Сууга таазим…

22:04, 24 Января 2018

18- жана 19-январда Кыргызстандын бардык православдык чиркөөлөрүндө Ыйса пайгамбар чокунган күн майрамына карата суу ыйыктандырылып, салтантаттуу диний ырым-жырымдар жасалды. Ушундай суу укмуш, таңгалычтуу сапаттарга ээ болот деген ишеним бар.

Кут түшкөн суунун артында эмне сыр жатат болду экен – адамдын сырдуу нерсеге кадыресе ишенимиби же сыры чечиле элек көрүнүшбү?

Сүрөттө: Ар-бир жыл сайын Ыйса пайгамбар чокунган күнү Кыргызстандын көлмөлөрүндө анын суусун ыйыктандыруу жөрөлгөсү өтүп турат. Ал жөрөлгө жасалаары менен элдин көбү суукка карабай муздак сууга түшүп, суудан чыкканда өзүлөрүн сергек, жакшы сезишет.

Чокунамын, жакшылык кыламын

Кыргызстандыктардын айрымы ыйык сууну алыш үчүн чиркөөгө барышат, ал эми кээ бирлери суукка карабай муз тешигиндеги сууга түшкөнгө да даяр. Мисалы, толтура адамды чогулта турган ушундай жөрөлгө жыл сайын Кара-Балтанын жанындагы Чоң азапты тарткан Димитрий Солунскийдин Сосновкадагы храмында өтүп турат, христиандар майрамдык жүрүш менен тоо суусу Карабалтинкага келип, анын суусуна чумкуп, күч-кайраттуу жана ден соолуктуу болгулары келишет.

Чокунуу майрамы (крещение) Жакынкы Чыгышта жашаган Назареттик Христостун Иордан суусуна Иоан Предтечага чокунууга келген күнү белгиленет. “Крещу” сөзүнүн (гректердин “баптизо” сөзүнөн) мааниси “чүмкүү”, Ыйса чүмкүнүп, тазаланган. Ошондон бери дарылык касиети бар сууну агиасма деп аташат. Бул суунун сыйкырдуу касиети тууралуу биринчилерден болуп III кылымда жашаган Иоанн Златоуст жазган.

Чокунуу майрамы күнү ал эмес кабаттуу үйлөрдөгү хлордолгон суу дагы укмуш касеттерге ээ болуп, эч бузулбай көпкө сакталаары тууралуу ишеним элде күчтүү. Анын түзүмү өзгөрүп, адам организмина пайдалуу болуп, анын биоталаасын күчөтүп, иммунитетин бекемдетет имиш. Буга ишенгендердин айтымында, сууну эртең менен ач карын аз-аздан ичүү зарыл; эгер кичинекей балага агиасмадан такай берип турса, анын ден соолугу чың болуп, эч качан сасык тумоолобойт; бул суу менен бетти жууган да, малды жана өсүмдүктөрдү сугарган да жана маал-маалы менен үйгө чачып турган да пайдалуу.

Анын сыры эмнеде болду экен?

Буга ишенбегендердин айтымында, бул суунун эч кандай деле сыры жок. Агиасманын көпкө бузулбаганын алар – ошол эле храмдагы поптордун суу куюлган идишке күмүш чырымдарды салышы менен түшүндүрүшөт, ал эми күмүштүн иондору суюктукту микробордон тазалаган касиетке ээ экени белгилүү. Ошол эле кезде суу кыш маалында алынып жатат, а бул кезде суудагы зыяндуу микробдор эң аз өлчөмдө болот.

Көп окумуштуулар ооба, бул феномен бар деп моюнга алгандары менен, аны ар-башкача түшүндүрүшөт. Мисалы, айрым окумуштуулар бул күндөгү жердин магниттик талаасынын өзгөчөлүгүнө шилтеме кылышат. Чокунуу күнү ал кадыресе чектен чыгып, жер бетиндеги сууларды магниттештирет имиш, суунун оптикалык тыгыздыгы өзгөрөт.

Башкалары болсо, бул күнү нейтрондор башка күдөргө караганда 100-200 эсе көбүрөк болгондон дешет. Агиасмада ион-радикалдардын саны көп болуп, ток өткөрүмдүүлүгү чоң болот, ошого жараша суу жумшак болуп, pHтын деңгээли иреттүү болот, суюктуктун кычкылыдыгы төмөндөйт.

А бирок, бир чети, эмне үчүн суу адамды айыктыраары: суу ушундай касиетке ээ болгондуктанбы, же суу адамга жардам берээрине адамдар буга ишенгендери үчүнбү, анын себеби анчалык деле маанилүү эмес!

Баса, менин агам бир кезде Израилге барып, көлмөдө балыкты өстүрүүнү бир ай үйрөнүп келген. Үйгө кайтып келе жатып Ыйса пайгамдар чокунган жердеги ыйык суудан ала келген эле. Ал дарылык касиети менен биздин катуу таңгалтырган болчу. Бирок бат эле түгөнүп калбадыбы...

Андан кийин бакыт кушу мага да конуп, мен өзүм Израилге барып калдым! Туугандарым дароо эле тапшырма беришти, баарыбызга жеткендей көбүрөөк ала кел деп. Айткандарын эки кылбадым. Бир канистра Иордан суусунан алып келдим. Айта кетиш керек, Израилде бул иш жакшы жолго коюлган. Суу алгысы келген туристтердин катары суюлбайт. Сууну белек-бечкектер дүкөнүндө да атайын кутуга куюп, сапатын жана накталыгын күбөлөгөн сертификаттары менен сатышат. Маркетинг ишин туура койсоң ыйык суудан да акча жасаса болоорун көрөсүң!

Сүрөттө: 2017-жылдын ноябрында Меккедеги “Аль-Харам” мечитинин администрациясы “Зам-Зам” суусун куюп сакташ үчүн 5 миң жаңы идиштерди жана 4000 кулер алышкан.

Атактуу кудуктун сыры

Христианчылык жана иудаизмден сырткары башка диндердин да ыйык суулары бар. Мисалы Исламда.

...Чаңкаган ымыркай Исмаил суу сурап басылбай ыңаалап жатты, бирок энеси Хажар күн куйкалаган араб чөлүндө аны кайдан табаарын билбей турду. Анын жолдошу, ошол эле кезде пайгамбар Ибрагим “Бул да Кудайдын сыноосу”, - деп кете берди.

Хажар Кудайдан аларды өлүмдөн сактап калуусун жалынып-жалбарып, сурана баштайт. Аллах ырайымдуу экенин баарыбыз билебиз. Анын буйругу боюнча Жабраил периште (христианчылдар аны Гавриил деп аташат) асмандан жерге түшүп келет. Буту менен жерди тепкенде, булактын көзү ачылып, суу ага баштайт.

“Мына сага!” – деп таңгалат Ибрагим, аман сактап калгандыгынын урматына ошол жерде Кааба сыйынуучу жайын курат, кийин ал “Аль-Харам” мечити катары белгилүү болду. Бара-бара “Зам-Зам” аталган кудуктун айланасына элдер отурукташа башташат, мына ошентип атактуу Мекке шаары жаралат.

Жыл сайын Саудияга ажылыкка миллиондогон адамдар келишет, алардын арасында 4500 Кыргызстандын мусулмандары да бар. Ар-бири Мукамбет пайгамбар сыяктуу “Зам-Зам” суусунунан ооз тийгенди эңсейт. Ал бул сууну “дүйнөдөгү эң таттуу суу” деп атайт эле, Мединага баратканда өзү менен ала кеткен, “азыктаткандардын тамагы жана оорулардын дабасы” деп эсептеген.

Кылымдап “Зам-Замга” хашим урууларынан чыккан суу куйгучтар, б.а. замазимдер көз салып турушкан. Алар азыр да ажылыкка келген мусулмандарга сууну мармар менен жасалгаланган бөлмөгө ташып келип берип турушат.

Эгер байыркы жазууларга ишенсек, ким бул суудан ууртаса ал эч качан тозокко түшпөйт, анткени тозоктун оту “Зам-Зам” суусу бар жерге эч жолобойт экен.

Сүрөттө: Сауд Аравияга ажылыкка келгендер Каабанын жанындагы “Зам-Зам” суусунан ооз тийишүүдө.

Жараны жуусаң – изи да калбай айыгат

Кайсы каалоо-тилек менен ичсең, ошол ишке ашат. Ал эми эмнени адатынча адамдар тилешет? Туура – ден соолукту. Ошону үчүн дүйнө бетиндеги бардык ноокастагандар “Зам-Замдан” ооз тийүүнү самашат.

Араб химиктери суунун курамын анализдеп көрүшүп, анда зыяндуу заттар жана сууну бузулушуна себепкер боло турган органикалык заттар, коркунучтуу металлдар, фосфаттар, сульфаттар, нитраттар жана дагы башка зыяндуу заттар жок экенин аныкташкан. Ошол эле кезде анда адам организмине пайдалуу магний, кальций, сода, түрдүү микроэлементтер жана бактерияларды өлтүргөн фториддер бар экен.

Ажылыкка бараткан досторуман мага да “Зам-Зам” суусунан бир-эки бөтөлкө ала келүүсүн дайым суранам. Баргандары алып келип турушат. Ооба, шаарыбыздагы атайы дүкөндөрдө перс булуңундагы өлкөлөрдүн товраларын, анын ичинде “Зам-Зам” суусун да тапса болот дечи. Бирок алардын баасы өтө эле кымбат, а бул жерде бекер алып келип берип жатышпайбы!

Эгер өзүм “Зам-Зам” суусунан колдонуп турбасам, анын дарылык касиетин жоготпой жылдап сакталып тура берээрине түк ишенбейт элем. Жээндерим кээде тентектик кылып, көздөрүнөн от чыккандай болуп кашекке катуу урунуп алган учурлар болот. Көгөрөөрү шексиз. Бирок урунган жерин суулап койсоң – из да калбай калат. Кайра шоктоно башташат!

Сүрөттө: Манжылы-Ата – Ысык-Көлдүн тескейиндеги ыйык жер…

Тамчы ташты жешет

Окурмандардын кээ бирлери “биздин Кыргызстанда деле андай булактар толтура, а кээ бири андан да ашат” деши мүмкүн. Туура, мисал катары “Манас” эпосунда да айтылган, касиеттүү булактары бар, Ысык-Көлдүн тескейинде жайгашкан Манжылы-Атаны алсак болот. Азыр бул жерде эл арасында белгилүү болгон сопуга арналган объекти, зыяратчылар үчүн жатак үй, тамак-аш жасай турган жер, коноктор үчүн стенддер, ырым-жырымарды өткөрүү үчүн боз үйлөр бар...  

XVII кылымдан баштап эл бул жакка ата-бабаларынын арбагына сыйынып, дарттарынан арылыш үчүн кумдуу дөбөлөрдөн чыккан булактын суусунан ичкени келип турушат. Бул жердин суусунун касиеттүүлүгү алыска тарагандыктан, туроператорлор Ысык-Көлгө келген конокторду да автобус менен атайы бул жакка алып келип турушат. Чет элден келгендер да аз эмес. Ар-бир булактын өз аталышы бар, мазарга көз салган адамдын айтымында, ар-бир булактын суусу да бир-биринен айырмаланып турат, даамы да башка, ар башка оорууларга шыпаа. Бир булактын жанында жүрөгү, бөйрөгү ооругандар топтолуп турса, башкасына көздөрү ооругандар, гипертониктер барышат, үчүнчүсү болсо – сөөгү сыздап ооругандарга, тукумдуулугу начарларга пайдалуу...

Ал эми Кыргызстандын түштүгүндө, Ош шаарынан 70 км аралыкта Ноокат районунун кооз өрөөнүндө атактуу Абшыр-Ата шаркыратмасы жайгашкан. Ак көбүктөнгөн суу тээ бийиктен кулак тундуруп күрүлдөп кулайт. Суунун урунганынан жаралган суу чаңы булут сымал суу түшкөн жерде илинип турат, жакын барган адамдын кийими заматта суу боло түшөт.  

Сүрөттө: Ош областындагы Абшыр-Ата шаркыратмасы. Зыяратчылардын айтымында, шаркыратманын суусу дарылык касиетке ээ. Адамдар кайра бул жерге кайрылып келиш үчүн сууга таш ырыгытуу ырымын кылышат.

Суунун буркан-шарканы чоң таасир калтырат.

Баарынан кызыгы, Абшыр-Атанын башы кайда экенин эч ким билбейт! Тоонун үстү эч бир булак көрүнбөгөн таш тегиздиги. Суу болсо 15-20 метр бийиктикте жардын бетинен агып чыгат. Сыягы тоонун ичинде миллиондогон жылдардын аралыгында сыртка жолду тапканга жетишкен артезиандын булагы бар болушу керек. Минералдык туздары бар суу даамдуу гана болбостон, анын дарылык касиети да бар, айрымдар аны ыйык деп да аташат. Ошону үчүн бул жерде сыйынып, суусунан ооз тийгени келгендердин аягы үзүлбөйт. Идиштерге суудан толтуруп, өзүлөрү менен да ала кетишет. Макаланын автору да бул суудан алып, бишкектеги досторуна ооз тийгизген эле. Бардыгы тамшанып гана жатып калышты.

Жардам береби – шүгүр!

Менин божомолумда, “Зам-Зам” суусунун жана да башка ыйык булактардын күчү алардын сыйкырлуу касиетинде эмес, ар-бир суу табигатынан энергомаалыматтык касиеттерге ээ болгонунда. Бул укмуш субстанциянын өзгөчө бир эси бар, айланасында болуп жаткан нерсеге жараша өзгөрүп турат, муну бир катар илимий эксперименттер тастыктаган. Жер бетиндеги биринчи жашоо алгач ушул Н2Одо жаралганы бекеринен эмес болушу керек!

Ошондуктан, сыйынууга адамдар көп келген, алардын жакшылыкты каалоосунун чоң энергиясы топтолгон жердеги дээрлик бардык суу укмуштуу касиеттерге ээ болот. Айлана-чөйрөнүн аурасы да, ыйык тутуп, ардактап, жакшы каалоо-тилектер менен сууну ууртаган адамдардын өзүн өзү ишендирүү фактору да суунун касиетин арттырат. Жардам береби – шүгүр!

Азиз КАРАШЕВ

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине