ӨмүрбекТекебаев: «Биз өз жарандарыбызга Россияны белек кылабыз!»

21:44, 29 Декабря 2014

«Ата-Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев коомчулуктун кызыгуусун суудурбай, кармап турууга көнгөн, анын партиясынын демилгелери  көп талаш-тартыштарды жаратат, ал эми анын партиялаштарынын башка бирөөлөрдүн айыптарын ачуу үчүн жасашкан  билдирүүлөрү, демейде  чуулгандуу кызматтан кетирүүлөр менен аяктайт. Азыркы айтылып жаткан сындарга карабастан, азыркы кезде «Ата-Мекен» партиясы мурдагыдай эле күчтүү, бекем бойдон турат. Узап кетип бара жаткан жылдагы партиянын жыйынтыктары жана жалпы эле парламентаризм жөнүндө, жана дагы Кумтөрдү улутташтыруу идеясы жөнүндө биз Өмүрбек Чиркешевич менен маек курдук.

«Биз Кыргызстанга таандык нерселерди кайтарып алууну каалайбыз

- Чындыгын айтканда, коомчулукту сиздин Кумтөрдү улутташтыруу жөнүндөгү демилгелериңиз ойго салбай койбойт. Бул маселенин көп козголо башташы, - алдыда келе жаткан шайлоолорго карата болгон даярдыкпы? Саясий оюн эмеспи? Же бул чынында эле сиздин терең ишенимиңизден улам чыккан идеябы?

- Бул биздин ишенимибиз. Биз бул тууралуу 20 жылдан бери -  Акаевдин, андан кийин Бакиевдин мезгилинен бери эле айтып келе жатабыз. Тарых биздин туура экендигибизди айкындады. Ар кайсыл учурдагы чакырылыштагы парламенттердин беш токтому чыккан, анда бул  Кумтөр долбоору кылмыштуу, элге каршы, Кыргызстандын элинин кызыкчылыгына каршы багытталган жана коррупциялашкан долбоор экендиги белгиленген. Жада калса парламенттин азыркы курамы дагы эки ирет азыркы долбоорду Кыргызстандын кызыкчылыктарына жооп бере албайт деген чечимдерди кабыл алган. Бирок, биздин оппоненттерибиз абдан кудуреттүү, алардын эбегейсиз чоң финансылык ресурстары бар, алар биздин алдыңкы саясатчыларды, эксперттерди, массалык-маалымат каражаттарын, газеталар жөнүндө айтпаганда да, анын ичинде ОТРК жана ЭлТР сыяктууларын да кошо сатып алып коюшкандыгын ачык эле айтышыбыз керек. Мен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке Кумтөрдүн жергиликтүү өз кызыкчылыктапрын коргоо үчүн массалык-маалымат каражаттарына канчалык  каражатты коротуп жаткандыгы тууралуу суроо менен кайрылууну пландаштырып жатамын. Алар коомчулуктун пикирин бурмалоо менен бирге, биздин акчаны эле кайра биздин өзүбүзгө каршы иштетип жаткандай болуп жатпайбы.

- Алардын ишмердигинин элге каршы экендигин конкреттүү түрдө эмнеден көрүүгө болот?

- Кумтөр Кыргызстанга орду толгус экологиялык зыяндарды алып келип жатат. Ошол эле учурда, биз Кумтөр долбоорунан абдан эле аз пайда алып жатабыз. Соңку кездерде гана, улутташтырып жиберүүдөн коркушкандыктан улам, алар дивидендди жогорулатышты. Бирок, бул кымындай эле нерсе. Бул карактоочулук мүнөзгө ээ болгон келишим, биз аны кайра карап чыгышыбыз керек.

- Бирок, өкмөттүн Биргелешкен ишкана түзүп, кирешени «50х50» кылып, тең бөлүү жөнүндө макулдашуусу бар да.

- Биздин фракция булл токтом менен макул болгон эмес, биз каршы добуш бергенбиз, бирок, ал баары бир кабыл алынган. Биздин позиция мындай – биз тарыхый адилеттүлүктү орнотуп, Кыргызстанга 67 пайызы таандык болушун каалайбы. Бул компаниянын саясатын толугу менен биз аныкташыбыз керек. Бирок, Центерра Голд Компани бул шарттар менен макул болгон эмес, ал ошол 50х50 дегенди сунуштап, Кумтөр кени Центерранын менчиги болуп калышын жактап чыккан. Себеби, алардын үлүшү азайаары менен эле, алардын акцияларынын баасы да түшүп кетет, анткени, бүт дүйнө бул  кыргыз алтыны экендигин, Центерраныкы эмес экендигин билет. Ошондуктан, алар 50% дан кем эмес үлүшкө ээ болууну каалашат. Бирок, алардын пикири боюнча, бир нече жылдан кийин гана, алар кенге алып келишкен техникага болгон белгилүү бир өлчөмдөгү сумманы төлөгөндөн кийин гана биздин 50 пайызга болгон укугубуз иштей баштайт. Алар бул бааны биздин дароо эле төлөп берип коюшубузга каршы болушуп,  аны 10 жылдын ичинде төлөгүлө деп жатышат. Демек, иш жүзүндө алар өздөрү теңинен көбүнө ээ болгон бойдон кала беришет. Бирок, бул деле эң башкысы эмес. Эң эле башкы маселе, алардын алтынды жер алдынан казып алуу ыкмасына өтүүнү каалашпай, үстүңкү катмардагы ңой алынчу кенге кызыгышып, муз мөңгүлөрүн жок кылууну каалап жатышкандыгында болуп жатат. Анан дагы, алар бул үчүн биздин аларга айлана-чөйрөгө зыян келтирип жатышканы үчүн доо койбошубузду, дегеле бул жөнүндө такыр унутуп коюшубузду талап кылып жатышат. Бул талаптардын бири. Башкача айтканда, алар жөн эле биздин мөңгүлөрдү жок кылып, үстүндөгү каймагын гана калпып алууну сунуш кылышууда. Бирок, дагы 10 жылдан кийин бизде өз акцияларыбызды сатып алуу мүмкүнчүлүгү пайда болот. Бирок, бул биздин кызыкчылыктарга дал келбейт! Жада калса бүгүн деле, үлүштөрдү 50х50 кылып бөлүү жөнүндөгү парламенттин сунушун уккусу келбей жатат. Алтынды жер алдынан казып алуу ыкмасы жана экологиялык зыянды кайра толуктоо жөнүндө Центерранын жетекчилери уккулары да келбейт. Парламенттин токтомунда, эгерде өкмөт эки айдын ичинде өлкө үчүн пайдалуу болгон шарттарда келишим түзбөсө, анда улутташтыруу жөнүндөгү мыйзам карала башталат деп айтылган. Бирок, андан бери бир жыл өттү. Центерра эч нерсеге кол койгон жок, ошондуктан, биз улутташтыруу жөнүндөгү мыйзамды алып чыктык. Биз Кыргызстанга таандык болгон нерселерди – алтын кенин жана комбинат кайтарып алууну каалайбыз.

- Сиздер бул маселени качан кароого чечкиндүү түрдө коесуздар?

- Бул бизден гана көз каранды эмес, бул маселе жалпы коомчулуктун биримдигине байланыштуу болуп чечилет. Эгерде азыркыдай парламентарийлердин бир бөлүгү, мамчиновниктер, журналисттер, эксперттер каршы чыга турган болушса, анда улутташтырууга жетүүгө мүмкүн эмес. Бул үчүн бүткүл коомчулуктун жалпы түшүнүгү бирдей болуп, биримдиги болушу керек. Эл аралык деңгээлдеги (трансулуттук) жырткычтыкка биздин мамлекет ушундай жол менен гана каршы тура алат. А алар болсо каржылоо аркылуу биздин коомубузга бөлүп-жаруу жаратып, биз эч кандай бир пикирге келе албай жатабыз.

- А улутташтыруудан кийин сиздерде кандай кылуу керектиги жөнүндө пландарыңыздар барбы? Биз алтын кенди өзүбүз иштетебизби, же кандайдыр бир компанияга беребизбии?

- Эл аралык деңгээлде чоң кадыр-баркы бар, тажрыйбалуу эл аралык операторго, компанияга бере алабыз деп ойлоймун. Ошол эле азыркы оператор деле ишин уланта берсе болот, бирок, биздин шарттар менен.

- Ал эми бизди коркутуп жатышкандай, көп миллиарддуу доо реалдуу коркунучту жаратпайбы?

- Центерра жана ал сатып алган эксперттер  3 миллиард доллар деген сумманы айтып жатышат. Эч кандай эсеп-кысабы жок эле айтып жатышат, себеби, Аткинсон ушундай деп айтып койгон. Биз кенди улутташтырган соң, Кыргызстан компенсация төлөп берүүгө даяр, бирок, экологиялык жактан келтирилген зыянды жана ушунча жылдан бери түшүшү мүмкүн болгон, бирок түшпөй калган киреше эсептелип чыккандан кийин гана. Ошолордун баары эсептелип, алынып салынгандан кийин анча көп деле эмес сумма -  70тен 100 млн. долларга чейинки гана сумма калат. Аны да биз 10 жыл ичинде төлөп берүүгө даярбыз, антккени, Центерра ал кирешени 10 жылдын ичинде алууга ниеттенип жаткан.

«Биз коңшулар менен ынтымакта жашоого милдеттүүбүз

- Сиз Бажы биримдигине кирүү тууралуу бир нече жолу айтып чыккансыз. Өзүңүздүн көз карашыңызды биздин окурмандарга дагы бир ирет түшүндүрүп бере аласызбы.

- «Ата-Мекен» партиясы - кыргызчыл партия. Ооба, биз демократия принциптерин карманабыз, эркиндикти жана адам укуктарын урматтайбыз, башкача айтканда, батыштык деп аталган баалуулуктарды жар салабыз. Бирок, биз Кыргызстанда жашайбыз, биздин өзүбүздүн улуттук кызыкчылыктарыбыз бар. Биз жер шарынын дал ушул аймагында жашагандыктан, биздин өзүбүздүн калыптанып калган тарыхый, саясий жана экономикалык коңшуларыбыз бар. Биз өз кызыкчылыктарыбызды алдыга коюшубуз керек. Ошондуктан, биз башкаруунун демократиялык формасын тандап алганбыз. Туура, биз коңшуларыбыздан мамлекеттик түзүлүш боюнча айрымаланып турабыз, бирок, биз  коңшуларыбыз менен жашоого милдеттүүбүз, алардын кызыкчылыктарына урматтоо менен карап, ар кандай кырдаалдардан алар менен чогуу чыга билишибиз керек. Коңшуларыбыз менен бирге, биз регионалдык экономиканы түзүшүбүз керек, анткени, география саясатты гана эмес, элдин үрп-адатын да, элдердин менталитетин да аныктайт. Биздин коңшулар менен менталдык деңгээлдеги жалпы жактарыбыз көп. Анан ошол психологиялык, руханий, маданий, тарыхый, а эң башкысы – экономикалык жалпылыктардын негизинде биз өзүбүздүн жалпы кызыкчылыктарды коргошубуз керек.

- Биз баарыбыз пикир келишпестиктер күч алаарын билип эле турабыз.  Бул  Кыргызстанга кандайча терс таасир этет?

- Биздин Россия жана Казакстан менен тыгыз байланыштарыбыз бар, көп адамдар ал байланыштардын канчалык деңгээлде бекем экендигин деле билишпейт. Рубльдун курсу дээрлик эки жарым деңгээлге түшүп кеттти, демек, дал ошончолук деңгээлде биздин мигранттардын акча которуулары дагы азайды. Эгерде алар мурда эки миллиард долларга жакын акча которуп турушса, эми алар  500-600 млн. долларга жакын гана акча которуп калышты. Биздин экономика запкы тартканы көрүнүп эле турат. Ушуга байланыштуу, биздин оппоненттерибиз: «Россия кыйын абалда турат, а биз Бажы союзуна кирерибиз менен эле, андай маселелер биздедабашталат!» - деп жатышат. Бирок, татаалдыктар биз кирсек да, кирбесек да баары бир боло бере турган  нерселер. Доллардын курсунун түшүшү да бизге, биздин мигранттардын абалына таасир этет, ал эми  вступая Бажы биримдигине кирүү менен, биз өз жарандарыбыздын ишмердик талаасын кеңейтип жатабыз. Азыркы күндө Кыргызстандыктар азыркы көчмөндөргө айланышып, акча иштеп табууга шарты бар жактарга кетип жатышат. Бажы союзуна кирүү менен, биз өз жарандарыбызга Евразиянын кеңири мейкиндиктерин, Россияны белек кылып беребиз!  Сахалинден баштап, Калининградга чейин биздин жарандар  эркин жер которуштуруп, өз мүмкүнчүлүктөрүн россиялыктар менен бирдей укукта ишке ашыра алышат. Биз аларга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү, жаңы горизонтторду белек кылабыз. Көп балалуу үй-бүлө бир бөлмө үйдө тыгылышкандай болбой, жаңы мейкиндиктерди өздөштүрүү керек. Азыр бүт дүйнө ушинтип жатат. Азыр кимдер дүйнөдө эң ири улуттар?

- Кытайлыктарбы?

- Жок, мигранттар! Качандыр бир кезде элдер Америкага барышып, аны өздөштүрүшкөн. Бул процесс азыр деле уланып келе жатат. Бул  мобильдүү дүйнөгө мүнөздүү нерсе. Көчмөнчүлүк биздин каныбызда бар эмеспи. Биз жаңы мейкиндиктерди өздөштүрүшүбүз керек…

- Көпчүлүк адамдар Бажы союзуна кирүүнү кооптонуу менен күтүп жатышат. Биз киришибиз керек, а силер өзүңөргө тобокелчиликтерди алып жатасыңар деп айтышууда. Анткени, эгерде экономикалык абал кыйындай турган болсо, шайлоодо Кыргызстандыктар силердин партияңарды колдобой коюшу мүмкүн. Өтө эле кыраакы саясатчылар мындай кескин билдирүүлөрдү жасоодон карманып турушат.

- Ооба, чынында эле Бажы союзунун тарапкерлери азыр тарыхый азчылыкты түзүп жатышат. Эгерде жарым жыл мурда андайлар 70 пайыз болсо, азыр олку-солку болуп тургандарды эске албаганда,  20-30 пайызды гана түзүп калды. Кыйынчылыктар болорун чынчылдык менен моюнга алуу керек,  энергетикалык кризистин кесепеттерин биз бир-эки жылда жое албайбыз. Россиядагы экономикалык кыйынчылыктар биздин  экономикага да терс таасир этет. Бажы союзуна кирүү белгилүү бир товарларга болгон баалардын жогорулашына алып келип, эмгек мигранттарынын өз үй-бүлөлөрүнө көрсөтүп жаткан каржылык жардамдары дагы кыйла азайат. Социалдык-экономикалык кырдаалдын да началаганы ачык көрүнүп турат. Анан баягы биз сөз кылып жаткан Бажы союзунун перспективалары дароо эле көрүнө койбойт, анын жемиштерине жеткенге чейин дагы бир нече жыл талап кылынат. Чынында эле, калк мындай нерселерге баары эле бирдей түшүнүү менен мамиле кыла бербейт. Нааразычылыктар болот деген тобокелчилик бар жана муну шайлоодогу добуш берүүлөр да көрсөтөт. Бирок, биз  ралист болушубуз керек. биз өзүбүзгө жоопкерчиликти ала билишибиз керек. ошол тобокелчиликке карабастан, биз бул бир гана ылайыктуу, тарыхый чечим экендигин айтып жатабыз. Ушуну биз элибизге түшүндүрүп беришибиз керек. Дал ошон үчүн партиялардын көп миңдеген  армиясы, абдан так иштеген түзүмдөр керек да. Өзүбүзгө ушундай тобокелдүү милдетти алып, биз өздөрүбүздүн партиялаштарыбызга таянабыз. Менин оюмча, биз эл алдында түшүндүрүп бере алабыз.

«Жаңыадамды калыптандыруу – амбициялуу милдет»

- Өмурбек Чиркешевич, сиз  Кыргызстандагы саясий партиялардын өнүгүшүнө кандай көз караштасыз?

- Конституция боюнча, Кыргызстандын саясий системасынын эң башкы катышуучусу саясий партиялар болуп эсептелет.  Конституцияда саясий партиялардын мамлекеттик бийликке болгон монополиясы орнотулган. Бир гана ушундай өздөрү уюшулган форма аркылуу эл өзүнүн бийликке болгон, өзүнүн мамлекеттик бийликтин булагы болгон табигый укугун, өлкө эгемендүүлүгүнө жана өз тагдырына кожоюн болгон конституциялык укугун ишке ашыра алат. Ошондуктан, саясий партиялар коомдук турмуштун өтө маанилүү субъектиси болуп эсептелет. Парламент партиялар аркылуу гана шайлана алат, ал эми жеңип чыккан партия же коалиция өкмөт курамын түзөт, өлкөнүн өнүгүү программасын аныктайт. Ошентип, эмне үчүн айрым адамдар саясий партиялардын диктатурасы жөнүндө жана бащкаруучу үй-бүлө мүчөлөрүнүн кээ бир саясий партиялардын босстору менен алмашып калганы жөнүндө сөз кылып жатышканын түшүнсөк болот.

- Бул өсүү оорусубу же реалдуулукпу?

- Адамдар мындан бир аз мурда болгон тажрыйбага таянып баа берип жатышат, анткени, алар башка саясий жашоо түзүмүн көрүшө да элек. Негизги аракеттеги адамдар – саясатчылар жана саясий партиялар жаңы мамилелерди дагы мурунку тажрыйбасынан улам жасап жатышат. Башкача айтканда, биз мурдагы түшүнүктөрдөн али толук кете элекпиз. Жаңы форма экендигине карабастан, адамдар мурдагыдай эле мамиле кылып жатышат. Ошондуктан, биздин эң башкы милдетибиз – биз ал тууралуу  2010-жылы эле билдиргенбиз – жаңы саясий маданиятты түзүп, жаңы адамды калыптандыруу болуп саналат. Бул иш жаңы коммуникациялык жана өнөр-жай объектилерин курууга караганда алда канча татаал болгон иш. Биздин алдыбызда абдан амбициялуу, эбегейсиз чоң милдеттер турат – шайлоо аркылуу, тажрыйба аркылуу ой-жүгүртүүнүн жаңыча тибин жаратып, саясий түшүнүк боюнча алганда, жаңы элди жаратышыбыз керек. андай элдин өзгөчө белгилери бүгүн деле байкалып турат. Байкоочулар, изилдөөчүлөр кыргызстандыктар өз коңшуларынан өзгөчөлөнүп турушаарын белгилешет – көз карандысыз, эркиндикти сүйгөн, сыймыктуу жана өз тагдырынын кожоюну катары сезген эл дешет.  Кыргызстанда ар бир кичинекей адам дагы анын колунан абдан көп нерсе келерине ишенет, ал өзү кырдаалды өзгөртө аламын деп ишенет.  Россияда өткөрүлгөн ушундай эле сурамжылоолор андай ишеничтеги адамдардын алжакта алда канча аз экендигин көрсөтүп турат. Россия биздин түшүнүгүбүз боюнча бардык жагынан алдыга кеткен өлкө болуп эсептелгенине карабастан. Бирок, эмнегедир ал жакта элдер пассивдүү келишип, өздөрүн кичинекей бир тетик сыяктуу гана баалашат.

- Бул парламентаризмдин жыйынтыгыбы?

- Бир гана эле парламентаризмдин жыйынтыгы эмес, бирок, Кыргызстандын 23 жылдан берки эгемендүүлүгүнүн таасири да бар. Анан ушулар парламенттик башкарууда ишке аша баштады. Бул жагымдуу болгон, ыңгайлуу шарттарда өнүгүп жатат, көп нерселерге уруксат берилип, саясий партиялардын атаандаштыгы колдоого алынып жатат.

- Саясий партиялардын абдан эле көп экендигине карабастан, алар баары ар кандай деңгээлде, алардын айрымдарынын сапаттары төмөн. Кайсыл бир  партиялар шашылыш эле түзүлө калгандыктан, аларды жалпы стратегиялык идеялар эмес эле, примитивдүү экономикалык мүнөздөгү кызыкчылыктар бириктирип турат, же аларга өздөрүнүн жеке кызыкчылыктарын сүрөмөлөө үчүн гана саясат керек болуп жатабы.  Ушундай эмеспи?

- Даяр партиялар болбойт. Партия – бул коомдун чагылып көрүнүшү.  Партиялардын түзүлүп, калыптануусу азыркы көз караштан алып караганда, толук ишке ашып жатат. Чындыгында эле, азыркы бар болгон партияларда, ал тургай, азыркы парламентке келгендеринде деле, ар кандай адамдар бар, ар кандай көз караштарды тутунгандары бар. Айрым партиялар кокусунан эле кошулуп калган адамдардын тобу болуп эсептелет. Эл да муну байкап, сынга алып жатат. Парламенттин рейтинги азыр абдан төмөн. Бул парламенттин начардыгынан эмес, тек гана адамдар  депутаттардын башка сапаттарын каалап жатышат. Өткөн жолку акжолчулардын парламентин эстеп көрүңүзчү, ал мындан да жаман, баарына макул деп баш ийишкен, аңкоо чалыш, көз каранды эле, алар парламентке да абдан орой жасалган бурмалоолор аркылуу өтүшкөн. Ошентсе да, адамдар алар тууралуу азыр унутуп калышты. Азыркы депутаттарга абдан жогорку деңгээлдеги талаптарды коюп жатышат.Кыргызстандыктар ар бир саясатчынын же ар бир  фракциянын иш-аракеттерин жана жоруктарын талдап жатышат. Анан, албетте, көп жагынан нааразы болушууда. Дал мына ушул жаңы партиялардын жаралышына шарт түзгөн фактор болуп саналат. Кийинки парламенттик шайлоодо шайлоочулар кыйла бийик талаптарды коюп, кыйкымчыл болушат, жана да саясатчылар менен  партиялар дасөзсүз түрдө элдин өскөн талаптарын, алардын саясий табиттерин, стандарттарыне эске алууга мажбур болушат. Башкача айтканда, Кыргызстанда азыр саясий куруу-түзүмдөр толук ишке ашып жатат.

- А сиздердин партия  партиялык куруу-түзүмдөргө көңүл бурабы?

- Мен башка партиялардын ишмердигин эч качан азайтып, кемсинтким келбейт. Бирок, биз 5 жыл ичинде бүт республика боюнча, райондордон баштап отчеттук-кайра шайлоо жыйындарын өткөргөн жалгыз партия болуп эсептелебиз. Кийинки жылдын март айындабиз райондордогу жана областтардагы отчеттук-кайра шайлоо конференцияларын өткөрөбүз. Дал ошолордо партиянын республикалык съездине  делегаттар шайланышат. Съездде «Ата-Мекен» партиясынын кийинки 5 жылга болгон программасы аныкталат. Партия үчүн өтүп бара жаткан жыл партиялык куруу-түзүү боюнча алып караганда жаман жыл болгон жок. Көз карандысыз институттардын сурамжылоосу боюнча, биз бардык региондордо бардык позициялар боюнча алдыңкы орундарга чыгып жатабыз.

- Мунун сыры эмнеде? Сиз өз партияңызды жаңыладыңызбы, же бул күн сайын тынымсыз иштөөнүн натыйжасыбы?

- Адамдар азыркы парламенттин курамына жана ишине ыраазы болбой жатышат. Алар кайсыл партия кокусунунан эле топтолуп калган адамдардын жыйындысы экендигин, ал эми кайсыл партиялар туруктуу идеологиялык негиздерге таянып жатышкандыгын байкашты. Парламенттеги саясий партияларга нааразы болушкан адамдар аларга башка алмаша турган күчтөрдү издеп жатып, көбү бизге көңүл буруп жатышат. Биз идеологиясы,  тарыхы бар, күчтүү партиябыз. Парламентте аз сандагы фракция болсок дагы, дайыма чечүүчү күчкө ээ болуп келе жатабыз. Ал эми адамдар туруктуу көз караштарды жакшы көрүшөт. А эң башкысы, бул позиция алардын кызыкчылыктарына дал келиши керек. Бирок, ушунун баарын шайлоочуларга чейин түшүндүрүп, жеткириш керек. Биз массалык-маалымат каражаттарына жана саясий технологдорго кайрылбай эле, эски, сыналган жолду тандап алып – шайлоочулар менен көзмө-көз пикир алышканга өттүк. Ал мэи партиядагы мүчөлүк тууралуу айта турган болсок, моюнга алышым керек, ушул кезге чейин бизде партияга кабыл алууда чектөөлөр коюлуп келген. Бизде туруктуу түрдө  10 миңден ашуун партия мүчөлөрүбүз бар болуп келсе, 2010-жылдан кийин биз партиянын идеялык тазалыгын сактоо максатында,  «Ата-Мекен» партиясына мүчөлүккө кабыл алууга чек коюп койгонбуз. Балким, бул жаңылыштык болгондур. Азыр биз бул чектөөнү алып салдык, а кийинки жылдан баштап партиябызга массалык түрдө жаңы мүчөлөрдү кабыл алабыз, аларды окутабыз, алар жер-жерлерде биздин партиянын позициясын түшүндүрүп беришет.

- эмне үчүн сиздер массалык-маалымат каражаттарын өз позицияңарды элдерге түшүндүрүп берүү үчүн пайдаланбайсыздар?

- Жаңы саясий маданиятты калыптандыруу үчүн эркин, көз карандысыз массалык-маалымат каражаттарынын болушу сөзсүз зарыл болгон нерсе деп эсептелет. Аларсыз саясий  конкуренция да болбойт. Бирок, кырдаал бүткүл дүйнө жүзүндө өзгөрө баштады. Басма сөз каражаттары кризиске кабылышып, тираждары түшүп кетти, газеталар жабылып жатышат, алар өзүн өзү актабай калды. Көптөрү эптеп аман сакталып калуу үчүн финансылык компаниялардын жана саясий күчтөрдүн колдоосуна таянып жатышат. Башкача айтканда, көз каранды болуп калып жатышат. Газеталарга заказдык материалдарды жарыялап, саясий жана экономикалык пиар жасоого туура келип жатат, ошентип, газеталар көз карандысыздыгын жоготуп жатышат. Эгерде газетанын кандайдыр бир туруктуу сүрөөнчүсү болсо да эч нерсе эмес. Бирок,  Кыргызстанда рынок абдан эле чакан болгондуктан, бир дагы партия массалык-маалымат каражаттарын каржылоону өздөрүнө ала алышпайт. Ошондуктан, газеталар кокусунан, үзүл-кесил болгон акча каражаттары менен күн көрүшүп келе жатышат, бүгүн бирөө төлөп берип коюп, өзү жөнүндө  материал бастырып чыгарса, эртең башка бирөөсү чыгарат.

- Бирок, ар кандай пикирлердин көп түрдүүлүгү болуп жатпайбы!

- Газеталар көз каранды болуп калышты. Анан дагы баары интернет мейкиндигине кетип жатышпайбы. Бирок, электрондук массалык-маалымат каражаттары деле азыр буттарына туруша элек, алар эми гана өнүгүп башташкандыктан, алар деле көз каранды болуп жатышат. Ошондуктан, бизде көз карандысыз жана өз алдынча финансылана алган массалык-маалымат каражаттары жок, бир нечесин гана эсепке албаганда. Бирок, биздин бардык оппоненттерибиз колунда бар, бай кишилер болгондуктан, ал эми биз коррупцияга каршы, Кумтөр сыяктуу эл аралык жырткыч уюмдарга каршы, эл аралык микрокредиттик компаниялар сыяктуу чайкоочу-сүткор компанияларга каршы күрөшүп жаткандыктан, алар биздин партиянын демилгелерин бурмалоо үчүн, кадыр-баркын кетирүү үчүн күчтөрүн да, акчаларын да эч качан аяшпайт. Дал ошондуктан улам, биз мурдатан эле калыптанып калган, эскиче ыкмаларга өтүп, калк катмары менен түздөн-түз пикир алышууга өттүк. Жада калса аскерлер деле ушундай кымаларга өтүштү. Азыркы тапта коммиуникациянын азыркы каражаттарын колдонуу аркылуу жашырынып калууга болбойт. Душман сенин кайда экениңди, ким менен экениңди, эмне деп сүйлөшүп жатканыңды билип турат. Кпымдагы операцияны АКШ жана НАТО көз жаздымынан чыгарып жиберишти. Себеби, билдирүүлөр азыркы таптагы каражаттар аркылуу эмес, чабармандар аркылуу жиберилген болчу. Ошентип,  космостон байкоо салып, бүткүл мейкиндикти ар тарабынан тыңшап турушса да, эч ким Крымдагы абдан тыкыр уюштуруу иштери жүрүп жатканын байкаган эмес. демек, эски ыкмалар бизге дале болсо кызмат кылып берет.

«Бизди жаркын келечек күтүп турат

- «Ата-Мекен» партиясы Жаңы Жылды кандай маанайда тосуп жатат жана да Жаңы Жылда Кыргызстандыктарга кандай каалоолоруңуз бар?

- Биздин партиялаштарыбыз 2015-жылды көтөрүңкү, жакшы маанай менен тосуп жатат. Мен мекендештерди келе жаткан Жаңы Жыл менен куттуктаймын! Кийинки жылды көтөрүңкү, жаркын маанай менен тосууларын каалаймын! Бардык Кыргызстандыктарга ар бир жарандын келечеги үчүн жана бүткүл өлкөнүн жаркын келечеги үчүн болгон ишенимди каалаймын. Биздин баарыбыз тең мүнөзүбүздүн кайраттулугун, эрктүүлүгүн көрсөтүшүбүз керек, ошондо гана убактылуу кыйынчылыктарды жеңип чыга алабыз. Мен бизди жаркын келечек күтүп турганына ишенемин!

  Лейла Саралаева 

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине