"Жашасын Ваканда!" же “Кара пантеранын” Бишкектеги премьерасы

15:34, 19 Февраля 2018

“Кара пантера’’ – Marvel Studios тун кезектеги адам көңүлүн арбаган тасмасы, ал супербаатыр жана ошол эле кезде Ваканданын королу Т’Чалле тууралуу гана баяндабастан, үй бүлөөлүк баалуулуктар, коомдогу маселелер жана ар-бир адамдын жан дүйнөсүндөгү кагылыштар жөнүндө сөз кылат. Ваканда – Африкадагы ойлоп чыгарылган, сырткы дүйнө менен көп алака-байланыш түзбөгөн мамлекет.

Андагы нерселер “Алгачкы өч алгыч: тирешүү” тасмасындагы окуялардан кийин болот, бирок бул тасманы көрбөй туруп эле “Кара пантеранын” сюжетин жеңил түшүнсө болот. Король Т’Чакка каза болду, ошондуктан анын ордуна тактыга уулу Т’Чалла отурушу керек, ал эмки Кара Пантера болот. Өзгөчө өсүмдүк бул өлкөнүн башчыларынын көрүп-туюу сезимдерин эбегейсиз курчутуп, анын күчүн, ыкчамдыгын, чыдамкайлыгын жана шамдагайлыгын өстүрөт.

Биринчи жолу Кара пантера баатыры тууралуу баян Fantastic Four #52 комиксинде 1966-жылдын июлунда пайда болот жана жаңы каарман дароо эле Өч алгычтардын командасына кошулат. Комикстерди да окуп убара болуунун кереги жок, тасмада бардыгы сонун көрсөтүлгөн.

“Алгачкы өч алгыч: тирешүү” тасмасындагы окуялардан кийин Т’Чалле Ваканданын жаңы королу болушу керек, бирок бул нерсе, ал ойлогондой, жеңил болбойт. Эки душманы биригип, дүйнөнү басып алууну пландаштырганда, ал агент Эверетт Росс жана Дора Миладженин – Ваканданын королдук гвардиясынын - мүчөлөрү менен биргеликте көп курмандыкты алып келе турган согуштун алдын алып, өлкөсүн сактап калышы керек болот.

Бул көңүлдү арбаган тасма Т’Чалленин супербаатыр жана ошол эле кезде өлкөнүн башчысы катары калыптануусун да чагылдырат. Туура чечимди кабыл алуу өтө оор экендиги, адам өз аракеттеринде өз өлкөсү тууралуу гана ойлобостон жалпы дүйнө тууралуу ойлонушу керектиги көрсөтүлөт.

Бул тасма Marvel дин фанаттары үчүн гана эмес, супербаатырлар тууралуу түшүнүгү жокторго да кызыктуу болот деген ойдомун. Укмуш фантастикалык атайынэффектер, ала-тазыл африкалык кийимдер, африка саваннасынын ажайып кооз көрүнүштөрү бардыгын арбайт болушу керек. Ал эми тасмадагы сандтректер меломандарды кайдыгер калтырбайт.

Даяна Оселедко 

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине