СССРден кийинки 35 жыл: Казакстан менен Кыргызстан кандай өзгөрдү?

13:57, 14 Июля

Мындан 35 жыл мурда, СССР тарагандан кийин Казакстан менен Кыргызстан көз карандысыздыкка ээ болуп, кийинки жашоосун өз алдынча тандоо укугуна ээ болушкан. Өткөн жылдар ичинде эки өлкө тең демографиялык жактан алдыга жылуудан тартып, муундардын алмашуусуна чейинки болуп көрбөгөндөй өзгөрүүлөрдү баштан кечирип, терең экономикалык кризистерди жана саясий силкинүүлөрдү басып өттү. Айрым багыттарда алардын өнүгүү жолу бири-биринен принципиалдуу айырмаланса, кээ бир учурларда таң каларлыктай окшош болду. Отуз беш жылдык ушундай жолдо эмне көбүрөөк болду: ири жетишкендиктерби же колдон чыгарылган мүмкүнчүлүктөрбү? Натыйжада коомдун үмүтү канчалык деңгээлде акталды?

«Көз карандысыздык 2.0» биргелешкен долбоорунун алкагында «Республика» (Казакстан) жана «Новые лица» (Кыргызстан) редакциялары кошуна эки мамлекеттин советтик доордон кийинки трансформациясына масштабдуу изилдөө жүргүзүштү. Макалалар түрмөгүнүн бул корутунду материалында биз Борбор Азия өлкөлөрүнүн кандайча өзгөргөнүн талдап, алардын эгемен өнүгүүсүнөн негизги социалдык, экономикалык жана саясий бүтүмдөрдү чыгарабыз.

Эмне үчүн экономикалык өсүш адамдарды байыткан жок?

Эгемендүүлүктүн 35 жылында Казакстан менен Кыргызстан эбегейсиз чоң жолду басып өтүштү. Алар советтик пландуу системадан баш тартып, өз валюталарын жана банктарын түзүп, бүткүл дүйнөдөн миллиарддаган долларларды тартышты. Бирок Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) маалыматтарына көз салсак, 2026-жылга карата парадоксалдуу көрүнүш орун алды: өлкөлөрдүн экономикасы бир нече эсе өстү, ал эми карапайым адамдардын жашоосу жакшырып кеткен жок.

1992-жылы жан башына ИДП (жөнөкөй тил менен айтканда, өлкөнүн байлыгынын бир адамга бөлүштүрүлгөндөгү деңгээли) өтө төмөн: ал Казакстанда 169 долларды, ал эми Кыргызстанда 208 долларды түзгөн. 2026-жылы бул көрсөткүчтөр тиешелүүлүгүнө жараша 17 503 долларга жана 3 202 долларга чейин өстү. Бирок мындай кооз отчеттор байлар менен кедейлердин ортосундагы терең ажырымды жашырып турат.

Казакстанда экономиканын башкы кыймылдаткыч күчү - мунай менен газ болду. Бул жакка чет өлкөлүк ири каражаттар келди, бирок казакстандык экономист Меруерт Махмутова түшүндүргөндөй, чийки заттык модель тузак болуп чыкты. Мунай тармагы мамлекетке миллиарддарды алып келет, бирок анда өтө аз адам иштейт.

Меруерт Махмутова: «Бизде жөн эле бай адамдар эмес, Forbes тизмесине кирген дүйнөлүк деңгээлдеги өтө бай адамдар да пайда болду. Ошол эле учурда жакырлык эч жакка жоголгон жок. ИДПнын өсүшү дайыма эле көпчүлүк жарандардын кирешесинде чагылдырыла бербейт».

Экономика кагаз жүзүндө жылына 5% өсүп жатканы менен, өлкөдөгү эң төмөнкү айлык акы үч жылдан бери 85 000 теңге (болжол менен 190 доллар) деңгээлинде катыган боюнча турат. Жогорку инфляциядан улам адамдар жөн гана жакырданууда. Бул тууралуу кыргызстандык саясат таануучу Медет Түлегенов да айтат: «Бишкектен люкс унаалар жана заңгыраган үйлөр сыяктуу өтө бай жашоонун атрибуттарын көрүүгө болот. Бирок ошол эле учурда жанында абдан кыйналып жаткандар да бар, булар жакырчылыкта жашаган адамдар».

Казакстандын экинчи шору - чийки зат сектору башка тармактардын баарын кыйраткан «голланд дарты» деп аталган көрүнүш болду. Мындан айыл чарбасы жапа чекти.

Меруерт Махмутова: «Экономисттерде «мунай айыл чарбасын өлтүрөт» деген сөз бар. Казакстанда мунай аны дээрлик өлтүрдү. Эгерде 1991-жылы ал ИДПнын 34% жакынын камсыз кылса, бүгүнкү күндө анын үлүшү болжол менен 4% түзөт. Биз атүгүл картошканы да импорттоп, сырттан ташып келебиз, дүкөндөрдөн Кытайдын же Пакистандын картошкасын көрүүгө болот. Жерибиз жетиштүү болсо дагы».

Кыргызстанда абал андан да татаал. Туруксуз саясий кырдаал жана укуктук башаламандыктан улам чыныгы инвесторлор өлкөгө келүүдөн кооптонушат. Республика өзүнүн «голланд дартын» мунайдан эмес, массалык эмгек миграциясынан жуктурду: мигранттардын чет өлкөдөн жөнөткөн каражаты өлкө ИДПсынын дээрлик үчтөн бирин камсыз кылат.

Кыргызстандын бийлиги акыркы үч жылда ИДП рекорддук 11% өскөнүн айтып мактанууда. Бирок экономист Сапар Орозбаков бул кооз көрүнүшкө ишенбөөгө чакырат. Анын айтымында, аткаминерлер жөн гана насыяларды үйүп алып, ага стадиондор менен мектептерди куруп, муну ийгилик катары көрсөтүп жатышат.

Сапар Орозбаков мындай дейт: «Курулуп жаткан көптөгөн объектилерди көрүп алып, экономикада бурулуш жасалды деп дилетанттар гана айта алышат. Насыяга жолдорду, стадиондорду, мектептерди жана административдик имараттарды курууну алар экономикалык керемет катары көрсөтүүдө. Биздин аткаминерлер жакында Сингапур болобуз деп бүт дүйнөгө жар салып жатышат. Бирок чыныгы өнүгүү жок!»

Андан сырткары, бул курулуштарда көп учурда жергиликтүү тургундар эмес, Бангладеш, Кытай жана Индиядан келген арзан жалданма жумушчулар иштешет. Чыныгы өндүрүштү түзүүнүн ордуна, бийлик карызга алынган акчаны жөн гана керектеп, коромжуга учураткан экономиканы куруп алды.

      Бүгүн эки республика тең эски каталардын кесепеттерин тартып жатышат. Инфраструктураны оңдоонун ордуна, аткминерлер жылдап кооз көргөзмөлөрдү жасоо менен алектеништи. Мунун кесепети - жылуулук тармактарындагы тынымсыз авариялар, жарыктын өчүшү жана ири шаарлардагы суунун тартыштыгы.

Казакстанда абалдын курчушуна мамлекеттин ири улуттук компаниялар аркылуу бизнести кайрадан өзүнө көз каранды кылып алганы себеп болууда. Мындан улам пенсиялык система кризистин босогосунда турат: иштеп жаткан казакстандыктардын жарымы гана карылыкка жеткидей каражат топтой алат. Ал эми келечек муундар үчүн сакталышы керек болгон атактуу Улуттук фонд (анда 2026-жылга карата 80 миллиард доллардан ашык каражат топтолгон) бюджеттин учурдагы жыртык-тешиктерин жамоо үчүн өкмөт тарабынан коротулуп жатат.

Ошондой эле Орусиянын Украинага каршы согушу да өз таасирин тийгизди. Борбор Азиянын эки өлкөсү тең сокку алдында калышты:

Казакстан мобилизациядан качкан Орусия жарандарынын агылып келишинен улам кескин инфляцияга туш болду (ижара акысы, тамак-аш жана кызмат көрсөтүүлөр кымбаттады) жана азыр Батыштын экинчи деңгээлдеги санкцияларына кабылуу коркунучунда турат.

Кыргызстан болсо Орусияга санкциялык товарларды жеткирүү жана стейблкоиндер аркылуу акчаны адалдоо үчүн ири транзиттик пунктка айланды. Мунун кесепетинен өзү да Европа Биримдигинин санкцияларына кабылды.

Экономикалык оор жүккө карабастан, эксперттер бул 35 жылдын башкача фундаменталдуу жетишкендигин көрүп жатышат, алар адамдар. Интернет жана ачык дүйнө билим берүүнү башкы социалдык лифтке айлантты. Жаңы муун таптакыр башкача болуп өстү. Дал ушул чет өлкөдөн тажрыйба жана билим алып жаткан таланттуу жаштар аймактын реалдуу өзгөрүүлөргө болгон башкы мүмкүнчүлүгү бойдон калууда.

Жаңы адамдар, мамлекеттик тил жана исламдашуу

Үч жарым он жылдыктын ичинде экономикалык графиктер гана эмес, адамдар да, коом да өзгөрдү.

Биринчиден, эки өлкөнүн тең калкынын саны кыйла көбөйдү. Көз карандысыздыктын башталышында, 1991-жылы Казакстанда 16 358 222 адам жашаган. 2026-жылы калктын саны 21 083 626 адамды түздү. Кыргызстандын калкы да өстү: 1991-жылы 4 422 000 адам болсо, 2026-жылы 7 403 612 адам болду. Башкача айтканда, эгемендүүлүктүн 35 жылында калктын өсүшү Казакстанда 4 жарым миллиондон ашты, ал эми Кыргызстанда 3 миллионго жакын адамды түздү. Бул абдан чоң көрсөткүчтөр.

Бирок андан да чоң өзгөрүү коомдун өзүнүн түзүлүшүндө болуп өттү. Казакстан менен Кыргызстанда СССРди таптакыр билбеген биринчи муун өсүп жетилди. Коом күчтүү урбанизацияны баштан кечирип, глобалдык интернетке кошулду жана өзүнүн өзгөчөлүгүн (иденттүүлүгүн) жаңыдан калыптандырды. Советтик пландуу системадан кетиши менен мамлекеттик камкордук да аяктап, адамдарды өз күчүнө гана ишенүүгө мажбур кылды.

Казакстандык социолог Серик Бейсембаев мындай деп түшүндүрөт: «Бүгүнкү күндө Казакстан калкынын орточо курагы 35 жаштын тегерегинде. Демек, жарандардын басымдуу бөлүгү көз карандысыз өлкөдө калыптанган. Алардын эс-тутуму жана социалдашуусу таптакыр башкача. Азыр эч ким совет доорундагыдай ЖОЖдон кийин мамлекет мага батир берет же жумуш таап берет деп күтпөйт».

Кыргызстанда да ушундай эле процесстер жүрүп жатты. Кыйраган совет экономикасы адамдарды түздөн-түз өз алдынча оокат кылып, жан багууга түрттү.

«Мамлекет жарандарды камкордукка алууну токтотуп, аларды өз алдынча акча табууга мажбур кылды. Саналуу жылдарда, атүгүл айларда эле адамдар өзүнө гана ишенүү керектигин түшүнүп, жүрүм-турумдун жаңы моделдерин иштеп чыгышты. Жаңы социалдык топтор пайда болду. Биринчиден, киреше табууга багытталган менчик ээлеринин жана алып сатарлардын толук кандуу табы калыптанды. Экинчиден, плюрализмдин шарттарында жаңы саясий тап жаралды, анда карьера жасоо үчүн партиялык аппаратка сөзсүз түрдө баш ийүү талап кылынбай калды. Акырында, эркин жарандык коом пайда болду: мамлекеттин толук көзөмөлүсүз эле орток кызыкчылык үчүн түзүлгөн диний, жергиликтүү жамааттар жана бирикмелер пайда болду. Мындай жаңы шарттарда ар бир адам бизнесте, саясатта же коомдук иштерде өз ордун тапты», - дейт Медет Түлегенов.

Башаттарга кайтуу жана исламдашуу

Андан сырткары, дин тутуу эркиндигине ээ болуу иденттүүлүктүн таптакыр жаңы типтерин калыптандырды.

Диндарлыктын өсүшү отуз беш жылдык өткөөл кезеңдин эң көрүнүктүү тренддеринин бири болуп калды. Ондогон жылдар бою уланган советтик атеизмден жана ишенимди катуу көзөмөлдөөдөн кийин, Борбор Азияда эксперттер исламдашуу деп атаган процесс башталды. Социологдордун пикири боюнча, бул - идеологиялык боштуктун табигый түрдө толукталышы.

Статистикалык маалыматтарга ылайык, Казакстандын тургундарынын 86,8% өздөрүн динге ишенгендер деп эсептешет. Алардын ичинен 73% мусулмандар, 25,7% христиандар, ал эми атеисттер, ишенбегендер жана башка агымдар 1,3% түзөт. Кыргызстан боюнча көрсөткүчтөр төмөнкүдөй: динге ишенген калктын 87% ичинен мусулмандар 87%, христиандар 8%, ал эми атеисттер, ишенбегендер жана башка агымдар 5% түзөт.

«Советтик мезгилде диндарлык басымга туш болуп, чектелген болчу. Көз карандысыздыкка ээ болорубуз менен бул тыюу жоголуп, абдан көп адамдар өздөрүн исламдан табышты. Диндин ролу күчөдү жана бул мыйзам ченемдүү процесс», - деп эсептейт Серик Бейсембаев.

Бул пикирге Медет Түлегенов да кошулуп, диний өсүштү аймактагы консерватизмдин жалпы жогорулашы менен байланыштырат. Диний институттар терең тамыр жайып, бүгүнкү күндө көптөгөн тармактарда күнүмдүк жүрүм-турум эрежелерин аныктап жатат.

Кыргызстандык укук коргоочу Азиза Абдирасулова да муну тастыктайт: «Азыр мечит дээрлик ар бир айылда бар. Бирок мен муну бир гана терс процесс деп ойлобойм, ар кандай тенденциялардан позитивдүү учурларды таба билүү керек».

Орто класс: бизнес менен мамлекеттин ортосунда

Эгемендүүлүк жылдарында эки республикада тең маанилүү катмар - ишкерлер жана орто класс калыптанды. Бирок, эксперттер бир жагдайды тактап өтүшөт: Борбор Азиядагы орто класстын өзүнө мүнөздүү өзгөчөлүгү бар жана ал батыштык орто класстан абдан айырмаланат.

Серик Бейсембаев мындай деп эсептейт: «Эгер кирешени гана карай турган болсок, анда Казакстандагы орто класска калктын болжол менен 20 -30% кошууга болот. Бирок классикалык орто класс - бул мамлекеттен көз карандысыз адамдар. Ал эми бизде жакшы киреше таап, керектөө мүмкүнчүлүгү жогору болгондордун басымдуу бөлүгү - мамлекеттик сектордун жана улуттук компаниялардын кызматкерлери. Ошондуктан аларды толук кандуу орто класс деп айтуу кыйын».

Ал эми Медет Түлегеновдун баамында, Кыргызстанда орто класс дагы деле калыптануу баскычында турат. Бирок бул катмар туруктуу түрдө өсүп жана чыңдалып жатат, муну сырткы белгилерден көрүүгө болот: өзүнө турак-жай, жакшы унаа сатып алуу жана үй-бүлөсүн чет өлкөгө эс алууга алып баруу мүмкүнчүлүгү.

Тилдеги бурулуш

Дагы бир фундаменталдуу өзгөрүү - улуттук тил маселесиндеги тектоникалык жылыш болду. Эки республикада тең улуттук тилдер өзүнүн үстөмдүк кылуучу ордун ишенимдүү түрдө кайтарып алууда жана бул процесс акыркы жылдары кескин тездеди.

Серик Бейсембаев: «Казак тилинде сүйлөгүсү келген адамдардын үлүшү бир топ көбөйдү жана мындай көрүнүш улана берет. Бурулуш акыркы 10-15 жылдын ичинде эле болду. Биздин социологиялык сурамжылоолорубуз учурунда ага катышкандардын 65-70% казак тилин тандап жатышат. Бул коомду бириктирүүчү күчтүү факторго айланта турган позитивдүү процесс».

Кыргызстанда да мамлекеттик тил башкаруу системасынын милдеттүү элементи болуп калды. Медет Түлегеновдун айтымында, көптөгөн мекемелер ички жана сырткы иш кагаздарын жүргүзүүнү толугу менен кыргыз тилине өткөрүштү. Демографиялык абалга байланыштуу мектептерде да эне тилине карай байкаларлык бурулуш жүрүп жатат. ЖОЖдордо бул процессти сапаттуу профилдик окуу куралдарынын жетишсиздиги бир аз басаңдатууда, бирок тиричилик деңгээлинде кыргыз тилинин колдонулушу бир нече эсе көбөйдү.

Биз кимбиз: паспорт жана жарандык маселеси

Өзгөрүүлөрдүн жыйынтыктоочу этабы, азыркыдай жаңы шарттарда адамдар өздөрүн ким катары сезишет деген суроого жооп издөө болду. Бул багытта Бишкек менен Астана бир аз башкачараак мамилени тандашты.

Кыргызстан теңчиликке карай маанилүү символикалык кадам таштоого - документтерден улутун алып салууга жетишти.

Азиза Абдирасулова: «Биз паспорттон «бешинчи графа» деп аталган бөлүктү алып салууга жетиштик. Бул жаңылык көпчүлүккө жаккан жок, бирок азыр биздин ички ID-паспортубуз, этникалык тамырына карабастан, биринчи кезекте адамдын Кыргызстандын жараны экенин көрсөтөт. Бирдиктүү иденттүүлүк биротоло сиңип кетиши үчүн убакыт гана керек».

Кыргызстанда улут куруу процесси жүрүп жатканына 16 жыл болду.

«Заманбап саясий улутту курууга караганда рынокту түзүү оңойураак. Мамлекет, өзгөчө 2010-жылдагы кайгылуу окуялардан кийин, «Кыргыз жараны» программасын ишке киргизип, бул маселе менен системалуу түрдө алектене баштады. Бул багытта кадамдар жасалып жатат, бирок процесс убакытты талап кылат», - дейт Медет Түлегенов.

Казакстанда болсо өзүн кантип туура атоо керектиги тууралуу талаш-тартыштар дагы эле басыла элек: этникалык жактан казак деппи же саясий жактан казакстандык деп аталган туурабы?

Серик Бейсембаев: «Жалпысынан «мен Казакстандын жаранымын» деген түшүнүк иштейт, адамдар ушундай тиешелүүлүктү сезишет. Бирок толук кандуу жарандык улут, адам мамлекеттин чечимдерине таасир эте аларын түшүнгөндө гана жаралат. Ал эми мындай жарандардын өлкө турмушуна саясий жактан реалдуу катышпай туруп жаралуусу мүмкүн эмес».

Акталбаган үмүттөр: демократиялык кыялдар жана ачык айтуудан коркуу

1990-жылдардын башында Казакстан менен Кыргызстандын коомчулугу романтикалык оптимизмге батып, балкып турган. Адамдарга көз карандысыздык өзү менен бирге бекем демократияны, сөз эркиндигин жана мыйзам үстөмдүгүн автоматтык түрдө алып келе тургандай сезилген. Бирок 35 жыл өткөндөн кийин моюнга алууга туура келет: бул үмүттөрдүн көбү чыныгы жашоо менен бет келишип, алар талкаланды, ал эми жарандардын мамлекеттик институттарга болгон ишеними дагы деле төмөндөп баратат.

Социолог Бейсембаев мындай деп түшүндүрөт: «Акталбай калган негизги күтүү - бул орнобой калган демократия. Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдары жигердүү саясий жашоо, жаңы партиялардын жана коомдук кыймылдардын пайда болушу менен коштолгон. Бирок кийинчерээк саясий система алда канча жабык болуп калды. Көптөгөн жарандар көз карандысыздыкты адилеттүүлүк жана укук үстөмдүгү принциптеринин чыңдалышы менен да байланыштырышкан. Мамлекеттик институттар коомдун кызыкчылыгында иштейт, ал эми мыйзам бардыгы үчүн бирдей болот деп күтүлгөн. Бирок бул үмүттөр орундалган жок».

Борбор Азиядагы «демократиянын аралчасы» деп узак убакыт бою сыймыктануу менен аталып келген Кыргызстанда да абал мындан кем эмес кайгылуу болду. Курулган институттар убакыттын сыноосуна туруштук бере алган жок.

Кыргызстандык саясат таануучу Медет Түлегенов мунун себебин төмөнкүдөй көрөт: «Биздин “демократия аралчабыз” бороон-чапкындарга туруштук бере алган туруктуу рифке айланат деген күтүү бар болчу. Биз 90-жылдары оптимизм менен кура баштаган институттар абдан морт болуп чыкты. Демократиялык жетишкендиктерди тез арада жана ишенимдүү бекемдөө ишке ашкан жок. Мамлекетти дал ушул ооздуктоо жана тең салмактуулук системасын камсыз кылган укуктук институт катары чыңдоо керек эле».

Ишеним кризиси жана какшыган саясий талаа

Өнөкөт экономикалык кризистер, девальвациялар жана акыркы жылдардагы популярдуу эмес реформалар эки мамлекетте тең адамдардын бийликке ишенбей калышына алып келди.

Казакстанда социологдор өлкө жетекчилигинин рейтингинин байкаларлык төмөндөшүн айтып жатышат.

«Биз азыр жаштардын ар кандай мамлекеттик институттарга болгон ишеними боюнча чоң изилдөө жүргүзүп жатабыз. Ал акыркы 10-15 жылда бул ишеним төмөндөп баратканын көрсөтүүдө. Бул биринчи кезекте экономикалык кырдаалдын начарлашы менен байланыштуу. Девальвациялар менен кризистер бийликке болгон ишеним рейтингин абдан катуу түшүргөн. Мисалы, “Демоскоп” долбоорунун изилдөөсүнүн маалыматы боюнча, Касым-Жомарт Токаевге болгон ишеним деңгээли 61% жакындаган, ал эми Назарбаевге болгон ишеним дайыма 75-80% деңгээлинде болчу. Атүгүл кризистик мезгилдерде да ал сейрек учурларда гана 70% төмөн түшчү. Парламентке жана өкмөткө болгон ишеним абдан катуу төмөндөдү. Өзгөчө акыркы эки жылда. Бул бийликтин бир катар популярдуу эмес чечимдерине байланыштуу. Убакытты которуу, курулуш, салык реформасы жана башка ушул сыяктуу чечимдердин баары бийликтин жалпы имиджин начарлатты», - дейт Серик Бейсембаев.

Кыргызстанда ишеним деңгээлин өлчөө кыйыныраак, ал жакта коомдук маанай өтө тез өзгөрүп турат. Буга кошумча, кыргыз трансформациясынын өзгөчөлүгү, эгемендүүлүктүн башатында эле башаламан менчиктештирүү жана рэкеттин толкуну менен тамыр жайган криминалдын күчтүү таасиринен улам солгундаган.

«Мамлекет - бир кылка инструмент эмес. Эгер адам өзү соттолуучунун отургучунда отурса, сот тутумуна ишенеби? Жергиликтүү акимге ишенеби? Жооптор ар кандай болот. IRI уюмунун үзгүлтүксүз сурамжылоолорунун жыйынтыктары (анын ичинде конкреттүү инсандарга болгон ишеним рейтингдери) өтө өзгөрүлмө келет. Мисалы, өткөн жылы УКМК төрагасы Ташиев популярдуулуктун туу чокусунда болсо, азыркы таптагы өлчөөлөр башкача көрүнүштү көрсөтүшү мүмкүн», - дейт саясат таануучу Түлегенов.

Ишеним - ийкемдүү категория. Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу топторго (УКТ) мамлекеттик органдарга караганда көбүрөөк ишенишкен мезгил да болгон. Атүгүл адилеттүүлүк издеп «караларга» кайрылган учурлар да белгилүү.

«Тилекке каршы, УКТ терең тамыр жайып, узак убакыт бою өздөрүн жаап-жашырып, өлкөнүн экономикасына гана эмес, саясий процесстерине да терс таасирин тийгизип келишти», - дейт Медет Түлегенов.

Казакстандагы отуз беш жылдык чектөөлөрдүн, адамдарды кыса берүүнүн натыйжасы - жалпы улуттук деңгээлдеги жаркын лидерлердин дээрлик толук жок болгону болду, бул тууралуу казакстандык саясат таануучу Владимир Козлов өкүнүү менен айтат.

«Эгер азыркы кырдаалды Назарбаевдин доору менен салыштырсак, ал убакта саясий талаа алда канча жандуу көрүнчү. Айланасында реалдуу саясий үмүттөр артылган бир нече адамдын атын атаса болот эле. Өзүнүн салмагына, өз тарапташтарына, өз ресурстарына жана амбицияларына ээ болгон фигуралар бар болчу. Бүгүн андай фигуралар дээрлик көрүнбөйт. Бул дагы ушул 30 жыл ичинде ырааттуу түрдө калыптанган саясий системанын натыйжасы», - деп түшүндүрөт Козлов.

Кыргызстанда да учурдагы президент Садыр Жапаровго альтернатива боло ала турган саясатчылар жок. Президенттик амбициясы бар делген саясатчылардын дээрлик бардыгы соттолгон же азыркы тапта соттолуп жатышат.

Консервативдик артка чегинүү жана санариптик көзөмөл

Саясий системалардын жабылышы менен катар аймакта күчтүү консервативдик жылышуу орун алды. Медет Түлегенов белгилегендей, эгер мурда либералдык баалуулуктар кадимкидей кабыл алынса, акыркы 15 жылда кайра артка бурулуш башталды. Иш ушуга чейин жетти, 2023-жылы Кыргызстан Гендердик социалдык ченемдердин индекси (GSNI) боюнча бир жактуулуктун эң жогорку көрсөткүчтөрүнө ээ болгон дүйнөдөгү алдыңкы 5 өлкөнүн катарына кирди.

Кыргызстандык укук коргоочу Азиза Абдирасулова саясий жетилбегендиктин куну чексиз төңкөрүштөр болгонун эскертет: «Биздин башкы трагедиябыз - 2005-жылдын мартында өлкөнүн саясий силкинүүлөрдүн, тактап айтканда, бийликтин конституциялык эмес жол менен алмашуусунун кара тилкесине киргендигинде. Кийинчерээк бул эки жолу кайталанды: 2010- жана 2020-жылдары. Мен Алмазбек Атамбаевди дайыма катуу сындап келгем, бирок анын биз, тилекке каршы, бекемдеп кала албаган тарыхый кызматы бар, ал бийликти тынчтык, конституциялык жол менен өткөрүп берүүсү. Бирок 2020-жылы кайрадан конституциялык эмес төңкөрүш болуп, бүгүн биз ушул оор жүк менен жашап жатабыз».

Казакстанда революциялар болгон жок, бирок өлкө коомдук иллюзияларды биротоло талкалаган өзүнүн эң терең нес болгон абалын - 2022-жылдагы трагедиялуу январь окуяларын (Каңтарды) баштан кечирди.

Социолог Серик Бейсембаев мындай дейт: «Каңтар бурулуш учур болуп калды. Бул окуяларга чейин биз Назарбаев түптөгөн, андан кийин Токаев уланткан туура жолдо баратабыз деген үмүт бар болчу. Бирок андан кийин көңүл калуу келди. Токаев Жаңы Казакстанды куруу жана реформалар тууралуу жарыялаганда, көпчүлүк ишенген. Адамдар саясий атаандаштык пайда болот, саясатта жана башкарууда жаңы жүздөр келет, бийлик башкача иш алып бара баштайт деп күтүшкөн. Бирок андай болгон жок, ошондуктан акыркы 3-4 жылда биз коомдогу күчтүү көңүл калууну көрүп жатабыз».

Бул учурда коомду көзөмөлдөп турууга бийликке эми заманбап технологиялар жардам берүүдө. Саясат таануучу Димаш Алжанов санариптик доор оюндун эрежелерин толугу менен өзгөрткөнүн баса белгилейт.

«1990-жылдары бүгүнкү күндөгүдөй байкоо жүргүзүү жана көзөмөлдөө куралдары болгон эмес. Социалдык тармактар, маалыматты заматта жайылтуу мүмкүнчүлүгү жок болчу. Ал эми азыр бийлик салттуу медианы гана көзөмөлдөө жетишсиз экенин түшүндү. Саясий жигердүүлүк онлайнга өттү, демек, көзөмөлдү ал жактан да күчөтүү зарыл. Азыр негизги ресурстар маалыматты көзөмөлдөөгө, коомдук маанайды байкап турууга жана режимдин легитимдүүлүгүнүн андан ары төмөндөшүнө жол бербөөгө багытталган», - дейт саясат таануучу Димаш Алжанов.

Бул тоталдык көзөмөл коомго кайрадан коркунуч алып келди. Серик Бейсембаевдин сурамжылоолору чочулата турган көрсөткүчтөрдү көрсөтүүдө: бүгүнкү күндө казакстандыктардын 60% жакыны өлкөдө бийликти ачык сындап чыгуу кооптуу экенин ачык эле айтышат.

Геосаясий коркунуч: эгемендүүлүктү жоготуп албоо

Эки республика тең көз карандысыздыктын 35 жылдыгын майрамдап жатканына карабастан, коомдо өз эгемендүүлүгүн жоготуп алуу коркунучу дагы эле аң-сезимдин түпкүрүндө жашап келет. Бул коркунуч өзгөчө Орусиянын Украинага каршы кеңири масштабдуу согушу башталгандан кийин өтө сезилерлик болуп калды.

Серик Бейсембаевдин пикиринде, адамдар эгемендүүлүгүн жоготкусу келбейт, алар көз карандысыз Казакстанда жашоону каалашат.

«Орусиянын Украинага каршы кеңири масштабдуу согушу башталгандан кийин бул тема актуалдуулукка ээ болду. Буга чейин казакстандыктардын 90% Орусияны дос жана стратегиялык өнөктөш деп эсептешчү. Азыр калктын олуттуу бөлүгү Орусияны эгемендүүлүккө коркунуч катары көрөт. Эгер мурда мындай сценарийлер маргиналдык көрүнүш катары кабыл алынса, бүгүнкү күндө аларга болгон мамиле байкаларлык түрдө олуттуу болуп калды», - дейт ал.

Кыргызстанда бул коркунуч кыйла прагматикалык мүнөзгө ээ. ЕАЭБдин катаал кучагына кыпчылган бизнес, чек аралардагы фуралардын чексиз кезектери жана ири державалардын (Орусия, Кытай жана Батыш) өсүп жаткан таасири адамдарды: «Мамлекет деги эле алардын кызыкчылыктарын коргоого кудурети жетеби?» деген суроону берүүгө мажбур кылууда.

Эксперттердин пикири боюнча, эң башкы көйгөй - эки өлкөдө тең ушул кезге чейин «элдик бийликтин» жоктугунда. Мыйзамдар жана реформалар дагы эле жогору жактан гана түшүрүлүүдө.

«Долбоорлор ар дайым саясий топтор же мамлекеттик түзүмдөр тарабынан иштелип чыгат. Коомубуз көбүнчө угуучу же кабыл алуучунун ролун гана аткарат: бийлик эл даярбы, муну кандай кабыл алат, аткарабы деп тамырын тартып көрөт. Төмөндөн сунушталып, кабыл алынган ийгиликтүү мыйзамдардын мисалдары бизде эң демократиялык мезгилдерде да дээрлик болгон эмес. Балким, 2010-жылдагы үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө мыйзам гана өтө өзгөчөлүк болуп калды, анда аялдардын бейөкмөт уюмдары күчтүү өнөктүк жүргүзүп, анын парламентте кабыл алынышына жетишкен. Жарандардын жигердүүлүгү зарыл, бирок азырынча демилге бийликтин гана монополиясы бойдон калууда», - дейт Медет Түлегенов.

Казакстанда да абал ушундай эле. Серик Бейсембаевдин айтымында, 1995-жылдан баштап өлкөдөгү бардык реформалар бир гана максатка - президенттин бийлигин күчөтүүгө жана жарандык эркиндиктерди чектөөгө багытталган. Ал эми авторитардык режимдер күчтүү кризис болбосо, өздөрүн өздөрү реформалай алышпайт.

Баалуу тажрыйба жана кооптуу келечек

35 жылдын ичинде Казакстан менен Кыргызстан таанылгыс болуп өзгөрдү. Эки республика тең бирдей глобалдык тренддерге туш болду: исламдашуунун кескин өсүшү, улуттук тилдердин күчтүү кайра жаралуусу, демографиянын жана ИДПнын өсүшү. Бирок эң өкүнүчтүүсү, көз карандысыздыктын башатында жаралган негизги үмүттөрдүн ишке ашпай калганы.

Ошентсе да, эксперттер толугу менен пессимизмге алдырбоого чакырышат. Бул оор жылдардын башкы жыйынтыгы - эки өлкөнүн коомчулугу топтогон жашоо үчүн күрөшүүнүн эбегейсиз тажрыйбасы.

«Үмүттү ушул жылдар аралыгында элибиз басып өткөн эбегейсиз чоң тажрыйба берет. Тажрыйба - бул эң баалуу байлык, адам СССРде төрөлгөнбү же көз карандысыз Кыргызстандабы, анын айырмасы жок. Кризистерди жана туруксуздукту баштан өткөрүү тажрыйбасы туруктуулукка үйрөтөт. Ооба, бизде көп нерсе окшошпой жатты, бирок дал ушул аракеттер баарын туура жасоого кудуретибиз жеткен келечектин элесин сактап калууга мүмкүндүк берет», - деп оптимизмин жоготпойт кыргызстандык саясат таануучу Медет Түлегенов.

Казакстан болсо аймактагы экономикалык үстөмдүгүнө карабастан, 2026-жылы социологдорду да, талдоочуларды да кооптондурган терең менталдык белгисиздик абалда кетип бара жатат.

«Биз көз карандысыз Казакстанды куруп, пайдубалын түптөгөнбүз, бирок азыр: “мындан ары эмнени куруп жатабыз?” деген суроо жаралууда. Бул абал коом үчүн гана эмес, башкаруу системасынын өзү үчүн да кооптуу. Казакстандын экономикалык жана саясий жактан гүлдөгөн мамлекет болууга жакшы мүмкүнчүлүгү бар болчу, бирок андай болгон жок. Мен үчүн эң өкүнүчтүүсү, биздеги болгон жана дагы деле бар потенциалды колдонбой калышыбыз мүмкүн», - деп сөзүн жыйынтыктайт социолог Бейсембаев.

Материалды даярдагандар: Назира Даримбет, Юлия Козлова (Казакстан)

жана Лейла Саралаева (Кыргызстан).

 

© Новые лица, 2014–2026
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине