
Эгемендүүлүк жылдарында Казакстанда президенттик бийлик бир гана жолу алмашып, тарыхында экинчи гана мамлекет башчысы башкарууда. Ал эми кошуна Кыргызстанда буга чейин алты президент алмашып, анын ичинен үчөө «революциялар» аркылуу ишке ашкан.
«Эгемендүүлүк 2.0» долбоорунун алкагында эки редакция - «Республика» (Казакстан) жана «Новые лица» (Кыргызстан) - СССРдин курамындагы мурдагы эки республиканын постсоветтик абалдан кийин тыңып кетүү процессин изилдейт. Бул макалалар түрмөгүндө Борбор Азиянын эки өлкөсүндө бийлик кандайча алмашканы жана президенттик шайлоолор кандай өткөнү тууралуу сөз болот.
Эмне үчүн Кыргызстанда алты президент, ал эми Казакстанда болгону экөө гана жаңырган?

Эгемендүүлүк жылдарында Казакстанда жети жолу президенттик шайлоо өткөн: алгачкысы 1991-жылдын декабрында уюштурулса, кийинкилери 1999, 2005, 2011, 2015, 2019 жана 2022-жылдары кезексиз тартипте өткөрүлдү. 2019-жылга чейинки бардык шайлоолордо туңгуч президент Нурсултан Назарбаев жеңишке жетишип келген. Ал эми бийлик Касым-Жомарт Токаевге өткөндөн кийин, акыркысы шайлоолордо туруктуу түрдө «жеңишке» ээ болуп келет.
Кыргызстанда болсо 9 президенттик шайлоо өткөнү менен, бийлик беш жолу алмашкан. Анын ичинен тынчтык жолу менен эки ирет, ал эми үч жолу революциялардын натыйжасында ишке ашкан.
Үй-бүлөлүк кландык башкарууга жана парламенттик шайлоонун бурмаланышына каршы массалык нааразылык акциялары 2005-жылдын мартында «Жоогазын революциясына» айланган. Натыйжада, өлкөнүн биринчи президенти Аскар Акаев өлкөдөн качып кетүүгө аргасыз болуп, бийликке Курманбек Бакиев келген.
Коррупцияга жана тарифтердин кескин көтөрүлүшүнө нааразы болгон элдин 2010-жылдын апрелиндеги толкундоосу, кийин «Апрель революциясы» аталып калды. Президент Курманбек Бакиев кызматтан кулатылып, республикадан чыгып кеткен соң, өлкө парламенттик-президенттик башкаруу формасына өткөн.
Андан соң Кыргызстандагы бийлик башына Роза Отунбаева жетектеген Убактылуу өкмөт келип, 2011-жылдагы шайлоодо кийинки президент болуп Алмазбек Атамбаев шайланган. 2017-жылдагы шайлоонун жыйынтыгында ал бийликти иш жүзүндө өзүнүн досу Сооронбай Жээнбековго өткөрүп берген. Бирок ал бийликте кийинки революцияга чейин, үч жылга жетпеген гана убакыт отурду.
2020-жылдын октябрында парламенттик шайлоонун жыйынтыгын оппозиция бурмаланган деп эсептегенден кийин республикада башаламандыктар башталган. Натыйжада Сооронбай Жээнбеков кызматын таштоого мажбур болуп, бийликке Садыр Жапаров келген.
Казакстанда президенттик шайлоолор «бекем» туруктуулуктун шартында өтүп келсе, Кыргызстанда дээрлик ар бир президенттин бийликке келиши «революциялар», мамлекеттик төңкөрүш же массалык толкундоолор менен коштолгон. Бирок белгилей кетүүчү нерсе, Казакстанда да эгемендүүлүк жылдарында бийликтин легитимдүүлүгүнө доо кетирген 2011-жылдагы Жаңы-Өзөн окуялары жана 2022-жылдагы Январь окуялары болуп өткөн.
Советтик орток тарыхы, окшош режими жана менталитети бар кошуна республикаларда эмне үчүн бийлик ар башка жол менен алмашты?
Казакстандык саясатчы Владимир Козлов мунун негизги себептери катары мамлекеттик түзүлүштүн өзгөчөлүктөрүн жана республикалардын аймактык масштабын атайт.
«Географиялык жактан Кыргызстан чакан өлкө. Ал жерде эл абдан тез чогулуп, келишип алып, биргелешип аракеттенүүгө мүмкүндүк берген байланыш өзгөчөлүктөрү бар. Бул кайсы бир деңгээлде Грузияны эске салат. Элестүү айтканда, бир тоодон экинчи тоого кыйкырсаң эле адамдар топтолуп калышат. Саясий процесстер үчүн мунун мааниси өтө чоң», - дейт ал.
Саясатчы дагы бир маанилүү фактор катары коомдун өзүнүн түзүлүшүн эсептейт.
«Кыргызстанда иш жүзүндө эки ири тарап - түндүк жана түштүк бар. Казакстанда болсо абал бир топ татаал. Бул жерде жүздөр, аймактык таасир этүүчү топтор, кландар жана коомду бөлүп-жаруучу көптөгөн кошумча факторлор бар. Эгерде Кыргызстанда чыр-чатак эки күч борборунун ортосунда өнүксө, Казакстанда бир эле учурда көптөгөн оюнчулар аракеттенет. Ар дайым капталдан, өйдөдөн же ылдыйдан кимдир бирөө чыгат, бул болсо ар кандай саясий мобилизацияны олуттуу түрдө татаалдаштырат», - деп түшүндүрөт Козлов.
Анын пикиринде, кыргыз коомунун топтолгон саясий тажрыйбасы да маанилүү ролду ойноду.
«Алгачкы „революциялардан“ кийин Кыргызстанда белгилүү бир саясий көндүмдөр жана жүрүм-турум үлгүлөрү пайда болду. Адамдар өз максаттарына кантип жетүүгө болорун түшүнүштү. Казакстанда, тилекке каршы, мындай көндүмдөр калыптанган жок. Бул жерде көпчүлүк саясат алардын жашоосуна түздөн-түз таасирин тийгизмейинче, өздөрүн саясаттан сырткары деп эсептешет. Бирок саясат алардын эшигин какканда, адатта, өтө кеч болуп калат. Бул жерде бардык саясий процесстер бир топ солгун жана бүдөмүк өттү», - деп ойлойт Владимир Козлов.
Владимир Козлов менен болгон маекти толугу менен бул шилтеме аркылуу көрө аласыздар Вернётся ли Дарига Назарбаева? Владимир Козлов о транзите власти
Өз кезегинде казакстандык саясат таануучу Димаш Альжанов эки республикадагы саясий сценарийлердин ар башка болушун саясий режимдердин өзгөчөлүктөрү жана бийликтин топтолуу деңгээли менен түшүндүрөт.
«Казакстанда режимдин реалдуу консолидациясы жана автократизациясы орун алды. 1995-жылдагы Конституция президенттик бийликти күчтөндүрүү процессин жыйынтыктады, ал эми мунайдан түшкөн кирешелер режимге нааразы болгон элиталарды өзүнө тартып, олуттуу жиктелүүлөрдөн алыс болууга мүмкүндүк берди», - дейт ал.
Анын айтымында, Кыргызстанда бийликтин ресурстары аз болгондуктан жана өз ара атаандашкан бир нече саясий топтордун болгонунан улам кырдаал башкача өнүккөн.
«Бийликтин алмашуусу жана Бакиевдин кыска мөөнөттүү башкаруусу авторитардык режим үчүн кыйла борпоң өзөк түздү. Ошондуктан Кыргызстанда президенттер тез-тез алмашып турду», - деп белгилейт саясат таануучу.
Димаш Альжанов менен болгон маекти толугу менен бул шилтемеден көрүңүз: Казакстандагы жаңы бийлик транзити
Кыргызстан бир кезде Борбордук Азиядагы демократиянын «аралчасы» деп эсептелгенине карабастан, ата мекендик эксперттердин пикиринде, «революциялар» өлкөнү таза шайлоого, бийликтин цивилизациялуу алмашуусуна жана башка демократиялык өзгөрүүлөргө алып келе алган жок.
«Биздин башкы системалык көйгөйүбүз - эскини кыйратканды жакшы билебиз, бирок жаңыны курганды азырынча начар өздөштүргөнүбүздө. Биз коррупциялашкан вертикалды талкаладык, бирок сапаттуу башкаруу институттарын ыкчам түрдө кура алган жокпуз... Алар революция жасашты, бирок андан ары өлкөнү кантип башкаруу керек деген так көрсөтүлгөн планы болгон эмес», - дейт кыргызстандык саясат таануучу Алмаз Тажибай өлкө басып өткөн этаптардын бирин эске салып.
Алмаз Тажибай менен болгон маекти толугу менен бул шилтемеден көрүңүз: Алмаз Тажибай: "Саясатта чыккынчылык - бул кадимки көрүнүш"
Конституциялык палатанын экс-судьясы, Кыргызстандын президенттигине талапкер болгон Клара Сооронкулова революциялардын ийгиликсиз болушунун себебин ар бир кыргыз президентинин бийликти узурпациялап, «жуурканды өзүнө тартууга» гана аракет кылганы менен түшүндүрөт.
«Бийлик чокусунда турганда ал жерде түбөлүккө калам деп ойлобош керек. Өткөн күндөн сабак алып, өз элиңдин табиятын иликтеп, эмне боло тургандыгын алдын ала болжолдоо зарыл. Тилекке каршы, азырынча биздин тарых ар бир кыргыз президенти бардык процесстерди өзүнө гана байлап алганын көрсөтүүдө. Жыйынтыгында бизде иштеген институттардын таптакыр жоктугу, конкреттүү бир адамдан толук көз карандылык жана кезектеги лидерден үмүт кылып, анын көзүн караган адат гана калды».
«Жоогазын революциясы» жана атаандаштарды четтетүү

Сүрөттө: 2005-жылдын 24-мартындагы “Жоогазын революциясынын” катышуучусу. В. Оселедконун сүрөтү.
Жогоруда белгиленгендей, Кыргызстан менен Казакстандагы президенттик шайлоолор саясий кырдаалдан баштап талапкерлердин санына чейин абдан айырмаланган шарттарда өткөн.
Казакстандагы президенттик шайлоолордун бир өзгөчөлүгү, алардын дээрлик бардыгы мөөнөтүнөн мурда өткөрүлгөндүгүндө.
«Алар эч качан Конституцияда каралган мөөнөттөрдө так өткөрүлгөн эмес, дайыма жылдырылып жана мөөнөтүнөн мурда уюштурулуп турган. Бул саясий системанын кандай иштегенинен кабар берет», - деп белгилейт Владимир Козлов.
Саясатчы эң эсте каларлык шайлоо өнөктүктөрү тууралуу айтып жатып, 1999-жылдагы президенттик шайлоону эске салат. Эскерте кетсек, бул иш жүзүндө Казакстандагы алгачкы альтернативдүү президенттик шайлоо болгон.
Ага Нурсултан Назарбаевден тышкары коммунисттик партиянын лидери Серикболсын Абдильдин, республиканын Бажы комитетинин төрагасы Гани Касымов жана сенатор Энгельс Габбасов катышкан.
«Ал шайлоо эмгиче менин эсимде, Абдильдин калк арасында олуттуу колдоого ээ, чынында эле күчтүү талапкер болчу. Анын артынан эч кандай терс сөз ээрчиген эмес, кадыр-барктуу, бедели бийик адам эле. Ал кезде мен Актауда жашачумун, батышта калктын басымдуу бөлүгү аны колдогонун билем. Ал тургай, шайлоонун мындай жыйынтыгы үчүн Мангыстау облусунун акими жана башка кээ бир жетекчилер кызматтарынан ыргыган, - деп эскерет Козлов. - Менин көз карашымда, бул эгемендүүлүк жылдарындагы эң адилет шайлоолордун бири эле. Шайлоо чындап калыс өткөндүктөн, бийлик Абдильдинди марага жакындатпай кулатыш үчүн абдан одоно бурмалоолорго барууга мажбур болгон».
Ал ошондой эле Абдильдиндин саясий салмагы анын жеке репутациясына гана эмес, ошол кездеги саясий системадагы ролуна да байланыштуу болгонун белгилейт:
«Серикболсын Абдильдин өз убагында Назарбаевге катуу оппозицияда болгон Жогорку Советтин төрагасы болгонун унутпашыбыз керек. Түзүлгөн кырдаалдан улам алардын ортосунда олуттуу тирешүү болгон. Жыйынтыгында Жогорку Совет таркатылып, президенттик вертикаль чыңдала баштаган».
Расмий маалыматтар боюнча, 1999-жылдын 10-январында өткөн президенттик шайлоодо Нурсултан Назарбаев добуштардын 79,78 пайызын, ал эми Серикболсын Абдильдин 11,7 пайызын алган.
Алмаз Тажибай болсо Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаевдин кантип автократка айлана баштаганын жана бул өлкөдөгү биринчи революцияга кантип алып келгенин эске салат.
«Убакыттын өтүшү менен ал өзүнүн кланын түзүп алды. Өлкө түштүк жана түндүк болуп бөлүнө баштады, жер-жерлерде бөлүнүүчүлүк башталды. Бул жерде анын үй-бүлөсү негизги ролду ойногон. Туугандары бийликтин даамын татып, президентти кызматта калтыруу үчүн ага таасир көрсөтүп жатышты. Анын үй-бүлөсү жомоктогудай байып кетти. Мындан тышкары, Акаевге коңшу мамлекеттердин лидерлеринин, өзгөчө Ислам Каримов менен Нурсултан Назарбаевдин үлгүсү таасир этти».

Сүрөттө: Аскар Акаевдин үй-бүлөсү
«Ошол учурда ичтен өзгөрүү болду: Акаев либералдан автократка айлана баштады. Албетте, ал коомдун ишеничин жоготту. Ал өз ыйгарым укуктарын референдум аркылуу бир нече жолу узарткан. Биринчи жолу 1995-жылы болгон, анда мен студент элем, бардык жогорку окуу жайлардын ректорлору жана мамлекеттик ишканалардын жетекчилери Акаевди ачык эле колдоп, үгүттөшкөн», - дейт Алмаз Тажибай.
Казакстандагы президенттик шайлоо тууралуу айтып жатып, саясат таануучу Димаш Альжанов 1995-жылдан кийин алар атаандаштык мүнөзүн жоготкон деп эсептейт.
«Шайлоого жана талапкерлерди каттоого байланыштуу мыйзамдардагы бардык өзгөртүүлөр коомду бириктирип, бийликке кыйынчылыктарды алып келе турган фигураларды жолотпоо үчүн чыпка катары колдонулган», - деп белгилейт ал.
Анын пикиринде, өз убагында казакстандык көптөгөн күчтүү оппозициялык саясатчылар шайлоодон четтетилген.
«Заманбек Нуркадилов, Алтынбек Сарсенбаев сыяктуу инсандар, «Казакстандын демократиялык тандоосу» кыймылынын өкүлдөрү жана башкалар шайлоого чейин эле режим үчүн коркунуч туудурушкан. Ошондуктан аларга каршы кысым көрсөтүүнүн жана чектөөлөрдүн ар кандай механизмдери, ал тургай өлтүрүүгө чейинки ыкмалар колдонулган», - деп эсептейт Альжанов.
Анын бул пикирине Владимир Козлов да кошулат, бул тизмеге Казакстан саясатынын башка белгилүү өкүлдөрүн да киргизүүгө болорун айтат:
«Бул жерге Мухтар Аблязовду, Галымжан Жакияновду жана башка көптөгөн адамдарды да кошууга болот. Алардын ар биринин өз саясий тагдыры болгон, бирок аларды бир нерсе бириктирип турат, алар белгилүү бир учурда көз карандысыз саясий оюнчулар катары кабыл алына баштаган».
Ошондой эле оппозициянын бирдиктүү талапкери Жармахан Туякбай катышкан 2005-жылдагы президенттик шайлоону да ал эске салат.
«Бийлик аны абдан олуттуу кабыл алган. Анын шайлоо өнөктүгүн жокко чыгаруу үчүн бир топ катаал ыкмалар колдонулган. Мен ал кездеги атмосфераны жакшы билем. Ошол убакта кол салуулар, мушташтар, чагымчылдыктар болгон. Иш жүзүндө кеп саясий атаандаштык жөнүндө эмес, криминалдык тирешүүлөрдү эске салган ыкмалар тууралуу болуп жаткан», - дейт ал.
Козловдун пикиринде, дал ушул 2005-жылдагы шайлоодон кийин бийлик потенциалдуу атаандаштарга болгон мамилесин биротоло өзгөрткөн:
«Кийинки ар бир шайлоо цикли сайын бийлик шайлоодо жеңип чыгуунун үстүндө эмес, өнөктүк баштала электе эле күчтүү талапкерлердин пайда болушун четтетүү багытында көбүрөөк иштеп калды. Эгерде мурда коомдун колдоосуна ээ болгон, таанымал саясатчылар менен күрөшүүгө туура келсе, кийинчерээк система потенциалдуу атаандаштарды али шайлоо баштала электе эле жок кыла баштаган», - деп эсептейт саясатчы.
Казак бийлиги «алдын ала аракеттенүүнү» абдан тез үйрөндү. Эгерде 1990-жылдары жана 2000-жылдардын башында ал калыптанып калган лидерлер менен күрөшүүгө мажбур болсо, кийинчерээк система коркунучтарды алдын ала эскертүү багытында иштей баштаган.
Ал ортодо, ошол эле 2005-жылдын март айында Кыргызстанды нааразылык толкундоолору каптап, 24-мартта Бишкектин эки тарабынан борбордук “Ала-Тоо” аянтына карай миңдеген адамдардан турган колонналар жөнөгөн. Анын бирин Алмазбек Атамбаев, экинчисин Темир Сариев жетектеп келген. Алдыңкы катарда оппозиция лидерлери бара жаткан. Адамдар шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу талабы менен тынчтык пикетин пландап, колдоруна жоогазындарды кармап алышкан.
Ошол эле жылдын февраль айындагы парламенттик шайлоо бул окуялардын тутанышына себепкер болгон. Кыргыз бийлиги президентчил «Алга Кыргызстан» партиясынын жана Акаевдин балдары Айдар менен Берметтин жеңиши үчүн административдик ресурсту ишке салган. Берметтин жеңиши үчүн Бишкекте саясий салмагы олуттуу Роза Отунбаеваны шайлоо жарышынан элдин баарын каратып туруп четтетип коюшкан.
Ал убакта КУУда иштеген Клара Сооронкулова ошол күндөрдү мындайча эскерет:
«Жумуштан кетирүү коркунучу менен бизди бюллетендерди топ-тобу менен таштоого кантип мажбурлашканы эсимде. Мен дээрлик бардык факультеттердин декандары менен декандын орун басарлары бул мыйзамсыздык менен ачык эле алектенип жатышканын көрдүм. Биз ошондой эле студенттердин келишин камсыз кылышыбыз керек эле, бирок жекшемби күнү алар үйлөрүнө тарап кетишкен... Ал жерде шайлоочулардын кандайдыр бир "зор сүйүүсү" тууралуу кеп да болушу мүмкүн эмес - бул таза фальсификация болчу».
Клара Сооронкулова менен болгон маекти толугу менен бул шилтемеден көрүңүз: «ЭРКИНДИКТИ УЗАК УБАКЫТ БОЮ КЫСА АЛБАЙСЫҢ»
Кыргызстандык эксперттердин пикири боюнча, ал кездеги «Жоогазын революциясына» бир нече күчтөр катышкан: «Кел-Кел» жаштардын демократиялык кыймылы, шайлоого мониторинг жүргүзгөн жана АКШ тарабынан каржыланган Эдил Байсаловдун жетекчилигиндеги «Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясы, бириккен оппозиция (Отунбаева, Текебаев, Атамбаев, Сариев, Бекназаров, Кулов), криминал (уюшкан кылмыштуу топтун лидери, кийинчерээк атып өлтүрүлгөн Рысбек Акматбаев өзүнүн жигиттери «Бакиевди такка отургузганын» ачык эле моюнга алган) жана Бакиевдердин кланы.
Бул окуялар чыныгы элдик революция болдубу же мамлекеттик төңкөрүшпү деген суроого ушул күнгө чейин бир беткей баа бериле элек.
«Бул үй-бүлөлүк башкаруунун үстөмдүгүнө жана Жогорку Кеңешке келе жаткан Акаевдин балдарына каршы кубаттуу элдик нааразылык болчу. Ал убакта президенттин жеке бийлигин чыңдоо үчүн парламентке катуу кысым көрсөтүлүп жаткан. 2005-жылдагы окуяларды элдик революция деп атоого болот, анткени калктын дээрлик 70 пайызы режимге абдан нааразы болгон жана Акаевден жөн эле чарчашкан эле», - дейт Алмаз Тажибай.
«Жоогазын революциясы» жарандык каршылыктын күчүн көрсөттү, бирок көз карандысыз институттардын жоктугунан улам, көтөрүлүштүн жемишинен бийликке келген андан да катаал, үй-бүлөлүк-кландык Бакиевдердин режими пайдаланды.
Ал эми Казакстанда олуттуу саясий дымагы бар, коомдук колдоого же өзүнүн таасир этүү борборуна ээ болгон каалаган саясатчы эртеби-кечпи ар кандай ыкмалар менен четтетилип турган. Алардын айрымдары эмиграцияга кетүүгө мажбур болсо, башкалары түрмөгө түшүп, ал эми айрымдары табышмактуу жагдайларда каза табышкан.
«Суперхан», Убактылуу өкмөт жана Алмазбек Атамбаевдин бийликке келиши
Болжол менен 2009-2010-жылдары Казакстанда Нурсултан Назарбаев кызматтан кеткенден кийин бийлик кандайча өткөрүлүп берилери барган сайын көп талкуулана баштаган. Ошол учурда эксперттик чөйрөдө «Суперхан» деп аталган кандайдыр бир долбоор тууралуу сөздөр жүргөн, бул тууралуу биринчи жолу экс-президент Назарбаевдин мурунку күйөө баласы, маркум Рахат Алиев өзүнүн «Крестный тесть» аттуу китебинде жазып чыккан. Анын айтымында, үй-бүлөдө бийликти өз ичинде өткөрүп берүүнү караган планы болгон жана Назарбаев бийликти өз уулуна калтырууну каалаган имиш.

Сүрөттө: Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев
Владимир Козлов бул теманын тегерегинде дайыма абдан көп ушак-айыңдар жана бири-бирине карама-каршы келген маалыматтар болуп келгенин моюнга алат.
«Негизги идея Назарбаев президенттик кызматтан кеткени менен, иш жүзүндө эч кайда кетпеши керек болчу. Саясий системаны ушундайча даярдоо зарыл эле: бийликти формалдуу түрдө өткөрүп бергенден кийин дагы, таасир этүү рычагдары максималдуу болуп жана өтүп жаткан процесстерди көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүн өзүндө сактап калуу көздөлгөн», - дейт ал.
Саясатчынын пикиринде, мындай логика бардык башкаруу системасы бир гана инсандын тегерегинде курулган көпчүлүк авторитардык режимдерге мүнөздүү.
«Назарбаев адамдарга өтө ишене берчү эмес. Бул жагынан ал башка көптөгөн авторитардык лидерлерден көп деле айырмаланбаган. Тарых көрсөткөндөй, мындай жетекчилер өздөрүнүн башкаруусунун аягында иш жүзүндө чыныгы достору жок калат, атүгүл эң жакын чөйрөсүнө да ишенбей калышат. Алар өздөрүнүн бийлиги бир гана жеке саясий жана физикалык катышуусуна байланыштуу кармалып турганын абдан жакшы түшүнүшөт, - деп түшүндүрөт Козлов. - Ошондуктан, расмий кызматтан кеткенден кийин да көзөмөлдү сактап калууга мүмкүндүк берүүчү системаны түзүүгө болгон табигый каалоо пайда болот. Менин көз карашымда, Назарбаевдин башкаруусунун акыркы жылдарында Казакстанда болгон көптөгөн саясий реформалар жана институционалдык өзгөрүүлөр дал ушуну менен түшүндүрүлөт».
Казакстанда саясий атаандаштар четтетилип, көшөгө артында оюндар жүрүп, бийлик транзити жана Назарбаевдин мураскери боюнча ар кандай конспирологиялык теориялар курулуп жаткан кезде, коңшу Кыргызстанда кезектеги революция бышып жетилип жаткан.
«Болжол менен 2007-жылга чейин адамдарда Бакиев эл тарапка бурулат деген үмүттүн учкуну бар болчу. Бирок ал тез эле өзүнүн үй-бүлөлүк кланын чыңдоо боюнча саясат жүргүзө баштады жана «жеңүүчүлөрдүн» укугунан пайдаланып, өз туугандарына абдан чоң артыкчылыктарды берди. Көз карандысыз саясатчыларды Бакиевдердин кланы катаал ыкмалар менен «эсине келтирип» жатты: коркутушту, майып кылышты, ал эми такыр көнбөгөндөрүн жөн гана жок кылып турушту.
«Кыргызстанда буга чейин эле классикалык мыйзам ченемдүүлүк калыптанып калган: жаңы лидер бийликке келгенде, эл алдын ала берилген аванс катары андан үч жылдай өзгөрүүлөрдү күтөт. Бул убакыттан кийин анын мурункулардан эч кандай айырмасы жок экени айкын болуп, элита ачык нааразычылыгын билдире баштайт. Бул жолу жарандардын кыжырдануусунун башкы себеби катаал үй-бүлөлүк-авторитардык башкаруу болду», - дейт Алмаз Тажибай.
Бакиевдин башкаруусу барган сайын авторитардык мүнөзгө ээ болуп, өлкөдөгү экономикалык кырдаал өтө начар абалда калган. Жашоо шартынын төмөндүгү жана коррупциянын жогорку деңгээли сакталып, турмуш-тиричилик кызматтардын баасы кескин түрдө, дээрлик эки эсеге өскөн.
2010-жылдын жазында Роза Отунбаева баштаган оппозиция өкмөткө бир катар талаптарды койгон, алардын ичинде электр энергиясы менен жылуулукка болгон баалардын жогорулашын жокко чыгаруу, саясий туткундарды жана бийликтин соттолгон оппоненттерин бошотуу жана башкалар бар болчу. Талаптарды аткаруу мөөнөтү 24-мартка чейин деп белгиленген.
Бирок талаптар аткарылган эмес. 6-апрелде Кыргызстандын ар кайсы аймактарында оппозициянын элдик курултайлары башталган. Талас шаарында элдик митингдерди катаал күч менен басуу аракеттери башталган. 6-апрелден 7-апрелге караган түнү атайын кызматтар Бишкекте оппозиция лидерлеринин көбүн: Алмазбек Атамбаевди, Темир Сариевди, Кеңешбек Дүйшөбаевди, Өмүрбек Текебаевди жана башкаларды камакка алган. Роза Отунбаева гана эркиндикте калып, анын жүргөн жери жашырылган.
7-апрелде толкундоолор Бишкекке келип жеткен. Оппозицияны колдогон миңдеген адамдардан турган топ Бишкектин борбордук аянтына чогулган. Демонстранттарды атуу башталган. Кыжырданган калың эл чабуулга өткөн. Өкмөт үйүнүн имараты талкаланып, Башкы прокуратуранын имаратына өрт коюлган. Митингчилер телеборбордун имаратын басып алып, «түз эфир» башталган. Парламенттин мурдагы спикери Өмүрбек Текебаев бийлик толугу менен элдин колуна өткөнүн жарыялаган.
Кечки саат сегиздер чамасында Курманбек Бакиев өкмөт үйүнүн имаратынан чыгып, Бишкектен өлкөнүн түштүгүндөгү өзүнүн резиденциясына, ал жерден андан ары Казакстанга качып кеткен.
Апрель революциясынын жыйынтыгында 89 адам курман болуп, 400дөн ашыгы жаракат алган.

Сүрөттө: 2010-жылдын 7-апрелинде Бишкектеги митингдин катышуучулары жарадар болгон адамды көтөрүп баратышат.
Бийликке Роза Отунбаева баштаган Убактылуу өкмөт келди, ал постсоветтик мейкиндиктеги биринчи аял президент болуп калды. Отунбаева бул кызматка 2010-жылдын жайында өткөрүлгөн референдумдун жыйынтыгы менен дайындалган, анын ыйгарым укуктары кийинки жылдын декабрь айында аяктамак. Ошондой эле ал кезектеги президенттик шайлоого өз талапкерлигин көрсөтүүгө укугу жок болчу.
Өлкөнүн түштүгүндөгү улуттар аралык кагылышуулар Кыргызстандын өткөөл мезгилинин эң трагедиялуу тарыхы болуп калды. Саясат таануучу Алмаз Тажибайдын пикиринде, бул трагедияга жергиликтүү бийликтин шалаакылыгы жана борбордук бийликтин өтө алсыздыгы себеп болгон. Мындай абалды Убактылуу өкмөттүн 12 тең укуктуу мүчөсүнүн арасында бирдиктүү, катаал лидердин жоктугу ого бетер курчуткан. Саясат таануучу: «Бул жаңжалды тутандырууга сырткы жеке аскердик компаниялардын атайын даярдыктан өткөн жалданма аскерлер катышкан. Бирок алар конкреттүү түрдө кимдин структуралары болгонун чет элдик атайын кызматтардын архивдери ачылмайынча биле албайбыз», - деп эсептейт.

Сүрөттө: Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү, солдон оңго: Р. Отунбаева, Ө. Текебаев, Т. Сариев, И. Исаков
Убактылуу өкмөттүн эң башкы каталарынын бири - Бакиевдин кланына жана аны коштоп жүргөндөргө карата катаал люстрация жүргүзбөгөндүгү болду. «Ал жасалган жок. Аларга парламенттик шайлоого катышууга мүмкүнчүлүк берилди жана алар «Ата-Журт» партиясы аркылуу саясатка ийгиликтүү кайтып келишти. Жогорку Кеңеште ушундай күчтүү каршылыкка туш болгон Убактылуу өкмөт системаны түп-тамырынан бери кайра курууга жөн гана күч-кубаты жетпеди», - деп эсептейт Алмаз Тажибай.
Убактылуу өкмөт жаңы Конституция кабыл алынып, 2010-жылдын декабрында Алмазбек Атамбаев баштаган өкмөттүн жаңы курамы түзүлгөндөн кийин таркатылган. 2011-жылдын октябрында Атамбаев Кыргызстандын президенти болуп шайланган.
Алмазбек Атамбаевдин башкаруу мезгили (2011–2017) Кыргызстандын тарыхындагы өзгөчө бир доор болуп калды. Өлкө өз тарыхында биринчи жолу бийликти тынчтык жолу менен өткөрүп берген окуяны катталды. Бирок бул доор анын алты жылдык мөөнөтү аяктагандан кийин дароо жарылган терең системалык миналарды көөмп кетти. Атамбаевдин башкаруусу масштабдуу инфраструктуралык ийгиликтер менен да, ызы-чуулуу коррупциялык иштер менен да эсте калды.
«Мурунку президенттердин тушундагыдай эле, бүтүндөй мамлекеттик система конкреттүү инсандарга көз каранды бойдон кала берди. Бийлик өтө жекече мүнөздө болду, ал эми институттар өнүккөн жок. Алардын эң негизгиси, көз карандысыз сот тутуму такыр түзүлгөн жок», - деп белгилейт Клара Сооронкулова.
Алмаз Тажибайдын айтымында, Атамбаевдин башкы катасы - ал туруктуу саясий система кура албагандыгында.
«Ал негизги мамлекеттик институттардын көз карандысыздыгын камсыз кылган жок жана шайлоо процессин реформалаган жок. Айтмакчы, бул биздин бардык президенттердин системалык катасы, алар система курушпайт. Артында күчтүү, көз карандысыз институттары жок күчтүү лидер акыр түбү өзүнө өзү ор казат. Атамбаев келечекте, анын ичинде өзүн да коргой ала турган институционалдуу механизмдерди түзбөдү. Сот корпусун реформалоо боюнча катуу декларациялар болду, бирок реалдуу сот реформасы ийгиликсиз аяктады. Тескерисинче, ал бийликтин бардык бутактарын - парламентти да, министрлерди да, сотторду да өзүнө байлап алды», - дейт ал.
Ал ортодо, ошол эле 2011-жылдын апрель айында Казакстанда кайрадан кезектегиден тышкары шайлоо өттү. Ал шайлоодо өз талапкерлигин 22ге жакын талапкер көрсөткөн. Алардын арасында Амантай кажы Асылбек, Уалихан Кайсаров, Салим Отен жана башкалар бар эле.
Алардын ичинен 11 гана адам өзүн колдоо үчүн кол топтоо укугуна ээ болгон, бирок муну төрт гана талапкер - Нурсултан Назарбаев, Казакстан патриотторунун партиясынан Гани Касымов, Коммунисттик элдик партиядан Жамбыл Ахметбеков жана эколог Мэлс Елеусизов аткара алган.
Оппозициялык партиялар шайлоого бойкот жарыялоого чакырып, өз талапкерлерин көрсөтүүдөн баш тартышкан.
Жыйынтыгында 3-апрелде өткөн шайлоого расмий маалыматтар боюнча казакстандыктардын 89,98 пайызы катышып, Назарбаев добуштардын 95,55 пайызын алган.
Ошол эле 2011-жылдын 16-декабрында Казакстанда Жаңы-Өзөн окуялары орун алып, ал өлкөнүн жаңы тарыхындагы эң трагедиялуу окуялардын бирине айланды. Мунайчылардын жумуш берүүчүлөр менен болгон талаш-тартышы нааразылык акциясына айланып, акыры ал кан төгүү, курмандыктар жана саясий кесепеттер менен аяктаган.

Сүрөттө: Полиция кызматкерлери Жаңы-Өзөндө митингчилерди кууп таратып жатышат.
Полиция кызматкерлери митингге чыккан мунайчыларга жана шаар тургундарына ок чыгарган. Расмий маалыматтар боюнча 17 адам каза таап, 100дөн ашыгы жаракат алган. Бирок укук коргоочулар менен саясатчылар курмандыктардын саны мындан алда канча көп болушу мүмкүн деп эсептешет.
Мунайчылардын митингдерине бир нече жолу барып, бул окуялардан кийин 7 жылга соттолгон казакстандык саясатчы Владимир Козлов ал күндөрдү эске салып, Жаңы-Өзөн ал үчүн абдан жекече тема экенин айтат.
«Жаңы-Өзөндү эч качан унута албайм. Бул окуялар өлкөнүн тарыхындагы кезектеги саясий эпизоддордун бири катары гана кабыл алууга мүмкүн болбогудай деңгээлде менин жеке тагдырыма өтө олуттуу таасирин тийгизди», - дейт ал.
Анын айтымында, бул окуялар авторитардык мамлекетте социалдык нааразылыктар, элиталардын ички саясий күрөшү жана бийликти сактап калуу маселелери канчалык тыгыз чырмалышып кетерин көрсөттү.
«Менин көз карашымда, окуялардын андан ары курчушунун артында ошол кезде Президенттин администрациясынын жетекчиси болгон жана өлкөдөгү эң таасирдүү адамдардын бири деп эсептелген Аслан Мусин турган. Ал Батыш Казакстанды абдан жакшы билчү, жергиликтүү элиталардын абалын мыкты түшүнчү. Анын өзүнүн амбициялары, саясий процесстерди өзүнчө түшүнүүсү жана, менимче, болуп жаткан окуяларда жеке кызыкчылыктары бар болчу.
Ал жерде иш жүзүндө эмне болгонун териштирүү боюнча олуттуу аракеттер башталганда, көңүл бара-бара мунайчылар менен оппозициядан кийинки окуяларды уюштуруунун артында турушу мүмкүн болгон адамдарга жыла баштады. Дал ошол убакта Мусиндин өзүндө көйгөйлөр жаралды. Ал өз позицияларын жоготуп, таасиринин олуттуу бөлүгүнөн айрылды жана иш жүзүндө саясий системадан сүрүлүп чыгарылды», - деп эсептейт Козлов.
Кыргызстанда бешинчи президент, ал эми Казакстандагы кезектеги мөөнөтүнөн мурда шайлоо
2015-жылдын 26-апрелинде Казакстанда кайрадан мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтүп, анда ошол кездеги президент Нурсултан Назарбаев расмий түрдө шайлоочулардын 97,75 пайыз добушун алган.

Сүрөттө: Казакстандын президенти Н. Назарбаев
Ал эми ага чейин, 14-февралда Казакстан элинин ассамблеясынын кеңеши өлкөдө мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү чакырыгы менен кайрылуу жасаган. Негизги жүйө катары, кезектеги шайлоо өтүшү керек болгон кийинки жылы көңүлдү кризиске каршы чараларга топтоо зарылдыгы көрсөтүлгөн.
Эскерте кетсек, буга чейин Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү чечими президент тарабынан кабыл алынышы мүмкүн болчу.
Буга байланыштуу саясатчы Владимир Козлов казак саясатында узак жылдар бою өзгөчө категориядагы саясатчылар, коомчулук мезгил-мезгили менен Назарбаевдин мүмкүн болгон мураскерлери катары атап келген адамдар болгонун эске салат. Эреже катары, алар оппозиция өкүлдөрү эмес, бийликтин өзүнөн чыккан адамдар эле.
Көп жылдар бою эң көп талкууланган фигуралардын бири, 2026-жылдын январына чейин ЖККУнун (ОДКБ) башкы катчысы кызматын ээлеген Имангали Тасмагамбетов болгон.
«Аймактык элиталар байкаларлык активдеше баштаган мезгил болду. Анын ичинде жүзчүлүк жана аймактык кызыкчылыктар да көрүнө баштады. Тасмагамбетов Казакстандын батышы абдан олуттуу колдогон фигура эле. Бул коомдун бир бөлүгүнүн жөн гана симпатиясы эмес, чынында эле күчтүү саясий таяныч болчу. Дал ушул себептен, менимче, Назарбаевдин тушунда анын президент болушуна иш жүзүндө мүмкүнчүлүк калтырылган эмес. Күрөш бир гана оппозицияга каршы эмес, бийлик тутумунун өз ичинде да жүрдү», - деп белгилейт Козлов.
Ал ортодо Кыргызстанда 2017-жылы Алмазбек Атамбаевдин эң жакын досу, мурдагы премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын бешинчи президенти болуп калат. Ал 15-октябрдагы шайлоодо добуштардын 54,22 пайызын алып, жеңишке жетишет.

Сүрөттө: эки дос, солдо С. Жээнбеков, оңдо А. Атамбаев.
Бул формалдуу түрдө бийликти өткөрүп берүү болгон жана ал кийинчерээк жеңилүү менен аяктаган. Жээнбеков номиналдуу фигура болуудан баш тартып, кечээки достордун ортосунда «согуш» башталат. Бул тирешүү Кой-Таштагы резиденцияны штурмга алуу жана Атамбаевдин абакка кесилиши менен аяктайт.
«Алмазбек Шаршенович досунун жеке берилгендигине сокурларча ишенип алган. Саясат үчүн кадимки эле көрүнүш орун алды. Адам эң жогорку кызматка келгенде, анын артынан сөзсүз түрдө өзүнүн кланы турат... Жана эч ким жөн гана тынч отурган фигура болуп бербейт. Чоң бийлик негизинен, чын жүрөктөн болгон достукту да, туугандыкты да, моралды да кабыл албайт», - деп бул окуяларды чечмелейт Клара Сооронкулова.
Кыргызстандагы үчүнчү революция жана Казакстандагы экинчи президент
2019-жылдын март айында Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев өз каалоосу менен кызматтан кетерин жана бийликти өзүнүн мураскери, Сенаттын спикери Касым-Жомарт Токаевге өткөрүп берерин жарыялайт. Бул казак коомчулугу үчүн күтүүсүз окуя болуп, саясий турмуштун жанданышына алып келет. 2019-жылдын июнь айында президенттик шайлоо өтүп, анда Токаев расмий маалыматтар боюнча 70 пайыздан ашык добуш алат. Ошентип, эгемендүүлүк алгандан 28 жыл өткөндөн кийин Казакстанда экинчи президент пайда болот.

Сүрөттө: солдо Касым-Жомарт Токаев, оңдо Нурсултан Назарбаев.
«Формалдуу түрдө бийлик Токаевге өткөрүлүп берилгени менен, иш жүзүндө саясий жана экономикалык ресурстардын олуттуу бөлүгү биринчи президентке байланышы бар адамдардын көзөмөлүндө кала берген. Бул кош бийлик кырдаалын жаратып, ал эртеби-кечпи олуттуу кызыкчылыктар кагылышына алып келиши керек болчу», - дейт бул транзитке баа берген Владимир Козлов.
Өз кезегинде Димаш Альжанов ал кездеги көптөгөн өзгөрүүлөр демократиялаштыруу катары көрсөтүлгөнү менен, иш жүзүндө такыр башка максатты көздөгөнүн белгилейт.
«Ыйгарым укуктардын бир бөлүгү президенттен алынып, бул демократиялаштыруу катары берилген. Бирок мунун артында Назарбаевдин бийликти өткөрүп бергенден кийин өзүнүн коопсуздугун камсыз кылуу жана болочок президенттин күч түзүмдөрүн өз алдынча көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүн чектөө кызыкчылыгы турган», - деп белгилейт саясат таануучу.
Ал ортодо Кыргызстанда, 2020-жылдын 5-октябрында парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жарыялангандан кийин массалык нааразылык акциялары башталып, ал башаламандыктарга жана парламент имаратын штурмга алууга чейин жеткен. Күч түзүмдөрү нааразылыкка чыккандарды кууп таркатууда миңге жакын адам жаракат алып, бир адам каза болгон. Эки жумага созулган нааразылык акцияларынан кийин алгач президент Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кетиши, андан соң бийликтин алмашуусу, Садыр Жапаровдун президент болуп шайланышы жана Кыргызстанда жаңы Конституциянын кабыл алынышы менен аяктаган.
Бул окуяларды кыргызстандык эксперттер татаал, эки этаптуу процесс катары баалашат. Анда элдин чын жүрөктөн чыккан умтулуусу мамлекеттик төңкөрүшкө жана башкарылуучу хаоско айланып, анын жүрүшүндө Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев нааразылык толкунун башкара алышаарын көрсөтүшкөн. Алар саясий элитага өздөрүнүн реалдуу күч экенин далилдеп, башкаруу рычагдарын толугу менен колго алышкан.

Сүрөттө: эки дос, солдо К. Ташиев, оңдо С. Жапаров.
Алмаз Тажибайдын пикири боюнча, коронавирус пандемиясы күчөп турган маалда Жээнбековдун командасынын таптакыр башкара албагандыгы нааразылыктын тутанышына түрткү болгон.
«Коронавирус массалык өлүмгө алып келип, коомчулук терең психологиялык жаракат алган. Ал эми парламенттик шайлоодогу одоно бурмалоолор жана административдик ресурстун эч кимди көзгө илбей ишке салынышы акыркы тамчы болуп калды», - дейт ал.
Ошол окуялардын түздөн-түз катышуучусу Клара Сооронкулова бүгүнкү күндө мындай жыйынтыкка келет:
«Бүгүнкү күндө бул революциябы же төңкөрүшпү деген суроого чынчыл жооп берүү автоматтык түрдө кылмыш жообуна тартылуу тобокелдигин жаратат. Ошондуктан мен бул суроого мындан он жылдай өткөндөн кийин кенен жооп берем. Бирок кыйла тың, тажрыйбалуу жана уюшкан күчтөр кырдаалды тез арада өздөрүнө ыңгайлаштырып, өз кызыкчылыктарына пайдалана алышканы айкын».
2021-жылдын 10-январында Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүп, Садыр Жапаров президент болуп шайланат жана өз бийлигин биротоло легитимдештирет.
Өлкө демократиялык баалуулуктардан кыйла артка чегинүүгө дуушар болгон азыркы президент Садыр Жапаровдун башкаруусуна баа берип жатып, экс-судья ал башынан эле ушундай максатты көздөгөнүн белгилейт.
«Биз аны өз саясий карьерасында чоң роль ойногон дал ушул парламенттик трибунадан тайманбас саясатчы катары тааныганбыз. Бирок ал мага дагы 2015-жылы эле өзү иштеп чыккан Конституциянын долбоорун көрсөткөн, ал долбоор катаал, бир ууч жеке президенттик бийлик мүнөзүнө ээ болчу. Ошондуктан Жапаров башында ишенимдүү демократ болгон, андан кийин күтүүсүздөн эле катаал автократка айланып кетти деп айта албайм», - дейт Сооронкулова.
Геосаясий таасирди талдап жатып, Сооронкулова 2020-жылы Жапаровдун бийликке тездик менен келиши Кремль үчүн күтүүсүз болгону менен, кийинчерээк республиканын Орусиядан көз карандылыгы күчөгөнүн моюнга алат.
«Масштабдуу пропаганданын таасири астында бүгүнкү күндө коомдун олуттуу бөлүгү, балким, Орусиянын пайдасына эгемендүүлүктөн гипотетикалык түрдө баш тартууну кубаттап да жибериши мүмкүн», - деп эсептейт эксперт.
Ал ортодо, 2022-жылдын январь айында Казакстанда трагедиялуу окуялар орун алган. Газдын кескин кымбатташынан улам өлкөнүн батышында башталган массалык нааразылык акциялары башка аймактарга да жайылган. Эң көп адам катышкан акциялар Алматыда өтүп, президент Токаев эч кандай эскертүүсүз ок атууга буйрук берген, жыйынтыгында расмий маалыматтар боюнча 238 адам каза болгон.
2022-жылдын Каңтар (Январь) окуялары эгемендүү Казакстандын тарыхындагы эң ири саясий кризис болуп калды. Көптөгөн иликтөөлөргө, расмий билдирүүлөргө жана сот процесстерине карабастан, коомдо ал жерде иш жүзүндө эмне болгондугу тууралуу суроого ушул күнгө чейин бир беткей жооп жок.

Сүрөттө: 2022-жылдын январь айында Алматыдагы митингдин катышуучулары.
Владимир Козловдун пикири боюнча, окуялардын түпкүлүгүндө чынында эле реалдуу коомдук нааразылык жаткан, бирок кийинчерээк кырдаал такыр башка сценарий менен өнүгө баштаган.
«Январь окуялары Жаңы-Өзөн окуяларын абдан эске салат. Бул кимдир бирөөнүн буйругу менен эмес, топтолуп калган көйгөйлөргө коомдун реакциясы катары келип чыккан чыныгы нааразылык болчу. Бирок андан кийин Казакстандын тарыхында бир нече жолу кайталанган жагдай орун алды: бул нааразылыкты өз кызыкчылыктарына пайдаланууга аракет кылган күчтөр пайда болду. Чынында ал Назарбаевдин айланасындагылардын бийликти тартып алуу аракети эле», - дейт саясатчы.
Ал ошондой эле өлкөгө ЖККУ күчтөрүнүн киргизилишин жана кырдаалды жөнгө салуудагы Орусиянын ролун эске салат.
«Бул Орусиянын Украинага толук масштабдуу басып киришинен саналуу гана жумалар мурда болгон окуя. Сценарийдин көптөгөн элементтери бири-бирине абдан окшош көрүнгөн. Ошондуктан мен январь окуяларын Казакстандын ички саясатынын алкагында гана эмес, кыйла кеңири чөлкөмдүк контекстте кароо керек деп эсептейм», - деп баса белгилейт саясатчы.
Димаш Альжановдун пикиринде, дал ушул Каңтар окуялары бийлик транзитинин каалаган авторитардык моделинин алсыздыгын көрсөттү.
«Бийликти өткөрүп берүү авторитардык системанын эң чабал чынжырынын бири. Ал шайлоого жана коомдун катышуусуна негизделбегендиктен, дайыма абдан опурталдыктар менен коштолот. Кризис учурунда коом менен бийлик өзүн кандай алып барарын алдын ала болжолдоо мүмкүн эмес. Элита ичиндеги бардык чыр-чатактарды алдын ала эсептеп чыгууга болбойт. Себеби, Назарбаевдин башкаруу жылдарында топтолгон көйгөйлөр анын мураскерине мурас катары өттү», - дейт саясат таануучу.
2022-жылдын ноябрь айында Казакстанда кайрадан кезектегиден тышкары шайлоо өтүп, Токаев добуштардын 81,31 пайыздык жыйынтыгы менен кайрадан президент болуп шайланган. Шайлоодон кийин ал саясий реформаларды жана түп-тамырынан берки өзгөрүүлөрдү убада кылган, бирок анын кийинки кадамдары мындай өзгөрүүлөр орун албагандыгын көрсөттү.
Бүгүнкү күндө президент Токаев «жаңы» Казакстанды курууда, 2026-жылы өлкөдө жаңы Конституция кабыл алынып, жаңы саясий партия түзүлдү. Бирок бул демилгелердин бардыгы бийликтин гана кызыкчылыгына кызмат кылууда.
Эки жол - бир жыйынтык: авторитаризм
Эгемендүүлүктүн 35 жылында Казакстан менен Кыргызстан бийликти легитимдештирүү жана чыңдоо жолунда таптакыр ар башка жолдорду басып өтүштү. Эгерде биринчи учурда бул бай ресурстар менен бекемделген «цементтелген» туруктуулук болсо, экинчисинде - элдик нааразылыктарга да, криминалдык күчтөргө да таянган үч «революция» болду.
Бирок эки республикадагы ар башка жолдор бир гана жыйынтыкка, авторитаризмдин чыңдалышына, демократиялык институттардын жок кылынышына жана жарандык коомдун куугунтукталышына алып келди.
«Бүгүнкү күндө биз бийликтин ыкмалары негизинен Назарбаевдин тушундагыдай эле калып жатканын көрүп турабыз. Система азыр алдын ала аракеттенүүгө өтө басым жасап калды. Эгерде мурда бийлик калыптанып калган саясий фигуралар менен күрөшүүгө мажбур болсо, азыр алардын такыр пайда болбошуна кам көрүүдө. Кеп потенциалдуу коркунучтарды алардын саясий жолунун башталышында эле четтетүү жөнүндө болуп жатат», - деп кебин жыйынтыктайт казакстандык саясатчы Владимир Козлов.
Анын бул пикирине кыргызстандык саясат таануучу Алмаз Тажибай да кошулат:
«Тилекке каршы, бизде өнүккөн жарандык коом жок. Өлкөдө эң башкы баалуулук болгон мыйзам үстөмдүгүн системалуу түрдө калыптандыра ала турган институттар тартыш. Саясий технологдор ар бир жаңы шайлоодо бизге «дүйнө али көрө элек» кезектеги куткаруучу катары өз талапкерин өткөрүүгө аракет кыла беришет».
Анын казакстандык кесиптешинин айтымында, бийликтин алмашуу маселеси эгемендүүлүктү алгандан 35 жыл өткөндөн кийин да Казакстан үчүн башкы кыйынчылыктардын бири катары калууда.
«Бийликти өткөрүп берүү элита ичиндеги келишимдерге көз каранды болбошу керек. Ал коом катышкан, түшүнүктүү жана ачык-айкын механизмдерге таянууга тийиш. Ошондо гана өлкөнүн реалдуу саясий модернизациясы тууралуу сөз кылууга болот», - дейт Димаш Альжанов.
Бийликти алмаштыруудагы 35 жылдык кыргыз тажрыйбасына баа берип жатып, Клара Сооронкулова Франциянын тарыхый үлгүсүн эске салат: ал өлкөгө эркиндик баалуулуктары жарандардын генетикалык эс-тутумуна сиңиши үчүн кылымдар, кандуу революциялар, диктатуралар жана гильотиналар керек болгон.
Материалды Назира Даримбет, Юлия Козлова (Казакстан) жана Лейла Саралаева (Кыргызстан) даярдашты.
Мукабанын жана инфографиканын автору Даниэль Оселедко (Кыргызстан).