектеги пенсиясына өз убагында кам көрсө сүйүнмөк, бирок Советтер Союзу тарагандан кийин ал иштеген тигүү фабрикасы, андан соң нан заводу жабылып калган. Кичинекей шаарчада анын адистиги боюнча башка ылайыктуу жумуш жок болгондуктан, үй чарбачылыгы менен алектенчү.

«50 жашка жакындаганда мен жок дегенде кандайдыр бир пенсия керек экенин түшүнүп, поликлиникага санитарка болуп ишке орноштум. Айлыгыбыз аз, ошого жараша пенсия да ошондой болот, бирок жок дегенде бир нерсе болот», - деп болжолдойт кыргызстандык аял.

Социалдык фонд пенсионерлердин кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу максатында пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрүн индексациялоо Пенсиялык фонддун жана республикалык бюджеттин финансылык мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен жүргүзүлөрүн белгилейт. Пенсиянын базалык бөлүгүн индексациялоону жүргүзүү үчүн шарт болуп индексациядан мурунку календардык жыл үчүн республика боюнча орточо эмгек акынын чоӊдугунун өсүшү саналат. Эгерде пенсиянын жалпы өлчөмү пенсионердин жашоо минимумунун чоӊдугунан (иш жүзүндө өткөн календардык жыл үчүн белгиленген) төмөн болсо, пенсиянын базалык бөлүгү индексацияланат.

Ошондой эле калктын аярлуу катмары үчүн пенсиялык системадагы социалдык коргоо механизми да каралган: I топтогу майыптарга пенсия пенсионердин жашоо минимумунан төмөн эмес дайындалат, ал эми пенсиянын мамлекет кепилдеген базалык бөлүгү пенсиялардын төмөн деңгээлин алган пенсионерлерди колдоо үчүн кызмат кылат.

Пенсиялык фонддун чыгымдарынын өсүшү (2021-жылы ИДПга карата 8,7%) жана пенсиянын жыл сайын көбөйүшү мамлекет тарабынан улуу муунга бардык мүмкүн болгон камкордуктар көрүлүп жатканын айгинелейт. Пенсионерлердин саны бүгүнкү күндө калктын 10%дан ашыгын түзөт жана ал жыл сайын өсүүдө, демек 2010-жылга салыштырмалуу пенсионерлердин саны 1,4 эсеге өскөн.

Ошол эле учурда пенсионерлердин жашоо минимумунан (ПЖМ) жогору деӊгээлдеги пенсия алган пенсионерлердин саны боюнча көрсөткүчтөр жакшырды. Эгерде 2010-жылы пенсионерлердин 22,5%ы гана ПЖМ деңгээлинен жогору пенсия алган болсо, 2021-жылдын жыйынтыктары боюнча мындай пенсионерлердин үлүшү 51%га чейин өскөн.

«Кээде жарандардан камсыздандыруу төгүмдөрүнүн белгилүү бир суммасын чегерүү менен кандай болгон күндө дагы азыраак же таптакыр эле эч нерсе албай каласың деген сөздөрдү угасың. Ушуга байланыштуу статистика боюнча ар бир тогузунчу аял жана он эркектин ар бир жетинчиси пенсия курагына жетет, алар дагы 21,4 жыл жана 14,7 жыл (тиешелүү түрдө эркектер/аялдар) пенсия алышкандыгын белгилей кетким келет. Ар бир камсыздандырылган адамдын салымы жеке камсыздандыруу эсебинде (ЖКЭ) жекече эсепке алынат. Пенсияга чыкканга чейин төгүмдөр өз баасын жоготпоо үчүн төгүмдөрдүн бүткүл балансы инфляциянын өсүшүнө карата индексацияланат», - деп Социалдык фонддо баса белгилешти.

Сиздин чегерүүлөрүңүз менен эмне болуп жатканын көрүү үчүн Социалдык фонддун райондук башкармалыгында ЖКЭге суроо-талапты жөнөтүүгө болот же “Түндүк” кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик электрондук порталы аркылуу камсыздандырылган адамдын жеке кабинетине катталып, ЖКЭден каалаган убакта маалымат сурасаңыз болот, Социалдык фондго келбей туруп, өзүңүздүн чегерүүлөрүӊүздүн учурдагы абалынан кабардар болуп, келечектеги пенсияңыз тууралуу түшүнүккө ээ боло аласыз.

Мындан тышкары, камсыздандырылган адамдын жеке кабинетинде Социалдык фонд тармактары боюнча башка проактивдүү кызмат көрсөтүүлөрдү ала аласыз, анын ичинде пенсияларды дайындоо үчүн документтерди онлайн режиминде жөнөтө аласыз.

Пенсияны эсептөө

 

камсыздандыруу төгүмдөрү төлөнгөн (сом)

жылдык индексациялоону эске алуу менен камсыздандыруу төгүмдөрү (сом)

дайындоодогу пенсиянын өлчөмү (сом)

индексациялоону эске алуу менен пенсиянын өлчөмү (сом)

төлөм чыгымдары (сом)

пенсиялык фондунун эсебинен айырма (сом)

эркек

941 476

1 637 510

8 870

19 977

2143733

1 202 257

аял

595 163

916 452

4 964

20 554

2 919 240  

2 324 077  

«Бул көрүнүктүү мисал пенсия ар бир жарандын салымынан жекече көз каранды экенин, ал социалдык жактан корголорун жана төгүмдөрдү жана пенсияларды индексациялоонун эсебинен төлөгөн төгүмдөрүнөн көбүрөөк алаарын көрсөтүп турат. Ошондой эле ар бир жаран өзүнүн келечектеги пенсиясы үчүн жоопкерчиликтүү болушу керек, чегерүүлөрдү жүргүзүп, жеке камсыздандыруу эсебин текшерүүсү керек», - деп чакырат Соцфонд.

Кызматкерлер азыраак, пенсионерлер көбүрөөк 

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин расмий маалыматына ылайык Кыргызстанда 2020-жылы өндүрүш тарабынан бааланган байкалбаган (жашыруун жана формалдуу эмес) экономиканын көлөмү дээрлик 125 миллиард сомду же ИДПга карата 20,8 пайызды түзгөн. Көптөгөн адамдар айлык акыны конвертте алууну жана салык төлөбөөнү каалашат, эгерде алар чегерүүлөрдү жасаса да алар минималдуу болот. Бирок чоң ата, чоң энелерибиздин пенсиясы чогулган каражаттын көлөмүнө көз каранды болот.

«Орто эсеп менен чакан жана орто бизнесте, ошондой эле тигүү өнөр жайында иштеген жумушчулардын 75,2%ына салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү төлөнбөйт. Маселен, тигүү тармагында 200 миңге жакын жумушчу болсо, анын 3,8 миңи гана камсыздандырылган, башкача айтканда тигүү өнөр жайында иштегендердин 98,5%ы келечекте пенсияга чыгуу укугунан ажырайт», - деп эскертет Соцфонд.

Андыктан жаш жана эмгекке жарамдуу жарандар өз келечеги үчүн кам көрүүнү бүгүнтөн баштап, салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөшү керек.

Кандай болгон күндө да пенсия курагы келет, ал эми жоголгон убакытты кайтарууга болбойт. Албетте, стажды калыбына келтирүүгө болот, бирок бир сумманы төлөө өтө кыйын. Ай сайын түшкөн кирешенин бир бөлүгүн карылыкты камсыздандырууга бөлүп, пенсия менен камсыз болгон жакшы. Ошондой эле ай сайын ыктыярдуу камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөгө болот, анда эмгек стажы да кетет жана пенсия да топтоло берет.

Формалдуу эмес эмгек мамилелери камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөбөгөндүктөн жарым-жартылай пайда алып келиши мүмкүн, бирок ишенсеңиздер, белгиленген өлчөмдө (1,5 миӊ сом) социалдык жөлөкпул алгандан көрө пенсия алган жакшыраак (ал эми төгүмдөр канчалык көп болсо, пенсия ошончолук жогору). Ошол эле учурда, төгүмдөрдүн өзү инфляцияга карата индексацияланарын, ал эми пенсия инфляцияга жана эмгек акынын өсүшүнө карата индексацияланарын унутпоо зарыл.

Кандай болгон күндө да, пенсиялык кепилдикке ээ болуу жана балдарынан же досторунан жардам күтүп отургандан кыйла жакшыраак жана татыктуураак.

 
© Новые лица, 2014–2022
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине