Исламда аял саркечтүү боло алабы?

17:37, 21 Декабря 2017

Боло алат. Мен өзүм көргөм. Редакциябыздын офисинин жанына токтогон жеңил машинеден кызгылт-көгүш түстөгү хиджаб жана кочкул жашыл жеңсиз көйнөк кийген, көйнөгүнүн астында ошол эле түстөгү моюнун толук жапкан калың свитери көрүнгөн, бутунда жаңы саркеч ботасы бар жаш кыз үлп этип түшө калды. Ийниндеги белгилүү бренддеги кичи капчыгын булк эттирип, подъездке кирип кетти. Ажайып кооз көрүнүш.

“Мына ушундай Ислам эч кимди чоочутпайт эле”, - деп койдум ичимен. Дүйнө жүзүндө бул эчак эле трендге айланган. Мартта хиджабдын сүрөтү Vogue журналынын башкы бетине жарыяланып, миңдеген дизайнерлер Шариатка туура келген кийимдерди ойлоп чыгарып, чыгармачыл машакатта. Жакында Лондондо өткөн саркеч кийимдердин жумалыгында ислам кийими чыныгы фурор жаратты. Ал эми моданын тарыхчылары жана адистери ислам каада-салттары моданын агымына таасир бергенин бир канча жылдан бери чарчабай айтып келишет.

Исламдан сырттагы адам катары, жалпысынан алганда канчалык деңгээлде Исламда аялдардын саркеч кийимдери тууралуу сөз кылса болот жана бизде ал болушу мүмкүнбү деген суроолорго жооп тапкым келди.

Болобу же жокпу?

Светтик өлкөдө диндин жашоого таасири тууралуу сөз болгондо бир пикирге келүү – болбогон кеп. Ооба, айрым диний аалымдардын бул темага байланыштуу айткандарында мусулман аялы саркеч кийим тууралуу ойлонбошу керек, ал денесин толук жабылышы тууралуу ойлонгону зарыл дегенге окшош нерселерди байкасак болот. Бирок, биздин бактыбызга, жашообузда мындай гана көз караштар үстөмдүк кылбайт.

Белгилүү диний аалым Кадыр Маликов бул темага байланыштуу пикирин бир канча басылмаларда билдирген эле: “Мукамбет пайгамбар (Саллаллаху алейхи ва саллям) мусулмандарга кантип кийиниш керек тууралуу да сүннө калтырып кеткен. Андагы талаптар жөнөкөй. Кийим адамдын денесине чапталып, кынап койгондой, денеси көрүнгөндөй жана адамдын кыжырын келтиргендей болбошу керек. Ал адамдын айрым жерлерин жаап турушу зарыл. Аялдардын бети, алакандары жана таманы гана көрүнүшү керек. Ал эми эркектерде, бери дегенде, тизеден киндигине чейинкилери жабык болушу абзел. Ошондуктан эркектерге шортыны да кийсе болот, бир гана ал узун болсо. Бул минимум.

Мусулман кийими деген түшүнүккө тропиктерде жашаган жапайы урууларды албаганда калган дээрлик бардык элдердин салттуу кийимдери туура келет. Ошонун ичинде кыргыздардын да улуттук кийимдери. Ислам эч кимге Жакынкы Чыгышта, Пакистанда же Афганистанда кийингендей гана кийингиле деген талап койбойт. Мындай көрсөтмө жок. Сүннөнүн маңызы – уяттуу жерлер, ачык жерлер жабылышы керек. Сиздин сырткы көрүнүшүңүз башкалардын кыжырын келтирип, ушак-айың жаратпашы абзел. Ал эми аны кантип жабасыңар – ал силердин өз эркиңер. Ошону менен катар кийимиңер курулай кыйындыгыңардын, текебердигиңердин көрсөткүчү болбошу керек. Башкача айтканда ал ашкере бай жасалгаланбай, таза, жөнөкөй жана ыңгайлуу болгону туура.

Абайя – этеги жерге чейин жеткен аялдардын узун кара көйнөгү – Жакынкы Чыгыштан келген. Ал жакта жана Иранда аялдар кара түстөгү хиджаб кийишет. Ал эми, мисалы, Малайзияда, ак жана ачык түстү жактырышат. Бардыгы улуттук өзгөчөлүккө – жашаган жерине, климатына, салт-санаасына, маданиятына байланыштуу. Ислам аял бир гана кара түстө кийиниши керек деген талап койбойт! Каалаган түстө кийинсе болот. Бир гана сары түс сунушталбайт – анткени ислам боюнча мындай түстөгү кийимди периштелер кийишет. Жана дагы кызыл түс жактырыла берилбейт – бай бутпарастар өзүнө көңүл бурдуруш үчүн, мансабын көрсөтүш үчүн ушул түстөгү кийимдерди кийишер эле. Ошол эле кезде сары түстөгү элементтерди жалпы гаммада колдонсо болот. Эң негизгиси – кийим аялдын чачын, моюнун жана алаканга чейин колун жабышы керек. Ал эми аларды кантип жабасыңар – бул силердин табитиңерге жараша”.

Көнүмүш калыптан сыртка чыгуу...

“Заманбап” теологдордун көбү бүгүнкү күндө мусулмандар көнүмүш калыптан сыртка чыгышы керектигин, мусулмандардын кийими сырткы таасирлерге ачык болушу керектигин, маргинал болбой, мисалы, ошол эле кийим темасы боюнча диалогго баралган коомдук күчкө айлануу зарылдыгын айтып келишүүдө. Ал эми алардын айрымдары диний канондорду эч бузбай, кооз кийинсе да болот деген көз карашты массалык аудиторияга жеткирүү керек экендигин айтышууда.

Кыргызстандын муфтийи Максат ажы Токтомушев да бул суроого көп кайрылып келет: “Эгер мусулман аял башкалардын, биринчи кезекте, эркектердин көңүлүн бурдуруш үчүн жасалгаланып кийинсе – бул туура эмес. Адам буюмдардын кулуна айланганы, ысырапкор болуп, моданын аркасынан чуркаганы эң жаман көрүнүш. Бул, сөзсүз, харам. Эгер аял мусулмандарга ылайык кийимди тыкан кийип, өзүнүн жөнөкөй, жарашыктуу, таза кийими менен динге, үй-бүлөсүнө, айланасындагыларг урмат-сый мамилесин көрсөтсө – бул колдоого алаарлык нерсе жана бул жерде эч кандай чектөөлөр болушу мүмкүн эмес”.

Мусулман аялдардын арасында диний салтка ылайык жана ошол эле кезде саркеч кийинип жүрүү боюнча кандайдыр бир уюшкан кыймыл азырынча жок. Ал эми Татарстанда бар. “Татарстан мусулман аялдарынын союзунун” жетекчиси Наиля Зиганшинанын пикиринде, мусулман аялдары үчүн “теманы” жакшы билген өз дизайнерлери болушу зарыл, алардын ортосунда сынактар уюштурулуп, мусулман салтына туура келген кооз аял кийимдеринин көргөзмөлөрү өткөрүлүп турушу керек. Мындай иш-чаралар бат-баттан уюштурулуп турушу абзел, анткени бул дизайнерлер менен модельерлердин ортосундагы эл аралык кызматташтыкты күчөткөнгө шарт түзөт. Так ушундай гана жол менен заманбап кийимде салттык элементтерди сактап калып, ислам маданиятын өркүндөтүп, өстүрүп, аны жайылтса болот.

Түс дагы, фасон дагы

Мындай сөз көтөрүлүп калгандыктан, Интернеттеги белгилүү сайттарды түрө кыдырып кооз жана саркеч кийинүүнү жактырган мусулман аялдарыбызга учурда кандай тенденциялар мусулман модасына туура келээрин айта кетели дедик.

Номур биринч тренд – көп кабаттуулук. Бул мусулмандардын аял кийимдерине эң туура келген нерсе. Үч кабат узун юбка – бул бери гана жагы. Кийимдин үстү дагы көп катмарлуу болушу мүмкүн.

Учурдагы эң саркеч түс – “көк пион”, өтө көк түс. Мода дүйнөсүндө учурда кеңири колдонулуп жаткан кызыл “гренадин” жана күздүн сары түстөрү мусулмандарга көп туура келбейт. Мусулман дизайнерлеринин пикиринде, нюд түстөрү да (адам терисинин түсүнө окшош түстөр) күнүмдүк кийимер үчүн эң сонун, бирок подиумдарда мындай түстөгү кийимдерди көп кезиктире бербейсиң. Популярдуулугу боюнча экинчи орундагы түс – боз түс. Жөнөкөйлүүлүктүн өзү десек болот, ошондой эле баарына да жарашат. Ал эми гүлдүү принттер, дизайнерердин айтымында, бул өтүп кеткен күндүн модасы. Жашыл түстүн түрлөрү популярдуулугу боюнча үчүнчү орунда турат. Белгилей кетүүчү нерсе, мусулман модасында бардык аталган түсттөр бозомук, күңүртүрөөк түрүндө колдонулат.

Бүгүнкү күндө кездемелердин катуурактары талапка ылайыгыраак болуп, жумшак жибектер анчалык саркеч деп эсептелбей калган. Мусулман кийимдеринде деним колдонула баштады, узун джинсы көйнөктөр – сезондун хиты. Күтүлбөгөн нерселер да бар: модага, анын ичинде мусулман модасына да баркыт кайтып келди.

Бут кийимдерден жапыс такалуулар популярдуу. Бирок бул дүйнө таанымына карабай бардык саркеч кийингендерди кубантат болушу керек.

Жыйынтыктаганда, тандаганга кенен мүмкүнчүлүк бар. Демек, биздин аялзат тандайт. Ошону үчүн алар аялдар да...

Светлана Бегунова даярдады 

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине