ГлавнаяВидео“Өлбөс полктун” Бишкектеги жүрүшү. 2018-жылдын 9-майы.
15:19, 9 Мая 2018
214x140

Кыргызстандын 14 шаарлары менен айылдарындагы “Өлбөс полктун” бул жылдагы жүрүшүнө 50 миңден ашык адам катышты.

Президент Сооронбай Жээнбеков дагы миңдеген мекендештери менен бул жүрүшкө катышты. Ал Улуу Ата-Мекендик согушта дайынсыз жоголгондордун тизмесинде катталган чоң атасы Жээнбек Пирназаровдун сүрөтүн көтөрүп басты. Анын уулдары Эрмамат Жээнбеков менен Токтомамат Жээнбеков фронттон жарадар болуп кайтып келишкен. Согушта көрсөткөн эрдиктери үчүн алар “Кызыл жылдыз” ордени жана дагы башка медалдар менен сыйланышкан. Согуштан кийин алар советтик партиялык органдарда жана ар-түрдүү чарбаларда жетекчилик кызматтарда иштешкен.

 
© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине