Казакстандын президентинин шайлоосу тууралуу он бир факт

11:01, 22 Мая 2019

Биринчи факт. Казакстандын президентинин кезексиз шайлоосу тууралуу 2019-жылдын 9-апрелинде белгилүү болгон. Казакстан Республикасынын учурдагы президенти Касым-Жоомарт Токаев Казакстан элинин алдына кайрылуу менен чыгып жатып, шайлоо 2019-жылдын 9-июнунда боло тургандыгын билдирген.

Экинчи факт. Президенттикке талапкерлерди чыгаруу укугуна республикалык коомдук уюмдар, алардын ичинде саясий партиялар дагы ээ. Өзүн-өзү талапкерликке чыгаруу институту 2017-жылы ликвидацияланган.

Үчүнчү факт. Казакстандын БШКсы жети талапкерди каттады:

1. Nur Otan партиясынан көрсөтүлгөн учурдагы президент Касым-Жоомарт Токаев.

2. «Ұлы дала кырандары» республикалык коомдук бирикмесинен көрсөтүлгөн талапкер Садыбек Тугел.

3. Профсоюздар федерациясынан көрсөтүлгөн талапкер Амангелды Таспихов.

4. «Ак жол» партиясынан көрсөтүлгөн талапкер Дания Еспаева.

5. «Ауыл» партиясынан көрсөтүлгөн талапкер Толеутай Рахимбеков.

6. Казакстандын Элдик коммунисттик партиясынын талапкери Жамбыл Ахметбеков.

7. «Ұлт тағдыры» бириккен улуттук-патриоттук кыймылынан көрсөтүлгөн талапкер Амиржан Косанов.

Төртүнчү факт. Ар бир талапкер мамлекеттик тилде эркин сүйлөй алгандыгы тууралуу лингвистикалык комиссиядан өткөндөн соң 118 140 ден кем эмес тандоочулардын колун көрсөтүшү керек. Талапкерлердин агитациялык кампаниясы 11-май күнү саат 18.00дө башталат.

Бешинчи факт.  Эерде талапкер өзүнүн кирешеси тууралуу туура эмес маалымат бергендиги аныкталса, аны БШК шайлоого катышуудан чыгарууга укуктуу. Каттоодон өтүү этабы аяктаары менен шайлоого чейинки агитацитация башталып, 8-июндун 00.00гө чейин уланат. 8-июнь- тынчтык күнү.

Алтынчы факт. БШКнын маалыматына караганда, Казакстандагы шайлоодо 100дөн ашуун чет элдик журналисттер жана байкоочулар байкоо жүргүзөт. КМШ жана ОБСЕнин миссияларынын маалыматына караганда, шайлоодо 700дөй кыска мөөнөттүү байкоочу катышат.

Жетинчи факт. Казакстан боюнча шайлоо участкаларынын жалпы саны 9 970 түзөт, алардын ичинде 51 мамлекетте жайгашкан 65 участоктор дагы бар.

Сегизинчи факт. Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчилигинде № 264-шайлоо участогу иш алып барат. Дипломатиялык өкүлчүлүк шайлоодо добуш берүү үчүн баардык шарттарды түзүп берүүдө. «Казакстан Республикасындагы шайлоолор» жөнүндө мыйзамына ылайык, жеке чакыруу, иш сарапар жана туристтик сапар менен чет мамлекетке келген казак жарандары шайлоо комиссиясына өздүк паспорту менен келип, өз добушун бере алышат. Шайлоо жергиликтүү убакыт боюнча саат 7.00дөн 20.00гө чейин созулат.

Тогузунчу факт. Президентикке талапкер БШКнын эсебине өзүнүн минималдуу 50 айлык маяналык каражатын киргизет. (1 МАМ= 42 500 теңге), башкача айтканда, жалпысынан 2 125 000 теңге.

Эгерде талапкер шайлоодо 5% көп добуш ала алса, ал киргизген каражатын кайтарып алат. Ал эми башка учурларда болсо баардык каражаттар республикалык бюджетке которулат.

Онунчу факт. Ар бир президенттикке талапкерге кеңсе ижаралары, жол кире чыгашалары, шайлоо алдындагы ММК булактарындагы агитация үчүн бюджеттен 7,5 миллион теңге бөлүнүп берилет.

Мамлекет талапкерлерге шайлоо программасын ММК булактарында көрсөтүүгө тең шарттардагы камсыздап, бирдей каражат бөлүнүүсүн көзөмөлдөп берет: радиодо- 10 мүнөт, телевидениеде- 15 мүнөт, 2 макаланын басылып чыгышын, талапкердин коомдук жоолугушууларын жана агитациялык материалдары, ошондой эле тандоочулар менен жоолугушуулар үчүн.

Он биринчи факт: Шайлоо участоктору 9-июнда жергиликтүү убакыт менен саат 7.00дөн 20.00гө чейин иштейт. Добуштарды эсептөө шайлоо аяктагандан соң 12 сааттан кем эмес убакыттан кийин башталат. Административдик-аймактык бирдиктердеги добуштарды эсептөө аймактык комиссиялардын отурумдарында аныкталып, эки күндүн ичинде БШКга жеткирилет. (11-июндан кеч эмес). Шайлоонун жыйынтыктарын чыгарып, аларды жарыялап, тандалган президентти тандоого 7 күн каралган (16-июнга чейин).

Маалымат Казакстан элчилигинин басма сөз кызматы тарабынан тартууланды

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине