Кыргызстандыктардын кимисин Интерпол издеп жатат?

16:16, 11 Апреля 2018

Эл аралык полиция уюму Интерполдун “кызыл циркулярында” 22 Кыргызстан жарандарынын ысымдары бар. Алар ар түрдүү кылмыштарга шектелип келишет. Тизмектегилердин туптуура жарымы, башкача айтканда 11и, Орусия Федерациясынын укук коргоо органдарынын издөөсүндө.

Кыстырма, 2015-жылы циркулярда 160 Кыргызстан жаранынын ысымы бар болчу. 2016-жылы болсо 312 мекендешибиздин. Бул маалыматтар бир айдын ичинде эле өзгөрүп кетиши мүмкүн – тергөө иштери такай жүргүзүлүп турат, бирөөсүн кармашты, экинчисин акташты дегендей.

Интерполдун тилинде “кызыл циркуляр” – бул эл аралык полиция уюмунун кенен тармагы аркылуу таркатылган өзгөчө билдирүү. Ал издөөдөгү адамды тез арада камап, аны издеп жаткан өлкөгө өткөрүп берүүнү түшүндүрөт. Башкача айтканда “кызыл циркуляр” – дүйнөлүк деңгээлде колдонулган камакка алуунун эл аралык ордери.

Интерполдо издөөнүн эки түрү бар: кадимки жана ыкчам. Биринчи учурда издөөнүн демилгечиси болуп жергиликтүү укук коргоо органдары чыгат, алар көмөк көрсөтүү суранычы менен өз өлкөсүндөгү Интерполдун улуттук бюросуна кайрылышат. Билдирмеде издөөдөгү кылмышкер тууралу бардык маалыматтар камтылат. Андан кийин Генералдык секретариат уставдын негизинде чечим чыгарат: эл аралык издөөгө алынсынбы же жокпу деп. Эгер сураныч канааттандырылса уюмдун сайтында издөөгө алынган адамдын сүрөтү кызыл белги менен жарыяланат. “Кызыл циркуляр” деген аталышы мына так ушуга байланыштуу. Маалымат бардык өлкөлөргө жиберилет. Экстрадицияны ар-бир мамлекет өз мыйзамдарынын чегинде жүргүзөт. Эч бир адамды эч бир мамлекетке өткөрүп бербеген мамлекеттер да бар. Ыкчам издөө – бул эл аралык кылмышкерлерди издөө.

2018-жылдын февралына карата кыргызстандыктар боюнча маалыматтарда мурдагы мезгилдерге салыштырмалуу өзгөчөлүктөр байкалат – бул тизмекте азыр бир да саясий фигурант жок. Мурдагы президенттер Акаев менен Бакиевдин айланасындагы жана алардын администрациясындагы бир дагы адам, бир да аткаминер жок. Качып кеткен президенттердин администрациялары менен байланыштары бар бир дагы ишкердин ысымы аталган эмес. Мурда бул циркулярда Бакиевдердин бүт үй-бүлөөсү жана аларга жакын ишкерлер бар болчу.

Былтыр Кыргызстанда Интерполдун суранычы боюнча бир нече камакка алуулар болгон. Мисалы, 17-февралда Бишкекте Токтогул жана Калык Акиев көчөлөрүнүн кесилишинде 1957-жылы төрөлгөн Израилдин жараны кармалган, аны Казакстандын улуттук бюросу алдамчылык үчүн издөөгө алган.

Июлда Чүй областында 1988-жылы туулган Кытай жараны камакка алынган. Аны да Казакстандын бюросу мыйзамсыз миграцияны уюштургандыгы үчүн издеп жүргөн. Кытай жараны документтерди окшоштуруп жасап, жумушка жана такай негизде жашоого визаларды, уруксаттарды алган. Жүздөн ашык чет элдиктерди алдап кеткен. Алар негизинен кытай жарандары болгон. 2016-жылдан бери ал коңшу өлкөнүн укук коргоо органдарынан жашынып, из суутуп жүргөн. Аны кармашканда башка Кытай жаранынын паспортун көрсөткөн.

Сентябрда 1967-жылкы башка Кытай жараны кармалган. Аны Кытай бийлиги Шаньдунь провинциясындагы кылмыш иштери үчү издеп жүргөн. Кыргызстандын аймагында ал 2013-жылдан бери болуп, ишкерлик кылып келген. Ал Кытайга экстрадиция кылынган.

Сүрөттө: Эки-үч жыл мурун Интерпол Бишкекте Казакстандын жаранын кармаган, ал каракчылык жана адамды өлтүргөндүгү үчүн издөөдө болчу.

Интерпол издей тургандай биздин жарандар эмне кылмыш кылышты? “Кыргызстандык тизмектин” басымдуу бөлүгү эл аралык террористтик уюмдарга көмөктөшүүсү үчүн изделүүдө.

Орус бийлигинин суранычы боюнча издөөгө алынган кыргыз жарандарынын ысымдары: 1985-жылкы Ташматов Мансур; 1983-жылкы Жураев Айбек; 1985-жылкы Махмудов Абдусамат жана 1986-жылкы Юсупов Равшанбек.

А булар Кыргызстандык улуттук бюронун сурамы менен изделгендер: 1995-жылкы Мухаммедислам Юлдашев; 1985-жылкы Исаков Ильхом; 1985-жылкы Бакытбеков Аскарбек; 1990-жылкы Мухтаров Сирожиддин; 1970-жылкы Сабиров Ильяс; 1971-жылкы Жантороев Бурханиддин; 1991-жылкы Саттыбаев Изатулло жана 1980-жылкы Бахадыр Исматиллаев.

30 жаштагы Кундуз Дөөлөтжанова бул тизмектеги гана эмес, жалпы эле “кызыл циркулярдагы” жалгыз аял болуп эсептелет. Документте ал “жалданма аскер жана террористтик уюмдун мүчөсү” деп сыпатталат. Ал тууралуу кыргызстандыктар 2015-жылдагы укук коргоо органдарынын билдирүүлөрүнөн билишти. Бул билдирүүлөрдө Ысык-Көл областындагы бир үй-бүлө толугу менен “Ислам дини” үчүн согушууга Сирияга кеткени айтылган болчу.

Экинчи топко кылмыш жасагандар, адам өлтүргөндөр, зордуктагандар, каракчылык кылгандар кирет. Орус бийлигинин сурамы боюнча төмөнкү КР жарандары издөөгө алынган: 1981-жылкы Мейманбаев Съездбек; 1979-жылкы Кыдыргучев Бекболот; 1994-жылкы Анарбек уулу Заирбек; 1991-жылкы Туратов Ислам; 1990-жылкы Исламбек уулу Нурбек жана 1989-жылкы Мирзажанов Рахмутулло.

Кыргыз бийлигинин сурамы менен 1970-жылкы Суванов Мансур изделип жатат. Ал жасалма акча жасагандыгы үчүн изделүүдө. Орусиялыктар жана бизден сырткары кыргыз жарандарын чехтер да издеп жатышат. Чехиянын улуттук Интерпол бюросунун сурамы боюнча 1981-жылы туулган Насретдинов Руслан изделүүдө. Ага зордуктоо жана мыйзамсыз кылмыш топторунун иш алып баруусуна катышуу күнөөлөрү коюлган.

“Кызыл циркулярда” КР жарандары катары башкалар да аталат. Мисалы, 1982-жылкы Илья Плотниковдо Орусиянын жана да Кыргызстандын жарандыгы бар деп көрсөтүлгөн, ошол эле кезде анын туулган жери катары орусиянын Сургут шаары белгиленген. Аны жана дагы бир катар адамдарды 2014-жылы Ханты-Манси автоном округуна караштуу Пыть-Ях шаарындагы мечитти жардырууга аракет кылган деп күнөөлөшүүдө.

Кыргызстандык күч түзүмдөрдүн сурамы боюнча Интерполдун “кызыл циркулярына” Орусиянын жараны Юрий Верещагин жана Казакстандын жараны Максим Яковлев киргизилген. Аларга башка бирөөнүн менчигин мыйзамсыз тартып алышкан деген айып коюлууда.

Биздин редакция маал-маалы менен бул издөө иштери тууралуу маалымат берип турмакчы. Сөзсүз Интерпол макул болгон маалыматтарды гана – бул уюм менен эч ким урушкусу келбейт да.

Мурат Пашаев

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине