translationkyrgyzstan.kg

Атамбаевдин тарапташтары чечкиндүүлүгүн көрсөтүшүүдө

10:43, 2 Июня 2020

Жайдын алгачкы күнүндө экс-президент Алмазбек Атамбаев жана Кой-Таштагы окуялар боюнча соттон өтүп жаткан бир канча коомдук ишмерлердин тарапташтары өз позициясын билдиришти. Алар Биринчи май райондук сотунун алдына Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын желектерин, соттолуучуларын колдогон жазуулары бар барактарга жазылган чакырыктарын колго кармап митингге чыгышты.  Өз чакырыктарында алар соттолуучулардын ыкчам бошотулушун жана иштин адилеттүү каралышын талап кылып жатышты.

Митинг кантип өткөндүгү жөнүндө Вячеслав Оселедконун фотобаянынан көрө аласыздар.

Эске сала кетсек, Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев 2019-жылдын август айында УКМКга мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу тууралуу күбө катары чакыртылган.  Бирок Атамбаев бул иш боюнча көрсөтмө берүүдөн баш тарткан. Кийинчерээк Батукаевдин бошотулушу Кыргызстандын качып кеткен экинчи президенти Курманбек Бакиевдин иниси Жаныш Бакиевге алмаштыруу максатында кыргыз атайын кызматтары тарабынан жүргүзүлгөн операция болгондугу аныкталган. Бирок кандайдыр бир түшүнүксүз себептерден улам операция ишке ашпай, Батукаев Кыргызстандан Чечняга учуп кеткен, ал эми Жаныш Бакиев Кыргызстанга ошол бойдон алып келинген эмес.  Аталган атайын операция жашыруун мүнөздө болгону, ага кыргызстандыктар эле катышпагандыгы түшүнүктүү, бирок айрым маалыматтар ММК булактарына түшкөн. Мурунку жогорку аткаминер Шамил Атахановдун көрсөтмөлөрү жарыяланган. Белгилей кетсек, Алмазбек Атамбаев бул биш боюнча али эч нерсе деп айткан жери жок.

Атамбаевден көрсөтмө алуу максатында аны УКМКга чакыра албай койгон кыргыз атайын кызматтары аны УКМКнын имаратына алып келүү үчүн дагы бир атайын операция уюштурушкан.  Ага ИИМдин 6000 кызматкери, УКМКнын элиталуу бөлүмү жана башка атайын күчтөр тартылган. 2019-жылдын 7-8-августундагы окуялары кыргыз күч түзүмдөрү үчүн уят болуп тарыхта калат. Эки сутка бою Атамбаевдин тарапташтары менен жөнөкөй айыл тургундары коргоону кармап, «окутулган» күч түзүм кызматкерлерин киргизбей кармашкан.

Акылсыз атайын операциянын айынан УКМКнын бир кызматкери курман болуп, милициянын башчыларынын бири башынан жаракат алган. Атамбаев менен сүйлөшүүлөргө Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов келген. Ал кырдаал мындан да курчуп кетпесин деп Атамбаевди багынып берүүгө көндүргөн.  Жыйынтыгында мурдагы президент он айдан бери УКМКнын тергөө изоляторунда отурат. Мыйзамдагы уурунун ишинен сырткары ага карата дагы бир катар иштер козголуп, ага УКМКнын каза болгон кызматкеринин өлүмү үчүн дагы айып тагылган. Атамбаев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн Курсан Асановго карата дагы кылмыш иши козголгон.

Кой-Таштагы окуялар боюнча тергөө жарым жылга созулуп, жыйынтыгында 14 айыпталуучу жана 481 бет кылмыш иши бар. Жактоочулар адамдын укуктарынын чоң бузуулары тууралуу айтууда.

2020-жылдын 1-июнуна карата соттук отурумдун жыйынтыгында дагы бир акылга сыйбаган факт болду- Алмазбек Атамбаев кылмыш иши каралып бүткөнгө чейин отурумда катышпай тургандыгы айтылды.

 
© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине