ГлавнаяВидеоИЛИКТӨӨ!!! Энергетикадагы коррупция, эл мойнуна илинген миллиондор
11:08, 19 Апреля 2022
214x140

“МедиаХаб” журналисттери Арген Бактыбек уулу, Мээрим Айныкеева жана Али Токтакунов энергетика тармагындагы коррупция тууралуу жаңы иликтөөсүн жарыялашты. Анда эки күмөндүү схема ачык көрсөтүлгөн.

Алардын бири энергетикадагы кеңири жайылган “мертвые души” же “өлүү жандар”. Электр энергиясына жалпы 35 (отуз беш миллион) млн сом карызы бар деп жазылган Чүйдөгү 827 абонент тууралуу документ журналисттердин колуна тийген. Иликтөөчүлөр бул карыздардан күмөн санап тизмедеги даректердин 50 ашуунун кыдырып, текшерүүгө жетишкен. Анда кеминде 27 даректе эч ким жашабаганын, айрымдары эбак урап калганын же фундаменти гана калганын аныкташкан. Документтеги бардык даректерди кыдырып чыгууга мүмкүн болгон жок. Бирок журналисттер жана энергетикадагы эксперттер ал даректерде да ондогон “өлүү жандар” болушу мүмкүн деп эсептешет. Бул бир эле облустагы көрүнүш. А бүтүндөй Кыргызстан боюнча мындай “өлүү жандар” канча болушу мүмкүн?

Электр энергиясын колдонбогон жок абоненттерге, же “өлүү жандарга” миңдеген сом карызды илип, кийин төлөй албай калды деген шылтоо менен карызды жойдуруп жиберген ыкма эл арасында “Ширшовдун схемасы” деп жайылган. Ал эми “өлүү жандар” сарптады деген электр энергиясын чынында башкалар колдонуп, акчасын тийиштүү тараптар бөлүп алышарын эксперттер баса белгилешет. 

 
© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине