«…Аларды бир нече күндөп суракка алышкан, тамак, суу бербей, тургузуп коюшкан. Коңшу бөлмөдө алардын балдары, аялдары ыйлап жатышты…». Бул “эл душманы” катары камакка алынгандарды кыйноолор жөнүндөгү документтерден алынган.
Өткөн кылымдын 30-50-жылдарындагы сталиндик репрессиялар казак жана кыргыз элинин тарыхындагы эң кандуу барактардын бири. Ошол жылдары улуттук интеллигенциянын дээрлик бардык каймактары жок кылынган.
Бул коркунучтуу окуялардан дээрлик бир кылым өтсө да, ошол кездеги репрессиялардын тарыхында “ак тактар” дагы эле көп.
“Колонизациянын ак тактары” аталган өлкөлөр аралык долбоордун алкагында эки редакция жүргүзгөн изилдөөдө, репрессияга кабылгандардын урпактары жеке окуялары аркылуу мурдагы союздук эки республика башынан өткөргөн трагедияны айтып беришет. Тарыхчылар эмне үчүн тоталитаризм жана авторитаризм дайыма репрессиялар менен коштолуп, жүз миңдеген адамдардын өмүрүн кыйып жатканын түшүндүрүшөт. Ал эми саясат таануучулар бүгүнкү абал менен, Казакстандагы жана Кыргызстандагы бийлик башкача ойлонгондорду басуу үчүн репрессиялык ыкмаларды колдонуп жатышкандыгын салыштырышат.
Сталиндик репрессиялардын масштабы
Казакстандагы саясий репрессиялар маалында 100 миңден ашуун адам жалган жана жасалма айыптар менен соттолгон, алардын дээрлик 25 миңи өлүм жазасына тартылган. Чындыгында курмандыктар мындан дагы көп болгон.
Кыргызстанда 40 миңден ашуун адам репрессиянын курмандыгы болуп, анын 4 миңи гана түрмөдө атылып, кыйноолорго кабылганы белгилүү. Ошол эле маалда көптөгөн иштер жашыруун бойдон калган, ал тургай алардын жакындары да айыптоолордун маңызын билишкен эмес.
Казакстанда “Массалык саясий репрессиялардын курмандыктарын реабилитациялоо жөнүндө” мыйзам 1993-жылы кабыл алынган. Ошондон бери саясий репрессиянын курмандыктарын толук актоо боюнча мамлекеттик комиссия 2020-жылы гана ишин баштаган. Анын үч жылдык ишинин натыйжасында репрессияга кабылгандардын 2,4 миллиондон ашык иши ачыкка чыгарылып, 311 миң адам акталган.
Кыргызстанда 2024-жылдын аягында “Саясий репрессиянын курмандыктарын реабилитациялоо жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилген. Мыйзамдын өзү 1994-жылдан бери иштеп келет. Алдыда кылмыш иштеринин жашыруундуулугун ачуу боюнча толук масштабдуу иштер турат.
Казакстандагы репрессияларды эскерүү үчүн эстеликтер тургузулуп, эки музей: 2001-жылы Карлага музейи жана 2007-жылы саясий репрессия жана тоталитаризм курмандыктарынын элесине арналган “АЛЖИР” музей-мемориалдык комплекси ачылган.
Кыргызстанда “Ата-Бейит” тарыхый мемориалдык комплекси 34 жылдан бери иштеп келет.
Кыргызстан: “Ата-Бейит” – “Чоң террордун” катаал жылдары жөнүндө эстелик
Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн жарыяланышына бир күн калганда, 1991-жылдын 30-августунда, 1938-жылы репрессия учурунда атылган 137 адамдын сөөгү “Ата-Бейит тарыхый комплексинин көрүстөнүндө кайра жерге берилген. Бул окуя жаңы түптөлүп келе жаткан көз карандысыз мамлекет үчүн тоталитардык доор менен коштошуунун символу болуп калды.
Ушул тарыхый окуядан кийин тарыхчылар, саясатчылар, мамлекеттик кызматкерлер жана Кыргызстандын бүтүндөй коомчулугуна ондогон жылдар бою тыюу салынган сталиндик репрессиялар тууралуу ачык айта башташты.
Кыргыз тарыхчыларынын маалыматы боюнча 1920-жылдан 1953-жылга чейин Кыргыз ССРинин 40 миңге жакын тургуну НКВДнын репрессиясына кабылган. Бүгүнкү күндө 18 миң адам тууралуу архивдик маалыматтар ачыкка чыккан.
Адамдар жалпы көмүлгөн мүрзөнүн коркунучтуу сыры
«Ата-Бейит» музейинин директору, УКМК подполковниги, тарых илимдеринин доктору Болотбек Абдрахманов буларды эскерет:
- 1930-жылдары Чоң-Таш аймагында НКВД кызматкерлеринин эс алуу үйү жайгашкан. Бул эс алуу үйүн жергиликтүү тургун Абыкан Кыдыралиев кайтарчу, ал ошол жакта үй-бүлөсү менен жашаган. Кызы Бүбүйра ал кезде 8 жашта болгон, эс алуучулардын балдары менен дос эле. 1938-жылдын ноябрь айында кароолчу үй-бүлөсүн 2-3 жумага коңшу айылга алып кетет. Кийин алар кайтып келгенде өспүрүм кыз эс алуу үйүнүн четинде жайгашкан кирпич заводунун имараты жок болуп калганын дароо байкаган. Анын ордуна дөңсөө пайда болгон. Анын суроосуна атасы: «Катуу шамал болуп, баары кыйрап калыптыр», - деп жооп берген. Бирок кыз ата-энесинин жүрүм-турумунун өзгөргөнүн байкаган. Күндө кечинде атасы менен апасы шыбырашып, ыйлап, ошол дөбөгө барып, куран окушчу. Кечинде дөбө жак кандайдыр бир жаркырап, бир аз убакыттан кийин ал жактан өтө жагымсыз жыт чыга баштаган. Көп өтпөй үй-бүлө башка айылга көчүп кетишкен. 1973-жылы гана, көзү өтөр алдында атасы бойго жеткен Бүбүйрага ошол жерде чындап эмне болгонун айтып берет. Ал бир кездеги заводдун ордунда репрессияга учураган жана өлүм жазасына тартылган адамдардын сөөктөрү көмүлгөнүн айткан. «Убагы келгенде айт, балким өлтүрүлгөндөрдүн балдары издеп жатышкандыр. Ал жерде жөн эмес адамдар жатышат» деген сөзү атасынын акыркы керээзи сыяктуу угулган.
Негизги сөз "убагы келгенде" болгон.
1991-жылдын жазында гана Бүбүйра Чоң-Таштын коркунучтуу сырын ачкан. Казуу иштери жайында башталган. Аны археолог Михаил Иванович Москалевдун жетекчилиги астында КГБ кызматкерлери жүргүзүшкөн.
- Күн сайын 10-15 адамдын сөөгү табылып жатты. Алар башаламан ыргытылган. Биз аларды баш сөөктөрү боюнча санадык, бардык баш сөөктөрдө кирген октор болгон. Ным өтпөгөн терең жерлерде кийимдердин үзүктөрү табылган. Ошол кийимдер боюнча репрессияга кабылгандар ким экенин түшүнсө болот эле. Гимнастерка, галифе шым кийгендер, мындан тышкары чапан, жөнөкөй көйнөк, галош кийген карапайым адамдар да болгон. Биз алтын тиштери бар 5-6 баш сөөктү таптык. 30-жылдары алтын тиштерди баары эле салдыра алган эмес. Менин жетекчилерим булар репрессияга кабылгандар экенин кантип далилдейбиз деп күмөн санаганы эсимде. Кийинчерээк Жусуп Абдрахмановдун кызы атасы Кремлде иштеп жүргөндө тиштерин дарылап, бир нече алтын тиш салганын тастыктаган. Демек, бул баш сөөктөрдүн бири Жусуп Абдрахмановго таандык, - дейт тарыхчы.
Эң негизги далил түпкүрдө күтүп турган эле: төрт бүктөлүп карарып калган кагаз табылган. Анда: "Бекитем. 58-беренеге ылайык, Жусуп Абдрахманов "эл душманы" катары атылсын" деп жазылган. Кол койгон: полковник И.Лоцманов Дата: 5-ноябрь, 1938-жыл. Экинчи күнү Төрөкул Айтматовго да карата ушундай айыптоо бүтүмүн табышкан.
Ушул документтерди колдонуп, аларга коюлган номерлер боюнча, КГБ архивинен атылган 137 адамдын аты-жөнү жазылган папка табылган. Алардын арасында эл комиссарлары: Төрөкул Айтматов, Жусуп Абдрахманов, Иманалы Айдарбеков, окумуштуу Касым Тыныстанов, Кыргыз АССРинин башка көрүнүктүү ишмерлери, ошондой эле карапайым жумушчулар жана дыйкандар болгон.
- Биз 137 адамдын кимдер экендигин талдап чыктык, алар 17 улуттун өкүлдөрү экен: кыргыздар, орустар, украиндер, 12 немец, поляктар, кытайлар. Алардын басымдуу бөлүгү карапайым эл – жумушчулар, дыйкандар болгон, - дейт Абдрахманов.
«Москвадан эл душмандарын табуу боюнча план жөнөтүп турушкан»
Болот Абдрахманов КГБнын архивинде 30 жыл иштеп, жыйынтыгында “Кыргызстанда 1920-1953-жылдары репрессияланган адамдар” аттуу 10 томдук китеп жарык көргөн. Китепте репрессияга кабылган 18 миң адамдын аты-жөнү жана аларга чыккан өкүмдөр камтылган.
Булар 55 улуттун өкүлдөрү. Эң көп репрессияга учураган 7000 адам - кыргыздар, экинчи орунда орустар – 4000, андан кийин украиндер, немистер, уйгурлар жана башкалар болгон. Репрессияга бир гана биринчи жетекчилер эмес, коомдун бардык катмары дуушар болгон. Коллективдештирүү жылдарында 6000 дыйкан, 200 колхоз төрагалары репрессияланган. «Чоң террор» жылдарында бир нече миң жумушчу, 450гө жакын мугалим жана окутуучулар, 600 аскер кызматчысы, 110 медицина кызматкери репрессияга учураган.
- Репрессиянын туу чокусу 1937-38-жылдары болгон. Сталин: «Биз жалгыз социалисттик мамлекетпиз, бизди душмандарыбыз жок кылгысы келет, аларды колдогондорду издегиле!” деген. Сырткы душмандарды издөө тоталитардык режимдин табияты. «Эл душмандарын» ачыктоо аны менен бирге атууга жана соттолгон адамдардын санын аныктоо боюнча план Москвадан түшүрүлгөн. НКВД кызматкерлери өз баштарын сактап калуу үчүн, мындай душмандарды таап, жазалаш керек болчу. Ошондуктан анын чындап эле душман экенин далилдөөнүн кереги жок болчу. Башка улутка таандык болуу же анонимдүү кат жетиштүү эле.
Тарыхчы Абдрахманов чыныгы кылмыш иштеринен үч мисал келтирет.
Биринчи иш. Эки курбу кыз дос болушуп, бирок урушуп кетишет. Алардын бир экинчисинен өч алуу үчүн гезиттен Сталиндин сүрөтүн кесип алып, мурдагы дос кызынын бут кийиминин таманына төшөп коюп, НКВДга арыз жазат. Анда баланча жаран жолдош Сталинди жек көрөт, атайын жол башчыны кемсинтүү максатында анын сүрөтүн бут кийиминин алдына салып алганын айтат. НКВД кызматкерлери келип текшерип, сүрөттү таап, тиги кызды эл душманы катары камакка алышкан.
Экинчи иш. Эркектер колхоз талаасында чөп чаап жатышкан. Тыныгуу маалында чегирткелерди кармап алышып, алардын кармашын уюштурушат, бири: «Келгиле, бири Сталин, экинчиси Гитлер болсун» дейт. Оюндун жүрүшүндө Гитлер болгон чегиртке Сталин чегирткени жеңип кеткен. Ошондо Гитлер чегирткени кармаган киши: "Ой, меники жеңди! Азамат! Ура!" деп койгон. Кийин ошол эки тамашакөй кишинин үстүнөн чагым жасашып, экөө тең камалып, репрессияланып кеткен.
Үчүнчү иш. Дейс аттуу немисти кармашкан; биринчи суракта ал немецтик тыңчысыңбы деген суроого терс жооп берген. Бир айдан кийин ал тыңчы экенин, колхоздун ат сарайын өрттөгөнүн мойнуна алган. “Тройка” соттон тышкаркы орган, аны атуу боюнча чечим кабыл алат. Кийинчерээк аталган колхоздо эч качан өрт чыкпаганы белгилүү болгон. Бирок эч ким аны текшерип убара болгон жок. Сотсуз жана тергөөсүз атып салышкан.
Б. Абдрахмановдун айтымында, көптөгөн жаш кыргыздарды Социал-Туран партиясынын тарапкерлери катары улутчулдукка айыпташкан. Бул партияда болгону 10 гана мүчө болуп, кийин анын жок кылынганына карашкан эмес. Бирок ушул шылтоо менен он миңдеген адамдар репрессияга учураган. Маселен, башталгыч класстардын окуу китебин кыргыз тилине которууну сунуштаган айылдык мугалимди ушул партияга киргенсиң деп айыпташкан. Ал болсо кирмек тургай, мындай партиянын бар экенин билген эмес.
Же башка окуяны алалы. 53-атчандар полку Фрунзеде жайгашкан эле, анда айылдардан чакырылган жигиттер кызмат өтөшчү. Командирлердин бири Алиев көп жоокерлер буйруктарды түшүнбөгөндүктөн, аскердик жобону кыргыз тилине которууну сунуш кылган. Ушул демилгеси үчүн командир “улутчул” беренеси менен айыпталып, өлүм жазасына тартылган.
«НКВДда мансапка ушинтип жетишкен»
Репрессиялангандардын арасында НКВДнын 125 кызматкеринин аты-жөнү бар. Абдрахмановдун айтымында, булар репрессиянын тууралыгынан күмөн санагандар болгон.
- Адам ойсуз маңкуртка айланып, буйрук боюнча өз ата-энесин атууга даяр болгон. Алар мансапка жетүү үчүн ушундай ыкмаларды колдонушкан, - дейт Абдрахманов.
1937—38-жылдарда Кыргыз ССРинин НКВДсынын жетекчиси болгон Иван Лоцмановдун таржымалы ушундан кабар берет.
Ал кызмат жолунун башталышында эле карапайым жумушчу болгон өз агасынын үстүнөн арыз жазган. Иванга жазган катында бир тууганы алар троцкисттерди талкуулаганын жана алар чындап эле коркунучтуубу деп күмөн санагандыгы тууралуу оюн билдирген. Иван дароо чара көрүү керектиги тууралуу органдарга кат жазып, ага агасынын катын тиркеген. Ошондон кийин бир тууганы жок болуп кетип, ал эми Лоцманов сыйлык алып, кызматтан көтөрүлгөн. Бирок акыры 1939-жылы өзү да атылып кеткен.
Абдрахмановдун изилдөөсүнө караганда, “чоң террор” маалында кыргыздар өздөрү репрессияларга катышкан эмес.
- 1930-жылдары биздин республикага НКВДнын кызматкерлери Орусиядан жөнөтүлүп, алгачкы 20 жылда БМСБ ӨК (Бириккен мамлекеттик саясий башкаруунун өзгөчө комитети) жетекчилери еврейлер, латыштар, эки орус болушкан. Бир да кыргыз болгон эмес. Бул туугандык сезимдерге тийбесин деп, атайын психологиялык себептерден улам жасалган. Ошого жараша, 50-жылдарга чейин КГБда иштегендердин 90%ы кыргыздар болгон эмес.
Он миңдеген адамдардын тагдыры тууралуу эч нерсе белгисиз
«Чоң террор» он миңдеген үй-бүлөлөрдүн тагдырын сындырып, өмүрүн, ден соолугун жана адамдык жашоосун жок кылды. Бирок дагы он миңдеген адамдар унутта калып, 90 жылдан кийин алардын тагдыры тууралуу эч нерсе белгисиз.
Репрессияга кабылгандардын 4 миңи тууралуу гана маалымат калган: 3500ү атылган, 500ү түрмөлөрдө кыйноого кабылган. Бул 4000дин ичинен 137синин гана сөөктөрү табылган; калгандары өлкөнүн башка аймактарында атылган, кыйноого кабылган жана алардын көмүлгөн жерлери дагы деле табыла элек.
Түзөтүү лагерлерине жиберилгендердин тагдыры да белгисиз. Архивдерде Кыргыз ССРинен соттолгондор кайсы лагерлерге жиберилгендиги так көрсөтүлгөн эмес.
- Кыргызстанда репрессияга кабылган аялдар үчүн 4 лагерь болгон. Мисалы, Жаңы-Жер айылында. Эреже боюнча, бул жерде соттолгондор Сибирдеги жана Украинадагы лагерлерге жөнөтүлгөн. Алар адам катары эсептелбегендиктен, ал жакта аман калуу өтө кыйын болчу. Адамдардын эмгегин бекер пайдалануу боюнча атайын саясат болгон.
Абдрахмановдун айтымында, адамдар эки жолу репрессияга кабылган учурлар болгон. Биринчи жолу 1930-жылдардын башында бай адамдарды кулакка тартуу маалында ишке ашып, ал эми 1938-жылдары репрессиянын туу чокусу болуп турганда план аткаруу керек болуп, алар кайрадан камалган.
- Эми ойлоп көрсөңүз, адам жаңы эле турмөдөн кайтып келсе, аны кайра түрмөгө салып жатышса, бул абдан эле оор болгон. Көбү өз өмүрүн кыйган, көбү оорудан каза болгон. Мен материалдарды изилдеп көрдүм. 1938-жылы Кант районунда жазгы айдап-себүү иштери жүрүп жаткан маалда талаада иштегенге эч ким жок, эркектер калган эмес, бардыгы репрессияга кабылып, камалып, атылып кеткен.
Тарыхчы репрессиялар калк тарабынан кыйшаюсуз кабыл алынганын айтат. Анткени айланада жалаң СССРдин душмандары экенине элди ынандырган күчтүү үгүт иштери жүргөн. Ошон үчүн эр жүрөк чекисттер Сталиндин буйругу боюнча эл душмандарын массалык түрдө кармап, жок кылып жатышат деген көз караш жайылтылган.
Болот Абдрахманов менен толук маекти төмөнкү шилтеме аркылуу көрө аласыздар https://www.youtube.com/watch?v=AkXP9MT6SiM
«Ал берилген коммунист болгон. Бирок сталиндик репрессиялар аны да аяган эмес»
Кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун уулу, Кыргыз АССРинин репрессияга учураган мамлекеттик ишмери Төрөкул Айтматовдун небереси Элдар Чыңгызович Айтматовдун айтымында, алардын үй-бүлөсү чоң атасынын сөөгү табылганга чейин, атүгүл Сибирдеги лагерде болсо керек деп ушунча көп жылдар бою үмүттөнүшкөн.
- Мен анын сүрөтүн карайм, ал 35 гана жашта. Мен үчүн албетте, чоң ата, бирок 35 жашында ушунча жетишкендиктерге жетип мамлекеттик ишмер болуп, жашоону жаңыдан жашап жаткан жаш жигитти көрүп турам. Анын жана башка жетекчилердин аркасы менен “Манас” эпосу сакталып калган. Мен анын сүрөтүн карап суктанам, ал максатка умтулган, өз өлкөсү үчүн, СССР үчүн ушунчалык зор иштерди жасагысы келген. Ал ишенген коммунист болгон. Бирок сталиндик репрессиялар аны аяган эмес.
Элдардын айтымында, Чыңгыз Айтматовдун эскерүүлөрү боюнча, анын атасы акыркы күндөрүндө эмне болорун, камакка алынарын билген. Ошондуктан камакка алынгандан бир нече күн мурун Москвадан үй-бүлөсүн поезд менен Кыргызстандагы Шекер айылына жөнөткөн. Төрөкул Айтматов үй-бүлөсүн поездге салгандан кийин акыркы күчү калганча поезддин артынан чуркаган. Бул кичинекей Чыңгыз Айтматовдун эсинде жаркын элес болуп калган.
Төрөкул Айтматовду пантүркисттик партия түзүп, антисоветтик ишмердүүлүккө айыпташкан. Ал жана башка партия лидерлери кутумчулуктун курмандыгы болушкан. 1938-жылы ноябрда башкалар менен кошо атылып, сөөгү Чоң-Таш тоолорундагы массалык мүрзөгө көмүлгөн. Бул жылдарда үй-бүлөсү анын тагдыры жөнүндө эч нерсе билген эмес. Туугандары «эл душманынын» үй-бүлө мүчөсү болуу кандай болорун өз баштарынан өткөрүшкөн.
- Негизи чоң энебизди да камакка алып, балдарын балдар үйүнө жиберишмек экен. Бирок алар дароо алыскы айылга кетип калганы жакшы болгон. Алар жашоого каражаты жок эптеп күн көрүшкөн, аларга туугандар жардам беришкен. Чоң энебизди эч жерде жумушка албай, ал анда-санда тапкан каражаты менен эптеп балдарын баккан.
Кичинекей Чыңгыз Айтматов пионерге өтө турган кезде ага: “Сен жакшы окуйсуң, бирок сен эл душманынын баласы болосуң” дешкен. Чыңгыз Айтматовдун карындашы Роза Төрөкуловна ушундан кийин Чыңгыздын көзүнө жаш келип өзү жакшы көргөн булакка барып жашынып ыйлап, ошол жактан сооронгонун эскергени бар. Бул ал үчүн биринчи сокку болгон. Кийин ал университетке же институтка өтүп окуй албай, зоотехникумда окуп калганы экинчи сокку болгон. Качан гана Сталин өлгөн соң, ага жана ал сыяктууларга өздөрү татыктуу болгон окуу жайлардан окууга жол ачылган, - дейт Элдар Айтматов.
Чыңгыз Айтматов белгилүү жазуучу болгондон кийин да, атасы тууралуу кандайдыр бир маалымат чыгып калабы деп бардык жерден издеген. Үрөй учурган чындык Чоң-Таштагы массалык көрүстөндү казууда ачыкка чыккан.
- Ал кезде атам Люксембургда СССРдин элчиси болуп иштеп жаткан. Апам экөөбүз Кыргызстанда болчубуз. Бир күнү бизге КГБнын башчысы Асанкулов келип, апам менен Роза Төрөкуловнаны алып Чоң-Таштагы казылып жаткан жерге алып барды. Анткени алар Төрөкул Айтматов атылып ошол чуңкурга көмүлгөнүн тастыктаган документтерди табышкан.
Алар көңүлү чөккөн абалда, ыйлап келишти. Чоң атамдын мүрзөсүн табышканын, андан башка дагы атылган адамдар бар экенин айтышты. Ошол учурда эксгумация жүрүп жатыптыр. Документти видеого тартышыбыз керек эле.
Мен камераны алып, тартып баштадым. Документ жакшы сакталган, ал чоң атамдын төш чөнтөгүндө болгон экен. Документте ок тийген жердин тешиги жана кандын тамчысы болгон. Түш көрүп жаткандай, ошол каргашалуу доорго менин да колум тийгенсип тартып жаттым. Ушул көз ирмемдер түбөлүк эсимде калды.
Элдардын айтымында, Чыңгыз Айтматов дайыма антисталиндик көз карашта болгон. Ал тоталитардык, диктатордук режимдердин кандай гана көрүнүшү болбосун каршы болгон. Өзү гуманист болгондуктан мындай идеологияны кабыл ала алган эмес.
- Арадан ондогон жылдар өтсө да чоң атамды ким атканын билүү мүмкүн эмес. Мунун кереги да жок. Анткени бул адамдарды аткандар болгону аткаруучулар болушкан, алар ал режимди түзүшкөн эмес, ага жетекчилик кылган эмес. Чоң атамдын үстүнөн ким арызданганын билүүгө мүмкүнчүлүк бар. Бирок мен муну жасагым келбейт, анткени алардын балдары, неберелери биздин арабызда жашап жатышат. Мен алардын аталары жана чоң аталары үчүн жоопкерчилик тартышын каалабайм”, - дейт Элдар Айтматов.
Маекти толугу менен бул шилтеме аркылуу кирип көрсөңүз болот https://www.youtube.com/watch?v=WZ5pFxYIR0A
“Чоң террор” Казакстанга кантип келген
СССРдеги массалык репрессиянын башталышын 1920-жылдардын аягында жана 1930-жылдардын башында болуп өткөн айыл чарбасын күч менен коллективдештирүү жана тездетилген индустриялаштыруу мезгили менен, ошондой эле Иосиф Сталиндин жеке бийлигинин күчөшү менен байланыштырышат. Репрессиянын туу чокусу 1937-1938-жылдарга туш келип, "Чоң террор" деп аталган. Дал ушул жылдарда жүз миңдеген адамдар атылган же саясий кылмыш жасаган деген айып менен ГУЛАГ лагерлерине жөнөтүлгөн.
Бул “кызыл террор” Борбор Азия чөлкөмүн да кыйгап өткөн жок. Репрессиялар Казакстанда өзгөчө масштабдуу болгон. 1930-жылдары Казак ССРинин аймагында 20га жакын ГУЛАГ лагерлери (бул - Түзөтүү, эмгек лагерлеринин башкы башкармалыгы дегенди билдирет) түзүлгөн. Алардын эң чоңу 11 болгон: “АЛЖИР” (Мекенди саткандардын аялдары үчүн Акмоло лагери), КарЛаг, «Дальный», «Песчаный», «Степной» жана «КамышЛаг».
Бул лагерлерден Казакстандын тургундары гана өткөн эмес. Мисалы, 1938-жылы “АЛЖИРде” Советтер Союзунун бардык булуң-бурчунан келген 8 миңге жакын аял абакта болгон. Алардын арасында: маршал Михаил Тухачевскийдин эжеси, Казакстандын көрүнүктүү саясий ишмерлери жана агартуучулары Сакен Сейфуллиндин, Бейимбет Майлиндин, Турар Рыскуловдун, Султанбек Кожановдун, Темирбек Жүргеновдун, Ныгмет Нурмаковдун, Санжар Асфендияровдун жубайлары болгон.
Ошол жылдары соттолгон жана атылгандардын арасында Казак ССРинин улуттук интеллигенциясынын көптөгөн көрүнүктүү өкүлдөрү: Ахмет Байтурсынов, Алихан Бокейханов, Магжан Жумабаев, Миржакып Дулатов, Халел Досмухамедов, Жаханша Досмухамедов, Уалихан Танашев, Турар Рыскулов, Узакбай Кулымбетов, Сакен Сейфуллин жана башкалар болушкан. Алардын көбү Алматы облусунун Талгар районундагы Жаңалык айылындагы массалык мүрзөгө көмүлгөн.
Сталиндик репрессияга кабылган казак интеллигенциясынын өкүлдөрүнүн арасында жазуучулар, акындар, агартуучулар, журналисттер жана башка көптөгөн адамдар болгон.
"Бул коркуу дагы эле биздин ичибизде". Тарыхчынын пикири
Ошол жылдардагы окуяларга баа берүү үчүн биз кайрылган тарых илимдеринин доктору, Абай атындагы КазНПУнун профессору Хангелди Абжанов, Казакстанда миллиондон кем эмес адам сталиндик репрессиядан азап чеккен деп эсептейт.
"130 миң адам деген болжолдуу сан. Аны НКВД, КГБ, УКК жана башка органдар кылмыштын масштабын азайтуу үчүн беришкен. Ал эми өлүм жазасына тартылгандарды айтсак, 25 миң болбогон сан. Документтерде бизде 1 миллиондон кем эмес репрессияланган адам бар экендиги жазылган. Президенттин архивинде 700 миң адамдын иши бар. Кээде бир иш боюнча 20-30дан адам өткөн”, - деп бул сандын кайдан чыкканын түшүндүрдү.
Профессордун айтымында, адамдарды жазалаган айыптар өтө акылга сыйбас болгон:
«Репрессияга дуушар болгондорго карата «саботажчы», «контрреволюциячыл», «улутчул», «антисоветчил» деген терминдер колдонулган... Миңдеген адамдарды «шпион», «агент» деп жарыялашкан, бирок физикалык жактан алганда деле мынчалык көптү аныктоо мүмкүн эмес болчу. Мындай айыптоолор Санжар Асфендияров, Жанайдар Садвокасов сыяктуу жана башка казак интеллигенциясынын өкүлдөрүнүн документтеринде болгон”.
Тарыхчынын айтымында, камакка алынгандарды өтө ырайымсыздык менен кыйнашкан.
"Алар бир нече күн бою отурбай же жатпай туруп көрсөтмө беришкен. Ошондо алар тамак жебей, суу ичпей, акыры эс-учун жоготуп жыгылышчу. Абактагылардын үй-бүлө мүчөлөрүн коңшу бөлмөлөрдө кармашкан. Балдарды ыйлатып, кыйкыртып турушкан. Мындайга ким чыдайт? Албетте, алар макул болушуп, кандай кагаз болсо да кол коюшкан – өкүмдөр ушинтип чыгып турган. Адамдар эки-үч айда эле таанылгыс болуп өзгөрүшкөн. Сейфуллин камалгандан кийин аны аялы Гүлбарам көргөнү келгенде: «Эмне үчүн уулуңду сурабайсың?» дейт. Ошондо ал: "Ал тирүүбү?" деп кайра сураган. Адамдар акыл-эстен айнып, эстутумун жоготушкан», - деп Абжанов документтердеги маалыматтарды келтирет.
Казак интеллигенциясынын өкүлдөрүнө каршы көптөгөн иштер анонимдүү айыптоолордун негизинде козголгон.
"Мисалы, Сакен Сейфуллиндин өзүнүн шакирттери, кесиптештери көрсөтмө берип, арыз жазууга аргасыз болушкан. Анткени аларды сабаган, ачка калтырган шартта кармашкан. Акыры алар жөн эле кол коюшкан. Мындай документтер көп. "Бул НКВДнын иш ыкмасы болгон", - дейт Хангелди Абжанов.
Анын айтканына караганда, репрессиялардын максаты бийликти бекемдөө болгон.
"Ошол учур мыйзамсыздыктын, башаламандыктын жеткен жери болгон. Ушундай жол менен алар өздөрүнүн террордук бийлигин орноткусу келген. Жыйынтыгында элибиз коркуп, кордолуп, кыйраган. Биз ушул коркунучтан дагы эле арыла элекпиз, ал азыр да биз менен жашайт. Анткени, бир нече муун репрессиялык саясаттын курмандыгы болду да", - деп эсептейт профессор.
Хангелди Абжановдун айтымында, сталиндик доордогу саясий репрессиялар темасы терең изилдөөнү талап кылат жана калыс баасын алышы зарыл.
"Бул жагынан биз Польшанын тажрыйбасын колдонсок болот, ал жерде курамында прокуратура да бар Элдин эстутуму институту иштейт. Мындайды биздин шартта колдонсо болобу же жокпу, билбейм. Бирок бул маселени толук териштирип алмайынча, тарыхта ак тактар жок деп айта албайбыз", - деп сөзүн жыйынтыктады тарыхчы.
Хангелды Абжанов менен толук маекти төмөнкү шилтеме аркылуу кирип көрсөңөр болот: https://youtu.be/hyKI9GDcoB0
«Алаш ордочулар» репрессиядан Кыргызстанга качып келишкен
Шохан Валиханов атындагы Тарых жана этнология институтунун улуу илимий кызматкери Тимур Рыскулов бизге, «Алаш» кыймылынын (казак жана кыргыз интеллигенциясынын башын бириктирген саясий кыймыл) мүчөлөрү репрессиядан кутулуу үчүн Казакстандан кантип, кайда кеткени, акыры сталиндик режимдин курмандыгы болуп калышкандыгы тууралуу айтып берди.
«1920-жылдардын аягында Ахмет Байтурсынов, Абдулла Байтасов, Мухамеджан Тынышпаев жана башка ондогон активдүү «алашчыларга» каршы сот иштери башталып, муну көргөн башка “Алаш” ишмерлери коңшу республикаларга көчүп кетүүнү чечишкен.
Ал кезде Советтик Кыргызстандын аймагында 1917-1918-жылдардан тарта «Алаштын» Пишпектеги бөлүмү иштеп, анын курамына кыргыз улуттук интеллигенциясынын 10го жакын өкүлдөрү кирген.
Казак интеллигенциясынын, элинин тилеги кыргыздарга абдан жакын болгон. Оренбургда өткөн кыймылдын биринчи бүткүл казак курултайында кыргыз интеллигенциясынын өкүлдөрү да болушкан. Алардын ортосунда революцияга чейин эле тыгыз байланыштар түзүлгөн», - дейт тарыхчы.
Анын маалыматы боюнча, Кыргызстандагы “алашчылардын” тагдыры ар кандай болгон.
«Садык Аманжоловду таап алышканда, ал Ташкентке көчүп барып жашаган, 1940-1941-жылдары ооруп, каза болгон. Жумагали Тлеулин 1938-жылы Фрунзеде камакка алынып, Алма-Атадагы НКВДнын абагына алынып келинип, тергөөдөн кийин атылып кеткен. Абикей Сатпаев 1937-жылы Фрунзеде камакка алынып, ал жердеги НКВДнын абагында кармалып, кийин атылып кеткен. Ал ошол жактагы саясий репрессиянын курмандыктарынын массалык мүрзөлөрүнүн бирине коюлган.
Кыргызстандагы контрреволюциялык уюмдун 100 активдүү катышуучусунун аттары аталган, анын ичинде Искандер Жоламанов бар, жетекчиси Турар Рыскулов болгон деген НКВДнын документи бар.
1929-жылдын аягында Сталиндин жеке бийлиги чыңдала баштаганда казак жана кыргыз интеллигенциясынын өкүлдөрү жүргүзүлүп жаткан саясатка өтө кескин каршы чыгышкан. Натыйжада «Чоң террор» маалында алар контрреволюционерлер, буржуазиялык улутчулдар, япондук шпиондор болуп чыгышкан...» — деп сөзүн жыйынтыктады Тимур Рыскулов.
Тимур Рыскулов менен толук маектешүүнү төмөнкү шилтеме аркылуу көрүүгө болот: https://youtu.be/AaBzFbsRngo
"Сен муну менен эч качан келишпейсиң..."
Социолог Жанар Жандосова казактын белгилүү ишмерлери Ураз Жандосов менен Ильяс Жансугуровдун небереси. Анын эки чоң атасы тең репрессия жылдарында атылган, ал эми чоң энеси Фатима Сутюшева “эл душманынын” аялы катары бир нече ай абакта отурган.
Жанар Жандосова өз үй-бүлөсүнүн таржымалын айтып берди:
"Мен төрөлгөн 60-жылдарда реабилитация болуп өткөн, ошондо ушул ысымдар кайрылып келген. Бала кезимдеги эң алгачкы эсте калган окуялардын бири, биз скульпторго барып, Ураз Жандосовдун эстелигин көргөнбүз. Мына ошондо биз алгачкы жолу, эмне үчүн чоң аталарыбыз ушундай тагдырга кабылгандыгын ойлоно баштадык.
1937-жылы чоң атам камалганда атам болгону 7 жашта, апам 5 жашта экен. Алардын эсинде жок. Биздин үй-бүлөдө атам бизди отургузуп алып ушул окуяларды айтып берген адат жок эле. Ал бул темада сүйлөшкүсү келчү эмес. Негизи куугунтуктан катуу жапа чеккен адамдар гана ушундай болот».
Жанар Жандосова ата-бабаларынын кайгылуу тагдырын чоңойгондо гана билип, эмне үчүн мындай болгон деген суроону азыр да өзүнө берип келет.
"Эмне үчүн, кандай жол менен алар мындай айыптоолорго илинип, азап чегишкени такыр түшүнүксүз. Жансугуровду "япон тыңчысы" деп күнөөлөшкөн, бирок ал жок дегенде бир япон адамды таанычу беле? Японияны кантип "чапташкан", билбейм, муну түшүндүрүү абдан кыйын.
Ураз Жандосовду улутчул деп айыпташкан. Ал 1916-жылы Кытайга көчүп кеткен казактарды кайра кайтарып, аларды орус калкы отурукташып калган мурдагы жерлерине жайгаштыруу менен алектенген. Ал так ушундай болушу керек деп эсептеген жана жасаган иштеринин туура экендигине ишенген. Ал абдан айкөл, чынчыл адам болгон. Чындыгында ал Голощекинге жалгыз каршы турган. Голощекин болсо аны элге кадырлуу болгону, адамдар менен иштеше билгендиги үчүн жек көргөн. Аны кызматтан бошотуп, адегенде Нарынколдун эң алыскы районуна жөнөтүп, партиядан чыгарып, акыры ушундай айыптар менен күнөөлөшкөн».
Видеого тартылган маегинде Жанар Жандосова ата-энеси Санжар Жандосов менен Ильфа Жансугурова репрессияга кабылган аталарынын иштери менен алгач кантип таанышканын эскерет.
«1989-жылы атам КГБга арыз менен кайрылып, апам экөө уруксат алып, архивге барышкан. Алар кайра келгенден кийин өңдөрү бозоруп, такыр сүйлөй албай коюшкан. Атама Жандосовдун, апама Жансугуровдун иштери боюнча документтерди беришкен.
Апам аларга жазууга, сүрөткө тартууга, жада калса тийүүгө да тыюу салынганын айтып берди. Башын ийкөө менен гана барактоого болоорун билдире алган. Анан ал биринчи баракта дагы бир нерсе бар экенин, андан кийин жөн эле актай барактар болгонун айтат. Мен өзүм бул документтерди кароону чече элекмин. Бир чыгынып туруп, жазында ушул иштерди жасайм деп турам”.
Ал Казакстанда азыркы учурда болуп жаткан окуялар кээде өткөн доорду эске салып жатканы менен келишүү өтө кыйын дейт.
«Азыр сөз эркиндиги, журналисттер эмне болуп жатат? Алар жасалма айыптар менен айыпталып, далилдер бурмаланып, саясий сатира үчүн соттолуп жатышат. Менин оюмча, мунун баары 1930-жылдардагы репрессияларды эске салат», - дейт Жанар Жандосова.
Жанар Жандосова менен толук маекти төмөнкү шилтеме аркылуу кирип көрө аласыздар: https://youtu.be/gQqEyznZmHE
«Биз ата-бабаларыбыздын тагдырын кайталагыбыз келбейт»
Казак саясат таануучусу Шалкар Нурсейиттин пикири боюнча, өткөн репрессиялар менен Казакстандагы азыркы саясий куугунтуктун үч жалпылыгы бар.
Биринчиден, башкача ойлогондорду куугунтуктоо деп эсептейт.
Экинчиден, бардык маалыматты толук көзөмөлдөө аракети – цензура жана өзүнө өзү цензура жасоо.
Үчүнчүдөн, башкалар үчүн көрсөтмөлүү сот процесстери, жазалоо.
Анткен менен ошол жылдардагы репрессия менен азыркынын ортосунда айырмачылыктар бар экендигин саясат таануучу белгиледи.
"Эгерде Советтер Союзунда массалык репрессиялар болсо, азыр бизде конкреттүү адамга карата репрессиялар бар. Акыркылары алда канча эффективдүү. Мында домино эффектиси бар, жада калса активдүү адамдар да жазып же сүйлөөрдөн мурун көп жолу ойлонушат", - дейт саясат таануучу.
Репрессиянын мотивине келсек, анын ою боюнча, максат дайыма бирөө:
"Бул бийликтегилердин ишенбестиги жана коркуусу, ошондуктан саясаттан баштап, адамдардын күнүмдүк ишмердүүлүгүнө чейин баарын көзөмөлдөөгө умтулуу. Эгерде бийлик көпчүлүк аларды колдойт деп ишенсе, алар репрессиялык ыкмаларды колдонушмак эмес. Бул саясий режимдердин жалпы мотиви."
Шалкар Нурсейиттин ою боюнча, олуттуу саясий реформалар жүргүзүлмөйүнчө репрессиялар улана берет.
«Биз бул жөнүндө так жана катуу айтышыбыз керек. Мындай абал менен макул эмес экенибизди, тоталитардык Советтер Союзуна кайра кайтууну каалабай турганыбызды, биз андан менталдык, психологиялык жана тарыхый жактан өсүп кеткенибизди айтууга тийишпиз. Биз башка өлкөдө жашагыбыз келет жана ата-бабаларыбыздын тагдырын кайталагыбыз келбейт», - деп сөзүн жыйынтыктады Шалкар Нурсейит.
Шалкар Нурсеит менен маекти толук бойдон бул шилтеме аркылуу көрө аласыздар: https://youtu.be/Ig_YoQKRTPE
«Авторитардык бийлик репрессиялар менен тыгыз байланышкан»
1937-1938-жылдары Советтер Союзунун республикаларын каптаган “Чоң террор” 85 жылдан кийин кайра кайтып келди. Акыркы 4 жылда Кыргызстан, Казакстан жана Грузия жарандык коомго жана көз карандысыз маалымат каражаттарына каршы репрессиялык мыйзамдарды кабыл алышты. Бирок адегенде бул мыйзамдар Орусия менен Белоруссияда кабыл алынып, бул өлкөлөрдөгү шайлоонун жыйынтыгына массалык нааразылыкка байланыштуу колдонулган. Орусия 2022-жылы Украинада баштаган согуштун фонунда бийликти сындагандар жана нааразы болгондор менен күрөш күчөдү.
Саясат таануучу Алмаз Тажыбай репрессиялар ырайымсыздыгы менен айырмаланат деп эсептейт. Беларуссияда болуп жаткан окуялар Орусия же Казакстанда болуп жаткан окуялардан айырмаланат. Ал эми муну Түркмөнстанда 20 жыл мурунку оппозиция лидерлери таптакыр жок болуп кеткен окуя менен салыштырууга болбойт.
- Репрессия – бул жарандык эркиндиктерди басуу. Сталин өлгөндөн кийин Советтер Союзунда алар жумшак түрдө болсо да уланып келген. Маселен, эгер бир адамдын коммунисттик партиядан айырмаланган көз карашы болсо, ал жумушка алынбай, айрымдары өлкөдөн чыгарылган. Кыргызстанда эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында эле бийликтин оппоненттерине жана эркин журналисттерге каршы репрессиялар башталган. Акаевдин тушунда алар соттолуп, Бакиевдин тушунда өлтүрүлгөн, - деп эскерет саясат таануучу Азамат Тажыбай.
Саясат таануучу Кыргызстанда болуп жаткан бийликти сындагандар менен саясий оппоненттерди куугунтуктоонун азыркы көрүнүшүн массалык мүнөздө болбосо да репрессия катары мүнөздөйт.
- Авторитардык бийлик репрессиялык аппарат менен ажырагыс байланышта болот. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда оппоненттерге каршы “Массалык баш аламандыкка чакыруу”, “Экстремизм” же “Бийликти күч менен басып алуу” деген популярдуу беренелер боюнча кылмыш иштери козголуп жатат. Бул беренелер абдан олуттуу жана ар бир адамга колдонулушу мүмкүн. Ошон үчүн бардыгы унчукпайт. Оппозициянын жок болгону көп болду, жарандык активисттер камалды, журналисттер соттолду, маалымат каражаттары жабылып, айып пул салынышы мүмкүн. Ошондуктан эч ким тобокелчиликке баргысы келбейт. Авторитардык өлкөлөрдө баары бийлик менен макул болбосо да унчукпайт, - деп жыйынтыктайт саясат таануучу.
Алмаз Тажыбай менен толук маекти төмөнкү шилтеме аркылуу көрүүгө болот https://www.youtube.com/watch?v=lP5J6uEbNfc
Репрессиялар кайталанбашы керек
90 жыл мурдагыдай эле азыркы Казакстан менен Кыргызстанда да Орусия менен Беларуссиянын үлгүсүндө репрессиялар кайталанып жатат. Азыркы бийликти ачык сындаган жүздөгөн адамдар жалган жалаа менен кылмыш жоопкерчилигине тартылууда.
Тарыхчылар “Чоң террордун” бардык окуяларын кылдат изилдеп, элибиз ата-бабаларынын тагдырын кайталабаш үчүн аларга саясий жана тарыхый баа берүүнү сунуштап жатышат.
Материалды Назира Даримбет, Юлия Козлова (Казакстан) жана
Лейла Саралаева, Даяна Оселедко (Кыргызстан) даярдашты