Жай-2019 «Александра» маркасы менен

12:52, 3 Июня 2019

«Александра» маркасынын стили- бул хандардын жана алардын жакындарынын ыңгайлуу вариантындагы стили.  Бул жөнүндө «Александра» маркасынын стилисти жана мерчендайзери Кэтрин Вэйндель айтып берди. Ал биздин окурмандарыбыз үчүн жаңы коллекцияга сереп жасады.

-«Александра» маркасынын жайкы коллекциясы экологиялык таза материалдар- кебез жана лендон жасалган кездемелерден жасалган. Коллекция универсалдуу жана ал Кыргызстандын ар бир айымына ылайыкташкан. Биз коллекцияны жаратууда ал айымдардын социалдык абалына, жаш курагына жана жашоо образына карабастан, баардыгына туура келишин каалаганбыз. Мейли ал бизнес-леди же үй кожойкеси болсун, кеңсеге жумушка барсын же балдар менен сейилдөөгө чыксын, иш боюнча кечки тамактанууга барсын же үй-бүлөлүк тойго барсын. Аталган баардык учурларда «Александра» маркасынын жасалгаларын жана кийимдерин тандаган айымдарын өздөрүн ыңгайлуу сезип, абдан назик жана элеганттуу көрүнөт.

Эгерде принттер тууралуу айта турган болсок, негизинен биз ак менен ачык көк жана ак менен беж түстөрүнө түшүрүлгөн тик чийимди алдык. Бул түстөрдү да биз капысынан алган жокпуз, алар деңиз, эс алууга окшошот. Жана тик сызыктын дагы артыкчылыгы бар- ал сөлөкөттү узартып, денени арык көрсөтүп, тулку бойдун кемчиликтерин жашырат. Алар денеге өтө жабышпайт, бирок ар бир моделдин белди чыгаруу үчүн куурлары бар.

-Сиз жайкы коллекцияны чыгарып жатканда аны кимге багыттадыңыз эле? «Александра» маркасынын 2019-жылдын жайынын каарманы ким?

-Биздин каармандарыбыз- булар бишкектик кыз-келиндер, көз карандысыз айымдар жана камкор апалар. Биздин башкы максатыбыз- ар бир айымды сулуу жана унутулгус кылуу. Сулуулук ичте экендигин биз билебиз. Ал эми сырткы келбет болсо-бул ички дүйнөнүн күзгүсү. Ошондуктан, мен биздин кийимдерди кийген, баардык жагынан сулуу айымдарды көргөндө, сыймыктанам. Өзгөчө аны кооз жасалгалар менен кошумчалап, абдан жарашыктуу тандап алышканда.

-Жаңы коллекциядагы көйнөктөрдүн фасондоу тууралуу айтып берсеңиз.

-Биз ар бир айымдын индивидуалдуудугун белгилегибиз келет, ошондуктан бизде фасондор ар кандай. Биз билгендей, фигуранын беш түрү бар жана бизде ал түрлөр үчүн каралган фасондор бар. Биздин кеңешчилер ар бир айымга туура келген көйнөктү тандап беришет.

-Жакында эле мен Орус драма театрындагы «Сегиз» спектаклында болдум жана ал жердеги башкы ролдорду аткарган сегиз каармандын баардыгы «Алексанра» маркасынын кийимдерин кийип жүргөндүгүн байкадым. Сиздин шериктештигиңиз жөнүндө айтып берсеңиз.

-Биздин шериктештерибиз абдан көп, алардын ичинде Орус драма театры дагы бар. Биз аларга ырахаттануу менен кийимдерди тартуулап беребиз, анткени алардын чыгармачылыгын жакшы көрөбүз жана баалайбыз. Биздин жумушту дагы чыгармачылык деп атоого болот. Ошондуктан биз кандайдыр бир деңгээлде кесиптештербиз жана бири-бирибизди колдойбуз.

-Сиздин кийимдериңиз башка спектаклдарда дагы көрсөтүлгөнбү?

-Албетте. Биз өзүбүздүн такай кардарларыбызды чакырган спектаклдардын баардыгында биздин көйнөктөр, костюмдар жана пальтолор көрсөтүлгөн.

-Сиздин такай кардарларыңызды дагы кандай бонустар жана сюрприздер күтөт?

-Бизде соода кылган ар бир адам биздин кардарыбызга айланат жана биздин жабык сатып түгөтүүгө жазыла алат. Биздин кызматкерлерибиз боло турчу акциялар жөнүндө биздин кардарларга маалымат берип турушат. Ошол сатып түгөтүүлөрдө биз кардардарыбызга биздин кийимдерди кийип роль аткара турган актрисалардын спектакльдарына билеттерди белекке беребиз.

-Сиздин башка шериктешкериңиз тууралуу айтып берсеңиз?

-Бизге кардар келип соода кылганда, биз ага шериктештерибизден бонустарды беребиз: «Чуйков» кафеси, «Эколенд» экологиялык косметикасы, «Мадам» салонундагы SPA- процедураларга сертификаттарды жана «Сити мебель» компаниясынын белек сертификаттары. Ошондуктан, бизден соода кылуу абан жагымдуу жана пайдалуу. Керемет көйнөктү же костюмду сатып алуудан сырткары, сиз театрга билет  же сулуулук салонуна барууга сертификат же кафеге барууга, косметика же эмерек сатып алууга бонустарды аласыз.

-Жайында дагы кандай жаңылыктар болот?

-Жайы бою бизде коллекция такай жаңыланып турат. Жакынкы аралыкта баардыгы жакшы көргөн бир түстүү сызыктуу клеш шымдары сатыкка чыгат. Бермет топчулары бар назик көйнөктөр чыгат, бул жайда бермет модада. Жайында бизде табийгый кездемеден тигилген жарым жартылай бош кийимдер болот.

-«Александра» маркасынын стили тууралуу айтып берсеңиз.

-«Александра» маркасынын стили Кыргызстан үчүн уникалдуу. Мен аны өзгөргүс англис классикасындай деп мүнөздөйт элем. Бул хандардын жана алардын жакындарынын стили. Бирок биз ал стилди бираз модернизациялап, жеткиликтүү кылдык. Аны өзүнө ишенген, бирөөгө бир нерсени далилдегиси келбеген, ыңгайлуулук менен жогорку сапатты баалаган адамдар тандайт. Ошондуктан бизде ар кандай түстөгү, формадагы жана кездеменин ар кандай түрүнөн тигилген жакеттер көп. Түстөрдү биз дүйнөлүк тенденцияларга таянып тандайбыз, бирок өзүбүздөн дагы бир нерселерди кошобуз, анткени биз уникалдуу жана оригиналдуу болууну каалайбыз.

«Александра» маркасынын айым кардарлары- бул Кыргызстандын иштеги айымдары. Ошондой эле алардын катарында өзүн жакшы көргөн, ар дайым жакшы көрүнгөндү каалаган, сапаттуу кийимди тандаган үй кожойкелери дагы бар. Жана биз аларга тандоо кылууда жардам беребиз. Биздин баардык кызматкерлерибиз ар бир айым өзүнүн кыялындагы көйнөктү таба алышы үчүн такай окуп, билимин тереңдетип, өзүн жакшыртып келишет.

«Александра» маркасы өзүн жергиликтүү рынокто мыкты көрсөтө алды. Кыргызстандыктар үчүн биздин маркадагы кийим гардеробунда болгону бул сыймык. Ошондуктан биз «Александра» маркасынын кийимдерин ар бир айым кийе алышын мүмкүн кылууга умтулабыз.

Маекти алып барган Лейла Саралаева

Абылай Саралаевдин сүрөттөрү 

 
© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине