translationkyrgyzstan.kg

Курсак майрамы: бир жарым тонна бешбармак жана 110 метрден ашык чучук

17:41, 11 Июля 2018

Бишкекте 1464 кг бешбармак жана 117 м чучук жасалды.

Уюштуруучулардын бири Жамалбек Ырсалиевдин айтымында, ушундай көлөмдө жасалган бешбармак Гиннестин рекорддор китебине киргизилиши мүмкүн.

Аны үчүн 9 жылкы союлду. Ар-бири 150 литрге ылайыкталган 12 тай казан ортотулду. Бешбармак нарындыктар жасагандай жасалды. Эттин салмагы 700 кг түздү. Жыйынтыгында бешбармак менен казандын жалпы салмагы 1902 кг болду, анын ичинде бешбармак даярдалган казандын салмагы 438 кг.

Ал эми 117 м узундуктагы чучукту шаардык кафе-ресторандардын 200 ашпозчусу колуна кармап турушту.

Бешбармак менен чучуктан ооз тийиш үчүн миңден ашык шаардыктар келишкен, 20 мүнөттүн ичинде эле эч нерсе калбай калган.

Вячеслав Оселедконун фоторепортажы 

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине