Урматтуу Аялдардын Улуттук Форумунун делегаттары жана меймандары!

14:03, 3 Марта 2015

Кымбаттуу аялдар, курбулар!

Урматтуу Аялдардын Улуттук Форумунун делегаттары жана меймандары!

Урматтуу республикабыздын премьер-министри!

1925-жылдын 5-мартында Пишпекте Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун дыйкан, батрак аялдарынын Биринчи съезди чогулган. Ага 105 делегат аял, анын ичинде 85 кыргыз кыз-келиндери катышкан. 90 жыл мурда аялдарды абалы начар болгон. Адамдар көп учурда көчмөн жашоо ыңгайын өткөргөн. Кыздар эрте турмушка чыккан, аларды жөн гана калыңга бере беришкен, алар эрте жана көп бала төрөгөн, наристелер көп учурда оорунун жана кедейликтин айынан чарчап калган. Энелердин өздөрү да жай дебей, кыш дебей мал багуунун бүткүл жүгүн көтөрүп жана үйдүн бардык иштерди аткарабыз деп жүрүп көп жашай алган эмес. Көп аял алуу жана аялды кайнисине алып берүү демейки көрүнүш болгон.

Аялдардын жүзүн карап көргүлө. Ал учурда азыркыдай 80 миң мугалим, 40 миң врач жана медайым, 50 миң тигүүчү, кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө (мейманканалар, ресторандар, соода) иштеген 200 миң кыз-келин жана башкалар болгон эмес. Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасында аялдардын иш менен камсыз болушунун цифралары ушундай. Артка кылчайып, өз чоң энеңерди, эжеңерди, апаңарды, бардык аялдарды эстеп көргүлө. 20-30-жылдары алар кыз-келиндер клубдарын, мектептерди, сабатсыздыкты жоюу уюмдарын, кызыл боз үйлөрдү, кыз-келиндер кесиптик-техникалык мектептерин, өндүрүштүк артелдерди түзгөн, алгачкы кооперативдик курстарда, партиялык мектептерде окуган. Колхоздорду түзгөн, байларга жана казыларга, аялдарды окууга, эмгекке тартууга тоскоолдук кылгандарга каршы күрөшкөн, Уркуя Салиева сыяктуу бүт үй-бүлөсү, балдары менен отко күйгөн. Бизде, Чыгышта, аялдарды кулчулуктан арылтуу катаал таптык күрөш менен өткөн.

Уркуянын, өткөн замандын даңктуу аялдарынын – Курманжан Датканын, Бүбүсара Бейшеналиеванын образдары эстеликтерге айланды. Алардын ар бири өз мезгилинин лидери, көрүнүктүү адамы болгон. Алар прогресске, билимге, эркиндикке, эркектер менен аялдардын укуктарынын жана эркиндиктеринин теңдештигине чакырган.

Көзкарандысыз эгемендүү Кыргызстан ушул салттарды улантып, аялдар өз потенциалын ишке ашырышы үчүн аларга кеңири мүмкүнчүлүктөрдү берип, азыркы цивилизациялуу дүйнөнүн адамына берилген бардык укуктар менен эркиндиктерди кыз-келиндерге берип жатат. Биздин Форум соңку 20 жылдагы ушул иштин жыйынтыктарын чыгарат. Бардык ушул жылдары биздин катарыбызда Бириккен Улуттар Уюмунун системасындагы уюмдар, эл аралык финансылык уюмдар, донор өлкөлөр кол кармашып келди. Бул Форум Президентибиздин, Өкмөтүбүздүн жана Бириккен Улуттар Уюму-Аялдар, БУУнун Гендердик талдоо тобу менен Азия өнүктүрүү банкы башында турган он чамалуу донор уюмдардын тикелей колдоосу менен өтүп жатат. Ушул март күнү өлкөбүздүн бардык булуң-бурчтарынан келген бардык айымдарга, көз көрүшүүнүн, келечектин урматы үчүн бирге чогулуунун ушул мыкты мүмкүнчүлүгү үчүн бардык жемөөрчүлөргө Форумдун атынан чын дилимден ыраазычылык билдиргим келет.

20 жыл мурда Пекинде Аялдардын дүйнөлүк IV конференциясында кабыл алынган Пекин платформасы гендердик теңчилик үчүн күрөштүн векторун аныктады. Ал гендердик теңчиликтин улуттук стратегиясын түзүүдө өлкө таянган базалык документ болуп калды. Пекинге улай эле «Аялзат» Улуттук программасы (1996-2000-жж) кабыл алынды. Кыргыз Республикасынын Президентинин алдында Үй-бүлө жана гендердик өнүктүрүү маселелери боюнча улуттук кеңеш иштеп баштады. «Кыргыз Республикасында Гендердик теңчиликти камсыз кылуунун мамлекеттик кепилдиктеринин негиздери жөнүндө» жана «Үй-бүлөдөгү зомбулуктан социалдык укуктук коргоо жөнүндө» эки маанилүү мыйзам кабыл алынды. Кыргыз Республикасы ошондой эле Аялдарга карата кысымга алуунун бардык формаларын жоюу жөнүндө конвенцияга жана адам укуктары боюнча башка эл аралык конвенцияларга кол койду жана аларды турмушка ашырып жатат. 2002-жылы «Кыргыз Республикасында 2002-2006-жылдары гендердик теңчиликке жетишүү боюнча иш-аракеттердин улуттук планы» бекитилди. «2020-жылдарга чейин гендердик теңчиликке жетишүүнүн улуттук стратегиясы» 2012-жылы кабыл алынды.

Ушул жылдын күзүндө Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы 2015-жылдан тартып дээрлик 2030-жылга чейинки мезгилде дүйнөнүн туруктуу өнүгүшүнүн максаттарын жана милдеттерин бекитет: БУУнун 193 өлкөсүнүн ар бири социалдык, анын ичинде гендердик өнүгүүдө кандай көрсөткүчтөргө жетишүүгө тийиш экенин долбоорлойт.

Биздин өлкө, тилекке каршы, эненин, баланын өлүмгө учурашы боюнча, гендердик теңчилик боюнча миң жылдыктын максаттарын жана милдеттерин аткара алган жок. Медициналык себептерден тышкары, башкы тоскоолдуктардын бири болуп, биз билип тургандай, инфраструктуранын өнүкпөгөндүгү саналат: өлкөнүн калкынын 60%дан ашыгы жашаган айылдарда ичүүчү, анын үстүнө ысык сууга жетүү кыйын, бардык жерлерде үйлөр кол менен таш көмүр жагып жылытылат, жолдор бузулган, төрөт үйлөрү эски, ал эми чакандары эчак жабылган, медициналык шаймандары эбак эскирген. Айылда, шаарда да акушер-гинекологдор жетишпейт. Үйдө төрөгөндөрдүн саны көбөйүп баратат, ички жана тышкы миграция кошбойлуу аялдарга туруктуу медициналык эсепке турууга мүмкүндүк бербейт, мөөнөтү белгисиз оор иш келечектеги эненин жана баланын ден соолугун начарлатууда. Өспүрүм куракта өзгөчө кооптуу кырдаал түзүлүүдө: өспүрүм кыздарда эрте сексуалдык жашоонун, эрте кошбойлуулуктун жана боюнан алдыруунун өсүшү жүрүп жатат. Атайын изилдөөнүн негизинде төмөнкүлөр айкындалды жана кечээ ден соолук боюнча конференцияда айтылды: Бишкекте «14 жашка келгенде ар бир 6-7 кыз жыныстык жашоо менен жашайт, 10-11-класстардын окуучулары бойдон алдыруунун зыяны жана анын кесепеттери жөнүндө билбейт». Жыныстык жол менен ВИЧ-СПИД жугушунун саны көбөйүүдө. Жаштарда репродуктивдүү жана сексуалдык укуктар, аларды турмушка ашыруунун кепилдиктери жагындагы билим таптакыр жетишпейт. Ушундай аталыштагы Мыйзам долбоору азыр Жогорку Кеңеште экинчи окууда турат. Заманбап технологиялардын жана Интернеттин доорунда, ушул темалар боюнча билим жана маалымат топтоо дегеле кыйынчылыкты туудурбайт. Мындай маалыматты алууга эч ким тыюу сала албайт. Парламентарийлердин мектептерде сексуалдык билим милдеттүү эмес жана анын кереги жок деген сөздөрүн угуп, биздин долбоорлордогу кыздар: «Бизге кандай билим керек, кандайынын кереги жок экенин эмне үчүн биздин ордубузга кимдир-бирөө чечет», – деп ачууланышат. Биз, аялдар коомчулугу, бул мыйзам долбоорунун өтүшүнө кунт коюп көз салып турабыз жана биз тармактагы шектүү булактардын ордуна, биздин жаштарга жыныстык жашоонун, репродуктивдүү ден соолуктун эрежелерине жана маданиятына өз учурундагы, балансташкан окутууну берүүгө тийишпиз деп эсептейбиз. Ата-энелердин көпчүлүгү өз балдары менен сүйлөшүүгө даяр эмес, алардын ичинен 80%ы бул жөнүндө балдарга мектепте же жогорку окуу жайында айтылышын артык көрөт. Калктын кайрадан калыбына келишинде улам күчөп бараткан көйгөйлөрдүн өсүшүнө кайдыгер карап тура бергидей биз анчалык караңгы жана сабаты аз өлкө эмеспиз, биз мыйзамдын өтүшүнө тоскоолдук кылган сопусунууга жана эскичилдикке мындан ары келишүүгө тийиш эмеспиз. Бүгүнкү күндө улан-кыздардын жашоосу силердин колуңарда, депутат мырзалар: өспүрүмдүн кош бойлуулугунун же бойдон алдыруунун ырбап кетишинен же андан да жаманы ушуга байланыштуу өз жанын кыюудан өспүрүмдүн ар бир ажалы силердин абийриңерде болот!

Кечээ билим берүү боюнча конференцияда аялдар: эмне үчүн бүгүнкү күндө 60 миң бала мектепке барбайт? деген суроону өтө тынчсыздануу менен талкуулады. Ушунчалык көп сандагы балдардын кайгылуу тагдырына, үмүт үзүлгөн учурларына жүрөк ооруйт. Ким күнөөлүү? Аларды кантип окууга кайра кайтаруу керек? Өз учурунда жүз миңдеген кароосуз балдарды мектепке тарткан Дзержинский сыяктуу, Өкмөт биринчи кезектеги кубаттуу чараларды көрүшү керек. Эгерде бул калпыстыктарды бүгүн жойбосок, эртең кеч болуп калат! Албетте, билим берүү өлкөнүн улуттук коопсуздугун өзөгү болуп саналат, ал эми окубаган балдардын көбөйүп жаткан массасы коомдун туруктуулугуна жана бакубаттуулугуна катуу зак келтириши мүмкүн.

Мектепке чейинки билим берүү ийгиликке жетишкен бардык өлкөлөрдүн артыкчылыктуу багыты болуп калды. Балдар мектептен алган туура, керектүү адаттар, жөндөмдөр жана билимдер аларды 20 жылдан кийин алам деп ойлогон улан-кыздардын чыгымына караганда 7-8 эсе арзан тураарын олуттуу изилдөөлөр далилдеди. Бала билимдерди эрте куракта ойноп жүрүп эле өздөштүрүп алат. Бул жөнүндө дүйнөгө белгилүү «Сони» япон компаниясынын негиздөөчүсү Масару Ибука өзүнүн «Үчтөн кийин кеч» деген китебинде ишенимдүү жазган. Менин Фондум аны кыргыз тилине которуп жана аны басып чыгарганын сиздерге билдирүүгө куштармын. Ал кыргыз коомунда балдарды тарбиялоодо бурулуш роль ойносо деп тилейм.

Бизде айылда наристелердин 95%ы балдар бакчасына барбайт, балдар бакчаларына өлкө боюнча орточо балдардын болгону 15-17%ы барат. Коңшу Казакстанда мектепке чейинки билим берүү балдардын 75%ын камтыйт. Биз пирамиданы (бүгүнкү күндө билим берүү турган) учунан пирамиданын негизине түшүрүп жана, муну Япония сыяктуу өнүккөн өлкөлөр жасап жаткандай, мектепке чейинки билим берүүнү олуттуу финансылоону баштоого тийишпиз.

Альтернативдүү мектепке чейинки мекемелерди ачуу шаарларды жана айылдарды жигердүү камтууда, адамдар балдарды мектепке даярдоонун маанилүүлүгүн жөнүндө ойлонуп калды. Мурда менчиктештирилген имараттар кайра кайтарылып, эски жайлар оңдолууда, 3 сааттык даярдоо сабактары ачылып жатат; жеке балдар бакчалары боюнча демилгелер аз эмес; биз ушул жайда жайыт комитеттери жана айыл өкмөттөрү менен өнөктөштүктө 100 жайлоо бакчасын ачууга ниеттенип жатабыз. Бирок тарбиячыларды финансылоо маселеси чечилбей жатат. Балдарды мектепке чейинки балдар мекемелеринде тарбиялоо боюнча жаңыдан көтөрүлгөн толкунду кантип сактап калуу керек? Өлкөнү 2017-жылга чейин өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарында жазылган балдарды милдеттүү түрдө мектепке даярдоо үчүн айыл өкмөттөрүнөн, шаардык, райондук бийликтерден качан жана ким олуттуу талап кылат?! Эмне маанилүү: жолго инвестицияларбы же балдарга инвестицияларбы? Эмне үчүн инфраструктурага инвестициялар дайыма улуттун рухуна жана акыл-эсине инвестициялардан дайыма артык? Жоомарт Кайыпович, биз, аялдар: билим берүү башкысы деп эсептейбиз! Билимдүү адамдар иштеп акча, инвестиция таба алат, антпесе коом сөзсүз түрдө бузулат. Өлкө боюнча биринчи класска балдарды мектепке чейинки окутуу боюнча 480 сааттык программаны киргизүү үчүн 59 млн. сом керек, аны Финансы министрлиги таппай жатат. Жер-жерлерде ишке киргизилген 161 мектепке чейинки билим берүү уюмунда тарбиячылардын эмгегине акы төлөө үчүн 351 млн. сом керек. Ал эми бул болсо билим берүүнү чыныгы реформалоо башталган чекит, азыр ал туңгуюкка барып такалды. Борбордук Азияда биз бул кадамды биринчи болуп жасап жатабыз. Ар бир Өкмөт башчысы эл үчүн эсте каларлык чечимди кабыл алат. Бул сиздин жүрүшүңүз, Премьер-министр мырза, андыктан Сиз жоомарт болосуз жана өлкөбүздүн келечек муундары үчүн бюджеттен бул каражаттарды табасыз деп үмүттөнөбүз.

Үй-бүлө үчүн акча табуу зарылчылыгынан улам аялдардын иштен колу бошобой жатышына байланыштуу мектепке чейинки билим берүү уюмдарына муктаждык өсүп жатат. Биздин жакын өнөктөрүбүздөгү финансылык, экономикалык каатчылыктын кесепеттери биздин экономикага өтө олуттуу таасир этүүдө. Мындай шарттарда, муну дүйнөдө жасап жүргөндөй, экономикалык өсүштөн иш менен камсыз кылууга, жумуш орундарын түзүүгө негизделген экономикалык өсүшкө багыт алуу керек. Биз, аялдар, Өкмөт жумуш орундарын түзүү боюнча министрликтерден, ачык акционердик коомдордон, бизнестен, жергиликтүү бийликтерден конкреттүү, катуу талап кылат деп күтөбүз. Дегеле биз жумуш орундарын түзүүнүн маанилүүлүгү жана зарылдыгы жөнүндө тезистерди өкмөт мүчөлөрүнүн жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын оозунан өтө сейрек угабыз! Ушундай деңгээлдеги чиновниктер, биздин көз карашыбыз боюнча: «Мен көп жумуш орундарын ачуу үчүн бүгүн кандай шарттарды түздүм!» деген ой менен ойгонууга жана уктоого тийиш. Буга байланыштуу мамлекеттик-жеке ишкердик жөнүндө мыйзамды иштөөгө кантип мажбурлоо керек? Ал боюнча кала берсе балдар бакчаларын ачуу кыйын! Канчалаган аялдар өздөрүнүн жеке үй чарбаларында мейман үйлөрүн түзүп, облустарга жок дегенде ички туризм үчүн инфраструктураны өнүктүрүү жагынан жардам бере алар эле.

Каатчылык келип чыккан учурда, өткөндүн тажрыйбасы көрсөтүп тургандай, базалык социалдык коргоону камсыз кылуу, татыктуу иш үчүн мүмкүнчүлүк берүү, биздин мигранттардын чет өлкөлөрдөгү жумушчулардын укуктарын коргоону камсыз кылуу зарыл. Батышта колдонулуп жүргөндөй, окутууну, тренингдерди жүргүзүүгө, консалтингдик кызмат көрсөтүүлөрдү ачууга, тармактарды түзүүгө, маалымат алмашууга убакыт жетти.

Соңку 20 жылдын ичинде биздин айымдар өз ара жардам топтору, микрофинансылоо аркылуу өз алдынча иш менен камсыз кылуунун зор тажрыйбасын топтоду, Кыргызстандын элдик уздарынын Ассоциациясы жигердүү иштеп баштады. Валютабыздын – сомдун тартыштыгынын азыркы шарттарында Улуттук банк микрофинансылык мекемелерди контролдоо/ жөнгө салуу жагынан тыгыз иштөөгө, алардан каражаттарды сактоо сыяктуу маанилүү кызмат көрсөтүүгө жетишүүгө, бүткүл калктын финансылык сабаттуулугун камсыз кылууда лидер болуп калууга, биздин улуттук банктарга мобилдик банкингди киргизүүнү максималдуу тездетүүгө тийиш деп эсептейм. Кыргыз Республикасында мобилдүү телефон менен камтуу 150%, ал эми калктын көпчүлүгү алиге чейин акчасын байпакка катат. Кения, Афганистан, Вьетнам, Бангладеш… жана башка көптөгөн мамлекеттер өздөрүнүн кедей адамдарына мобилдүү банктык кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүк менен ийгиликтүү камсыз кылып, жүз миңдеген жумуш орундарын түзгөн.

Ушул күздө өлкөдө парламенттик шайлоо өтөт. Ага даярдык көрүү күч алып баратат. Жогорку Кеңештеги аялдардын өкүлчүлүгү азыр мыйзам боюнча 30%дан иш жүзүндөгү 20%га чейин кыскарган. Анын үстүнө, биз Жогорку Кеңеште аялдардын квота боюнча болушу алардын, жок дегенде социалдык милдеттерди чечүү жана ушундай чаранын керектигин актоо үчүн, натыйжалуу ишинин далилдерин талап кылат деп эсептейбиз. 5-чакырылыштагы Жогорку Кеңештеги иштин дээрлик 5 жылдык тажрыйбасы буларды көрсөттү: депутат аялдар парламентке келип, квота сыяктуу атайын чараларды мыйзамдуу түрдө бекемдөөгө жетишкен өкмөттүк эмес уюмдардын көп жылдык, тайманбаган, туруктуу күч-аракеттердин аркасында 4-чакырылыштагы Жогорку Кеңешке караганда айымдар үчүн көп нерселерди жасады. Бүткүл мөөнөтүндө аялдар менен балдардын маселелери боюнча гана эмес, ошондой эле бардык башка маселелер боюнча оозуна талкан толтуруп алгансып унчукпаган «балык» депутаттар бар. Аялдарды колдобогон, көп учурда алардын идеяларына, аялдарды колдогон мыйзам долбоорлоруна каршы чыккан депутат аялдар да бар. Биз кийинки парламентте ушундай аялдар өкүл болушун каалайбызбы? Тизмелеринде кайрадан бул «балыктар» же «акулалар» бар партиялар үчүн добуш беребизби?!

2030-жылга карата ар бир өлкө Бириккен Улуттар Уюмунун башчылыгы астында бийликтин бардык бутактарында аялдардын 50%дык өкүлчүлүгүнө жетишүүгө милдеттенме алат. Биз, Кыргыз Республикасынын азыркы муундагы айымдары, аялдардын кийинки муунуна чечимдерди кабыл алуу деңгээлинде кызмат орундарынын 30%дык баштапкы планкасын калтырууга тийишпиз, милдеттүүбүз! Шайлоонун алдында Шайлоо кодексине айрым түзөтүүлөрдү талкуулоо жүрөт. Алардын ичинде парламентке өткөн партиянын тизмеси боюнча чыгып калган аялдын ордуна сөзсүз түрдө башка аял келүүгө тийиш экендиги жөнүндө бир өтө маанилүү берене бар. Биз региондо парламентке аялдар үчүн квотага жетишкен жападан жалгыз аялзаттарыбыз. Азыр биз квотанын цифрасынын өзгөрүлбөстүгү үчүн ынтымактуу күрөшүүгө, бул түзөтүү кодекске киришине жетишүүгө тийишпиз! Бул татаал, бирок биздин артыбызда өлкөнүн жарымы бар, алар биздин үстүбүздөгү асмандын жарымын көтөрүп турат! Эгерде күн чыкса, деп айткан улуу Сервантес, ал бардыгына бирдей тиет. Биз болсо өзүбүздүн 30%ыбызды гана талашып жатабыз.

Кыргыз Республикасынын бийлигинин бардык бутактарында жогорку кызматтарды ээлеген айымдар дүйнөлүк аренада биздин өлкөнүн бейнесине нур чачып, цивилизациялуу мамлекет катары, региондогу демократиялык арал катары анын кадыр-баркын татыктуу көтөрмөлөп турат. биз Президентибиздин эң жооптуу участкаларга жогорку кесипкөй аялдарды дайындоо боюнча саясатын кубаттайбыз. Татаал болгон, «булганган» бардык жерлерге, баштан-аяк тазалоо жана ачык, компетенттүү иш талап кылынган жерлерге Алмазбек Шаршенович айымдарды жөнөтөт. Бул күндүн талабы, өтө зарылчылык: Президент кызматтарды аялдарга, алардын билимине жана акыл-эсине, оор басырыктуулугуна жана жогорку жоопкерчилигине, сезимталдыгына жана адилеттүүлүгүнө ишенет. Бирок чечимдер кабыл алынган кызматтарга кыз-келиндерди план ченемдүү алга илгерилетүү боюнча ойлонулган, узак мөөнөттүү мамлекеттик саясат өлкөдө алиге чейин жок. Элүүдөн ашык университеттердин ичинде бар да ректор аял жок, аялдар күч органдарында кызматтан-кызматка араңдан зорго көтөрүлөт.

Кыргыз Республикасын 2017-жылга чейин туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясына гендердик теңчилик артыкчылыктарын жана милдеттерин киргизүү менен гендердик саясат боюнча ыйгарым укуктуу органды бекемдөө, анын статусун так аныктоо жана тиешелүү ресурстар менен камсыз кылуу зарыл. Анын статусун жогорулатуу жана бул бөлүмдү социалдык саясат боюнча вице-премьер-министрге түздөн-түз баш ийдирүү керек.

Гендердик саясат боюнча Улуттук кеңештин статусун да жогорулатуу, бул Кеңештин Төрагасына зарыл ыйгарым укуктарды берүү маанилүү боло эле.

Аялдар жергиликтүү өз алдынча башкаруунун шайлануучу органдарында өздөрүнүн өкүлчүлүгүнүн маселелерин курч коюп жатат: райондордун 44 акиминин ичинде бир гана аял бар, депутаттардын ичинен болгону 13%ы аялдар, бардык айыл өкмөт башчыларынын санынын 4,5%ын гана аялдар түзөт.

Чынында эле ушундай болор-болбос өкүлчүлүктүн себеби эмнеде? Убакыт келе элек деп айтышат, өжөр болууга кеңеш берет, начар күрөшүп жатасыңар дешет. Бирок үчүнчүсү акыйкатка жакын: дин күчөшүнөн жана анын таасиринен, ал коомдун бардык чөйрөлөрүнө киришинен улам айылда коомдун патриархатташуусу жүрүп жатат. Бардык жерлерде эски үрп-адаттар, салттар күч алган. Айымдарга аялдын өз орду болууга тийиш, ал «тиешелүү» жүрүш-турушту сактоого тийиш деп айтышат. Мындай адамдар аялдар жамааттардын, айыл өкмөттөрүнүн лидерлери, жергиликтүү депутат болушун эч каалабайт! Жетекчи аялдар зарылчылыкка жараша али айылдардагы мектептерде, ФАПтарда, райондук ооруканаларда, китепканаларда калды. Бюджеттин каражаттарынын эсебинен иштеген мектеп директорлору, саламаттык сактоонун мамлекеттик же муниципалдык мекемесинин жетекчилери жергиликтүү кеңештерге шайлоого киргизилбейт деген эки жыл мурдагы мыйзам айылдык аял кадрларды өсүш жагынан таптакыр сызга отургузду.

Никени мамлекеттик каттабастан никеге тургандардын санынын өсүшү, ачыктан-ачык көп аял алуунун көбөйүшү, «талак» аркылуу ажырашуу практикасы; көп сандаган ала качуу, балдарды эмдөөгө тыюу салуу – биздин турмушубуз ушундай болуп калды жана болуп калууда.

Ар күндөгү түйшүктөрдүн жана оорчулуктардын айынан, жакындап келаткан экономикалык каатчылыктан жана жашоонун кыйынчылыктарынан улам ушулардын бардыгы кыз-келиндерди болот кишен менен тушап турат.

Бирок биз кол куушуруп жана улутунуп олтура берүүгө тийиш эмеспиз. Кыргыз Республикасынын айымдары – олуттуу коомдук-саясий жана кесипкөй күч. Өкмөттүк эмес уюмдар, аялдар кеңештери, ден соолук комитеттери, саясий партиялардын аялдар канаттары, аялдардын кесиптик ассоциациялары жана чыгармачыл союздар – азырынча булардын бардыгы чаржайыт аракеттенип жатат! Өлкөнүн аялдар потенциалы гүлдөгөн жылдары мансабы ийгиликтүү өскөн али күчүндөгү, коммунисттик партиянын мурдагы күжүрмөнү, мыкты чарбакер болгон аялдар дагы канча! Азыр алардын балдары чоңойгон, орун-очок алган. Бүгүнкү күндө биз кыз-келиндердин төмөндөп бараткан абалына кайдыгер карап олтура берүүгө болобу? Балдарыбыз, неберелерибиз, кызарыбыз, эже-сиңдилерибиз эртеңки күндө кантип, кандай коомдо жашайт?

Келгиле, өлкөдө насаатчылык боюнча мектептердин тармагын түзөлү: биздин Фонддун «Устат» долбоору жаш кыздарга тезирээк байыр алууга, ишенимдүү болуп калууга, жамаатка, коомго бат аралашууга, эмгек рыногунда татыктуу атаандашууга мүмкүндүк берет.

Биз 20 жыл мурда миграция, катуу толкун сыяктуу, бүткүл коомду каптап өтөт, климаттын өзгөрүшү адамдардын эмгегине кыйраткыч таасир этет, капилет жаратылыш кырсыктарына айланат деп ойлой алдык беле?! Динге ишенген адамдардын айрым топторунун радикалдашуусу биздин айымдар кала берсе эмчектеги балдарын көтөрүп алып бөтөн согушка аттанышына алып келет деген ойго келди беле!? Соңку статистикалык маалыматтар биздин врачтар араңдан зорго токтотуп жаткан кызамык оорусунун күр чыгышы Россия Федерациясына жана Казакстан Республикасына караганда, Кыргыз Республикасында кеңири кулач жайды.

Эмне үчүн биз, аялдар, эмдөөдөн баш тартуу эмнеге алып келээрин түшүндүрүү үчүн айылдагы адамдарга барбайбыз, эмне үчүн «Кудай берди – Кудай өзү алды» деп, балдарыбыздан төрөт учурунда жана оорудан улам ажырап калганыбызга анча өкүнбөйбүз!?

Эмне үчүн биз аялдардын сабаттуулугу бизден туура жарымына аз жана 50%га чейин жетпеген коомдорго жана өлкөлөргө теңелебиз!? Биздин ата-энелердин башын айлантып, эмдөөнүн зыяндуулугу жөнүндө сандырак сөздөрдү айтып жүргөн дин таратуучулар эмдөө жөнүндө справкасы болбой туруп Мекеге барууга аракет кылып көрсүнчү! Ушул сыяктуу ар кандай динчилерди ал жакка жөн эле киргизбей коет!

Кымбаттуу эже-сиңдилер, бизге 90 жыл мурдагыдай аялдардын тилектештиги керек!

Биз биригүүгө, окууга, маалымат бөлүшүүгө, аялдар клубдарын жана ийримдерин түзүүгө тийишпиз. Ар айдагы шеринеңерди даамдуу тамак жеп олтуруп убакытты жагымдуу өткөрүүнү өзгөрткүлө, ар бир жолу өзүңөргө кызыктуу спикерди чакыргыла, лидерлик өнөрүн, финансылык сабаттуулукту өздөштүргүлө, өз ден соолугуңду, балдарыңдын, күйөөңдүн ден соолугун кантип чыңдоо керек экенин билгиле, тарбиялоонун, ынтымактуу үй-бүлөнүн сырларын тапкыла, кайрымдуулук долбоорлорун түзгүлө жана ишке ашыргыла.

Компьютердик сабаттуулук – ал эми азыр компьютердин ролун мобилдүү телефондор алмаштырат – бүткүл дүйнөгө тарап кеткен туугандар менен скайп аркылуу сүйлөшүүгө гана эмес, ошондой эле тамактардын рецепттерин табууга, керектүү дары-дармектер жөнүндө билүүгө мүмкүндүк берет; айымдар өзүнө, өзүнүн жакындарына жумуш табат; элдик уздар электрондук сооданы эчак үйрөнүп алган жана өз продукциясын бүткүл дүйнө боюнча сатып жатат; Дордойдогу тигүүчү өнөрканалар көйнөк бычуу үлгүлөрүн таап, аларды экспортко ийгиликтүү сатып жатат. Билим берүү жана илим министри Эльвира Кубанычбековнага кайрылгым келет: айылдык мектептерде кыз-келиндер үчүн маалыматтык технология кабинеттерин ачуу керек, бул азыркы татаал мезгилде аялдарга өзүн иш менен камсыз кылууга дем берет. Компьютерлер бизде бар, бирок мындай кабинеттерди мугалимдер кулпу менен бекитип салышат дегенди көп угабыз: маалыматтык технологияны өздөрү билбеген соң, алар уялат, өзүнүн кемчилигин балдарга көрсөткүсү келбейт.

Биздин мектептерде демөөрчүлөр соңку жылдары, эреже катары, күрөш жагындагы спорт клубдарды курат, ал жакка кыздар басып да барбайт. Эмне үчүн мектептердин спорт залдарында, жаңы спорт клубдарында аялдар, кыз-келиндер үчүн сабактарды ачууга болбосун? Оорулуу аялдар дени сак улутту кайрадан калыбына келтире албайт. Бий, гимнастика, аэробика, йога үйдө жана талаада эки-үч эселенген жүктү көтөргөн, төрөгөн, балдарды, карыларды, оорулууларды баккан адамдардын бардыгына жарайт.

Форумда бир катар министрликтер иштеп чыккан балдарга карата зомбулукка каршы күрөшүү боюнча механизм сынактан өттү. Бул маселелерди талкуулоо соңку айларда баарыбызды кыжырданткан, балдарга карата зомбулуктун келишкис мисалдарынын өңүтүндө жалпы улуттук масштабдарга ээ болду. Көп учурда балдарга карата зомбулук маселеси аялдарга карата зомбулук менен бекем үндөшүп турат. кыргыздардын кыз ала качуу салты биздин кадыр-баркыбызды кетирүүдө, бизди артта калган, өнүкпөгөн өлкөлөрдү катарына кошот. Бүгүнкү күндө да Бириккен Улуттар Уюмунун эксперттери Кыргыз Республикасында күнүнө (!) 32 кыз ала качууну эсептеген, аларды бир жылдагы 365 күнгө көбөйткүлө. Биз элдик салтты «кылмыштардын» катарына которууга жетиштик, камакка алуу мөөнөтүн 7 жети жылга чейин (кала берсе 10 жылга чейин) узарттык. Бирок азырынча натыйжасы болор-болбос: соттор бир жарым миң учурдун ичинен бирөөнү гана соттойт!

Аялдарга карата зомбулукту кубаттаган эрежелерге жана ынанымдарга каршы күрөштө эркекатер, балдар улам көп роль ойной баштады. «Эркектер зомбулукка каршы» тобу – ушундай алгачкы саамалык. Мындай топторду ар бир облуста түзүү керек!

Эки америкалык изилдөөчү 70 өлкөнүн мисалында аялдарга карата зомбулукту 40 жыл бою изилдеген жана өлкөнүн экономикалык бакубаттуулугу да, бийликтеги аялдардын өкүлчүлүгү да, прогрессивдүү саясий партиялардын болушу да бул көрүнүштүн азайышына күчтүү, көзкарандысыз феминисттик кыймылдын болушу сыяктуу эске келтирүүчү ролду ойной албайт деген тыянакка келген!

Бүгүн Форумда 1227 адам катышып жатат. Алар 7 облусту жана Бишкек шаарын билдирет: бардык облустардан 681 адам, Бишкек шаарынан 150 адам келген. Анын ичинде 115и жергиликтүү кеңештердин депутаттары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлдөрү, 135 адам мамлекеттик бийлик системасында, 123 адам – билим берүү системасында иштейт, бардыгы болуп 44 адам – саламаттыкты сактоо кызматкерлери, 81 адам ишкерлер, бизнес адамдары. Форумга 71 журналист аккредитацияланган.

Бул жерде залда жарандык сектордун 250 өкүлү бар, алар өкмөттүк эмес уюмдарды билдирет. Биздин артыбызда он миңдеген активисттер турат. Соңку 20 жылдын ичинде алар мамлекеттин калыптанышына, өлкөнү өнүктүрүүгө эбегейсиз зор салым кошту. Өлкөнүн жарандык сектору – кайра түзүүлөрдөгү, өзгөрүүлөрдөгү күжүрмөн отряд. Биз анын каарман, кажыбас, үзүрлүү эмгеги менен сыймыктанабыз. Бул жерде эң жогорку билимдүү адамдар, улуттук эксперттер, өлкөнүн алтын фонду чогулган. Бул сектордун колу жетпеген республиканын айылдары, шаарлары, алыскы булуң-бурчтары барбы? Бир катар депутаттар демилгечи болуп чыккан Өкмөттүк эмес уюмдар жөнүндө мыйзам долбоору чет өлкөлүк агент сыяктуу бардыгын кооптонтту. Аталышы чындыгында эле өтө ылайыксыз десем кошуласыздар. Алардын жаңылыгын дароо жыга чапкан плагиат бардыгында жерүүнү жана кабыл албоону пайда кылды. Өлкөнүн улуттук коопсуздугу үчүн тынчсыздануу жөнүндө айтып жатышат. Орундуу! Сөз айрым өлкөлөрдүн жана күчтөрдүн колдоосу менен ар кандай диний бирикмелер жамынып алган бардык коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө жүрүүгө тийиш, алардын арам максаттары жана күн тартиби алыс эмес мейкиндиктердеги айыгышкан согуштардын жүрүшүндө бети ачылды. Өкмөттүк эмес уюмдардын жана коммерциялык эмес уюмдардын бир бөлүгү, - бул залда отургандардын көпчүлүгү – кургак учукка жана СПИДге, зомбулукка жана коррупцияга каршы күрөшүп, үйлөрдү жаңы экотехнологиялар менен жылытууга жардам берип, зомбулукка каршы күрөшсө, партиядагыларды шайлоого даярдап, коррупциянын түрлөрүн таанып-билип жана өлчөп, жалпыга маалымдоо каражаттарынын стандарттарын көтөрүп, жамаатты, мамлекетти башкарууда билимдерди жогорулатып жатат. Өлкөнүн жаандык сектору Борбордук Азиядагы демократиялык арал катары Кыргызстандын турпатынын ядросун түзөт. Башка коммерциялык эмес уюмдар эмне кылып жатат?! Жаштарды Сирияга азгырып, зомбулукту, бул жерде халифатты ортотууну пропагандалап, балдарды мектепке жибербей, кыз-келиндерди ар тараптан чектеп, бизге менталитетке бөтөн болгон адеп-ахлакты мажбурлап киргизип жатат – биз мына ушул жерде коопсуздук үчүн тынчсызданууга тийишпиз! Мында чет өлкөлүк агенттер кимдер? Анткени мыйзамдын авторлору анын үстүнө барууга жана ушундай катары ыктыярдуу түрдө катталууну сунуш кылып жатат.

Өкмөттүк эмес уюму бар өлкөнүн – руху таза, күн тартиби ачык, иш стили айкын: Мекен, улут үчүн иштөө жана биз бүткүл өмүр бою өз ниетибизди далилдейбиз. Эгерде биздин арабызда чыккынчылар жана акмактар, паракорлор жана алдамчылар пайда болсо, жарандык сектор өз алдынча тазаланууга кудуреттүү. Бизге көлөкө түшүргөн кийинкилери жагынан, сөзсүз жеңил: аларды укук коргоо органдары тутмайынча, биз аларды жек көрөбүз!

2015-жылы дүйнө Миң жылдыктын максаттарынан Туруктуу өнүктүрүүнүн максаттарына өтөт. Климаттын өзгөрүшү, жаратылыш ресурстарынын азайышы, жайыттардын бузулушу, суу ресурстарынын азайышы азыр биздин өлкөнү козгоду. Бүгүнкү күндө экологиялык туруктуулукту жана адамдын потенциалды өнүктүрүүнү эске алмайынча өлкөнү өнүктүрүүгө болобу?! Экономика адамдардын тар тобунун таламында өнүгө албайт. Мыйзамдын үстөмдүгү туруктуу өнүктүрүүнүн ажыралгыс шарты болуп саналат.

Кечээ биз сунуштардын пакетин иштеп чыктык. Алар өкмөткө, донорлорго, жарандык коомго берилет. Форумдун активисттери бул сунуштар аткарылышынын мониторингин жүргүзөт. Шайлоонун алдында биз мыйзамдын үстөмдүгүн, теңдештик жана өнүгүү принциптерин жактаган партияларды гана колдойбуз. Шайлоодон кийин биз бул программалар кантип аткарылып жатканына көз салабыз. Кыргызстан айымдары саясатта жана экономикада татыктуу орунду ээлейт, алар мамлекеттүүлүктүн өнүгүшү үчүн, жаратылыш ресурстарын сактоо үчүн, өлкөнүн мыкты келечеги үчүн жоопкерчиликти бөлүшүүгө даяр.  

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине