Тагдыр коногу

12:15, 21 Августа 2014

Тагдыр коногу

Же кантип Оштогу көз ачыктарга барганым тууралуу.

Көзү ачык тажик менин жана апамдын атын сурап, арабча жазылган китебине үңүлдү. Андан соң менин жолдуу экенимди, ойлогон ойлорум ишке ашаарын, ошол үчүн гана иштөө керектигимди айтты.

Бардыгына тиешелүү болгон жалпы сөздөр жаңырып, ал жерден чыкканда өзүмө алчу ойлор болгон жок, кыскасы конкреттүү эч нерсе айтылган жок. Мен аныкында 2 жыл мурда болгом.

Анын тумарларынын эскилиги жетип калыптыр. Мен жаңысын сурап, 500 сом бердим. Берген акча көптүк кыларын көздөрүнөн байкадым, бирок мага ал акча оордук деле эмес. Көзү ачыктын үйүндө бары оорусуз өтөт. Жада калса эмнеге келип жүргөнүмдү өзүм да билбейм. Балким, ал менин тагдырымды китебинен арабча окуп берип, мен аны түшүнбөгөнүм жагаттыр. Айтор, бул өзүнчө сыр.

Андан кийин эжесиникине барам. Адатта, көзү ачыктын дараметин жана дарегин ооздон-оозго өтүп отуруп бары билишет. Даректери Араван көчөсүндөгү аялдаманын жогору жагында жайгашкан автобазанын жанында, базардын жогору жана төмөнкө тараптарында таркатылат. Ошто Бишкектегидей таксилер так дарек менен барып турса таң калчтуу болмок. Самса жана көк чай турганда, Ошто гамбургер жана кофеге суроо талап болушун элестетүү кыйын.

Аялдын кайгысынан тизилген узун кезек

Көзү ачыктарга иш жумалыгынын жана иш күнүнүн ортосунда болгон узун кезектер кадыресе көрүнүш. Ошто бары тең эрте турушат. Мен таңкы саат 7де келсем, жаш келиндер короо шыпырып жүрүшүптүр. Тапчанда он чакты аял отурган экен. Колдорунда кармаган пакеттери бар. Негизги буюм өзбелги ысырык. Сөзссүз чай, суу, нан, сүрөттөр, туз бар.

Көбүнэсе, жеке менчик үй. Кооз шыпка көз салам. Менин кезегим жеткиче эки саат өттү. Жеке көйгөйлөрдү ойлонууга берилген 2 саат.

Эгерде көзү ачыкка репортаж жазууга, таасир алууга барам десем, алдаган болуп калаар элем. Таасир алуу үчүн деле, бирок башкысы жеке маселелериме жооп алуу үчүн барам.

Адамдан түз, так маалымат ала албаган да суроолор болот. Жоопторду баштан өткөрүү керек, жетишүү керек. Бул узак процесс. Акырында дагы ойду тактай албайсың, бирок жеңилдеп каласың, өзүң үчүн бир маанилүү нерсени түшүнөсүң.

Аларга баруу мага кээде белги алуу үчүн керек. Мага сыртынан өзгөчө тариздөө үчүн керек. Кайсы бир сөздөр айтылып, менин ички дүйнөмө таасир этсе дейм.

Саат чыкылдайт, мен шыпты карайм, башкалар чыдамдуулук менен күтүп отурушат. Оор ойлоруман чыгып жатып, Ошто экенимди, адашканымды, жайылган тармактардан өз жолумду таап, алагды кылуучу кызыктырган жолчого буруп кетпөө керектигин туям.

Барына эрежелерин, баасын айтып, аны менен бирге өз жашоосун айтып берген көп келүүчү аялдар да бар. Кезекте турган кыз, ысык тандыр нандан алып келип, бардыгына сунду. Ошто көп нерселер жөнөкөй жана жагымдуу келет.

Маал маалы менен айтып берип жаткан окуяларына кулак түрө калып, «бактысыз аялдардан турган кезектер» дедим ичимен. Бирок, алардын жашоосуна баа бергидей, аларга жарлык таккыдай мен ким элем деп өзүмдү өзүм кагып койдум. Акыры бардыгыбыз тең укса экен, оюубузду айтсак экен деп отурабыз да.

- Ойношу, мени күйөөм менен бирге уктабашым үчүн эмне кылганын мага айтып берди- дейт жаш келин.

Бул даттануу ондогон кишилерден колдоо таап, баштарын чайкап отурушту.

​ Ай, бечара, бечара -деп улгайган аялдар баштарын чайкап, колдошоорун билдирип турушту. Күйөөсүнүн ойношуна даттанган аялга күйөсү кайтып келүүсүн тилешти.

Кара тору, толмоч келген шайыр аял уяттуу анекдотторду айтып берип элди күлдүрүп отурду. Анын сегиз кызы бар, жолдошу эркек балалуу болгусу келип жаткан экен.

- Бул сенин уругуң. Мен буга күнөөлүү эмесмин деп айттым, -дейт ал аял.

Кээ бир аныктамалар ачык, жандуу адамдар менен жашап кете албастыгы таң калычтуу. Бул аялды сулуу же сулуу эмес деп айтууга болбойт. Ал кандай болсо ошондой. Күчтүү жана сүйкүмдүү.

Көзү ачык теспесин колуна алды. Актардын арасынан кара шуруча түшүп кетип, менин жолумда тоскоолдуктар бар экенин айтты.

Үстөлдүн үстүндө сүрөттөр, бурчта толтура кулпулар. Мен болсо анын келишимдүү келбетине, боелгон каштарына, колдорундагы оор алтын жасалгаларына көз чаптырам.Ал катуу көз тийиптир деп мени камчы менен чапкылайт, бирдемелерди окуйт, каргылданган катуу үндөрдүн чыгара кусат.

Акырындык менен тажрыйбалуу психолог өңдүү менден маалыматтарды сууруп чыгууга аракеттенет, бирок мен сыр алдырбайм.

Сөздөрүнө караганда күйөөсү көйгөй жараткан аялдар көп кайрылышат, тагыраак айтканда күйөөсү ала жипти аттагандар.

Ал жаңылып, мага күйөөм башка менен жүрүп кеткенин айтты. Мен болсо ага жолдошум жок экенин айтканым жок.

Менин бизнесиме бирөөнүн көзү тийгенин айтып дагы бир жолу жаңылды.

Кишилерди эмне кызыктырат? Биринчи кезекте үй-бүлө. Эгер сен Ошто жашасаң, акыр заман келсе дагы үй-бүлөң менен тышта да ичте да бары жайында болушу керек. Кийинки кезекте акча жана иш. Андан кийин гана кыйналып турсаң ден-соолук.

Көзү ачык жума күндүн тышкары, ар күнү эртең мененки саат сегизден тартып, күндүзгү үчкө чейин кабыл алат. Төлгө салуу 200 сом. Куран окуу 200 сом. Тумар жасатуу 200 сом. Мен 400 сом бердим.

Ысырык, суу, кулпу.

Чай, арчанын бутагы, электр лампа, туз – өз тагдырың үчүн, белгисиз нерселер менен күрөшүүчү жарды курал.

Мен эч берилбестен, жетиштүү билимим менен аны сынай карап, оюн салып отурдум. Ал деле муну сезип турду. Бирок, ошентсе да менин коркунучтарыма жана талуу жериме жетти. Качан гана сенин коркунучтарың бирөөгүг оозунан жаңырганда канчалык коркунучтуу болбосун өзүңдү колго алуу керек, чыдоо керек жана сиңирип, алдыга карай жылуу керек. Алар сенин жаныңдын караңгы тарабында катылып, билинбей жатпашы үчүн айтуу, сыртка чыгаруу маңызы ушунда.

Үйдө «сыйкырдуу» лампаны орнотуп, «жандуу» суу ичип, «сыйкырдуу» чайды кайнатып ичип, арча түтөтүп, үйдүн ичинде басып жүрүү. Мунун бардыгын кылдым. Кызыктуу эки твпшырма болду.

Кесилиш жолдо калемпирдп көмүп коюш керек эле. Элестеткиле мени Ошто, кесилиш жолдо бактын түбүндө бирдеме көмүп жатканымды. Машинелер ары-бери өтүп таң калыштуу карап калышкандарын. Жерди казып, кызыл калемпирди көмүп жатканда акыл таштандыларын да кошо жашырып жатканыңды билесиң. Муну жасаш керек, ырым-жырым канчалык мааңызсыз болсо ошончо жакшы.

Бул макаланы аялдарды алдап жүргөн көзү ачыктарга барган аялдарды айыптоо үчүн жазганымды мойнума алам.

Жок, бул аялдар эмне үчүн барып жатканын жакшы түшүнүшөт, бул эки тараптуу процесс. Бири алдангысы келсе, экинчилери териштиргиси келет, натыйжада бардыгы өз каалаганын алат.

Азырынча бары ушундай иштеп турат- миңдеген аялдар көйгөйлөрүн, таарынычтарын, күйүттөрүн көмүп, жаңыдан жашай башташат да, күч, үмүткө ээ болушат. Өздөрүнө суроо беришет да, өөдөрү жооп беришет. Жөн гана ушундай узак жол.

Экинчи тапшырма боюнча мен сууга кулпуну ыргытып ташташым керек эле. Бишкектеги бардык кичине дарыялар кургап калган. Мен аккан сууну тоодон таптым. Мен колумду өйдө көтөрүп, кайра ылдый силкигенде өзүмдүн чыныгы каалоомду түшүндүм. Ал мен ичимде багып, ойлоп жүргөн нерсе эмес болцп чыкты.

Ошто, ата-энемдикинде күчүк пайда болуптур. Ар бир жолу 50 сомго сатып жиберишсе да кайрадан кайтып келе берет экен. Москва алдындагы токойлордо велосипед тээп жүрүп жыгылгандан калган жара тактарымды жалап жатты. Күн болсо жанымдын жарасын аймалады.

Аида Касымалиева 

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине