Испартадагы гүлдөр бейиши.

03:50, 21 Августа 2014

Испарта - Жер ортолук деңиздин жээгиндеги , Туркиянын түндүк-батышындагы анча чоң эмес шаар.

Испарта өзүнүн айтып бүткүс кооз жаратылышы, бийик чокулары, тунук көлү жана да жыты аңкыган гүлдөрү менен таанымал . Балким ошол үчүн шаарга кире бериш жерде Испартанын символу болгон чоң роза гүлүн көрсө болоттур. Ал гана эмес шаар ичинде да роза жыты буркурап турат.

Анткени дал ушул Испартада ири роза плантациялары жана да парфюмериялык өнөр-жай үчүн розаны кайра иштете турган бир нече фабрикалар жайгашкан. Испартанын роза майы дүйнөнүн парфюмер өндүрүшүнүн 65 пайызын камсыз кылса, калган 35 пайызына Болгария ээлик кылат. Мындай өнөрдү 19-кылымдын башында Исмаил Муфтизаде атуу жергиликтүү тургун баштаган экен.

Ал Болгар жерине атайылап роза гүлүнөн май бөлүп чыгарууну үйрөнүп алуу үчүн барган. Бирок ал учурда болгарлар роза гүлүнүн көчөттөрүн чет жака чыгарууга тыюуу салып коюшкан. Антсе да  өжөр түрк жалгыз көчөттү эптеп катып, араң дегенде Испартага алып келген. Жыйынтыгында  Туркиянын  жеңил, деңиз климатына роза гүлдөрү Болгар жерине караганда тез жана дүркүрөп өсүп баштаган. Ушул күнгө чейин Испарталыктар розаны таң эрте туруп алып колго чогултушат.

 Андан ары аларды жез чөгүндөргө кайнатышат, ошондо гана эфир майлары бөлүнүп чыгат. Мындай аракет, жаздан баштап июндун аягына чейин уланат. Соңунда чогулган май парфюмерлерге жеткирилет.

Июнь айынын башында  жайырмага жакын Евразия өлкөлөрүнөн келген 30 фотосүрөтчү эл аралык түрк маданияты (ТҮРКСОЙ) тарабынан уюштурулган чыгармачыл лабораториянын ишине катышышты. Испартанын кооз тунук көлдөрү анан розалары жолугушуунун негизги себеби болду. 

Сүрөтчүлөр тарыхий мурастарды кыдырып, жаратылыш кооздуктарын тартууга мүмкүнчүлүк алышты. Сиздерге биздин  фотокабарчыбыз Абылай Саралаевдин ал жерден тартып алган фоторепортажын сунуштайбыз.

Фото: Абылай Саралаев. 

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине