Коррупцияны жеңүүгө болобу?

12:06, 6 Февраля 2015

Коррупция  коомду курутуп жатат – бул бүгүнкү Кыргызстандын тенденциясы. Биз күн сайын майда коррупциялык схемалар менен кагылышабыз, айрымдарына өзүбүз да катышабыз. Анан, кайсы жакшы, кайсынысы жаман экенин, кайсы мыйзамдуу, ал эми кайсынысы мыйзамдуу эмес экенин өзүбүз да сезбейбиз. Коррупция биздин жашообузга ушунча терең сиңди.

Коррупцияны жеңүүгө мүмкүн эмес деп эсептелет. Бирок, андай эмес. Бардыгы тигил же бул ведомствонун саясий эркинен көз каранды.  Ош областынын Араван районунун мисалында коррупциялык схемаларды кантип чечүүгө болоору туурасында эки мисал келтире өтөлү.

Өтө муктаж эмес адамдар жакырчылык боюнча жөлөкпулду кантип алышат

Кичинекей адамдын психологиясын  түшүнүү оңой: «Эгер депутаттар менен  министрлер өздөрү  уурдап  жаткандан кийин, бизди кудай өзү кечирет!» Алардын пикири боюнча  бул уурулук да эмес, болгону мамлекеттен айына 500-700 сомду мыйзамсыз алуу. Бир үй-бүлөнүн же бир кишинин алкагында, мүмкүн, бул акча көп эместир. Бирок район, область, республика  боюнча мындай алуучуларды санай келсек, анда келтирилген зыяндын канчалык чоңдугун көрөбүз.

Эң төмөнкү деңгээлдеги коррупциялык чиймени Ош областынын УКМК МБ Араван райондун бөлүмүнүн кызматкерлери таап чыгышкан. Ал аз камсыз болгон көп балалуу үй-бүлөлөргө жөлөк пул дайындоодо колдонулуп жүргөн. 

«Ар бир жылдын башталышында айыл башкармалыктарында мамлекеттик жөлөк пулдарга муктаж болгон үй-бүлөлөрдүн жана адамдардын тизмеси түзүлөт, - дейт УКМКнын ыйгарымдуу опери. – Аларды айыл өкмөтүнүн башчылары жана жооптуу катчылар түзүшөт. Бул тизмелер текшерилип чыгып, райондук соцөнүгүү бөлүмүнө жиберилет. Ал жактан дагы бир жолу такталып,Бишкектеги борбордук аппаратка жөнөтүлөт. Мына ушул суммалардан алып, калктын муктаж болгон категориясына мамлекеттик жөлөк пул алуучу бөлүгүнө бюджеттик каражат бөлүнөт».

Бир жылда  Араван районуна көп балалуу үй-бүлөлөргө жардам катары 100 млн.сомдон ашык акча бөлүнөт. Оперативдүү маалыматтар боюнча чекисттер, жөлөк пулду бир гана муктаж эмес аз камсыз болгон категорияга кирбеген адамдар да алып жаткандыгын такташкан. Текшере башташканда, бөлүнгөн мамлекеттик жөлөк пулдардын 45 % көбүн мыйзамсыз жана негизсиз алышаары билинген.

Схема кандай иштеген? Чекисттин сөзү боюнча, эл өз кирешелерин жашырышат. Мыйзам боюнча, эгер үй-бүлөдө транспорттук каражат бар болсо, эгер үй-бүлө башчысы иштесе, ишкердик ишмердүүлүк менен алектенсе же башка кирешеси бар болсо жана кирешеси бир үй-бүлө мүчөсүнө коюлган чек 650 сомдон  ашса, анда мындай үй-бүлө мамлекеттик жөлөк пул алуучулардын категориясына кирбейт.

650 сом кичинекей акча, бардар үй-бүлө үчүн арзыбаган тыйын. Бирок,  кирешеси ушул суммага да жетпеген үй-бүлөлөр да жетиштүү.  

Эгер кирешеңиз жогоруда айтылган чектен ашып жатканына карабай, ай сайын кошумча тыйын алгысы келип жатса эмне кылуу керек. «Бул акчаларды мыйзамсыз алуу үчүн элдер 500 сомду сыйлык катары беришип, муктаж болгон адамдардын тизмесин түзүшкөн айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине «сүйүнчү пулдан» шаттуу сыйлык беришкен. Башкы аргумент катары, алардын сүйгөн сөзү бул: «Бул сенин акчаң эмес да, мамлекеттики. Сараңданба, мен ыраазы кылам, «сүйүнчү пул» берем. Текшерүү процессинде материалдык жактан жакшы камсыз болгон, экиден-үчтөн машинасы бар,эки кабат үйү, өз бизнеси бар  үй-бүлөлөр дагы балдарына жөлөк  пул алаары белгилүү болгон»,- дейт  УКМК кызматкери.

УКМК башкармалыгынын кызматкерлери Эсеп палатасы менен биргелешип, бир гана Араван районунун жөлөк пул алуучуларына кылдаттык менен текшерүү жүргүзүшүп,  кызыктуу бир көрүнүштү  табышкан. 2012-жылы 1- сентябрга карата мамлекеттик жөлөк пул алууга муктаж болгондордун тизмесине 13 657 жаран кирген. 2013-жылы алуучулардын саны дагы көбөйүп, 14 060 адамга жеткен. Ал эми 2014-жылы район боюнча аз камсыз болгондордун саны  15 миңди түзгөн. Укук коргоо кызматкерлери текшерүүнү баштаары менен аз камсыз болгондордун саны кескин түрдө 7 миң жаранга азайган.

Факт боюнча КР ЖК 304-беренесинин 2-бөлүгү (кыянаттык менен пайдалануу), 316-берене( алдамчылык) боюнча жазык иши козголду. Тергөө ишке катыш адамдардын аттарын азырынча айта элек, бирок анда соцөнүгүү министрлигинин райондук башкармалыгынын кызматкерлери да бар.

«Мындай схема Кыргызстандын  ар бир районунда «иштейт», - дейт оперкызматкер. – Биз, Кыргызстандагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоо үчүн 4 млрд.сом бөлүнөөрүн эсептедик. Эгер анын 30-40 пайызы мыйзамсыз бөлүнүп жаткан болсо, анда кылдаттык менен текшерүү жүргүзүү жолу менен бир эле схема боюнча  мамлекеттик бюджеттин 1,5 млрд.сомго жакынын үнөмдөсөк болот экен».

Асылбек Кожобеков, Ош шаары жана Ош областы боюнча УКМК МБ начальниги мындай деп түшүндүрөт: «Бул кырдаалда биздин көздөгөнүбүз  жазык ишин табуу  эмес, тартип бузуулардын санын кыскартуу болуп саналат. Мындай жагдайды көрүп туруп, биз областтын губернатору жана прокурору менен биргелешип, бардык айыл өкмөтү,акимдер жана күч курамдарынын катышуусу менен координациялык жыйын өткөрүүгө демилге көтөрдүк. Бул коррупциялык схеманы көргөзүп, акимдерди бул багыттар боюнча жер-жерлерде ишти баштоого милдеттендирдик. Жакында жыйынтыктарды чыгарабыз. Биз, келечекте 2015-2016-жылдарда Ош шаары жана 7 район боюнча бул тутумду тартипке келтирип, бюджеттик акчанын 260 млн.сомуна чейин үнөмдөп калууну пландаштырып жатабыз».

Талма эпидемиясы

Чекисттер ушул эле райондон армияга чакырылып жаткан тармактан дагы бир кызыктуу схеманы таап чыгышты.

«Конституцияга ылайык, 18 жашка жеткен жигиттер Кыргыз Республикасынын куралдуу күчүнүн катарында кызмат кылышы керек экендигин баары билишет. Ушунун негизинде жыл сайын райондук аскер комиссариаттары калкты мобилдештирүү жүргүзүшөт. Ал эми физикалык маалыматтары боюнча кызмат өтөй албагандар, атаандаш кызматка которулушат,- деп түшүндүрдү  чекист. – Ал эми Араван  районунда кызматка болгону жыл сайын 150 адам чакырылат, ал эми болжол менен 980 адам атаандаш кызматка которулат. Бирок, дагы бир жагдай бар, атаандаш кызматта калуу үчүн армияга чакырылгандар же үй-бүлөлүк шарты, же медициналык көрсөткүчтөрү боюнча кандайдыр бир аныкталган талаптарга жооп бериши керек жана армияда кызмат өтөөгө жараксыз болушу керек».

Кылдаттык менен текшерүү жүргүзгөндөн кийин,  жергиликтүү дарыгерлер койгон дарттар ойдон чыгарылганы такталды.

«Бул далилденген фактылар. 2011-2012 –жылдарда эле райондо аскерге чакырулчулардын катарында талма оорусу бар 20 учур катталган. Текшерүү убагында бул оорулуулар Орусия Федерациясынын аймагында болушкан. Талмадан башка бул райондун аскерге барчу жигиттеринин бардыгы ашказан жарасы, көз катарактасы, кан тамырдын варикозу,  май тамандуулук менен оорушат экен»,- деп улантты  оперкызматкер.

Көрсө, Араван районунун жашоочулары, уулу мектепти бүткөндөн кийин Орусияга акча тапканга кетиришет экен. Биринчи акчасын иштеп табаары менен, ал ата-энесине жиберет, ал акчага ат-энеси аскердик билет сатып алат. Чындап келгенде алар медициналык комиссиядан да өтүшпөйт. Медиктер жөн гана чогулушуп, дартты өзү жокто эле коюп коюшат,ал эми аскерге чакырылгандардын көбү өзүнүн дарты туурасында билишпейт дагы. Кийин кандай дартты койгондорун медиктер өздөрү да унутуп калышат.

УКМК өкүлүнүн пикири боюнча, мунун баары арам ойсуз жүргүзүлөт: «Сумма ар кандай төлөнөт – анын баары тааныштыктын жана туугандыктын даражасына жараша. Эгер жакын тууганың болсо – арзаныраак. Алыс болсо-кымбатыраак».

Бирок, эң кызыктуусу мындай олуттуу дарты бар адамдардын баарысы айдоочулук күбөлүктү жакшынакай эле алышкан. Ал эми талма оорусу бар адам айдоочулук күбөлүктү оңой менен ала албайт. Мына ошол айдоочулук комиссия алууга уруксат кагазды ошол эле комиссия берген. УКМК кызматкерлери дарыгерлерге : «Бул адам талма оорулуубу же дени сакпы?» деп сурашканда, алар эч нерсе түшүндүрүп бере алышкан жок.

Бул факт боюнча 5 жазык иши козголду жана алар сотко жетти. 2014-жылы сот Араван районунун Үй-бүлөлүк медицина борборунун  директору С.А.Турдукулованы,  врач-психиатрды жана неврапотологду 304-берененин 2-бөлүгүндө каралган кылмышты жасагандыгы үчүн  күнөөлүү деп тапты. Бирок,  мөөнөтүнөн өтүп кеткенине жана мындай  кылмыштардын  өтө маанилүү болбогондугуна байланыштуу аларды жазык жоопкерчилигинен бошотушту.  Директор  С.А. Турдукулова дагы эле бул ҮБДБ башкарып турат, жада калса медициналык аскердик комиссиянын да жетекчиси. Ал эми бардыгына талма дартын койгон врач-психиатр, Араван районунун ҮБДБ директорунун орун басары болду.

Мына, бир жарым жылдык коррупциялык схеманы ачуу боюнча иштин натыйжасы ушундай. Өзүңөр көргөндөй, мындай мамиле менен коррупцияны жеңүү оңой болбойт, өтө кыйын болот.

Лейла Саралаева 

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине