Чоң оюн 2.0: геосаясий гиганттардын «жумшак» жана «катуу» күчтөрү Казакстан менен Кыргызстанга кандай таасир этүүдө

02:26, 29 Июня

Казакстан менен Кыргызстан Евразиянын чок ортосунда ислам, конфуций жана христиан цивилизациялары тогошкон жерде жайгашкан. Көптөгөн кылымдар илгери бул чөлкөм аркылуу Кытай менен Европаны байланыштырган уникалдуу соода магистралы - Улуу Жибек жолу өткөн. Эки республика тең пайдалуу кендерге жана жаратылыш ресурстарына бай. Бул жагдай XIX кылымда эле чөлкөмдү Британ жана Россия империяларынын ортосундагы үстөмдүк үчүн геосаясий атаандаштыктын майданына айланткан. Ал тарыхта «Чоң оюн» аталышы менен калган.

Эки республика тең 70 жыл бою Советтер Союзунун курамында жашап, ал тарагандан кийин эгемендүүлүккө ээ болушкан. Андан берки 35 жыл ичинде эки өлкө ички жана тышкы саясатын өз алдынча жүргүзүп келет. Бул жылдар аралыгында чөлкөм - алдыңкы глобалдык оюнчулар Россия, АКШ, Кытай жана Евробиримдиктин геосаясий «шахмат тактасына» айланып, алар “жумшак” жана “катуу” күчтөрдүн куралдарын чеберчилик менен пайдаланып, таасир көрсөтүү чөйрөлөрү үчүн күрөшүп келишет.

Бул күчтөр кантип көрүнүүдө, алар коомдук абалды кандайча өзгөртүүдө жана эмне үчүн кээде көрүнбөгөн маданий таасир катуу экономикалык кысымга айланып кетет? Ушул суроолорго биз «Республика» (Казакстан) жана «Новые лица» (Кыргызстан) басылмаларынын редакцияларынын «Эгемендүүлүк 2.0» биргелешкен өлкөлөр аралык долбоорунун материалдарынан жооп издейбиз.

Жүрөктөр үчүн болгон күрөш: голливуддук кыялкечтиктен “гранттык ийнеге” чейин

Казакстандын көз карандысыздыгын 1991-жылдын 16-декабрында, ал эми Кыргызстандын көз карандысыздыгын 1992-жылдын 29-январында биринчи болуп тааныган өлкө Түркия болгон. Экинчиси – АКШ. Көз карандысыздыктан кийин дал ушул эки өлкө өз кызыкчылыктарын «жумшак күч» - маданият, билим берүү жана туризм аркылуу жүргүзө башташкан.

«Жумшак күч» (Soft Power) концепциясы 1990-жылдардын башында, СССР ыдырап жана кансыз согуш аяктап жаткан кезде жаралган. Анын автору, америкалык саясат таануучу Жозеф Най дүйнөгө танктар менен санкциялардын ордуна маданият, баалуулуктар жана жашоо образы аркылуу башкалардын жүрөгүн багынтуу альтернативасын сунуштаган.

«Буга чейин эл аралык мамилелерде дайыма “катуу күчкө” - аскерий таасирге жана эмбаргого басым жасалып келген. Най бул терминди ойлоп тапканда, аны узак убакыт бою олуттуу кабыл алышкан эмес. Бирок бүгүнкү күндө ушул призманын актуалдуулугун четке кагуу кыйын. “Жумшак күч” мажбурлоону жокко чыгарат. Ал ийгиликтүү болгондо, коом бул күчтү колдонуучуга эмне керек болсо, ошону өз каалоосу менен жасоону каалап калат», - дейт саясат таануучу Эмил Жураев.

Бул куралды биринчилерден болуп Түркия колго алып, алгач ишти билим берүүдөн баштаган. 1992-жылы Казакстан менен Кыргызстанда «Себат» эл аралык билим берүү мекемеси ишмердүүлүгүн баштап, кийинчерээк ал 30 кыргыз-түрк окуу жайын, анын ичинде Кыргызстанда «Ала-Тоо» университетин, ал эми Казакстанда 29 казак-түрк лицейин ачкан. Кыргыз-түрк лицейлери иштеген 33 жылдын ичинде 10 миңден ашык бүтүрүүчү тарбияланып чыкса, алардын бир жарым миңден ашыгы кыргыз өкмөтүндө ар кандай кызматтарды ээлеген. Казакстанда да болжол менен ушундай эле көрсөткүчтөр катталган.

Түрк ишкерлери 90-жылдардын башынан тартып жаңыдан эгемендик алган жаш республикалардын рынокторун жигердүү өздөштүрүп, дүкөндөрдү, курулуш компанияларын, кафе-ресторандарды ача башташкан. Ал эми биздин туристтер Түркияга чоң кубаныч менен эс алууга бара баштаган.

1993-жылы Борбор Азияга АКШнын билим берүү программалары келген. "Flex" маданий алмашуу программасынын алкагында ушул жылдар ичинде 24 миңден ашык кыргызстандык жана 27 миңден ашык казакстандык мектеп окуучусу Американын мектептеринде 1 жыл билим алып катышкан. Эки өлкөдө тең жаш адистер үчүн "Fullbright" маданий-академиялык байланыштар программасы ийгиликтүү ишке ашырылып келет.

1993-жылы Бишкекте Борбор Азиядагы Америка университети ачылып, ал чөлкөмдөгү америкалык жогорку билим берүүнүн флагманына айланган. Жыл сайын АКШ элчилиги, ЮСАИД жана «Сорос» фонду жалпыга маалымдоо каражаттарына гезит чыгарууга, билим берүүчү видеолорду тартууга, ошондой эле окуу жайларга, айрым окумуштууларга жана окуу китептерин басып чыгарууга гранттарды бөлүп турган.

Муну менен катар эле 90-жылдардан тарта кино, музыка жана мода аркылуу постсоветтик республикалардын массалык маданиятына АКШнын кеңири таасири башталган.

«Биз жыл сайын дээрлик бүтүндөй өлкөнүн грин картага документ тапшырганын көргөнүбүздө, Голливуддун кооз тасмаларынан улам Америкадагы жашоонун аша чаап идеалдуу көрсөтүлүп жатканына дагы деле күбө болуп жатабыз. Негизи ал жактагы реалдуулук таптакыр башкача», - деп белгилейт Жураев.

Өзүн жагымдуу көрсөтүү жарышына башка өлкөлөр да кошулду: Германия GIZ, Жапония JICA, Түштүк Корея KOICA аркылуу. Казакстан менен Кыргызстандын мугалимдери, ишкерлери, фермерлери жана журналисттери таанышуу сапарлары менен ар кайсы өлкөлөргө үзгүлтүксүз барып турушту. Бул жарышта Түркия тектеш тилдик байланыштарга басым жасаса, Орусия жалпы советтик тарыхка таянды.

Кыргыз жана казак жаштарында Германия, Кытай, Орусия, АКШ, Түркия, Түштүк Корея жана Жапония сыяктуу ар кайсы өлкөлөр негиздеген университеттер менен факультеттердин кеңири тандоосу пайда болду. Окуу жайлардын иштөө ыкмаларындагы айырмачылыкты студенттер ичинен, түз эле студенттик аудиториядан баштап сезип жатышты.

Ишкер Тилек Токтогазиев Кыргыз-Орусия Славян университетинин бүтүрүүчүсү катары, анын студенттик жылдарында өзү окуган окуу жайдын абалы стратегиялык өнөктөштүн имиджине тескерисинче терс таасир тийгизгенин эскерет. «Биздин кампустардын абалы ушунчалык начар болгондуктан, ал терс багыттагы "жумшак күчкө" айланган. Биз укмуштуудай кампустары, ашканасы бар "Манас" университетине дебаттарга барчубуз, БААУга барганда алардын академиялык тазалык, баалуулуктар өкүм сүргөн өзгөчө атмосферасын көрчүбүз. Биз булардын баарын дайыма салыштырып тураар элек... Ал кезде Орусия биздин аймакты жөн эле таштап койгондой сезилчү, анткени Кантта аскерий базасы бар, ушул жетиштүү деген мамиле кылгандай туюлчу. Коррупциядан таза, ачык-айкын БААУ менен түрктөрдүн "Манас" университетинин фонунда КРСУдагы сабактарды "акча менен бүтүрүү" жана кыйроо абалындагы имараттар кайсы геосаясий система кандай жыйынтыкка алып келерин студенттерге ачык көрсөтүп турчу», - деп эскерет Токтогазиев.

АКШнын «жумшак күчүнүн» экинчи багыты - жарандык коомду, демократияны жана көз карандысыз жалпыга маалымдоо каражаттарын өнүктүрүү болду.

Мисалы, ЮСАИД бир катар программаларды ишке ашырып, анын алкагында отуз жылдан ашык мезгилде (1992-жылдан тартып, Трамптын администрациясы мындай программаларды глобалдык деңгээлде кыскарта баштаган 2025-жылдын башына чейин) АКШ бул уюм аркылуу Кыргызстанга болжол менен 1,3 миллиард АКШ долларын, ал эми Казакстанга 2,7 миллиард доллар жумшаган. Бул каражаттардын басымдуу бөлүгү түз эле жарандык секторго эмес, мамлекеттик түзүмдөргө: министрликтердеги реформаларга, инфраструктураны колдоого, энергетика, айыл чарба жана саламаттыкты сактоо тармактарына жумшалган.

луттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, 1991-жылдан 2009-жылга чейин Кыргызстанда 10 000ден ашык бейөкмөт уюмдар катталган, алар мамлекеттин социалдык функцияларын: адам укуктарын коргоону, жарандык билим берүүнү жана гендердик зомбулукка каршы күрөшүүнү аткарышкан.

"Биз Батыш жана Европа Биримдиги менен жакшы мамиле түздүк, анткени алар бизге либералдык демократияны курууга жардам беришти. Алар биздин саясий элитабызды парламенттик жана шайлоо технологияларына, саясий партияларды түзүүгө, мыйзам үстөмдүгүнө, өкмөттүн ишин көзөмөлдөөгө жана биздин карамагыбыздагы башка демократиялык механизмдерге жана куралдарга үйрөтүштү. Бул көз караштан алганда, Батыш дүйнөсү менен болгон тажрыйбабыз биз үчүн пайдалуу болуп чыкты. Анткени биз демократиялык Конституцияны кабыл алып, демократиялык республика курдук", - дейт тарыхчы Зайнидин Курманов.

Сүрөт: Зайнидин Курманов

Казакстан да, Кыргызстан да көз карандысыздыгынын алгачкы жылдарында социализмден капитализмге өтүү тажрыйбасы жок болгондуктан, батыш стилиндеги либералдык демократияларды курууга аракет кылышкан.

«Мен теорияны, жарандык коомдун өзгөчөлүктөрүн же демократиялык институттардын иштешин билбейм. Демократиянын ордуна, Кыргызстан тааныш советтик бюрократиялык мамлекетти калыбына келтирди. Биз бардык патриархалдык адаттарыбызды, уруучулукту жана регионализмди рынокко өткөрүп бердик, натыйжада күчтүү антидемократиялык коктейль пайда болду. Биз 100% сабаттуулуктун аркасында өлкөнү үч жылдын ичинде «экинчи Швейцарияга» айландырабыз деп ойлогонбуз, бирок бул большевиктик оптимизм коомдун архаизациясына жана артка бир кадамга алып келди», - дейт тарыхчы Курманов.

Алар бизге үйрөтүүгө аракет кылган либералдык демократиянын батыш модели таптакыр жаңы баалуулуктарга негизделген, ага жаш республика психикалык жана структуралык жактан даяр эмес болчу. Элитанын негизги максаты пайда табуу болгон жана бюрократиялык аппарат элдин эркин алмаштырган шартта, элдик бийликтин чыныгы куралдары жөн гана ыңгайлаша алган жок. Бул процесстерди түп-тамырынан бери түшүнбөгөндүктөн, мамлекеттик система тез эле начарлап, өзүнүн кемчиликтери үчүн тышкы факторлорду күнөөлөй баштады жана радикалдуу идеологияларга кайрылды. 

Тартылган каражаттардын ири көлөмүнө карабастан, батыш донорлорунун бейөкмөт секторго салган эбегейсиз каржылык салымдары Кыргызстанда да, Казакстанда да туруктуу демократиялык институттарды түптөй алган жок. Буга эки өлкөдөгү демократиянын деңгээли, басма сөз эркиндиги жана адам укуктары боюнча эл аралык рейтингдердеги көрсөткүчтөрүнүн төмөндөп кеткени ачык далил боло алат.

Кыргызстандык адвокат Нурбек Токтакуновдун пикиринде, мындай абал «чыныгы демократия гранттар аркылуу импорттолбой, жарандардын жеке каршылыгынан жана күрөшү менен кураларынан» улам келип чыккан. Ал өзү да көп жылдар бою өзүнүн «Прецедент» юридикалык компаниясы үчүн гранттык жардамдарды алып келген. Бирок убакыттын өтүшү менен гранттар аркылуу демократиялык баалуулуктарды сиңирүү мүмкүн эместигин түшүнгөн. Ошондон кийин «грант ийнесинен» чыгууга аракет кылган.

Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдардын көп жылдык ишмердүүлүгүн ал «тегерек үстөлдөрдүн жана кагаз жүзүндөгү отчёттордун жасалмаланган тутуму» деп атайт. Анын айтымында, бул тутум жарандык активисттерди аймактардагы карапайым элдин реалдуу муктаждыктарынан таптакыр четтетип койгон.

«Сырттан келген "жумшак күч" ар дайым донорлордун гана кызыкчылыгын көздөйт: Вашингтонго «Манас» аскерий базасы керек болуп турганда, америкалыктар кыргыз бийлиги тарабынан адам укуктарынын бузулушуна оңой эле көз жумуп коюшчу. Бул чындыкты түшүнүү төмөнкүдөй тыянакка алып келет: демократияны грантка куруу мүмкүн эмес, бул энергияны коом өз алдынча иштеп чыгышы керек», - дейт Токтакунов.

Нурбек Токтакунов менен болгон маекти толугу менен шилтеме аркылуу көрө аласыздар.Нурбек Токтакунов: "Мы не бараны, бараны не мы!" 

Тарыхчы Курмановдун айтымында, чындап эркин коом куруу коммунизмге караганда алда канча кыйын болуп чыкты, анткени Батыш институттары бул түшүнүктүн ичинде укуктук маданиятка катуу талаптарды койгон.

Зайнидин Курманов баса белгилегендей: "Демократия – бул жоопкерчилик, бул тартип, бул мыйзам үстөмдүгү, бул жарандык жоопкерчилик жана жарандык рух, бул кызмат адамынын өлкө алдындагы милдети". Бул негизсиз, алдыңкы европалык тажрыйбаларды кайталоонун ар кандай аракеттери дагы бир жабык бюрократиялык диктатураны түзүүгө алып келет.

Бирок, сынга, бийликтин кысымына жана каржылоо кризисине карабастан, жеке бейөкмөт уюмдар Кыргызстан менен Казакстанда демократиялык баалуулуктарды коргоп, сөз эркиндигин жана адам укуктарын коргоону улантып, жашап келишкен. 

Орусиянын марттыгы: “төшөгөнү жумшак” болсо да уйку жок...

Орусия менен «достуктун» этаптары

Мындан отуз беш жыл мурда, Казак ССРи жана Кыргыз ССРи болгон эки республика тең Москванын түз административдик башкаруусунда болуп, өз алдынча чечим кабыл ала алышкан эмес.

«Баарын Москва чечээр эле. Обком катчыларын дайындоо мындай тартипте жүрчү: эгер биринчиси казак болсо, экинчиси милдеттүү түрдө орус болушу керек эле. Түндүк облустарда дээрлик бардык биринчи жетекчилер орус улутунан болчу. Союзга баш ийген аскерий заводдор - жашыруун «ящиктер» абдан көп болгон. Казакстан республика катары союздук борбордун түз башкаруусунда турган», - деп өткөн доордогу абалды эскерет казакстандык экономист Айдар Алибаев.

СССР кулагандан кийинки Орусия менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн мамилесинин тарыхындагы бир нече этапты: Москванын 90-жылдардагы таптакыр кайдыгерлигинен тартып, 2000-жылдардын аягындагы биригүүгө жасаган өжөр аракеттерине чейин казакстандык саясат таануучу Толганай Умбеталиева бөлүп көрсөтөт, бирок алар акыры ийгиликсиз аяктаган. СССР тарагандан кийин Борис Ельцин баштаган орус бийлиги дароо эле Батыш менен интеграцияланууга багыт алып, мурдагы союздук республикалар аларды дээрлик кызыктырган эмес. Борбор Азия өлкөлөрү чындап эле рубль зонасынан сүрүлүп чыгарылып, көз карандысыздыгын жарыялоого, өз саясатын сыйпалап болсо да курууга мажбур болушкан.

Владимир Путиндин бийликке келиши менен кырдаал өзгөрө баштаган. Башында ал дагы Европа менен жакындашууга аракет кылган, бирок болжол менен 2008-жылдан тарта, Батыш менен мамилелер сууй түшкөндөн кийин, Кремль багытын кескин түрдө постсоветтик мейкиндикке бурган. Москва «орус дүйнөсү» темасын жигердүү көтөрүп, 9-май өңдүү советтик символдорду кайра жандантууга жана Евразиялык биримдик долбоорун алдыга жылдырууга киришти.

«2008-жылы анын Чоң Советтер Союзу багытына карай бурулушу башталат. Ушул жерден Путин бир топ көйгөйлөргө туш болду, анткени Орусия Европа Биримдиги менен алек болуп, Америка жана башка өлкөлөр менен байланыш түзүп жаткан убакта, КМШ ичиндеги мамилелер абдан өзгөрүп, алыстап кеткен болчу. Борбор Азия эле эмес, мурдагы СССРдин дээрлик бардык республикалары Орусиясыз жашоого көнүп калышкан. Албетте, айрым республикалар тагыраагы, Орусияга эмгек мигранттары агылган Кыргызстан менен Тажикстан көз каранды болчу, бирок Өзбекстан менен Казакстан иш жүзүндө Орусиядан алыстап кетишкен», - дейт Умбеталиева.

Эгерде 90-жылдары жергиликтүү бийликте кооптонуу болуп, Москвадан колдоо күтүшсө, 2008-жылга карата элиталар эгемендүүлүктүн даамын татып калышкан эле.

«Союзга кайтып барууну эч ким каалаган эмес. Биз Орусиясыз жашоого көнүп, өзүбүздү эгемен өлкө катары сезип, айрым маселелерди өз алдынча чечүүнү үйрөнгөнбүз. Биз көз карандысыздыктын даамын сездик, элитабыз өз алдынча болуп, мунайдан акча түшүп жаткандыктан, өздөрүн абдан эркин сезишчү. Ошондуктан Орусияга жол берүү кыйынга турду. Каршылык көрсөтүү башталды», - дейт саясат таануучу.

Бул каршылык Евразиялык экономикалык биримдикти түзүү учурунда ачык көрүндү. Келишимдин алгачкы вариантында Москва бирдиктүү жарандыгы жана жалпы улуттан жогору турган институттары бар кубаттуу саясий блокту түзүүнү көздөгөн. Бирок Борбор Азия республикалары, өзгөчө Казакстан, экономикалык кызматташтыкка гана даяр экендиктерин кескин билдирип, натыйжада саясий блок тууралуу бөлүм документтен толугу менен алынып салынган. Мындан сырткары, «орус дүйнөсү» идеологиясынын таңууланышы аймактагы ички улуттук-патриоттук маанайдын кубаттуу өсүшүнө түрткү болду. Өлкөлөрдө тарыхый тыюулар алынгандан кийин ачыкка чыккан СССРдин образын репрессиялар жана лагерлер менен гана байланыштырган жаңы муун өсүп жетилген.

Путиндин чөлкөмдөгү «орус дүйнөсү» долбоорунун ийгиликсиз болушунун башкы себеби, орус аналитикасынын сокурдугу болду. 1991-жылдан 2008-жылга чейин Орусияда Борбор Азияны кесипкөй деңгээлде изилдеген дээрлик бардык институттар жабылып калгандыктан, Москва бул аймак менен эскирген стереотиптердин негизинде иштешүүгө аракет кылган. Орус саясатчылары бир эле чакырып койсо, мурдагы советтик адамдар дароо бизге кайра чуркап келишет деп чын дилден ишенишкен. Кремль эгемендүүлүк жылдарында республикалардын канчалык деңгээлде өзгөргөнүн таптакыр түшүнбөстөн, интеграциялык долбоорлору менен келген. Натыйжада, мындай одоно басым жасоо аракеттери Москвага күткөн жыйынтыкты берген жок. Тескерисинче, Борбор Азия коомчулугунун ичинде нааразычылыктын кубаттуу толкунун жаратты.

Толганай Умбеталиева менен болгон маекти толугу менен шилтеме аркылуу көрө аласыздар. Россия главный триггер для Акорды

Саясат таануучу Эмил Жураев Кремлдин узак убакыт бою адамдардын акыл-эсин жана жүрөгүн багындырууда кыйынчылыктарга туш болуп келгенин мындай түшүндүрөт. Эгерде АКШ өз баалуулуктарын коом кабыл алгыдай деңгээлде жагымдуу тартуулай билсе, эксперттин айтымында, Орусия өз пропагандасын «оозубузга күчтөп сугунтуп, сиңирүүгө мажбурлоодо». Орус телеканалдарынын чектөөсүз көрсөтүлүшү, ошондой эле Кыргызстанда ачылган медиамектептер, «Евразия» акысыз оюн-зоок парктары жана «Номад ТВ» телеканалы сыяктуу заманбап долбоорлор мындай одоно үстөмдүктү жашырууга болгон аракет.

«Орусиянын жагдайында "жумшак күч" абдан байкалып турат жана одоно ыкмалар менен таасир этүүгө умтулат. Улуу державалар ар кандай ыкмаларды айкалыштыруу жөндөмүн, б.а. "акылдуу күчтү" колдонушат. Ал эми орус версиясында көбүнчө мажбурлоо күчү артыкчылыкка ээ, ал эми "жумшак күч" көбүнчө "катуу күчтүн" одонолугун жаап-жашыруу жана кемчиликтерин түзөө үчүн гана кызмат кылат», - дейт Жураев.

Саясат таануучу мындай «жумшактыктын» жасалма көрүнүшү катары 9-майды кеңири масштабда белгилөө жана «Өчпөс полк» жүрүштөрүн атайт. Кыргызстандын жарандары бул иш-чараларга ата-бабаларына болгон чын жүрөктөн чыккан ыраазычылык сезими менен чыгышканда, муну өзүнүн жеке тандоосу деп ишенишет. Бирок, аң-сезимдин түпкүрүндө бул атрибуттар адамдарды Советтер Союзу жана иш-чаралардын демөөрчүсү катары чыккан азыркы Орусия менен бекем байланыштырат. Ошол эле учурда параддардагы курал-жарактын шакылдашы - майрамдык таңгакка оролгон аскерий кубаттуулуктун, башкача айтканда, «катуу күчтүн» ачык көрсөтүлүшү болуп саналат.

Кремлдин тактыга койгон талабы

2010-жылы Кремль аймактагы таасирин жоготуу ниети жоктугун ачык көрсөттү. Көптөгөн белгилери боюнча Орусиянын атайын кызматтарынын катышуусу менен ишке ашырылган Кыргызстандагы кандуу апрель төңкөрүшү жана Курманбек Бакиевдин бийликтен кулатылышы жергиликтүү элита үчүн катаал сабак болду. Натыйжада, Кыргызстандын кийинки бардык президенттери өздөрүнүн тышкы саясатын Владимир Путинге максималдуу түрдө берилүү режиминде түзүштү.

Мындай баш ийүүчүлүктүн ачык мисалы катары өлкө лидерлеринин башкаруусундагы Кыргызстандын басып өткөн жолун айтса болот. Алмазбек Атамбаевдин тушунда өлкө расмий түрдө Евразиялык экономикалык биримдикке кирди, ал эми президент өзү ар бир ыңгайлуу учурда Владимир Путин менен болгон жеке достугун баса белгилеп турду. Анын ордун баскан Сооронбай Жээнбеков да Кремль кожоюнуна ушундай эле өтө берилгендигин көрсөтүп, муну менен иш жүзүндө өзүнүн мурдагы президент менен болгон курч жеке жаңжалына да Москванын кийлигишпөөсүн камсыздап алган.

Республиканын азыркы башчысы Садыр Жапаров да метрополиянын бул эрежесинен өзгөчөлөнгөн жок. 2020-жылдагы октябрь төңкөрүшүнүн толкуну менен түрмөдөн чыгып-чыкпай жатып, ал дароо орусиялык саясий технологдордун жумшак, бирок муунтуп турган кучагына түштү. Жапаровдун шайлоодогу ишенимдүү жеңишин дал ушулар камсыздап, андан соң Путин жаңы шайланган лидерди шайлоодон туура бир ай өткөндөн кийин Кремлде жылуу кабыл алган.

Ушул учурдан тартып республикадагы жарандык эркиндиктердин калдыктарын тез арада жок кылуу башталды. Узак жылдар бою Борбор Азиядагы «демократиянын аралчасы» деп сыймыктануу менен аталып келген Кыргызстанды суверендүү өлкөдөн «орус дүйнөсүнүн» кезектеги баш ийүүчү аймагына айлантуу менен катаал авторитардык калыптарга салып, тездетилген темпте кайрадан жасай башташты.

Такка отурууну макулдашуунун ушундай эле сценарийи Казакстанда да өттү. Назарбаевдин бийликти өткөрүп берүү жараяны коомдун «Үй-бүлөгө» көрсөткөн каршылыгынан улам туңгуюкка кептелгенде, экс-президент кызы Дарига үчүн суранып Москвага учкан. Бирок Путин анын талапкерлигин жактырбастан, Касым-Жомарт Токаевди колдой турганын билдирген. Токаевди 2019-жылы Кремлде көрсөтмөлүү кабыл алып жана андан кийинки 2022-жылдагы Каңтар окуялары учурунда ЖККУ аскерлеринин киргизилиши - Токаевдин Москвага абсолюттук лоялдуулугу менен карыздар болгон өз кишиси макамын биротоло бекемдеди.

Кремлге мындай ачык баш ийүү Акордо менен Бишкектин алдында ички саясат жүргүзүүнүн уятсыз, бирок ыңгайлуу ыкмасын ачты. Жергиликтүү аткаминерлер метрополияга жагууну көздөп, кошунасынын репрессивдүү тажрыйбаларын өз ыктыяры менен өздөштүрүп жатышат. Бирок, элге жакпаган ар кандай чечимдерди, көз карандысыз медиалардын жабылышын жана «бурамаларды катуу буроону» алар өз элинин алдындагы жоопкерчиликтен качып, түндүктөн болгон катуу кысымга коркоктук менен шылташат. Иш жүзүндө болсо казакстандык саясат таануучу Толганай Умбеталиева белгилегендей: «Алар, албетте, Орусиянын ыкмаларын көчүрүп жатышат, бирок Орусия теше тиктеп: "кана, биздей кылгыла" деп жатат деп ойлобойм. Жок, биздикилер өздөрү эле көчүрүп жатышат». Бул жерде Путинге болгон лоялдуулук өздөрүнүн диктатурасын куруу үчүн идеалдуу калканычка айланууда.

Саясат таануучунун пикиринде, авторитардык режимдердин ошол эле лоялдуулукту сактап калуу жана жеке бийлигин кармап туруу үчүн элдин ачуулуу ызасын билгичтик менен башкарууну өздөштүрүп алган парадоксалдуу жагдайы жаралууда. Маселен, Токаев деколонизациялык кызуу талкууларга, советтик трагедияларды кайра аңдап-түшүнүүгө жана эски эстеликтер менен күрөшүүгө атайылап тоскоолдук кылбайт. Негизи, Каңтардын жана чөлкөмдөгү нааразылык акцияларынын түпкү отуна айланган чыныгы себептер ар дайым жакырчылык, коррупция жана социалдык теңсиздик болуп келген. Бирок жарандык коом менен интеллигенция таза маданий талаш-тартыштар жана «сырткы империяны» сындоо менен алек болуп жаткан чакта, алар актуалдуу экономикалык көйгөйлөрдөн алаксып жатышат. Кремлге максималдуу түрдө лоялдуу болгон президенттер үчүн бул идеалдуу статус-кво: массанын ачуусу өткөн чак тууралуу дебаттарга коопсуз багытталып, ал эми бүгүнкү күн жергиликтүү элита менен Москванын көшөгө артындагы толук көзөмөлүндө калууда.

Дагы бир көйгөй, Кремлдин Борбор Азиядагы ар кандай ички реформаларды эгоцентристтик маанайда кабыл алышы. Кыргызстанда суверенитет, эне тилди өнүктүрүү же советтик аталыштагы айылдарды кайра атоо маселелери көтөрүлөрү менен, Москва муну дароо «Орусияга каршы иш-аракет» катары мүнөздөйт. Саясат таануучу Жураевдин пикиринде, Владимир Путин бул популисттик ыкманы ички аудитория үчүн ийгиликтүү колдонуп келет: эгерде орус коомчулугу чет өлкөлөрдөгү мекендештеринин макамына тынчсызданып жаткан болсо, бул аларды Орусиянын ичиндеги курч көйгөйлөрдөн эң сонун алаксытат.

Анткен менен, маданий талаш-тартыштардын артында реалдуу коркунуч жашырынып жатат. Эмил Жураев РФ Мамлекеттик думасынын башка өлкөлөрдөгү мекендештердин укуктарын коргоо, керек болсо аскердик кийлигишүүгө чейин баруу тууралуу мыйзамдарына түшүндүрмө берип жатып, муну Бишкек өтө этият болушу керек болгон коопсуздукка түздөн-түз шек келтирүүчү коркунуч катары баалайт.

«Орусия „мекендештер“ деп эсептеген жарандардын категориясы - бул анын тышкы саясий аракеттерин баштоосуна жол ачкан даяр жана ишенимдүү канал. Орусия биздин өлкөлөрдөгү улуттук мамлекетти куруу процессине жигердүү каршылык көрсөтүп келет. Ал Кыргызстанда төрөлгөн орус улутундагы жарандын Кыргызстан менен эмес, биринчи кезекте Орусия менен байланышты сезиши үчүн тиешелүү механизмдерди ишке салат. Орусия үчүн бул ар кандай авантюраларга кирүү үчүн кылдат эсептелген канал».

Эмил Жураев менен болгон маекти толугу менен шилтеме аркылуу көрүңүздөр. Кто нами управляет?

Экономикалык көз карандылык - саясий көз карандылыкка тең

Экономист Айдар Алибаевдин пикиринде, бүгүнкү күндө Казакстан менен Кыргызстан де-юре көз карандысыз болгону менен, де-факто эки өлкө тең эбегейсиз гибриддик таасирдин зонасында калууда. Түз башкарууга мүмкүнчүлүгү болбогондуктан, Москва 1992-жылы Жамааттык коопсуздук келишим уюмун (ЖККУ) жана 2014-жылы Евразия экономикалык биримдигин (ЕАЭБ) түзүп, ага Казакстанды да, Кыргызстанды да киргизген.

«Булар кайсы республикаларды тартууга мүмкүн болсо, ошолордун баарын байлап коюу үчүн түзүлгөн. Эң башкы максаты - чечимдер, биринчи кезекте Россиянын кызыкчылыктарын эске алуу менен кабыл алынышы үчүн таасир көрсөтүп туруу», - деп эсептейт эксперт.

Экономист эң башкы кооптонуулардын бири катары, Москванын Казакстандагы энергетикалык экспансиясын атайт. Ал бүгүн кадимки сооданын алкагынан алда канча чыгып, кооптуу жана тымызын жайылып жаткан таасирге айланууда. Бийик трибуналардан декарбонизация жана «жашыл энергияга өтүү» тууралуу ураандар жаңырып жаткан чакта, Астана өлкөнүн маанилүү инфратүзүмүн ондогон жылдар алдыга орус технологияларына байлап кое турган келишимдерге кол коюуда.

Бул экспансиянын биринчи «кити» катары көмүр боюнча келишүү болду: орусиялык «Интер РАО - Экспорт» жана «Фирма ОРГРЭС» компаниялары Казакстанда үч көмүр ЖЭБ курууну макулдашты. Бул ансыз да экологиясы начар аймактарда абанын ого бетер бузулушунан чочулаган жарандардын нааразылык толкунун жаратты.

Коомду андан да терең жикке бөлгөн экинчи маселе - «атом капканы», тагыраагы, Казакстандын алгачкы АЭСин «Росатом» компаниясы тарабынан куруу чечими болду. Калктын бир бөлүгүнүн каршылыгын басып, казакстандыктардын көпчүлүгү бул идеяны колдой турганын көрсөтүү үчүн референдум өткөрүлдү. Ошол эле учурда добуш берүүгө даярдык көрүү катаал авторитардык ыкмалар менен коштолду: санкцияга кабылган орус мамлекеттик концернинин күчү менен станциянын курулушуна ачык каршы чыккан эксперттер жана активисттер укук коргоо органдары тарабынан алдын ала кылмыш куугунтугуна кабылды.

Экономисттин пикиринде, бул империялык экспансиянын жүрүшү кылдат эсептелген каржылык тузактан көрүнөт. Ири энергетикалык курулуштардын баштапкы этабында Орусия тарап болушунча жагымдуу шарттарды жана берешен насыяларды сунуштайт. Бирок кийинчерээк, келишимдерге кол коюлуп, артка жол калбай калганда, Москва бир тараптуу түрдө негизги каржылык жүктү Казакстандын мамлекеттик бюджетине оодарып салат. Жыйынтыгында кошуна өлкөнүн геосаясий дымактары жана аткаминерлердин көшөгө артындагы келишимдери үчүн, карапайым казакстандык салык төлөөчүлөр өз чөнтөгүнөн төлөөгө аргасыз болушат.

  Бүгүнкү күндө Орусия санкцияларды кыйгап өтүү үчүн «дүйнөгө ачылган дарбаза» катары Казакстандан өзү өтө көз каранды болуп турат. Ошондуктан, Казакстандын стратегиялык өнөктөшү катары калуу үчүн колунан келгендин баарын жасоодо, бирок бул өнөктөштүктөн республика үчүн пайда аз.

РФ ИДӨсү (ички дүң өнүмү) биримдиктин жалпы ИДӨсүнүн 80% түзүп жатса, кандай тең укуктуулук тууралуу сөз болушу мүмкүн? – деп суроо салат эксперт. Мунун ачык мисалы, бажы төлөмдөрүн бөлүштүрүү, мында РФ эң көп үлүштү (82%дан ашыгын) өзү алып калат. Катаал санкциялардын шартында, Европадан Россияга кеткен транзит нөлгө түшүп, товарлардын агымы Казакстан менен Кыргызстан аркылуу өтө баштаганда, логика боюнча бул үлүштөрдү кайра карап чыгуу талап кылынмак. Бирок мындай болгон жок. «Эмне үчүн? Анткени биз, ар кандай себептерден улам, өз позициябызды, улуттук кызыкчылыктарыбызды коргой албай жатабыз. Биздин аткаминерлер абдан утулуп жатышат. Алар же каалашпайт, же колунан келбейт, же кесипкөйлүк сапаттары жетишпейт», - деп эсептейт Алибаев.

Мындай көз карандылык тоталдык мүнөзгө ээ жана Кремль экономиканы саясий кысымга айлантуудан эч тартынбайт. Астана жакпаган чечим кабыл алары менен, 7,5 миң чакырымдык жалпы чек арада дароо соода согуштары тутанат. «Орусиялыктар каалаган учурда Казакстанга ар кандай тоскоолдуктарды - металл, медицина, санэпидстанция, ветеринария боюнча чектөөлөрдү коё алышат жана коюп да келишет. Айтор, каалаган нерсени шылтоо кылып таап алышат! Бул Орусия өзүнө бир нерсе жакпай калганда, таасир этүүчү рычагдарын ишке сала баштаганынын кесепети. Ал эми буга жооп катары Казакстандын ошондой деңгээлде жооп кайтарууга мүмкүнчүлүктөрү алда канча аз», - дейт Алибаев.

Эгер Кыргызстан тууралуу айта турган болсок, анын Орусиядан көз карандылыгы абдан чоң деп эсептейт кыргызстандык экономист Тилек Токтогазиев. Бул Дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча акча которуулары дагы эле Кыргызстандын экономикасына чоң салым кошуп, ИДӨнүн 24% түзгөн эмгек мигранттарынан башталып, энергия булактары, күйүүчү-майлоочу майлардан, металлдан жана жыгачтан толугу менен көз каранды болууга чейин жетет. Ошол эле учурда өлкөнүн экономикалык модели, эксперттин пикиринде, катуу «ылаңга» кабылган. Биз башкалардын товарларын кайра сатууга ашыкча берилип кеттик, өзүбүз дээрлик эч нерсе чыгарбайбыз, ошол себептүү сатканыбызга караганда, чет өлкөдөн бир нече эсе көп товар сатып алабыз.

Мындай кырдаалда ири өлкөлөр аймакты өзүнө байлап алуу үчүн «жумшак күчтү» жигердүү колдонушат. Тилек Токтогазиев муну мындайча түшүндүрөт: „Жумшак күч“ ар дайым „катуу күчкө“ караганда арзанга түшөт. Сен мамилелерди дипломатия жана социалдык программалар аркылуу жумшак курасың, же бул ага чейинки агрессивдүү мажбурлоо формалары болушу мүмкүн».

Орус бизнеси Кыргызстанда алтын казуу тармагында кенен-кесири иштеп жатат, Жерүй алтын кенинин 60% орус олигархы Муса Бажаевге таандык.

«Росатом» да Кыргызстанга көз артууда. Орус адистери ушул жылдын апрель айында Кыргызстанда атомдук электр станциясын куруу ниетин билдиришкен.

Кыргызстан Орусия үчүн сокку алдында калды

Украинада согуш башталгандан бери Кыргызстан Орусия үчүн батыш санкцияларын кыйгап өтүүнүн негизги коридоруна айланды. Согуштун алгачкы жылдарында Европадан республикага жасалган экспорт дароо 953%га өстү. Товар алгач Кыргызстанга келип, андан ары Орусияга жөнөтүлүп турат. Жыйынтыгында, согуштун биринчи жылында эле кыргыз товарларынын орус рыногуна кирген көлөмү 393 миллион доллардан 1 миллиарддан ашык долларга чейин кескин көтөрүлдү.

Бул жерде негизги инструмент реэкспорт - электроникадан тартып европалык унааларга чейинки бөтөн өлкөлөрдүн товарларын кайра сатуу болуп калды. Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) ичинде катаал бажы текшерүүлөрү жок болгондуктан, жүктөр чек арадан эч кандай тоскоолдуксуз өтүп жатат. Москванын акчасынан абдан көз каранды болгон Бишкек үчүн бул киреше табуу мүмкүнчүлүгү болсо, Кремль үчүн санкцияга кабылган товарларды өлкөгө киргизүүнүн оңой жолуна айланды.

Бирок Кремлге кыңк этпей баш ийүүнүн куну төлөнүүчү учур келди: Кыргызстан Украинага каршы согушта Орусияга көрсөткөн жардамы үчүн Евробиримдиктин санкцияларынын 20-пакетине киргизилген алгачкы өлкө болуп калды.

Евробиримдиктин Кыргызстанга каршы санкцияларды киргизиши - бул түз экономикалык кысым же «катуу күч». Москвага тыюу салууларды кыйгап өтүүгө көмөктөшүү менен биздин өлкө эбегейсиз репутациялык жоготууларга учурап, инвесторлордун ишениминен ажырап жаткан чакта, Орусия мындан жөн гана акча таап жатат.

Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Кыргызстандын мындай жардын кырында турган тең салмактуулугун «өз ара пайдалуу кызматташтык» деп цинизм менен атаганы менен, республика иш жүзүндө Москва үчүн ыңгайлуу көрүнбөгөн зонага айланды.

Экономист Токтогазиевдин пикиринде, Евробиримдик тарабынан жазалоонун чыныгы себеби, өлкөнүн көмүскө каржылык транзакциялар жана криптовалюта үчүн жабык аянтчага айланып калганы болду. Бул иштер ушундай эле аталыштагы стейблкоин (криптовалютанын бир түрү) сатылуучу биржаны башкарган A7A5 компаниясы аркылуу ишке ашырылган. Орус рублине байланган бул санариптик актив 2025-жылы пайда болуп, өлкөлөр ортосундагы эсептешүүлөрдү жеңилдетүү үчүн колдонулат. А7А5 активи качып жүргөн молдовалык олигарх Илан Шорго таандык А7 компаниясы тарабынан түзүлгөн. Бул компанияга орус олигархы Роман Абрамовичтин да тиешеси бар. Евробиримдик мындай инструменттер санкцияларды кыйгап өтүү үчүн колдонулушу мүмкүн деп эсептейт.

«Тилекке каршы, биз мектепте бейбаш баланы башкаларга сабак болсун деп эл көзүнө бурчка тургузуп койгондой абалда калдык. Евробиримдик бизге ушундай „эл алдында жазалоону“ уюштурду», - деп эсептейт Токтогазиев.

Бул геосаясий авантюранын Кыргызстан үчүн эң коркунучтуу кесепети - эл аралык репутациясынын талкаланышы болду. Евробиримдиктин түз санкцияларына кабылган өлкө өзүнүн «насыялык тарыхын» булгап алды. Мунун айынан өлкөдөгү бардык ак ниет ишкердик чөйрө заматта кырдаалдын барымтасында калды. Токтогазиев банк тармагындагы терең кризис тууралуу эскертет: «Банктык транзакциялардын баары боюнча, Свифт жана башка системалар аркылуу кошумча текшерүүлөр, комплаенстен өтүүгө байланышкан кечигүүлөр болушунун тобокелдиги бар». Мындай репутациялык булгануу кадимки импортко тыюу салуудан алда канча кыйраткыч кесепеттерди алып келиши мүмкүн.

Бул мүчүлүштүк өз кызыкчылыктарын алда канча сабаттуу коргой алган аймактагы коңшуларга салыштырмалуу ата мекендик дипломатиянын ачыктан-ачык деградацияга учураганын ашкереледи. Астана менен Ташкент иш жүзүндө чыныгы көп векторлуу саясат жүргүзүп жаткан чакта, Бишкек Москва тарапка кооптуу жана сокур бир жактуулукка жол берди. Токтогазиевдин пикиринде: «Киргизилип жаткан санкциялар коомду дагы көбүрөөк жикке бөлүүгө алып келиши мүмкүн, натыйжада Кыргызстан көп векторлуулуктан баш тартып, бир гана тарапты тандап алууга мажбур болот». Ал эми бул өз кезегинде ого бетер өкүнүчтүү кесепеттерге жана метрополиядан толугу менен көз каранды болууга алып келери шексиз.

Тилек Токтогазиев менен болгон маекти толугу менен шилтеме аркылуу көрүңүздөр "Санкции Евросоюза - это "жёсткая сила"!

Саясат таануучу Толганай Умбеталиева Казакстандын да РФга болгон экономикалык көз карандылыгы күчөгөнүн баса белгилейт: «Экономикалык жактан биз жакындашып жатабыз... Путиндин мисалы көрсөткөндөй, так ушул экономикалык байланыштар саясий көз карандылыктын деңгээлин айгинелейт... Учурда орусиялык бизнестин белгилүү бир үлүшү бизде, Казакстанда топтолгон. Ал эми акча бар жерде ар дайым таасир жана бийлик болот».

Жибек түйүнү: соода, насыялар, темир жолдор


Бүгүнкү күндө Казакстан үчүн да, Кыргызстан үчүн да расмий экономикалык лидер - Кытай. Өткөн жылы Кытайдын Казакстан менен болгон соода жүгүртүүсү рекорддук 34 миллиард АКШ долларына жетти. Бул көрсөткүчтөр РФны да, Евробиримдикти да артта калтырды.

Бирок бул миллиарддардын артында жөн гана өз ара пайдалуу алмашуу эмес, унчукпай жүргүзүлгөн сойлоп келе жаткан экспансия жашырынып жатат. Казакстандын бир жарым миллиард калкы бар кошунасы менен визасыз режимди киргизишин көптөгөн талдоочулар жумшак сиңип кетүүгө жол ачкан стратегиялык жаңылыштык деп эсептешет.

Эксперттердин пикиринде, Казакстан үчүн мындагы эң коркунучтуу нерсе, Бээжиндин казак мамлекеттик машинасынын эң негизги алсыздыгын - элитанын тоталдык коррупциясын чеберчилик менен пайдаланып жатканы.

Буга катар эле оюнга АКШ жана Евробиримдик кошулууда, алардын кызыкчылыгы өтө прагматикалык мүнөзгө ээ. Аларга казак мунайы, классикалык металлдар жана бүгүнкү күндө өтө маанилүү болгон сейрек кездешүүчү кен байлыктары керек. Мындай шартта Казакстандын Азия менен Европанын ортосундагы транзиттик көпүрө катары ролу асманга көтөрүлүүдө. Бирок уникалдуу география транзиттен түшкөн киреше гана эмес, эбегейсиз зор тобокелдик. Эксперттердин баамында, эгер Вашингтон менен Бээжиндин соода согушу курчуп, АКШ Кытайдын деңиз жолдорун бөгөттөсө, Казакстан аркылуу өткөн кургак коридор КЭР үчүн жашоо маселесине, ал эми Америка үчүн башкы бутага айланат. Мындай болсо, өлкө эки ири державанын күч менен катуу тирешүүсүнүн майданына айланып калуу коркунучу бар.

Экономист Айдар Алибаев көп векторлуулук тууралуу кооз отчеттордун артында аткаминерлердин өлкөнүн суверенитетин коргой албаган кадимки эле алсыздыгы жатканына ишенет:

«Кытай жок болсо, бүгүн биз элестүү айтканда, жылаңач жана жылаңайлак калмакпыз. Хоргосту карап көрсөңүз эле жетиштүү, ал жактан ташылган товарлар күнү-түнү агылып жатат. Бирок мен муну таасир эмес, жумшак жана ачыктан-ачык экспансия деп атар элем.

Бир жолу Кытайда жергиликтүү аткаминер менен маектешүүгө туура келди. Ал котормочу аркылуу ачык эле мындай деди: "Силердин коррупцияңарга кол чапса гана болот, биз ага кубанабыз, анткени ал аркылуу иш жүзүндө өлкөңөрдөн каалаган нерсебизди сатып ала алабыз". Мына ушундай кейиштүү абал.

Ошол эле учурда Кытайдан Европага өтүүчү транспорттук -логистикалык аймак катары Казакстандын ролу кескин өстү. Бирок бул жерде башкы коркунуч катылууда. Эгер америкалыктар Кытайдын деңиз жолдорун жаап, аны муунтуп баштаса, биз аркылуу өткөн кургактык транзитинин баасы кескин кымбаттайт. Катуу тирешүү болгон учурда АКШ бул жолду да жабууну каалайт. Ошондо Казакстан теориялык жактан Америка менен Кытайдын түз кагылышуу аянтчасына айланып кетиши ыктымал».

Айдар Алибаев менен болгон маекти толугу менен шилтеме аркылуу көрүңүздөр Россия или Китай - кто реально влияет на Казахстан?

Казакстандан айырмаланып, Кыргызстандын бийлиги глобалдык оюнчулардын ортосунда ийкемдүү маневр жасоону үйрөнө албай, улуттук экономиканы Бээжиндин «насыялык ийнесине» биротоло отургузуп койду. Бүгүнкү күндө республиканын башкы эки тараптуу кредитору - Кытайдын Экспорттук-импорттук банкы, ага болгон карыз астрономиялык 131,1 миллиард сомго (болжол менен 1,5 миллиард доллар) жетти. Финансылык үстөмдүктөн тышкары, КЭР пайдалуу кендерди казуу жана кайра иштетүү өнөр жайы сыяктуу стратегиялык тармактарды, ошондой эле Бишкектеги калдыктарды иштетүүчү завод же Ош облусунда келечектеги көмүр логистикалык борбору сыяктуу дээрлик бардык инфратүзүмдүк объектилерди куруу менен өз ээлигине алууда.

Акыркы жаңылыктардын бири - 25 жылдык мөөнөткө, жылдык үстөгү 1,5% менен 305 миллион доллар өлчөмүндөгү жаңы кытай насыясын тартуу боюнча келишим болду. Бул каражат «Кытай - Кыргызстан - Өзбекистан» темир жол мегадолбоорунун курулушундагы Бишкектин үлүшүн каржылоого жумшалат. Ошол эле учурда, жалпы бюджети 5 миллиард долларга бааланган магистралдын эбегейсиз зор каражатынын эң көп үлүшү дал ушул Кыргызстандын аймагындагы жолдорду салууга сарпталат.

Эгемендүүлүктүн 35 жылында өлкө кытай товарлары үчүн чыныгы соода түйүнүнө айланды. Буга 27 миллиард долларлык соода жүгүртүү көрсөткүчү ачык далил боло алат. Мындан эки жыл мурун Кыргызстан Кытайдан келген уюшкан туристтик топтор үчүн 21 күндүк мөөнөткө визасыз режим киргизген. Акыркы айларда Бишкекти Кытай жарандары каптап жатканын кыргызстандыктар социалдык тармактарда кооптонуу менен бөлүшүүдө.

Саясат таануучу Эмил Жураев белгилегендей: «Биз Кытайдын ийгилигин анын „жумшак“ күчүнүн натыйжалуулугунан эмес, көбүнчө экономикалык „катуу“ күчүнүн натыйжалуулугунан көрүшүбүз керек». Дал ушул экспансия Кыргызстанда эчактан берки коркунучтарды жана синофобияны (кытайлардан чочулоону) козгоодо.

Кытайлык жумушчулардын агылып келиши жана жергиликтүү «Дордой» базарын жок кылууга кудуреттүү соода түйүндөрүнүн курулушу - бул кабыл алуучу тарапты чочулаткан, аны сүрүп чыгаруучу «катуу күчтүн» көрүнүшү. Кырдаалды Бишкектеги бизнестин көз ирмемдик гана муктаждыктарына карап, чет элдик жумушчу күчүнүн агымын сабаттуу жөнгө салууну аткаминерлер али күнгө чейин үйрөнө электиги ого бетер татаалдаштырууда. Жураевдин пикиринде, бийлик ондогон жылдар алдыга стратегиялык ой жүгүртүп, миграциялык саясатты аймактагы коңшулар менен координациялашы зарыл. Себеп дегенде, кыска мөөнөттүү экономикалык пайданы көздөө - «бир же эки жылдан кийин социалдык, миграциялык планда биз үчүн абдан тез жана абдан терс кесепеттер менен коштолушу мүмкүн».

Экономист Тилек Токтогазиевдин баамында, Бишкектин кытай насыяларынан өтө көз каранды болушу, башкы системалык коркунуч. Ал чек аралардын кол тийгистиги жана суверенитетти сыйлоо принциптери кыйрап жаткан доордо кошуна өлкөдөн ири көлөмдө карыз алуу эки эселенген тобокелдик деп эсептейт.

«Дүйнөлүк тарыхта карызын өз убагында төлөй албай калган Африка мамлекеттери же Шри-Ланка өз портторун жана стратегиялык инфратүзүмдөрүн Кытайдын узак мөөнөттүү тышкы башкаруусуна өткөрүп берүүгө аргасыз болгон кейиштүү мисалдар аз эмес. Өлкөнү коопсуз кылуу үчүн Кыргызстан доктриналык деңгээлде КЭРге болгон карыздын үлүшүн азайтууну бекитип, биз менен жалпы чек арасы жок мамлекеттерден кайра насыя ала баштоосу керек», - деп эскертет Токтогазиев.

Дүйнө өзгөрүп жаткан чакта кантип аман калуу керек?

35 жыл мурун Советтер Союзу ураганы менен, Казакстан менен Кыргызстан үчүн эгемендүүлүк үчүн күрөш күн сайын уланууда. Доорлор, президенттер алмашууда, ал эми геосаясий тузактар ошол бойдон калууда. Эгер мурда Москва бизге түз кысым көрсөтүп келсе, бүгүн бизди башкача жол менен - экономика, насыялар жана биргелешкен долбоорлор аркылуу байлап жатышат. Классикалык таза «жумшак күч» тарыхта калып, анын ордун «гибриддик кысым» басууда. Жыйынтыгында, Астана Кремль менен биргеликтеги атомдук долбоорлорго баратса, Бишкек Кытайдын «насыялык ийнесине» бекем отуруп, анын үстүнө Орусияга тыюу салууларды кыйгап өтүүгө көмөктөшкөнү үчүн Европанын түз санкцияларына илинип калууда.

Мындай шартта, биздин өлкөлөрдүн кызыкчылыктарын сырткы күчтөргө түз эле өткөрүп берип жаткан бийликтин алсыздыгы жана коррупциялашканы ачык көрүнүүдө. Аткаминерлер экономиканы өнүктүрүүнүн ордуна, өз креслолорун коргоо үчүн коңшулардан репрессивдүү мыйзамдарды көчүрүп, көз карандысыз жалпыга маалымдоо каражаттары менен активисттерди куугунтуктап, бизнести кайра бөлүштүрүүнү уюштуруп жатышат. Биздин бийлик көз ирмемдик пайданы, өз бийлигин сактап калууну жана чөнтөгүн толтурууну гана ойлоп жаткан чакта, жаш республикалар бөтөн өлкөлөрдүн империялык дымактарынын барымтасына айланып, бүткүл дүйнөдө инвесторлордун ишениминен жана кадыр-барктуу репутациясынан ажыроодо.

Эгерде көп векторлуулукка көшөгө артындагы оюндар жана бир эле учурда бардык отургучтарга отуруу аракети катары карай турган болсок, бизди кыйла күчтүү коңшуларыбыз жөн эле тебелеп кетет. Бизге башкалардын кызыкчылыгын эмес, өз өлкөсүн ойлогон сабаттуу, чечкиндүү башкаруучулар өтө зарыл. Чыныгы эгемендүүлүк аткаминерлер өздөрүнүн каталарын жана коррупциясын «кошунанын таасирине» шылтоолоону токтоткондо гана башталат. Суверенитет өткөн чактагы жеңиштер же таарынычтар менен эмес, адилеттүү соттор, күчтүү бизнес жана эркин коом менен корголот.

Материалды даярдагандар: Назира Даримбет, Юлия Козлова (Казакстан) жана Лейла Саралаева (Кыргызстан).

Сүрөттөр: Даниэль Оселедко (Кыргызстан).  

 
© Новые лица, 2014–2026
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине