Абайлагыла, секта

14:34, 17 Марта 2015

«Эгер байыгың келсе  - жаңы динди ойлоп тап».
Лафайет Рональд Хаббард,  сайентологи
янын түзүүчүсү

Кыргызстан – ачык мамлекет. Бир жагынан, бул бизге,жашоочуларга бир бонус берет – жашап кетүүнүн кошумча мүмкүнчүлүктөрү.  Биз эркинирээк ойлонуп баштайбыз, жаңыны жакшы кабыл алабыз, көп нерсеге оңой көнөбүз. Башка жагынан алганда, бул биздин мамлекетке карата ар кандай максаттары жана милдеттери менен башка ар кандай идеологиялардын эркин киришине эшик ачып жатат.

Алардын баары эле  бизге тынчтык менен өнүгүп өсүүнү каалашпайт. Анын ичинде, ар кандай секталардын лидерлери үчүн Кыргызстандын ачыктыгы өтө жагымдуу көрүнүшү мүмкүн. 

Так эмес статистика

Көп өлкөлөрдө коркунучтуу, деструктивдүү деп кабыл алынган, көп жерлерде тыюу салынган  «Сайентология чиркөөсү» өткөн жылы эле каттоосуз калды, буга чейин эркин сайрандап жүргөн. Сайентологдор, жазык иликтөөлөрүнө карабай, андан ары иштей берүү ниеттерин билдиришти, аны үчүн башка тартипте катталышат.  Мына ушуга окшогон тоталитардык мурастуу «Иегова күбөлөрү» - таанымал конфессия. Исламдык  деструктивдүү бирикмелер көп учурда мечиттерди жамынып иштешет, ал мечиттердин көбү бюджеттик акчаларга курулган (же демөөрчүлөр тарабынан таптакыр башка максаттарга берилген акчаларына).  Миңдеген, кээде он миңдеген кыргызстандыктар эң жакшы болгондо өз чөнтөгүн кампайтуунун гана камын ойлогон лидерлердин таасири алдында калышууда.  Жабыркаган  жан дүйнө, жоготулган мүлк, психологиялык жактан бузулган адамдар – секталардын натыйжасы мына ушул.

Кыргызстанда азыр иштеп жаткан  секталардын так саны белгисиз. Бул туурасында эксперттер да айтышат. «Диний аянтта»  баюуну каалагандар эмненин гана алдында  жашырынып иштешпейт.

Бизде билим берүүчү  91 мекеме бар, анын ичинде исламдык  жана христиандык конфессиялар билим беришет. Сатаначылар жыргап жатышат. Ак чиркөөлөр, кришнаиттер, жалган буддисттер ж.б. секталардын өкүлдөрү . Соттук тартипте Муна сектасына, «Фанлуньгун», «Жайшуль Махди» жана башка кыймылдарга, көздү жуумп коюуга болбой турган бир катар чуулгандуу окуялардан кийин тыюу салынган.

Белгилүү  эксперт жана журналист Аркадий Гладилов, бизде үч миңден ашык секталар өздөрүн эркин сезип жүрүшкөнүн айтат.  Ошол эле Муна чиркөөсү өз ишмердүүлүгүн улантууда, алар англис жана корей тилдерин үйрөтүү боюнча борборлордун алдында жамынып алып иштеп жатышат. Кытайда террордук деп  эсептелген  «Фанлуньгун» мекемеси ушу, спорттук коомчулук жана коомдук фонддордун алдында жашырынган.

Бул зыяндуу бирикмелерди санап отуруунун зарылдыгы жок, анткени алар аталышын өзгөртө калышып, жоопкерчиликтен кутулуп жатышат. Ошондуктан, бул деструктивдүү культтун айрым белгилерин билип, өз жакындарыңды, өзгөчө удгайган адамдар менен балдарды кароосуз калтырбаган оң.

Эскертилген – демек, куралданган

Эмнеге сектага кабылышат? Мындай алдамчылардын оңой олжосу болуп, көп учурда жалгыз (физикалык жактан болбосо да, психологиялык жактан) адамдар, алсыз, социалдык жактан корголбогон, коомдук-саясий кырдаал ыраазы кылбаган  адамдар калышат. Кандай караган күнү да, бизде мындайлар – калктын жарымы. Мында адамдардын лидерлерге эмне кереги бар, айтпаса да түшүнүктүү: мүлк жана жумушчу күч. 

Бардык секталардын биринчи белгиси – лидерлин бардыгы, алар өздөрүн Мессия, Куткаруучу жана Кудай деп эсептешет. Мисалга, «Фалуньгун» лидери  Ли Хунчжи  өзүнүн  «Чжуань фалунь» китебинде мындай деп жазган: «Окуучулардын өзүн өнүктүрүүсүнө жардам берүү үчүн, мындай кылуу керек: менин китебимди алып (анткени анда менин сүрөтүм бар)  же менин сүрөтүмдү алып, Будда окутуучусун менден суранганга окшоп, сүрөттү ыйыктандырып берүүнү сурангыла. Болгону жарым минуттан кийин бул маселе чечилет». Комментарийдин да кереги жок.

Экинчи белги – иерархия, жашырын диний окутуулардын, ырым-жырымдардын болушу, о.э. диний наам берүүнүн жашырын даражалары. Сектанын лидеринин жакындары бар, аларга жетүү үчүн, бир нече баскычтар менен даражалардан өтүү керек, муну үчүн  «жакшылап иштөө» керек. Ошол эле иерархия адепти окутууда, ал акырындык менен башталат, баскычтуу жана көп учурда акы төлөп кирет. Мисалга, саентология сектасында  Рона Хаббарда, акысын төлөп, баштапкы курсту өткөндөн кийин эң кызыктуусу кийинки курста болоорун көрөт, аны үчүн акы өзүнчө  төлөнөт. 


Бардык секталардын милдеттүү шарты – катуу тартип, бардык эрежелерди кынтыксыз аткаруу, чогулуштарга баруу, лидердин өзүнүн же анын жакындарынын буйруктарын аткаруу. «Субординация» так сакталат  – сектанын үчүнчү белгиси ушул. 

Ал эми төртүнчү белгиси тандалганы жана фанатизм. Сектанттар конструктивдүү сүйлөшүүгө жөндөмдүү эмес, башка диний жана руханий көз караштарга чыдамкайлык менен мамиле кыла алышпайт. Алар дайыма бардык диндер жана диний агымдар менен согуштук абалда турушат,алардын пикири боюнча  «чындыкка жана куткарууга ээ эмес».

Бардык секталардын бешинчи белгиси –эртеби, кечпи бардык секталар «асмандагы  банкка»  акча салууну сунуштап башташат, же алар кымбат буюм сатып алууга үндөйт. Курмандык батирин сатат, акчасын өзүнүн башкы сектантка берет. Бул тармакта акча табуунун башка жолу – сектанттар мүмкүн болушунча көп журнал сатып алышы керек (андан кийин аларды акысыз таратышы керек). Мындай журналдын баасы өз баасынан 10 эсеге көп болот. Кришнаиттердин бизнеси ушундай жол менен курулган. 

Алтынчы белги – сектадан кетүү кыйын, кээде таптакыр мүмкүн эмес, анткени, биринчиден алар дайыма адамды жаманатты кылуучу материалдарды табышат, анткени ар бир адам сектага кирээрдин алдында “сыйынуунун” өзгөчө иш чараларында же анкетаны толтурган кезинде айтышат, жана шанташ кылуудан да кайра тартышпайт.  Экинчиден, сектага кирген  адам аны салттуу коомдук жана нравалуулук байланыштарынын сыртта кое турган бир иш кылышы керек, ал өз ата-бабасынын ишениминен чыгышы керек, айрым учурда ал, өзүнүн мурдагы жашоосуунун жаңылыштык экенин тастыктаган кат да калтырат. Үчүнчүдөн, сектаны таштап кетүүнү каалаган адам өзүнүн мурдагы  «бир туугандары» тарабынан коркутууларга жана куугунтуктоолоруна туш болот.  

Сектанын башкы максаты – адамдын ойлонуучу психикасын бузуп, аны өз максаттарына багынтып алуу.

Эксперт Александр Чаусов  мындай дейт: «Сизге кадырлуу бир сектантты бекитип коюшу мүмкүн, ал барктуу түр көргөзүү менен сизге культтун окууларын үйрөтүп  баштайт, аны менен катар бул культту окуу – жалгыз туура жол экенин, бул культту окууга каршылык көргөзүү – пайдасыз экенин, анткени ал жалгыз туура жол экенин далилдей берет. Эгер сиз каршылык көргөзө турган болсоңуз, ага каяша айтып,  ар кайсыны сурай берсеңиз – сиздин жол көрсөтүүчүңүз сиз менен талашып отурбайт. Ал болгону, сиз минтип атлашып отурсаңыз, өзүңүздү жаман алып жүрсөңүз анда жакшы адамдарды таарынтып коеруңузду гана түшүндүрүп коет. Ошондо, алардын  жылуу мамилеси жок калышыңыз мүмкүн. Анан, өзүңүз да байкабай оозуңузду жаап каласыз. 

 «Чындыкты кабыл алуу» менен катар сиздин «башкалардай эмес экениңизди» калыптандырышат. Бул жерде баары бар: жеңил  шизофрения, бирок сиз буга окшогондорду ойлонбой каласыз. Бул процесстин  алкагында сизге жүктөлгөн маалыматтык блок сизди «башкалардай эмес экениңизди» мүнөздөйт. Б.а. бир жагынан, жамаат – бул кандайдыр бир адамзаттык монолит, жамааттагы элдердин өз ара ички тили бар, өзүнүн иерархиясы бар, бир эле доктриналык адабиятты оушат, жада калса окшош кийинишет. Бирок, ушул эле учурда баары – тандалмалар, алар бардык дүйнө жүзүндөгүлөрдөн айырмаланып турушат. Жамааттын мүчөлөрү кайсы бир Чындыкка ээ, калган дүйнөнүн баары –ага ээ эмес. Сиз тандалмалар жамаатында гана тандалма болосуз. Андан сырткары, сизге тандалмалар менен гана жашай аласыз деген ойду жеткиришет. Сырттагылар менен тыгыз мамиледе болуу сунушталбайт. Айтор, бул даяр».

Кайрылуу ыкмалары көп учурда трансформацияланат  (чыныгы экономика секторунда мына ушундай динамика менен ийкемдик болсо гана). Мурда  «көңүл буруу менен бомбалоо» вербовкалоонун милдеттүү белгиси болчу. Эми, секторго каршы маалыматтык кампания элдерге кандайдыр бир маалымдуулук бергенден кийин, ыкмалар өзгөрө баштады. Мисалга, ошол эле Ак чиркөөнүн жогоркулары үчүн «тез жыйын» (нускама)  мындай:  «Мындан кийин үйлөрдү кыдыруу болбосун, өтүп бараткандарды колдон алып жетелебегиле. Сектанын жаңы мүчөлөрү  менен эч кимдин көңүлүн бурбагыла. Буга көпчүлүгү шектенүү менен мамиле кылышат, сактанышат жана «кудайдын үйүн» таштап кетишет. Эми чиркөө туурасындагы маалымат Кыраатсыз маркетинг принциби боюнча таркатылат. Б.а. идеяны товар катары өзүнүн тааныштарына. Кесиптештерине, үй-бүлөдөгү жана жумушундагы көйгөйлөргө даттанган адамдарга сунуш кыласың.  Үгүтчүлөр толугу менен иштин ушул стилине багытталышкан. Кааланып жаткан адамга  бардык көйгөйлөрдү  чечүүгө мүмкүнчүлүк бар экенин айтасың. Анан,адам өзү  суроо берип баштаганга чейин эч нерсе кылбаш керек».

Эми жаңы кызыгып баштаган адамды жок дегенде 10 жыйын «байкабай коюу керек». Мейли, өзүнчө келе берсин, өзү жардам сураганга чейин. Анын суроолоруна кыска жана табышмактуу жооп берүү, аны менен талашка түшпөө, «силер кимсиңер, чоңдоруңар ким»  деген сыяктуу суроолорго-  чындыкка коошо турган юридикалык маалыматарды берүү. Болгону,10 жыйын өткөндөн кийин гана адамга  «үйдөгү жамааттарды» сунуш кылып башташат. Бир сөз менен айтканда, ыкмаларга эмес, максаттарга көңүл буруу керек, алар адам кандайдыр бир сектанттык төбөлдөрдөн көз каранды болгонго чейин  эле түшүнүктүү болуп баштайт.

Эмне кылып жардам берүү керек?

Эгер сага жакын адамга же тууганың сектага кирип калса эмне кылуу керек? Жакын адамыңызга сектанын диний окуунун маанисиздигин жана анын жүрүш-турушунун туура эместигин айтып түшүндүрүүнүн кереги жок, бул дагы жаңжалдын күчөшүнө жана мамилелердин бузулушуна алып келет. Өзүңүздүн жүрүш-турушуңуз менен өз жакыныңызга издөөгө анын укуктуу экенин, сиздин ага макул экениңизди көргөзүңүз, ал өзү каалаганын тандоого укуктуу экенин,жакыныңыз сизге өзү жакын экенин көргөзүңүз. Бир жагынан алганда, сиз өз пикириңизди өзгөртпөгөнүңүз туурасында, же болбосо, сиздин жакыныңызда болуп өткөн өзгөрүүлөрдү кабыл алганыңыз тууралуу эч качан көргөзбөңүз. Бул анын сектага болгон дакындоосун бекитет же ал сиздин калп айтканыңызды билип калып, сизге болгон ишенимин таптакыр жоготот.
Сүйлөшүп, бир пикирге келүүгө аракет кылыңыз, сиз анын  «уюмун» сындаган жоксуз («секта» термини, албетте, сиздин жакыныңыздын ачуусун келтирет, андан көрө ал сөздөн качууга аракет кылыңыз), ал үйдө үгүт кылган жок жана үй-бүлөнүн башка мүчөлөрүн тартууга аракет кылган жок.  

Сиз анын жүрүш-турушундагы жана айткандарындагы карама-каршылыктарга көңүл бурдурууга аракет кылыңыз, ошол эле убакта, бул карама каршылыктарды түшүндүрүүгө мажбурлабашыңыз керек: сиздин милдет – аны сектадан алаксытуу. Ошондой эле анын мурдагы жашоосундагы жана бала кезиндеги жакшы учурларды көбүрөөк эстетиңиз. Бул анын үй-бүлөсү жана коом  менен болгон байланышын сактоого жардам берет, секта, мына ушундан көбүрөөк оолактатууну көздөйт. Эч качан ага акча бербегиле – бул баңги затын колдонгон адамга баңги бергендей эле маселе,  сиз берген акчанын баары кандай болгон күнү да сектага кетет.


Сиздин жакыныңыз же таанышыңыз дуушар болгон бул секта тууралуу мүмкүн болгон маалыматтардын баарын чогултуңуз, бирок андан жашырын түрдө, бул анын ачуусун келтирип, ансыз да солгундап турган ишенимин кетирет. Бул маалымат укук коргоо органдары, журналисттер же психолог менен болгон баарлашууда кереги тиет.  Башкысы – аракетиңерден кайтпагыла.

Айгуль Токобаева 

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине