Эт кесими менен швейцар сыры

12:06, 28 Апреля 2015

«Саякат»  рубрикасынын туруктуу окурмандары менин Европа боюнча сапарым тууралуу фото отчетумду  көрүп калышкан экен, эми болсо, «Качан? Таасирлердин жазуу жүзүндөгү жыйнагы  качан чыгат?»  деп сурап башташты.  Мына,  ошентип «европа аңгемелеринин» сериясы башталды.

Сөзүмдү Парижден эмес, Бернден баштагым келип турат. Анткени, ал мага абдан жакты – катаал, сулуу, дөөлөттүү – текеберлүү шаар, ал балдардын кымбат баалуу куурчак шаарчасын эске салып турат. 

«Дароо эле сыр менен шоколад»

Деги эле  Швейцария –  Европадагы эң кымбат мамлекеттердин бири. Жашоо деңгээли боюнча да бир топ бийик, бул дароо көзгө урунат. Өлкөнү кыдырган сапар кооз туристтик буклеттеги экскурсияны эске салып турат. Мына тоолор, алар кол менен тартып койгондой,  ал биздин фиалкалар менен маргариткаларды эске салган жазгы талаа гүлдөрү капталган ажайып жашыл килем менен капталган. Мына уйлар. Гид:  «Алар сүт беришпейт», дароо эле шоколад менен сыр», -деп тамашалайт .  А бул кыштакчалар, сүрөттөгүдөй таптаза, аны жаңы эле фотошоп менен жасап койгондой, деги эле бардыгы жарнамадан жаңы эле түшө калгандай.

Швейцарлар  өз жарандыгы жана өз мамлекети менен абдан сыймыктанышат. Бул алардын жүздөрүндө жазылуу. Европанын башка шаарларынын жашоочулары швейцарларды бир көргөндө эле таанышат. Биз азырынча анча тажрыйбалуу эмеспиз, бирок, жүздөрүндө «Мен дүйнөдөгү эң мыкты өлкөнүн жаранымын. А сен эмнеге жетише алдың?» деп жазылып турган адамдар менен сүйлөшүп баштаганда, бир топ кыйыныраак. Айтор, сыймыктана турган нерсе аларда көп. Баарынан ишенимдүү банктарды куруу, мыкты сааттарды, жабдууларды, механизмдерди жасоо, укмуштуудай жаратылышты жарата билүү, төрт  мамлекеттик тилге ээ болуу жана ушул эле учурда улут аралык толук шайкештикти сактап туруу,  бир дагы коррупциялык иштерге аралашпаган бийликти шайлоо – бул силерге эт кошуп сыр жегендик эмес.  Жада калса, бардыгы өтө кымбат турган Парижге караганда, даамдуу эт кошулган бир тамактын баасы,  ал жакка караганда төрт эсе кымбат турат.

Бир добуштан  кабыл алынган чечим

  Швейцариянын бийлиги абдан кызыктуу түзүлгөн. Өлкөнү 7 министр, алардын ар бири бир жылы  расмий делегацияларды кабыл алып туруу үчүн президент болуп иштейт. Калган чечимдин бардыгы жетилтик тарабынан бир  добуштан кабыл алынышы керек, башкача болбойт.  Мындай түзүлүш учурунда туура эмес мыйзамды эптеп өткөрүп кетүүгө таптакыр эле мүмкүн эмес.

Швейцарлардын социалисттери чет элдиктерге абдан жылуу мамиле жасап, либералдар жана оң радикалдар сыяктуулар улутчулдукту көргөзүшөт деп айтышат. Бирок, келгендердин өздөрү, чынын айтканда,  кандайдыр бир өзгөчө мамилени сезишкен эмес. Анткени, бардык жерде сый жана жакшы мамилени көрүшөт. Мына, бийик маданият деген ушул!

Азыр коомдук кызыкчылыктын толкунунда эки проблема турат: Европадагы эң жогорку айлык акы  алган өлкөдө эмгек мигранттарын кантүү керек  (Евробиримдиги менен ассоциациянын макулдашуусу боюнча европа өлкөлөрүнөн келген эмгекчилер швейцарлар менен бирдей иштөө укугуна ээ, ал эми буга жергиликтүү тургундар анча ыраазы эмес) жана карыган айдоочуларды эмне кылуу керек? Анткени,  Швейцарияда жол кырсыгы боюнча статистика  арганы кетирет, көпчүлүк учурда 75 жаштан жогорку айдоочулар күнөөлүү болуп чыгышат. Алар жашоонун заманбап ыргагына үлгүрбөй калышты.  Ал эми улгайган швейцарларды машина айдоого тыюу салуу- бул басмырлагандык. Коом ал үчүн эмне маанилүүрөөк экенин дагы эле аныктай албай келет: коопсуздукпу же тең укуктуулукпу? Ага карабай, 90 жашар сергек абышкалар калың айнектүү көз айнектерди тагынып алып, жолду кунт кое карап, тегиз швейцар көчөлөрүндө келишимдүү кичинекей машиналарды айдап жүрүшөт (Европада алкымы чоң крокодилдерди дээрлик эч ким колдонбойт) , алар мезгили менен бирде устундарга. Бирде бактарга, уйларга же ири жүк ташуучу фураларга барып урунушат. 

 Швейцариянын федералдык борбору, өкмөт, парламент  жана өлкөнүн башкы банкы жайгашкан Бернге биз Цюрихтеги (Швейцариянын, жалпы эле дүйнөнүн каржы борбору) аэропорттон  түн жарымында келдик. Бир жарым саат жол жүрүш керек. Бернде да аэропорт бар, бирок кичинекей,жеке самолеттор үчүн гана. Ошондуктан, эгер жерде жүрүүчү транспортко караганда, абада жүрүүнү жактырсаңыз, Цюрихке же Женевага кош келипсиздер. 

Борбор Швейцариянын так ортосунда, Швейцар платосунун жанында, ажайып кооз Аара дарыясынын бурулушунда  жайгашкан. Берндин жашоочулары өтө аптаптуу  ысыкты да, чыкылдаган катуу суукту да билишпейт (тагыраак айтканда билишет, бирок саякаттар боюнча, анткени туулган шаарында мындай жок). Абасы таза жана жыттуу, жакшы аба ырайы борбордун коноктор менен шаардыктарды көп кубандырат. Туристтердин агымы жылы бою азайбайт.

Берндин түнкү этюддары

«Люкс» классынан өтө эле алыс турган жупуну мейманканалардан алган биринчи шок, бул жерге Кениядан көчүп келген швейцар портьеси  менен  кыжыңдашуу, болду – Альпынын  жомоктогу жүрөгү  болуп саналган Берн ушул. 

Кире бериште көп сандаган делегацияларды кичинекей, кебетесине караганда 15 жаштагы кызга окшогон, ачык  кийинген кыз күтүп турат. Анын көздөрүндө чечкиндүүлүк аралашкан  коркунуч. Ал буту менен дубалды тээп, байыркы кесиптин ээси экендигин көргөзүсү келгендей. Тор колготкиси менен кыска, джинсы юбкасы образын толуктайт. Биз  «  Швейцарияда жашоо анчалык деле жакшы эмес экен» деп, орус тилинде болгон үнүбүз менен талкуулап баштаганыбызда бул кыз таза орус тилинде, бирок бир аз «г»  тамгасына басым кое, бизден алысыраак баруубузду суранды. 

Кийинчерээк ачык болгондой,  мадемуазель  15 те эмес,  24, тө экен, Бернге Сербиядан, а Сербияга –  Украинадан келген экен. Чындыгында эле биз боолгологон байыркы кесиптин ээси экен, бирок полициядан абдан корккону көррүнүп турат. Өзүнүн келген жерин айткысы деле келген жок, бирок биз, кыргызстандыктар өтө эле адепсиз калкпыз да.  бизге бул кыз да туруштук бере алган жок. Көрсө бул кыз абдан куулук-шумдугу жок, ачык-айрым кыз болуп чыкты, эң арзан тамекинин бир кутусу 9 евро тураарын айтып даттанды.

 Швейцарияда дүйнөнүн ар кайсы бурчунан келген качкындарды колдоо боюнча көптөгөн социалдык программалар иштейт. Алардын айрымдары  жергиликтүү калкты өтө эле кысып баштайт. Айтмакчы, катардагы швейцарлар күнүмдүк европалык жаңжалдарда көп учурда калыс, алар Орусияны, же Украинаны колдогондор болуп бөлүнүшпөйт.  Анын себеби жөнөкөй, Швейцарияга бай орустар келишет, алар акчасын коротушуп,каржы маселелерин чечишет, эс алып кетишет. Ал эми Украинадан элдер көбүнчө же окуганы, же иштегени келишет. Кичинекей, 200 миң калктуу Бернде бул тез эле билинип калат.  Швейцарияда электорат негизи эле саясатташкан эмес, дүйнөлүк чыңалган кырдаал менен алардын иши да жок, аларды өздөрүнүн жеке жана дергиликтүү гана маселелер тынчсыздандырышы мүмкүн, телевизордогу жана интернеттеги бардык үгүт иштери бул аймакта байкалбастыктын таман алдында кала берет. Мага да бир нече жолу, бул багытта швейцарлар туура кылышабы деген ой келип кетти.

Боз фондогу жалтырак

Берндеги көпүрөгө жаңы эле бут койгондо, бул жердин кубаттуу, метафизикалык суктануу таасирине туш болосуң.  Берн деги эле боз түстө, ал эми терезе тешиктери бөлмө гүлдөрүнө толгон. Жомоктогудай кооздук. 

«Берн укмуштай шаар. Берндеги музейлер коллекциясына ири мегаполистер: АбеггштифтунгРиггисберг, Почта  музейи, Крамгасстагы  Альберт  Эйнштейндин үй музейи, Швейцариянын альп музейи ж.б. да суктангыдай. Бул жерде Берн симфониялык оркестринин аткаруусунда классикалык музыканын укмуштуу концерттери  болуп турат, жыл сайын   Пасхада борбордун  «ардактуу шаардыктары» - жаңы эле туулган мамалактарды элге тааныштырышат. Шаардын тарыхый борбору - Шпитальгассе, Марктгассе  жана Крамгассе көчөлөрүнүн чынжыры, ал  Нидербрюкк көпүрөсүнө барып такалат. Негизги шаардын кооз жерлери ушул жерде: Түрмө мунарасы, көчө оргумалары, Саат мунарасы ( жылып турган фигуралардан жасалган сааттар), Швейцариядагы эң бийик коңгуроосу менен готтордун собору. Шаар негиздөөчүсү болуп  граф Бертольд V фон Цэринген эсептелет, Берн ал аңчылык кылып бара жатканда алдынан биринчи чыккан жырткыч- аюуга анын  атын атаган. Ошондон бери аюу шаардын белгиси болуп саналат жана герб менен тууда көргөзүлгөн. Бул жырткычтын көптөгөн айкелдери көчөлөрдө орнотулган, ал эми бардык жергиликтүү пряниктер менен чакан белектер так ушул белги менен чагылдырылган, тирүү аюулар туристтер көп келе турган атайын жайда кармалат», - деп айтылат  энциклопедияда. Аюулар жана туристтер туурасында калп эмес, «аюу ойдуңунун»  тегерегинде жылы бою киши көп.

Бөлмө өсүмдүктөрү   –  шаардыктар үчүн өзгөчө  «чогулуу түйүнү». Жыл сайын майдын ортосунда бул жерде герань фестивалы өтөт, ал эми Бишкектин Свердлов районунда оңой эле батып кетчү  шаар калкы  бир азга үч эсеге көбөйөт.  Берн – сүрөт сыяктуу, таза, сергек жана керемет.

Жашоонун бир кылка ыргагы, өздөрүнө ишенген шаардыктар ( бул жерде жумушсуздук жок), белгилүү швейцар сааттарындай иштеген коомдук транспорт – мунун баары готикалык архитектураны даңктаган сонун музыка менен айкалышып турат. Өзүңдөн өзүң ушул жерде түбөлүк калгың келет, бирок дүкөн менен кафеге киргенге чейин гана.  Бааларды көргөдө суктанууң дароо басаңдайт. Ошол замат  «Фаизаны» сагынып баштайсың. Жергиликтүү жашоочулар да кымбат ( даамдуу болсо да) швейцар ашканасына караганда кытай ашканалары жана италиялыктардын пиццерияларына артыкчылык беришет.  Алар арзаныраак.

Шоколады туурасында эмне айтса болот? Аны биринчи ооз тийип, ар бир сыныгы ооздо эригидей ырахаттанып жеп көрүү керек, мына ошондо кайталангыс даам өмүр бою эсиңде калат.  Сырчы?  Эгер өзгөчө жытына көңүл бурбасаңыз (кечирип коюңуздар, бирок айрым сорттор жыттанып кеткен буттай жыттанып турат, жыты канчалыкк кескин болгон  сайын сыр кымбатыраак), аны тынбай жей берүүгө болот. Бул даам таптакыр тажатпайт жана бул гамманы дайыма сезип тургуң келет.

Бернге болгон сапар өтө кыска болду. Ошондуктан, жолукканга чейин, жомоктогудай шаар. Кош деп айтууга тил  барбайт, мен сенин  ажайып готикалык чатырларыңды дагы көрөм деген үмүтүм бар. Жолугушканга чейин.

Светлана Бегунова

Фотосурот Вячеслав Оселедко

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине