«Таза Жашоо» - бардыгыбызга керек!

16:47, 15 Марта 2018

Кыргызстанда “Таза жашоо” улттук кампаниясы башталды. Ал 31-майга чейин жүргүзүлөт. Аны бүткүлөлкөлүк чоң ишембилик деп койсок болот. Курулай сөз менен гана эмес, иш жүзүндө жашаган жерин тазалап, кооздоп, бак отургузуп, таза чөйрөдө жашоого кыргызстандын элине чакырык ташталды.

Жаз – жаңылануунун мезгили, жаратылыштын, адамдагы сезимдердин, каалоо-тилектердин жанданган учуру. Жазында болбогондо кайсы убакта биз эч кимден күтпөй өзүбүз шымаланып экологиялык абалды, айланабыздагы социалдык инфраструктураны оңдогонго, жашаган айылыбызды, шаарыбызды акыр-чикирден тазалап, көрктөндүргөнгө аракет кылалабыз?

Бул өкмөттүн демилгеси. “Таза жашоо” кампаниясынын башталышы тууралуу элге кайрылып жатып премьер Сапар Исаков мындай деди: “Мен ишкерлерди, аткаминерлерди, бардык жарандарыбызды бул демилгени колдоп берүүгө чакырам. Келгиле бардыгыбыз биригип өлкөбүздү тазалап, көрктөндүрөлү”.

Ишкерлер көпкө күттүргөн жок. 17-мартта борбор калаада алгачкы ишембилик болмокчу. Аны өткөрүү демилгесин коомдук ишмер Айжан Чыныбаева көтөрүп чыкты.

“Эко Деми” коомдук кыймылдын мүчөлөрү, мэриянын, ар-түрдүү уюмдардын жана компаниялардын өкүлдөрү эмки ишембиде баштоону чечишти. Ишембилик эртең менен саат 10до башталат. Чогула турган жер тууралуу шаардыктарды жума күнү коомдук тармактар аркылуу кабардар кылышат.

“Ишембиликке каттоо иштери коомдук тармактардагы “Таза Жашоо” жана “Эко деми” баракчаларында жана 185 номуру аркылуу жүргүзүлүп жатат. Жогоруда айтылган деректерге шаарыбыздагы кир жерлер тууралуу маалыматтарды жиберип турса болот. Акыр-чикирлерди сүрөткө тартып, геолокацияны көргөзүү керек, бул маалыматтар администраторлордо топтолот. Муниципалдык кызматтар барып, ал жерди тазалашы керек, эгер алар кыймылдашпаса, анда ыктыярчылар барып тазалашат. Эл бул акцияга кошулат деген үмүттөбүз. Биз акыр-чикирлерди жөн гана чогултпастан, биз аларды пластик, айнек, жерде чирибеген органикалык материалдар деп өз-өзүнчө бөлүштүрөбүз. Биз акыр-чикирден да пайда тапса болоорун элге көрсөткүбүз келет, башка өлкөлөрдө буга чоң көңүл бура башташты. Акцияга катышкан ар-бир адамга колун кесип албашы үчүн мээлей жана акыр-чикир чогултканга идиштин төрт түру берилет. Кайра иштетүүгө болбогондорду полигонго алып барабыз”, - деп түшүндүрдү Чыныбаева.

“Таза Жашоо” улуттук кампаниясына 33 жождун студенттери да катышмай болду. Аларды чогултуп, уюштуруу милдетин Enactus Кыргызстан фондусу мюнуна алды. Миңден ашык келечектин кесипкөйлөрү даяр турушат.

Ишембиликке бир гана аба-ырайы, көнөктөп жааган жамгыр гана жолтоо болушу мүмкүн. Ошондуктан чогула турган жер тууралуу акыркы чечим жума күнү кабыл алынып, ал бардыгына жеткирилет. Коомдук тармактардагы маалыматтарга назар салып тургула.

“Жаңы жүздөр” гезитинин редакциясы бардык кыргызстандыктарды бул баарыбызга керек масштабдуу акцияга катышууга чакырат.

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине