Эх, Париж, Париж…

14:05, 8 Мая 2015

Элге, сага Париждин жакпай калганын кантип мойнуңа аласың? Каратып туруп – жакпайт деп кантип айтасың? Эл эмне дейт? Мындайды кантип айтса болот?

А мен айтышым керек. Ушул шаар үчүн мен... айтор, өзүм туурасында айтып кереги жок. Болгону оор жоготуулар менен чыгымдарды тартканымды айтайын. Ал эми Париж үмүттөрдү актаган жок. Мен тамашалап жатамбы? Албетте, ооба!

Мэрди стажировкага жибербегиле

Кандай болгон күнү да ар бир тамашанын кичине чындыгы бар. Шарль де Голл аэропортунан чыгаарым менен эле түшүнбөстүк башталды. Айтсаңар, силер «дүйнөнүн маданий борборунун» шаар четинен ар бир 20 метр жерден таштанды үймөктөрүн жана  жол боюндагы жылтырак баштыктарды көрөм деп ойлойт белеңер? Мен да күткөн эмесмин. Жада калса, мындан кийин  «пари парфюм»  сөз айкашын укканымда ушул көрүнүштү эстеп,  түбөлүк бүгүнкү көргөн сезимдерим менен кала беремби деп, коркуп да кеттим.  Бирок алдын ала айтып коеюн, андай болгон жок, Париж харизмасы эң биринчи көңүл калууну тез эле жууп кетти.

Париж муниципалитетинин тажрыйбасы менен бишкек шаар башчысын тааныштыргым келгени жок чынында.  Бир эле Париждин көчөлөрүндөгү таштандылар менен жапайылык Бишкектикинен кем болбогонун айтканда эле. Андан да көп болушу толук ыктымал.

Париж – чыныгы мегаполис. Москва сыяктуу чоң эмес, албетте, бирок Бишкектин аянтынан бешөө келет. Дүйнөнүн эң романтикалуу шаарына кирип келатып, кичинекей сарамжалдуу машиналардын мириадасы узун тыгындарда турганын дароо байкайсың. Кичинекей жүздөгөн, миңдеген машиналар Париж көчөлөрүндө зуулдап жүрүшөт, Jeep тибиндеги машиналарды бул жерден кезиктирбейсиң. Биринчиден, тейлөөнүн кымбаттыгы жана майды көп ичет, экинчиден, айлана чөйрөнү коргоо бөлүгүндө чоң айып бар, үчүнчүдөн, бир жактуу кыймылы менен кууш жолдор көп. Кайра эле тыгын. Акыркы он жылдыктын хити – бул сарамжалдуу, кичинекей машиналар экен.

ЖКЭ кармоо Парижде анча эмес. Бирок,  эмне менен салыштырганыңа карай.  Жолдон чыга калган жөө жүргүнчүнү кое беришет. Ал эми үргүлөй калган кесиптешин кесип өтүү – ыйык иш.

Париж – бийик баалардын шаары. Эгер Парижге Швейцариядан келсең, анда баа анчалык кымбат сезилбейт. 

Париж – бир гана туристтик шаар болбосун, бүт дүйнөдөн келген мигранттардын шаары, алар өтө көп. Расалардын, тилдердин, маданияттардын аралашмасы -  зор кайнатма казан, укмуштуудай коммерциялык борбор, бул жерде бардыгы жакшы баа менен сатылып, кайра сатылып алынат: Париж көчөлөрүнүн магниттей тартып турушу, кыялдар, арзан белектер, жылмаюу, жакшы маанай.  Ошентсе да укмуш, Париж шарына сөз жетпейт... 

..орус тилинде жазуулар бар

Коомдук дааратканалар туурасында эч нерсе айтпайм, ал жакта орус тилиндеги жазуулар барбы, караганым жок. Ал эми дүкөндөрдө бар экен.

Албетте, Елисей талааларындагы ар бир ири парфюмериялык дүкөндө орус тилинде сүйлөгөн кеңешчи бар, туристтик компаниялардагы коштоочулар орус тилинде КМШ өлкөлөрүнүн географиясын айтып беришет, бир нече дүкөнчөлөрдө орус тилинде баасы жазылган баалыктары бар, Эйфель мунарасынын жанындагы кароол аянттарындагы афрофранцуздар, алар англис тилинде эмес,орус тилинде сүйлөөрүн айтып кыйкырышып, белектерди ыргытышат. Бирок мунун баары коммерциялык эсеп менен. Париж – мурдагы Союздун дээрлик бардыгынын кыялдар Мекеси. Орус тилинде мыкты сүйлөгөн кеңешчи сатып алуучуну заматтын ортосунда бир нече жүз еврону таштап кетүүгө тез эле көндүрсө, Казакстан менен Кыргызстандан келген меймандардан чайлык акы бул мамлекеттин мыкты, кооз жерлери аталгандан кийин тез эле 10 эсеге өсөт.

Биз болгон жан дүйнөбүз менен берилип кетиптирбиз. Анча чоң эмес пиццериядагы официант Кыргызстандын кайда экенин айтканында, жада калса, ал казакстандын жанында экенин бери билээрин жан дили менен айтып бергенде, биз сүйүнгөнүбүздөн, өтө кымбат төлөп тамактандык, ага кошуп чайлык акыны да аз бергенибиз жок. 

Биздин топтогу кыздар дагы парфюмериялык борборго да барышты. Ал жактан, өздөрү пландаштыргандан бир канча көбүрөөк коротушканын айтуунун зарылдыгы  барбы? 

Париж туурасындагы эң кызыктуусу

Лувр, Версаль, Нотр-Дам де Пари, Елисей талаалары… Сыйкырдуу  угулат.

Париж кооз жерлерге өтө бай, анын байыркы эстеликтери, маданий мурастары жана архитектуралык эстеликтери арбын. Бир жолку барганда  Париждин кооз жерлеринин бардыгын көрүп үлгүрө албайсың. Албетте, Париждин эң белгилүү жана өзүн тартып турган жери-Эйфель мунарасы.

«Азыркы Парижде Эйфель мунарасы болбой да калмак. Ал  убактылуу курулуш катары курулган. 1889 –жылы  Париж Бүткүл дүйнөлүк көргөзмөгө даярданып баштайт. Анан үч жүз метрлик мунара  кирүүчү арка – Парижге бүт дүйнөдөн алынып келген сейрек буюмдарга карата барчу дарбаза  болушу керек эле.  Франциянын кубаттуулугун жана улуулугун көргөзүү үчүн, мунаранын чокусуна улуттук туу салтанаттуу түрдө сайылат. Башкы конструктор -  бардыгына белгилүү Густав Эйфель – ошондо минтип тамашалаган: «Франция үч жүз метрлик желек саптуу жалгыз өлкө болот!». Ал туура айтыптыр. Ошол учурда мунарага тең келчү чындап жок болчу. Аны жок болуудан эмне сактап калды? Кандай гана жөнөкөй угулбасын, тенологиялык процесс. Ошол кезде радиоберүү активдүү өнүгүп жаткан, анан окумуштуулар, көпкө ойлонуп отурбай мунарага радиантенналарды орнотушту, ошондо ал убактылуу курулуштан алмаштыргыс обьектке айланды. 

Айта кетүү керек, париж интеллегенциясы  прогресске баа беришкен жок. Мисалы, белгилүү жазуучу  Виктор Гюго мунараны  «темир менен буралгылардан турган жек көрүмчү  колонна» деп атаган. Бирок, кандай гана парадоксалдуу болбосун, ал күн сайын Эйфель мунарасында жайгашкан ресторанга барып тамактанчу. Ал буга мындай жооп айтчу:  «Бул бүт Париж боюнча мунара көрүнбөгөн жалгыз жер». Канткен менен, аргумент чын эле күчтүү. Бирок, убакыттын өтүшү менен париждиктер Густав Эйфелдин чыгармасын чындап жакшы көрүп калышты. Экинчи дүйнөлүк согуштун убагында да аны шаарды басып алган немистерден болушунча коргошкон. Гитлерчилер Парижде ээлик кылып жүрүшсө да, Эйфель мунарасынан чокусуна бир да жолу чыгышкан жок: жергиликтүү жашоочулардын бири лифттин зымдарын бузуп салган экен.
Аймакчы, лифт туурасында. Эйфель мунарасында Густав Эйфелдин убагындагы лифттердин орнотулгандыгы кызыктуу факт. Бирок, тынчсыздануунун кереги жок:
көптөгөн жумушчулар техниканын үзгүлтүксүз иштешине көз салып турушат, жергилиткүү тургундар менен меймандардын өмүрүнө эч коркунуч келбейт. Бир гана нерседен алар алсыз: алар  туристтерди бул лифтке болгон узун кезектен куткара алышпайт», - деп айтылат энциклопедияларда.

Андан кийин эски  Нотр-Дам де Пари Триумфалдык  арка, Сакре-Кер базиликасы, Лувр, Елисей талаалары, Ак куулар көлүндөгү Эркиндик айкели, Орсе музейи, Пале-Рояль — бул чексиз тизмени тынбай уланта берсе болот,дагы көптөгөн нерселер бул  уникалдуу жана укмуштуу шаарда сиздерди суктандыра берет. 

Сүрөтчүлөрдүн белгилүү кварталы – Монмартр дөбөсүнө да барса болот, анын чокусунда укмуштуудай ажайып Сакре-Кер  базиликасы жайгашкан жана ал жактан шаардын керемет көрүнүшү толугу менен көз жоосун алат.  Монмартр –Кыйналуучулардын  Дөбөсү, ал христиандардын ыйык жери, христиан баалуулуктарынан алыс богемалар -  искусство элдери тарабынан көптөн бери жана  түбөлүк ээленген.  

Чынында, француздар көз ирмемдик пайдадан башка эч нерсеге сары санаа болупайт. Көп учурда өзүн гана ойлошот. Коммерциялык меймандостугу көңүл көтөрөт, бирок ал акчасы барларга гана тийиштүү. Жана тескерисинче. Мисалга,  Париж япондуктардын арасында өтө популярдуу, о.э. аларда «Парижден көңүл калуу синдрому да» абдан өнүккөн.  Көңүл калуучу нерселер көп эле – таштанды, ызы-чуу, чоң рынок атмосферасы кыялданган сыйкырдан өтө эле алыс турат. Ошентип, париж гезиттеринде япон тилинде жарнама бар, ал бул көңүл калуудан арылта турган психологдун кызматын сунуштайт. «Французга ишенбе», –Европада кеңири жайылган лакап. Бирок, ишенбейсең да баргың келип, тартып турган күч болот го? Париж да ошондой. Мен да, анекдоттогудай эле, дагы Парижге баргым келүүдө. Жеңе алгыс бул сыйкырды канткенде жеңүүгө болот?

Светлана Бегунова

Фото Вячеслав Оселедко

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине