translationkyrgyzstan.kg

"Оймо" фестивалындагы этно-мода

14:15, 29 Июля 2018

Бишкекте «Оймо - 2018» XIII Салттуу маданияттын жана кол өнөрчүлүктүн эл аралык фестивалы чоң ийгилик менен өттү.

Кыргызстандан, Борбордук Азиядан, Орусиядан, Индиядан жана Афганистандан келген 150 кол өнөрчү өз продукцияларын сунушташты.Жаш чыгармачыл топтор сахнада концерттик программаларын тартуулашты, кол өнөрчүлөрдүн жана фестиваль конокторунун салтанаттуу парады болду.

Кол өнөрчүлөрдүн мыктылары жаш балдар жана чоңдор үчүн мастер-класстарды өткөрүштү. Үчүнчү Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алдында студенттердин, кол өнөрчүлөрдүн жан жаш дизайнерлердин арасында “Этно-Мода” тандоо сынагы уюштурулду. Вячеслав Оселедко тарткан сүрөттөрдөн жаш дизайнерлердин колунан жаралган саркеч кийимдерди көрө аласыздар.

 
© Новые лица, 2014–2025
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине