Эркексиз жашоо

13:48, 27 Февраля 2015

«О, одиночество, как твой характер крут,

Посверкивая циркулем железным,

Как холодно ты замыкаешь круг,

Не внемля увереньям бесполезным».

 Белла  Ахмадуллинанын бул саптары баарына тааныш, бирок айрымдары үчүн жашоосунун бир бөлүгү болуп калды. Жалгыздыкка  эркектер аялдарга караганда кыйыныраак  чыдашат деп айтып коюшат. Ошондуктан, жалгыз бой аялдарга караганда бойдок эркектер азыраак.  Бул жагдай ушуну менен шартталганбы, же статистика боюнча эркектерге караганда аялдардын көптүгү, буга ылайык алардын жалгыз калуу мүмкүнчүлүгү көптүгү  мененби, айтуу кыйын.

Андан сырткары,  «алсыз айымдардын» чынында күчтүү экенин айтып жүрүшөт. Аялдар турмуштук кыйынчылыктарга жакшыраак көнүп кетишет, ичип кеткендер аз, балдарын жалгыздыкта өстүрө алышат, ж.б. Мунун баары муздак социология,  бирок, иш  ошол аялдардын жеке өзүнө, анын өзүнчө жашоосуна барып такалганда, жалгыз бой аялдардын жашоосу социалдык тармактардагы алардын баракчаларындай, же алардын жумушундагы тышкы келбетиндей жасалгалуу эмес экенине ынанасың. Өзүн өзү ишке ашырууда бир топ ийгиликтерге жеткен, ар  кандай курактагы айымдардын көбү жалгыздыктан жабыр чегип жатканын байкоого болот. Анда, көйгөй эмнеде экенин талдап чыгууга аракет кылып көрөлү. Өзүм жеке тааныган аялдарды эстеп көрөйүн. 

Адабияттан сабак берген мугалим, аны  Анна Сергеевна деп атап коелу, -  окутуучулардын жамаатында өтө кадырлуу адам, окуучулар үчүн чагылган, билимдүү, акылдуу, көп окуган, тыкан кийинген, таранган, татынакай, толмочураак, бирок жарашык келбеттүү... Анын жалгыз бой экенин баары эле билчү эмес, анын кыз бойдон жүргөнү туурасында көп имиштер тарап жүргөн... Мектепти аяктагандан кийин 25 жылдан кийин мен ага барып, жолуктум. Ал 70 тен ашып калыптыр.  Экөөбүз  ачылып сүйлөшүп кеттик, анткени экөөбүз тең аялдык куракта  элек. Мен андан сурадым: «Эмне үчүн ошол бойдон жалгыз калдыңыз? Же жолдошуңуз,же балдарыңыз жок». Ал,жашоосунда эч качан эркектер болбогонун мойнуна алды. Жаш кезинде ал келишимдүү  Володяны сүйүп калган экен, бирок, баары эле ойдогудай боло бербейт эмеспи, ошондон бери аны унута албаптыр.  «Андан башка эч ким турмушумда мага жаккан жок, жолукпады, сүйдүрө албады. Жалгыз аны сүйөм». Анын романтикалык образы дагы эле аны менен калыптыр.

Негизи, ал мурдагыдай эле көп окуйт, китептерди башкалар менен алмашып турат. Анны шаар борборунда жайгашкан үч бөлмөлүү батириндеги жалгыз баалуулук – китептери болгон. Калгандарында – толук башаламандык. Бул жөн гана чачылган, чаң баскан нерсе эмес. Бул – болгон нерсенин баарына сиңип бүткөр кир. Өзүнөн өзү, кийимимди булгабаш үчүн кайда отурсам болот деген суроо жаралат. Мен дааратканага киргенимде, аны колдонгондон көрө, чыдай турганым жакшы деген ойго келдим. 

Мен,  ар кандай таттууларды алып келгениме абдан кубанды, өз пенсиясына ал буларды сатып жей албайт. Башка белектериме: көйнөк, кофтага да абдан сүйүндү. Мен кетейин деп турганымда,  мени менен чыгаарын айтты, ал Пушкинге барып, аны менен баарлашып, аны көрүп кайтмакчы болду. Ошондой эле, Санкт-Петербургдагы  курбусуна көп бараарын, алар Пушкиного, Царское селого чогуу барып, андан  башка да адабий жерлерге чогуу саякаттап турушаарын айтты.  Мына ушул бир аялда – поэзияга,адабиятка, улуу адамдардын жашоосуна болгон чоң жана берилген сүйүү менен өзүнүн жеке турмушундагы ыпластыктын кантип батышып жашап жүргөнүнө  чындап таң калдым.  Мага ички сезимидеги туюмум айтып турду, мунун баары – карылыктан эмес, ал өмүр бою, булуттардын арасында, ак боз ат минген канзааданы күтүп жүрүп, бут алдындагы кирди көрбөй жашап келген...

Анын өзүнүн өмүүрлүк жолдошун таппаганы,албетте, мыйзам ченемдүү көрүнүш. Башка жалгыз бой аял – менин 54 жаштагы тууганым Гүлнара – турмушта Анна Сергеевнанын таптакыр карама'каршысы. Ал өзгөчө таза аял. Өзүнүн ЖОЖдогу мугалимдин айлыгына жашап, кайда гана жашабасын өзүнө ыңгайлуулуктарды түзүп жашай алган. Дайыма жарашыктуу да кийинип жүрөт.  Тамакты жакшы жасайт, китептеги ак булуттардын үстүндө каалгыбайт. Бирок,жаш кезинде өтө тандап, өзгөчө жийиркенип турчу: мунун өтүгү таза эмес экен, тигинин болсо тиши кыйшык экен, муну кара, биттеп жүрөт. Бир нече жыл аялы бар киши менен жүрдү, ал келбеттүү да, ийгиликтүү да болчу, бирок башы бош эмес эле, азыр андан төрөп албаганына өкүнүп жүрөт. 

Эл эмне деп айтат деп корккон. Боюнан алдырган. Анан, дайыма жакшы адамга турмушка чыгам деп күтүп жүрдү. Бирок жылдар өтө берди, турмушунда эч ким жолуккан жок. Андан кийин аялы бар дагы башка эркек жолукту, ал да мурдагыга окшоп, анын гана батиринде, эч бир күбөлөрсүз  жолугууну каалар эле, кебетеси ал да турмуштун ызы чуусунан эс алгысы келген окшойт. Кырктан  өтүп калгандыктан, акыркы мүмкүнчүлүгүн пайдаланып, өзү үчүн төрөп алууга аракет кылды, бирок, канчалык дарыланбасын, болгон жок.  Кебетеси, бир кезде боюнан алдыртканы буга себеп болду окшойт. Азыр, мурдагыдай эле жапжаш жана татынакай бойдон, ылайыктуу жесир эркекти болобу, ажырашканбы,таппай келет. Кесиптештери менен жакшы ымалада, көп досу бар. Бирок, баары бир бир нерсе жетишпейт. Жөн гана бир эркектин башын айлантып, анын мойнуна асылып, мени ал деп жабышууга анын намысы жол бербейт.  Эркектердин башын айланта турган, башка аялдар билгичтик менен пайдаланчу кубулуп-кулпуруучу жароокелиги да  жок.

Башка таанышым, Асель, мурда турмушка чыккан эмес, кызыктуу чыгармачыл жашоодо жашаган,  достору көп,туугандарына жардам берип, жээнин өз уулундай кылып баккан. Менин көз карашымда, анын да негизги көйгөйү – Гүлнараныкына окшош – текебердик, тартиптүүлүк жана жетишкендик. 

Менин башка жалгыз бой тааныштарым – 40-50 жаш курактагы ажырашкан айымдар. Алардын көбүнүн мурдагы никелеринен балдары бар. Бул аялдар, негизинен,  күйөөлөрү ала жипти аттап, башка менен жүрүп алганын кечире албагандар же алардын башаламан жашоо образын: аракечтигин, жалкоолугун, жумушсуздугун,  патологиялык кызганчаактыгын, колу тийгендигин көпкө чыдап жүргөндөр. Бул айымдардын билими бар, акылдуу, өздөрүнө жетиштүү оокаты бар,  жалгыз бой жүрүп, же таята-таенелеринин күчү менен өз балдарын татынакай чоңойтуп алышкан. Көп учурда мындай энелердин балдары өтө өзүмчүл келишет, алар өз кезегинде апаларынан башка адамга турмушка чыгышына таптакыр мүмкүндүк бербей, кызганышкан, эми, чоңойгондо,  апасынын жанында ага таяныч боло турган адам керек экенин сезишкенде, кеч болуп калган. 

Мына ушул күчтүү аялдар түнкүсүн жаздыкты кучактап алып ыйлашат, анткени алар да кечинде даярдалган таттуу тамагын бирөө менен жегиси келет, балдардын ийгилигине кубанып, аларды үйлөнтүп, турмушка узаткылары келет, неберелерин багып, каникулга келген кызын тосуп алып, турмуштун оош-кыйышынан чыга албаган уулуна акыл үйрөткүсү келет.  Тойлордо, туугандарынын же досторунун арасында алар күйөөсү жок – ак каргалар болуп калгандыгы өздөрүнө да жагымсыз.  Коом аларды атайылабастан кодулап турат,  өздөрүн ээн эркин сезе алышпайт. Алар, кезектеги жолу мыкты өздөрү кагып, же шкафты жылдырганда, оор баштыкты көтөрүүгө туура келгенде арданганынан ыйлашат. Муну жасай албаганынан ыйлабайт, ызалыктан ыйлашат. Күйөөсү бар курбуларына ичтери күйгөнүнөн ыйлабайт, турмуштук акыйкатсыздыгынан ыйлайт – эмнеге ушундай?  Жогору жактан кимдир бирөөнүн жары болууга  келгени үчүн ыйлашат: «күйөөсү аялына жабышып, бир денеге айланат»...

Мен бул темага аялдардын өз пикирлерин чогултууга аракет кылдым: «Жалгыз  калбоо үчүн эмне кылуу керек, кантип турмушка чыгуу керек?». Анан мындай жоопторду алдым:

·   Менин көз карашымда, маңдайына ушундай деп жазылган. Эгер жүрүш-турушун алып караганда, тажаал болбоо, өзү бойдон калуу. Эркектер тажаалдарды багындырганды жакшы көрүшөт, бирок, алар менен үй-бүлө кургулары келбейт. Андан сырткары, жалпы кабыл алынган стандарттарды күтүүнү зарылдыгы жок – чындап эле ак боз ат минген канзааданы күтүп жата бериштин кереги жок, эркектерге болгон стандарттар баарыныкы ар кандай жана ар биринин өз канзадасы бар! Бирок, сүйүү жана өз бактысы үчүн кээде күрөшүүгө туура келет!

·   Эстен чыгарбоо керек, «Ар ким өз бактысынын устасы» жана  «Жаткан таштын алдынан суу акпайт»! Турмушка чыгып  жана аны менен жашоо – бул чоң эмгек!

·   Мен «кантип турмушка чыгуу керек» стратегиясын эки багытка бөлмөкмүн.  Биринчиси, эгер сен абдан активдүү болсоң, анда тынчтанып, карьеранын, жакшы жашоонун  жана бутуна туруунун аркасынан түшүү менен өзүңдөгү аялдык сапаттарды жоготпоо,  ал эми жоош жана уялчаак кыздарга- тескерисинче, аны тандасын деп күтүп отура бербей,эркектерди көбүрөөк кароо. Б.а. болушунча ортодогу абалга келүү, бирок, мунун баары – турмушка чыгуу үчүн гана. Андан кийин, ачылып, эгер жаш болсоң, өзүңдү жана күйөөңдү оңдоп-түздөп башта.  Эгер жаш курагың отуздан ашып калган болсо, анда эркекти кандай болсо, ошондой кабыл ал. Мен, эркектерди күчүк кезинде кармаганды жакшы көрөм, аны өзүң каалагандай кылып жасап алсаң болот, бирок, ал да сени өз каалаганындай кылып оңдоп алаарын эстен чыгарбоо керек. Ошондуктан, мен турмушту эрте куруу керек деп эсептейм, 23-27 жашта, андан кеч эмес.

·   Айлана чөйрөдөн да көз каранды. Кайсы бир куракта барга барып, таанышуу – вариант эмес, жумушта – баарынын аялдары бар же бош эмес, же кемчиликтери толтура. Кайда барып таанышуу керек? Мүмкүн, ушундан баштоо керектир?

·   Кантсе да, аял канчалык улуу болсо, анын талаптары да ошончо жогору. 

·   Өз мисалымдан билем, эркектердин ишин жакшы билген аялдарды эркектер сыйлайт, бирок, коркушат...  Муну билем, аны жасап көргөм деп аларга айтуунун кереги жок. Алар  өздөрүнүн зарылдыгын сезе билиши керек... Жакында эле бир жерден окудумбу  же ТВдан көрдүмбү, эркектер өздөрүнө көз карандылыгын көргөзгөн аялды таштап кете алышпайт... Анан, турмушка чыгуу үчүн, эркелете да билүү керек: мисалы, жаным, алтыным...  Мен ошенте алам... Ал эми айрым турмуштагы кесиптештериңди уга турган болсоң,  алар өз күйөөлөрү менен сүйлөшүп  жатканда өлүп бара жаткан ак кууга окшоп калышат, 1 кг картошканы да күйөөсү менен барып алышат!  Анын аялзаттык амалдарына жана жардамсыздыгына көз артасың.

·   Чыйрак  болуу керек, чынында бул таптакыр мага туура келбейт, мен 27 жашка чейин турмуштун агымы менен келдим, дагы кантип турмушка чыга алганыма өзүм да таң калам.  Тааныштарым жана курбуларым боюнча айтып жатам. Менин бир курбум бар эле, абдан сулуу, акылдуу ж.б. Бирок, өтө жөнөкөй, куулугу жок, ага канчалык көп балдар жабышпасын, бирөө да турмуш курууга чакырган жок. Ал эми башка курбум, анча  деле сулуу эмес, акылы жагынан деле ашып кетпейт, бирок,турмуштук жактан акылдуу болуп чыкты.  Ылайыктуу жигитти жолуктурду да, бир нече айдан кийин турмушка чыгып кетти. Кыскасы, тыңыраак болуу керек. 

·   Мейманканаларда мени ар убак пенсиядагы немистер таң калтырып келишет. Дайыма кол кармашып, жалгыз жүрүшөт. Балдары менен неберелерине көңүл да бурушпайт. Бир жолу ушундай бир жуп менен сүйлөшүп калдым. Анан алар, бул жашоодо башкысы- балдар жана неберелер эмес, жашоодогу түгөйүң экенин айтышты, анткени балдар – эртеби, кечпи үйдөн кетишет, үй-бүлө курушат, а сен өз түгөйүң – бир адам менен жалгыз каласың. Бир стакан сууну да ошол берет, жаныңда сүйлөшүп отурат, түшүнө билет. А биз балдарга көп көңүл бурабыз. Апам 4 баланы өстүрүп чоңойтту, бирок өлгөндө жалгыз калды, анткени баарыбыз үйдөн алыс болчубуз.... 

·   Мен көп жылдан бери ажырашып, жалгызмын. Эч ким менен олуттуу мамиле курбадым. Аракеттер көп эле болот, менде убакыт жок. Бирок,башкысы – жолугууга, таанышууга болгон каалоо жок. Анын үстүнө, жанымда пайда болгон эркектерге менин уулдарым өтө кызганышат. Үй-бүлөлүк көйгөйлөрү болуп калган курбуларымдын баарына айтам – ажырашканга шашылбагыла, бардык каражатың менен, күчүң менен үй-бүлөнү сактап калууга аракет кыл – бардыгын жеке өзүң тартуу өтө кыйын... 

Кызыгы, эркин эркектер жок деп эч ким айткан жок. Демек,иштин баары аялдардын өздөрүндө. Мүнөзү, көз карандысыздык, жогорку талаптар, өз жашоосун өзү башкара билүү жана булуттарга каалгуу. Демек,андан чыгуучу жол бар. Азырынча, суралган курбуларымдын бири айткандай:баарынан кечкисин жана майрамдарда  жаман....  «Кышкы алча» фильминдегидей.

Мээрим Бейшенова

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине