Негизгиси жеңиш эмес, катышуу

18:36, 19 Февраля 2018

Кореядан кыска кабарлар келип турбаса Пхёнчхан туристтик шаарчасында өтүп жаткан XXIII Кышкы Олимпиада оюндарында өлкөбүздүн намысын ким коргоп жатканыдыгын биз, балким, билбей да калат белекмактырбыз, анткени Улуттук олимпиадалык комитеттин расмий сайты атайынбы, же жөн эле дал келип калганданбы, бул күндөрү оңдоодо болуп, иштебейт. Бир чети бул өтө символикалдуу көрүнүш, олимпиада комитетинин сайты гана эмес жалпы эле өлкөнүн олимпиадалык кыймылы узак мөөнөттүк оңдоого жиберилгендей элес калат. Өз ишине жан оту менен берилген айрым гана спортчулар менен машыктыруучулар балким бардыгы жакшы жакка өзгөрүп кетеби деп келечектен үмүт кылып, аракеттенип келишет, калгандары болсо, өзгөрүү болоорунан үмүт үзүп, чет жерге башкалардын командаларын машыктырып кетишти.

Бул жолку Кышкы оюндарда Кыргызстандын намысын 2 спортчу коргоодо: 24 жаштагы тоо лыжачы Евгений Тимофеев жана 22 жаштагы биатлончу Тариэль Жаркымбаев. Алардан сырткары расмий делегациянын курамында 2 машыктыруучу – Александр Левданский менен Игорь Борисов, жана КР Улуттук олимпиада комитетинин эки кызматкери – Алия Калыбекова менен Адидет Баяман уулу, КР вице-премьери Чолпон Султанбекованын уулу.

Сөзгө жараша, Жаркымбаевге Олимпида 13-февралда аяктады, ал класскалык стиль менен спринтердик жарышта 80 спортчулдардын арасында 78-орунду ээледи. Кыргызстандын олимпиадалык командасынын экинчи катышуучусу тоо лыжачы Тимфеевге жарышка 18-февралда чыкмак.

Сочиде өткөн мурдагы Олимпиадада Кыргызстандын атынан бир гана спортчу катышкан болчу – тоо лыжачы Трелевский, ал эми аны коштоп төрт адам барган, анын катарында спорт функционерлери да бар. Тилекке каршы, Трелевский бул жолку оюндарга катыша албай калды, машыгуу учурунда алган травмасы буга жол бербеди.

Башталышы сонун болгон

Формалдуу түрдө ССРС заманында кыргызстандыктардын арасынан олимпиада медалын биринчи алган деп атчан Сайботтал Мурсалимов эсептелет, ал Римде өткөн Олимпиадада жеке мелдеште ардактуу бешинчи орунду алган, ал эми төрт жылдан соң Токиодо командалык мелдеште дагы бешинчи орунду ээледи.

Бирок кыргыз спортчулары үчүн, дегеле жалпысынан советтик спортчулар үчүн 1980-жылы Москвада өткөн Олимпиада эң жемиштүү болду. Атактуу оор атлетчи Каныбек Осмоналиев алтын медаль тагынды, ал эми марафончу Сатымкул Жуманазаров советтик жөө күлүктөрдүн арасынан биринчи болуп коло медалды утуп алган.

Барселонада өткөн XXV Олипиада оюндарында, Советтер Союзунун урашынан өзүнө жакшы келе элек “он эки бир тууган” (айрым өлкөлөр бул команданын курамына кирбеди) КМШнын бириктирилген командасынын желегинин алдында чыгышты. Ал оюндарда алтын медалды атактуу совет баскетболчусу Елена Баранова тагында, ал 1989-жылга чейин Фрунзенин “Строитель” командасында ойногон, андан кийин гана ал жогорку лигага өткөн. Экинчи алтын медалды гандболчу Талант Дүйшөбаев алып келди, ал бириктирилген команданын капитаны эле. Учурда Дүйшөбаев такай негизде Европада жашайт, испан жарандыгын алып, испан, польша жана венгер командаларын машыктырып келет. Спорт журналдарынын сурамжылоосу боюнча, ал үч жолу дүйнөнүн мыкты гандоболчусу болуп таанылган.

Ушуну менен Олимпиадалардагы биздин “алтын доорубуз” бүттү. Андан ары эч нерсе жок. Эл аралык олимпиада комитетинин расмий сайтында биздин өлкөгө үч гана медал таандык – бир күмүш, эки коло. Алтын медалдардын бардыгы Советтер Союзуна таандык деп эсептелет, анткени Кыргызстан өз алдынча мамлекет катары Эл аралык Олимпиада Комитетине 1993-жылы гана мүчө болуп кирген, б.а. Барселонадагы Олимпиададан бир жыл өткөндөн кийин.

Кыргыз Республикасы үчүн биринчи расмий медаль Австралияда гана утуп алынган. 2000-жылы Сиднейде өткөн Олимпиада оюндарында дзюдочу Айдын Смагулов коло медалды тагынды. Анын медалы көз карандысыз Кыргызстандын биринчи олимпиадалык сыйлыгы болду. Учурда Смагулов Казакстандын дзюдо боюнча командасынын башкы машыктыруучусу болуп иштейт. Бизден тартып алышты, десек болот.

Сегиз жылдык тыныгуудан кийин биздин балбандар көптөн күткөн дагы үч олимпиадалык сыйлыктарды багындырышты. Пекинде 2008-жылы өткөн Олимпиада оюндарында Канатбек Бегалиев грек-рим күрөшү боюнча күмүш медалды алды, ал эми Руслан Түмөнбаев болсо спорттун ошол эле түрү боюнча коло медал тагынды. Дагы бир биздин балбан Базар Базаргуруев Пекиндеги Олимпиада бүткөнүнө тогуз жыл болгондон кийин бул оюндардын коло медалына ээ болду. Мындай чечим Олимпиада учурундагы допинг-сынамдарды кайра кайра текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча чыгарылган.

Төртүнчү олимпиадалык сыйлыктан биз 2016-жылы куржалак калдык. Олимпиададан жеңиш менен кайтып келген Иззат Артыковду Бишкекте чоң салтанат менен тосуп жатышканда, Рио-де-Жанейродо допинг колдонгондугу үчүн анын коло медалын жокко чыгарып коюшту. Олимпиада судьяларынын бул чечими Бишкекте майрамдап жаткандарга суу сепкендей эле болду. Бардыгы ким күнөлүү экенин издей башташты, спорт функционерлеринин жана аткаминерлердин жүзүнөн шаштысы кетип, Риодон келген жаңылыкка эмне дээрин билбегендери көрүнүп турду, алар мындай бурулушка такыр даяр эмес эле. Жолдо келатышып жана да Кыргызстанга жаңы келгенде алар Артыковго толгон токой убадаларын да берип коюшкан эле.

Токиодо реванш алышыбыз керек

Ачыгын айталы, Кышкы Олимпиада бизге туура келбейт. Кышкы спорт түрлөрүн өнүктүрүп жатканыбыз менен, биз бул оюндарга али да даяр эмеспиз. Жашырып не, бизде жакшы жаратылыш шарттарыбыздан башка эч нерсе жок. Биздин тоо лыжачыларга олимпиада деңгээлине чейин дагы көп бар. Эмки Олимпиада оюндарына жакшы даярданыш үчүн азыртадан мамлекеттик колдоо керек. Учурда үйрөнчүк гана деңгээлдебиз. Спорчтуларыбыз мелдештерге өз акчаларын жумшап барышууда, анда да ага акча табылса. “Катышуучу” деген сөздү “жеңүүчү”, же жок дегенде “сыйлык ээси” деген сөзгө алмаштырууга убакыт жетти. Ал эмес экс-президент бизге ийгиликтүү болбогон Сочиден кийин спортчуларды Риого узатып жатып, негизгиси жеңиш эмес, катышуу деп узатты эле.

Кышкы оюндарга караганда жайкы оюндарда бизде сыйлык алуу мүмкүнчүлүгүбүз көбүрөөк, айрым спорт оюндарында жеңишке жеталабыз. Эки жылдан кийин Жапоняинын борборунда XXXII Олимпиада оюндары өтөт. Балким, алыбызды байкап, азыртадан эле бул оюндарга даярдык көрө баштасакпы?

Эки жылда спортто анчалык деле көп нерсеге жетүү мүмкүн болбосо да, бизде мүмкүнчүлүк бар. Ийгиликсиз Рио үчүн реванш алышыбыз керек. Кыргыз спортчуларына көз салып жүрүп мен бир нерсени байкадым: алардын бардыгы аймактык мелдештерде же Азиялык оюндарда чоң жеңиштерге жетишет да Олимпиада оюндарында келгенде финалга чанда гана чыгышат. Эмне үчүн олимпиаданын медалдары бизге ушунчалык кол жеткис?

Азербайжандарда 44 олимпиада медалы бар, алардын 7 медалы алтын; армяндарда 16 олимпиада медалы бар, алардын экөөсү алтын; белорустардын 99 олимпиада медалы бар, он тогузу алтын; эстондордо 41 медаль, 13ү алтын; грузиндерде 32 медаль, 8и алтын; коңшу казактарда 76 олимпиада медалы, 20сы алтын; латыштарда 26 медаль, 3сү алтын; литвалыктарда 25 медаль, 6су алтын; молдавандарда бизге окшоп алтын медал жок, бирок алардын 8 башка медалы бар; дагы бир кошуна тажиктерде 4 медаль бар, алардын бири алтын; украиндердин 133 медалы бар, 37си алтын; кошуна өзбектерде 33 медаль, 10у алтын.

Ал эми Орусиянын олимпиада медалдарынын саны адамды таңгалтырбай койбойт. Бул өлкөнүн спортчулары жалпы жонунан 575 олимпиада медалдарын утуп алышкан, алардын 200ү алтын.

Мурдагы совет өлкөлөрүнүн ичинен кыргызстандыктар менен молдавандардын гана бир дагы алтын олимпиада медалдары жок.

Алмаз Исманов

Сүрөттөр Интернеттен алынды

 
© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине